Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-февралы № 78
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын ыкчам башкаруусундагы мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун экинчи абзацы "макулдашуу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "30 календардык күндүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) ижара объектиси болуп мамлекеттин менчигинде турган, баланс кармоочусу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы болуп саналган, менчиктин ар кандай формасындагы жер участогунда жайгашкан, аянты 70 кв.м ашпаган имарат, курулма же жай саналса.";
- 45-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) баланс кармоочусу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы болуп саналган, аянты 100 кв.м ашык мамлекеттик кыймылсыз мүлк объектисин ижаралоо талаптарынын өзгөчөлүгү, реконструкциялоо, кайра профилдөө же көлөмдүк-пландоочу жана конструктивдүү чечимдерди өзгөртүү менен кайта пландаштыруу.".
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-февралындагы № 20 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |