Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилди) |
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 78, 2024-жылдын 5-февралындагы № 45, 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543, 2025-жылдын 2-июнундагы № 312, 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик мүлктү ижарага берүү шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо төмөнкүлөрдү ижарага берүү менен байланышкан мамилелерге карата колдонулбайт:
1) мамлекеттин менчигинде турган жер участокторун;
2) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мамлекеттик мүлктү;
3) мамлекеттик турак жай фондунун объекттерин;
4) мамлекеттик уюмдардын жатаканаларындагы жайларды;
5) эркин экономикалык зоналардын аймагындагы мамлекеттик мүлктү;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, анын ведомстволук уюмдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын мүлкүн.
Ушул пунктчада көрсөтүлгөн мүлктүн ижара маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан бекитилген тийиштүү жоболор менен жөнгө салынат;
7) мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана бюджеттик кредиттөө жаатындагы операцияларды ишке ашыруу менен байланышкан мамилелерге.
8) өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мүлкүн. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары камкорчулук кеңештер менен макулдашуу боюнча өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ижарага берүүгө) укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45, 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлктү ижарага берүү ушул Жобонун 3-главасында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
4. Ушул Жободо пайдаланылган негизги түшүнүктөр:
1) мамлекеттик мүлк - мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлк: имараттар, курулмалар, турак эмес жайлар, ошондой эле кыймылдуу мүлк: транспорт каражаттары, машиналар жана жабдуулар. Ушул Жободо каралган учурларда имараттар, курулмалар, ошондой эле кыймылдуу мүлк үчүн ижарага берүүнүн ар түрдүү шарттары жана тартиби белгиленет;
2) ижара объекти - ижара келишиминин предмети болуп саналган мамлекеттик мүлк, ошондой эле келишим түзүлгөнгө (түз берүү) же тоорукка коюлганга (тоорук аркылуу ижарага берүү) чейин баланс кармоочу ижарага берүүчү жана/же башка ижарага алуучу тарабынан белгиленген тартипте колдонулбаган ижара келишимин түзүү укугуна карата тооруктар жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик мүлк;
3) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү - мамлекеттик мүлктү акыга убактылуу пайдаланууга берүү;
4) ижарага берүүчү - мамлекеттик мүлктү ижарага берүүчү мамлекеттик бийлик жана башкаруу органы, мамлекеттик мекеме, мамлекеттик ишкана;
5) баланс кармоочу - мамлекеттик мүлк ыкчам башкаруусунда же чарбалык карамагында болгон мамлекеттик бийлик жана башкаруу органы, мамлекеттик мекеме, мамлекеттик ишкана;
6) ижарага алуучу - ушул Жобо менен белгиленген тартипте мамлекеттик мүлккө убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар;
7) ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана (же) анын түзүмдүк бөлүмү;
8) түз ижарага берүү - ушул Жобонун 2-главасына ылайык тоорук өткөрбөстөн мамлекеттик мүлктү ижарага өткөрүп берүүнүн түрү;
9) электрондук аукцион (аукцион) - ижара акысынын баштапкы өлчөмүн көбөйтүү аркылуу мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү укугуна өткөрүлүүчү тооруктар, анын жеңүүчүсү болуп ар айлык ижара акысынын кыйла көбүрөөк өлчөмүн сунуштаган катышуучу саналат;
10) шарты бар электрондук аукцион (шарты бар аукцион) - ижара акысынын баштапкы өлчөмүн көбөйтүү аркылуу мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү укугуна өткөрүлүүчү тооруктар, анын жеңүүчүсү болуп ар айлык ижара акысынын кыйла көбүрөөк өлчөмүн сунуштаган жана ижара объектисине карата маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн, кийин ижара келишиминде камтыла турган милдеттенмелерди өзүнө алган катышуучу саналат;
11) Электрондук соода аянтчасы - реалдуу убакыт режиминде тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тарамында жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык система;
12) Электрондук соода аянтчасынын оператору - Электрондук соода аянтчасы жана анын иштеши үчүн зарыл болгон программалык-аппараттык каражаттары бар ыйгарым укуктуу орган тарабынан аккредиттелген уюм;
13) Электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгү - системада иштөө үчүн каттоону талап кылбаган Электрондук соода аянтчасынын порталынын жалпыга жеткиликтүү бөлүгү;
14) Электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгү - Электрондук соода аянтчасында катталган колдонуучуларга гана жеткиликтүү Электрондук соода аянтчасынын порталынын бөлүгү;
15) Электрондук соода аянтчасынын регламенти - Электрондук соода аянтчасынын операторунун иштөө жана аккредитациялоо тартибин, Электрондук соода аянтчасына талапкерлерди каттоо жана катышуучуларга тоорук жол-жобосуна уруксат берүү боюнча Электрондук соода аянтчасынын операторунун милдеттенмелерин, Электрондук соода аянтчасына кошуу үчүн техникалык шарттарды жана параметрлерин аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү эрежелердин жыйындысы;
16) талапкер - ижара келишимин түзүү укугуна өткөрүлүүчү тооруктарга катышууга өтүнмө берген жак;
17) ижара акысынын баштапкы өлчөмү - ижара келишимин түзүү укугуна тоорук башталуучу, мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ар айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү;
18) катышуучу - тооруктарга катышууга уруксат берилген талапкер;
19) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимдеринин реестри - ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук форматта жүргүзүлүүчү мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча түзүлгөн, өзгөртүлгөн жана колдонулушу токтотулган келишимдердин бирдиктүү реестри;
20) Платформа - мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимдерин реалдуу убакыт режиминде каттоо үчүн Интернет тармагында жайгаштырылган, катталган баланс кармоочуларга ижара келишимдерин каттоого арыздарды аралыктан берүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтык система.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү ижарага түз берүү жолу же тооруктардын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
6. Баланс кармоочу мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмү болуп саналган учурда мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жогору турган мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Баланс кармоочу мамлекеттик ишкана же мекеме болгон учурда мамлекеттик мүлктү ижарага берүү төмөнкүдөй тейлөөчү мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт:
- мамлекеттик ишкананын же мекеменин уставдык документтеринде уюштуруучу катары көрсөтүлгөн;
- мамлекеттик ишкананын же мекеменин ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону жүргүзгөн;
- ведомстволук карамагында ушундай ишкана же мекеме иштеген.
Тарых-маданий мурастарды пайдалануу жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдан тышкары башка органдардын балансында турган тарыхый жана маданий эстелик болуп саналган ижара объектиси табылган учурда баланс кармоочу көрсөтүлгөн органдан ижара объектисин тоорукка чыгарууга же түз берүү жолу менен ижара келишимин түзүүгө макулдугун алдын ала алуусу керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 78, 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, ушул Жобонун 6-пунктунун көрсөтүлгөн абзацы кагаз вариантына дал келбейт.
7. Баланс кармоочу тоорукка катышууга талапкерлердин талабы боюнча ижара объектисинин техникалык абалын кароо максатында ага жеткиликтүүлүктү камсыздоого тийиш.
8. Баланс кармоочунун, ыйгарым укуктуу органдын, Электрондук соода аянтчасынын операторунун кызматкерлерине мамлекеттик мүлктү ижарага алуучулар болуп чыгууга тыюу салынат.
9. Тараптар Мамлекеттик кыймылсыз мүлк боюнча типтүү ижара келишиминде (ушул Жобонун 4-тиркемеси) жана Мамлекеттик кыймылдуу мүлк боюнча типтүү ижара келишиминде (ушул Жобонун 5-тиркемеси) аныкталган шарттарда ижара келишимин түзүшөт.
Тараптар шарты бар аукциондун жыйынтыктары боюнча ижарага алуучунун милдеттерине, анын ичинде иш режимине, ички эмгек тартибинин эрежелерине, ижарага берүүчүнүн жана ижарага алуучунун ишинин тармактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Типтүү келишимдерде каралгандан айырмаланган шарттарды ижара келишимине киргизиши мүмкүн.
10. Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишими ушул Жободо каралган учурлардан тышкары үч жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Эгерде объект шарты бар электрондук аукцион (мындан ары - шарты бар аукцион) аркылуу ижарага берилген учурда тарыхый жана маданий эстеликтер болуп саналган объекттерден тышкары ижара мөөнөтү он беш жылга чейин белгилениши мүмкүн.
11. Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишиминин реестрине ижара келишиминин маалыматтары киргизилген күндөн тартып беш жумуш күн өткөндөн кийин ижара акысын эсептөө жүргүзүлүп башталат.
Ижара акысын эсептөөнүн башка тартиби ижара келишиминде төмөнкүлөргө ылайык белгилениши мүмкүн:
- мамлекеттик-жеке-өнөктөштүктүн алкагында мүлктү ижарага берүү тартибине;
- шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча ижарага алуучу кабыл алган милдеттенмелерге.
12. Ижарага алуучу ижарага алган мамлекеттик мүлктү субижарага (ушул пункттун экинчи абзацынан тышкары) берүүгө, ижара келишими боюнча өз укугун башка жакка өткөрүүгө, күрөөгө коюуга, милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун башка түрүнө өткөрүп берүүгө, юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары аларды киргизүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлктү башкача түрдө түйшүктөндүрүүгө укуксуз.
Соода объекттерин (соода ишканаларын), кинотеатрларды бирдиктүү тескөө жана тейлөө максатында ушул Жобонун 45-пунктунун 3-пунктчасына ылайык өткөрүлгөн мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү укугуна шарты бар аукциондо жеңип чыккан ижарага алуучу мындай объекттердеги жайларды субарендага өз алдынча берүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 553-беренесине ылайык субижара келишимдеринин мөөнөтү негизги ижара келишиминин мөөнөтүнөн ашпашы керек.
13. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 556-беренесинин 1-пунктуна ылайык ижара объектисине чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугу башка жакка өткөндө ижарага алуучу менен келишимди өзгөртүү же бузуу үчүн негиз болуп саналбайт.
14. Ижара келишиминин шарттарынын аткарылышын, ижарага берилген мамлекеттик мүлктүн техникалык абалын, мамлекеттик мүлктүн максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын текшерүү максатында ыйгарым укуктуу орган жылына бир жолудан ашык эмес ижарага алуучунун катышуусунда ижара объектисин кароону жүргүзөт, андан бул үчүн керектүү бардык документтерди жана материалдарды сурайт жана алат.
Шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча ижара келишимин түзүүдө мындай мониторинг келишимде аныкталган мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
15. Ижарага берилген мамлекеттик кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн капиталдык жана учурдагы оңдоосу (баштапкы жана андан аркы) ижарага алуучу тарабынан жүргүзүлөт.
Тарыхый жана маданий эстеликтер болуп саналган кыймылсыз мүлк объектинин ижарага алуучусу бардык оңдоо, реставрациялык жана башка курулуш жумуштарын жүргүзүүгө чейин тарых-маданий мурастарды пайдалануу жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдан тарыхый-маданий мурас кыймылсыз мүлк объектисин реставрациялоо, консервациялоо жана оңдоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө уруксат алууга милдеттүү.
Ижарага алуучу эстеликтин сакталышы үчүн толук жоопкерчилик тартат жана түзүлгөн коргоо-ижара келишимине ылайык жүктөлгөн милдеттерди аткарууга милдеттенет.
Ижара объектисинин бардык ажыратылуучу жана ажыратылбоочу жакшыртууларынын наркы, ижарага алуучунун милдеттенмелери боюнча, анын ичинде шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча милдеттерин аткаруунун алкагында ижарага алуучу менен жүргүзүлгөн башка төлөмдөр, ижара акысынын эсебине, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, ижарага алуучунун эксплуатациялык жана мүлктү тейлөө боюнча башка чыгымдарынын эсебинде ордун толтурууга жатпайт. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик мүлктүн көрсөтүлгөн жакшыртуулары акысыз ижарага берүүчүгө өтөт жана анын чарба жүргүзүүсүнө же ыкчам башкаруусуна берилет.
2-глава. Мамлекеттик мүлктү ижарага түз берүү
16. Мамлекеттик мүлк төмөнкү шарттардын бири болгон учурларда тоорук өткөрбөстөн ижарага берилет:
1) ижарага берилүүчү мамлекеттик имараттын/жайдын аянты:
- Бишкек шаары үчүн алты кв.м ашпаса;
- калган административдик-аймактык бирдиктер үчүн жетимиш кв.м. ашпаса;
2) ижара объекти болуп мамлекеттин менчигинде турган, менчиктин ар кандай формасындагы жер участогунда жайгашкан курулма саналса;
3) ижара объектиси болуп кыймылдуу мамлекеттик мүлк саналса;
4) ижарага алуучу республикалык бюджеттен каржыланбаган мамлекеттик же муниципалдык ишкана, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болуп саналса;
5) уставдык капиталында элүү пайыздан ашык үлүшүнө (акциясына) мамлекеттик же муниципалдык түзүлүш ээлик кылган ижарага алуучу чарбалык коом болсо;
6) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин шарттарында каралса же дипломатиялык өкүлчүлүк, чет мамлекеттин консулдук мекемеси, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүгү же аларга теңделген Кыргыз Республикасындагы башка өкүлчүлүктөр ижарага алуучу болуп саналса;
7) мамлекеттик мүлк жеке өнөктөшкө жана (же) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында долбоордук компанияга берилсе;
8) ижара объектиси (бир эле лот) мурда тоорукка коюлган, бирок ушул Жобонун 58-пунктуна ылайык эки жолу тоорук өткөн жок деп таанылса, ижара акысынын өлчөмү баштапкы өлчөмгө 10 пайыз (плюс "аукциондун кадамы") кошуу менен аныкталган өлчөмдө;
9) мамлекеттик ишкананын балансында турган аянты 1000 кв.метрден ашкан жай/имарат ижара объекти болуп саналса;
10) ушул Жобонун 4-главасы менен белгиленген тартипке ылайык мамлекеттин менчигине өткөн мүлктүн ижара келишимдери ижарага алуучулар менен биринчи жолу түзүлгөндө.
11) ижара объектиси болуп мамлекеттин менчигинде турган, баланс кармоочусу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы болуп саналган, менчиктин ар кандай формасындагы жер участогунда жайгашкан, аянты 70 кв.м ашпаган имарат, курулма же жай саналса.
12) ижарага берүү жеке же юридикалык жакка, анын ичинде жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим же башка макулдашуу боюнча объектти мамлекеттин менчигине ыктыярдуу жана акысыз берген чет өлкөлүк жакка, ошондой эле мурдагы менчик ээсинин макулдашуусу же чечими боюнча объектти пайдаланган жакка жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 78, 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Мамлекеттик мүлктү ижарага түз берүү үчүн баланс кармоочу келишимге кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Платформа аркылуу ыйгарым укуктуу органга ижара келишимин жана ижара келишимин түзүүгө өтүнмө жөнөтөт.
Ижара келишиминин долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:
- ижара объектисин жана анын аянтын (схема, план) так идентификациялоого мүмкүндүк берген, ижарага берилип жаткан. мамлекеттик мүлктүн техникалык паспортунун же башка техникалык документтердин, баланс кармоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- ижарага алуучу - жеке жак үчүн: ким экендигин күбөлөгөн документинин көчүрмөсү; жеке ишкерлер үчүн: ишкердик менен алектенген жеке жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндөгү күбөлүгүнүн же патенттин көчүрмөсү; юридикалык жак үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоосу) жөнүндө, аталган юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөнгөн күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- ижара акынын эсеби.
(6 Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(7 Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ижара келишими менен баланс кармоочунун өтүнмөсү келип түшкөн күндөн беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган, берилген материалдарды карап чыгат, ижара акынын туура эсептелгендигин текшерет жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин Платформа аркылуу каттайт жана баланс кармооочуга келишимди жөнөтөт;
- эгерде ижарага бериле турган кыймылсыз мүлк объектинин аянты ушул Жобонун 19-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөн ашкан болсо, ижара келишимин түзүү укугуна тоорук өткөрүү зарылдыгы жөнүндө баланс кармоочуга билдирет;
- эгерде келишимдин маалыматтары ушул Жобонун ченемдерине туура келбеген учурда бул келишимди толуктап иштеп чыгуу үчүн баланс кармоочуга жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында
мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби
19. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөш же МЖӨ долбоорун ишке ашыруу негизги иши болуп саналган долбоордук компания (мындан ары - долбоордук компания) мамлекеттик мүлктү ижарага алуучу болуп чыга алат.
Жеке өнөктөш МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүндө ижара келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин мамлекеттик өнөктөш менен алдын ала макулдашуу боюнча долбоордук компанияга өткөрүп берүүгө укуктуу.
20. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында, мамлекеттик мүлктүн аянтына карабастан, тоорук өткөрбөстөн жеке өнөктөшкө жана (же) долбоордук компанияга ижарага берилет.
21. МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө тараптар өз алдынча иштеп чыккан шарттарда ижара келишимин түзүүгө укуктуу, мамлекеттик мүлктүн ижара келишиминин ушул Жобонун 4 жана 5-тиркемелеринде көрсөтүлгөн типтүү формасын сактоо талап кылынбайт.
22. Мамлекеттик мүлктү жеке өнөктөшкө жана (же) долбоордук компанияга ижарага берүүнү караган МЖӨ жөнүндө макулдашууда ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөндөн айырмаланган, бирок, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнөн ашпаган ижара мөөнөтү белгилениши мүмкүн.
23. МЖӨ жөнүндө макулдашууда жеке өнөктөшкө жана (же) долбоордук компанияга мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн алкагында мамлекеттик мүлктү колдонуу үчүн ижара акынын жеңилдетилген өлчөмүн белгилөө жөнүндө шарт каралышы мүмкүн.
Шарттарынын бири мамлекеттик мүлктү ижарага жеңилдетилген негизде берүү болуп саналган ижара келишиминде ижара акынын өлчөмү, аны төлөө тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
Ижара акынын жеңилдетилген өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, коммуналдык тейлөөлөргө жана башка ижара объектисин кармоого эксплуатациялык сарптоолорго ылайык мүлк салыгынын суммасынан жана ижарага берилүүчү мүлккө карата төлөнүүчү жер салыгынын суммасынан аз эмес өлчөмдө белгиленет.
24. МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн ижара келишими боюнча ижара акынын өлчөмүн өзгөртүү ижара келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча гана жүргүзүлөт. Ижара акынын өлчөмүн өзгөртүү тартиби жана шарттары ижара келишими жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.
25. МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн ижара келишими өз аракетин МЖӨ жөнүндө тиешелүү макулдашуу токтотулган учурда, ошондой эле МЖӨ жөнүндө макулдашууда жана ижара келишиминде каралган учурларда токтотот.
МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуунун негиздери, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарын эске алуу менен ижара келишими жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.
Мөөнөтүнөн мурда бузуу үчүн ушул Жобонун 75-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер, эгерде мындай негиздер ижара келишиминде түздөн-түз каралган болсо, МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн ижара келишимине колдонулат.
26. Мамлекеттик өнөктөштүк тарабынан МЖӨ жөнүндө мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик мүлктү жеке өнөктөшкө жана (же) долбоордук компанияга ижарага берүүнү караган МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш мамлекеттик мүлктү МЖӨ долбоору боюнча ижарага берүү мүмкүнчүлүгүнө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
27. Ыйгарым укуктуу орган МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушу менен мамлекеттик өнөктөштүн расмий каты келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилген материалдарды карап чыгат жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту макулдашат жана мамлекеттик өнөктөшкө макулдашуу жөнүндө расмий катты жиберет; же
2) мамлекеттик өнөктөшкө МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушка каршы пикирин жиберет.
28. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик өнөктөшкө аргументтелген каршы пикирин жиберет, эгерде:
1) МЖӨ долбоорунун шарттарында биринчи кезекте мамлекеттик же муниципалдык уюмду же уставдык капиталында мамлекет же муниципалдык түзүлүш элүү пайыздан ашык үлүшкө (акцияларга) ээ болгон чарбалык коомду жайгаштыруу пландалып жаткан мамлекеттик имаратты же жайларды жеке өнөктөшкө жана (же) долбоордук компанияга ижарага берүү каралса;
2) МЖӨ долбоорунун шарттары мамлекеттик эмес уюмдарга убактылуу колдонууга берүүгө мыйзам менен тыюу салынган мамлекеттик мүлктү жеке өнөктөшкө жана (же) долбоордук компанияга ижарага берүүнү караса;
3) МЖӨ долбоорунун шарттары мамлекеттик мүлктүн максаттуу багытын өзгөртүүнү караса, мында бул объекттин профилин өзгөртүүгө чектөөлөр мыйзам менен белгиленсе;
4) МЖӨ долбоорунун шарттары мүлккө камак салуу жөнүндө күчүнө кирген соттун чечими же ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугуна катталган башка чектөөсү бар мамлекеттик мүлктү жеке өнөктөшкө жана (же) долбоордук компанияга берүүнү караса.
4-глава. Мамлекеттин менчигине өткөн мүлктү
ижарага берүү тартиби
29. Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик, жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын жоруктар жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттин менчигине өткөн мүлктөрдү мурда ижарага алган жактар менен ижара мамилелери болгон учурда, ижарага берүүчү менен ижарага алуучунун ортосунда мүлктү түз берүү жолу менен ижара келишими төмөнкү учурларда түзүлөт:
- эгерде мурунку менчик ээси менен ижарага алуучунун ортосунда ижара келишими үч жылдык мөөнөткө чейин түзүлгөн болсо, - анда ошол эле мөөнөткө;
- эгерде мурунку менчик ээси менен ижарага алуучунун ортосунда ижара келишими үч жыл жана андан ашык мөөнөткө түзүлгөн болсо, - үч жылды түзгөн мөөнөткө.
Мындай мүлктү андан ары ижарага берүү ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
Эгерде мамлекеттин менчигине өткөн учурдан тартып үч айдын ичинде аны пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети башка чечим кабыл албаса, көрсөтүлгөн келишимдер ушул пунктта аныкталган тартипте түзүлөт.
30. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 556-беренесинин 1-пунктуна ылайык ушул Жобонун 29-пунктунда каралган негиздер боюнча мамлекеттин менчигине өткөн мүлктү мурда ижарага алган жактар менен ижара келишиминде ижара акысы, ижарага алуучунун жана мурунку менчик ээсинин ортосунда түзүлгөн ижара келишимине ылайык өлчөмдө белгиленет.
301. Ушул Жобонун 16-пунктунун 12-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар менен ижара келишимдеринде ижара мөөнөтүн кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен үч жылга чейин белгиленет. Ижара акысы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускамага ылайык аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин
түзүү укугуна тоорук өткөрүүнү даярдоо
31. Баланс кармоочу мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү укугуна электрондук тоорук өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органга Электрондук соода аянтчасы (мындан ары - ЭСА) аркылуу электрондук форматта төмөнкүдөй документтерди жиберет:
1) бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жетекчинин колу коюлган өтүнмөнү (мындан ары - электрондук өтүнмө);
2) тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлүүчү мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишиминин долбоору (тооруктун жыйынтыгы боюнча аныкталуучу ар айлык ижара акысынын өлчөмүнөн тышкары бардык шарттарды көрсөтүү менен);
3) ижарага берилип жаткан мамлекеттик мүлктүн техникалык паспортунун же башка ижара объектисин жана анын аянтын так идентификациялоого мүмкүндүк берген техникалык документтерин (схема, план) баланс кармоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) ижара акынын баштапкы өлчөмүнүн эсебин же ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык шарты бар аукционго коюлуучу ижара объекттеринин ижара акысынын өлчөмүн аныктоо боюнча көз карандысыз баалоочунун корутундусун;
5) ЭСАда тоорук өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн текстинин долбоору.
32. Баланс кармоочудан электрондук арыз түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган:
1) берилген материалдарды карап чыгат, ижара акысынын баштапкы өлчөмү туура эсептелгендигин текшерет;
2) мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин түзүү укугуна тоорук өткөрүү жөнүндө "жеке кабинет" аркылуу ЭСАда маалыматтык билдирүү жайгаштырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Тоорук, анын ичинде тоорукту кайталап өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү ЭСАнын регламентине ылайык тоорук өткөрүлүүчү датага чейин 14 (он төрт) календардык күндөн кечиктирилбестен ЭСАга жайгаштырылууга тийиш.
ЭСАнын регламенти менен ошондой эле тоорукка катышуу үчүн талапкерлер берүүчү документтердин тизмеги жана тартиби аныкталат.
Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен, же болбосо өтүнмөнүн бардык талаалары толтурулбай берилген өтүнмөлөр ЭСАда катталбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Талапкерлер өтүнмөлөрдү берүүдө, тоорукка катышуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн ЭСА операторунун тарифтерине ылайык белгиленүүчү жана алынуучу наркы төлөнөт.
35. Тоорукка катышуу үчүн талапкер маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке, ижаранын жарыяланган баштапкы өлчөмүнө карата төмөнкүдөй өлчөмдөрдө кепилдик төгүмүн төлөшү керек:
- аянты 70 квадрат метрге чейинки объекттерге карата - 500 пайыз;
- аянты 70 квадрат метрден 500 квадрат метрге чейинки объекттерге карата - 300 пайыз;
- аянты 500 квадрат метрден жогору, ошондой эле шарттары бар аукционго коюлуучу объекттерге карата - ыйгарым укуктуу орган аныктаган өлчөмдө.
Тооруктун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм ижара акысынын төлөмү катары эсептелет. Тооруктун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюудан же болбосо ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда тооруктун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм кайтарылып берилбейт.
36. Талапкер өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаганга чейин беш күндөн кечиктирбестен ЭСАга өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө кабарлоону жиберүү аркылуу өтүнмөнү кайра сурап алууга укуктуу.
Талапкер ушул пунктта белгиленген тартипте өтүнмөнү кайра сурап алуу учурунда, өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө кабарлоо бир сааттын ичинде ыйгарым укуктуу органдын "жеке кабинетине" келип түшөт, бул тууралуу талапкерге тиешелүү кабарлоо жөнөтүлөт.
37. Талапкерден түшкөн кепилдик төгүмү өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө кабарлоо түшкөн күндөн тартып он банктык күндүн ичинде кайтарып берилүүгө тийиш.
38. Талапкерлерден өтүнмөлөрдү кабыл алууда ЭСА оператору өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди каггоону камсыздайт.
Өтүнмө келип түшкөн убакыттан тартып бир сааттын ичинде ЭСА оператору өтүнмө кабыл алынганы жөнүндө кабарлоо жөнөтүү аркылуу анын келип түшкөнү тууралуу талапкерге билдирет.
39. ЭСА оператору "жеке кабинети" аркылуу ыйгарым укуктуу органдын талапкерлер берген өтүнмөлөргө жана документтерге, ошондой эле өтүнмөнү берүүдө талапкерлер киргизген маалыматтарды шайкеш келтирүү жолу менен белгиленген үлгү боюнча толтурулуучу өтүнмөлөрдү каттоо журналына (ушул Жобонун 3-тиркемеси) жетүүсүн камсыздайт.
40. Талапкер өтүнмө бергенден кийин үч күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган аны тооруктун катышуучусу деп таануу жөнүндө, же болбосо катышуучу деп таануудан баш тартуу тууралуу баш тартуунун негизин көрсөтүү менен кабарлоо жиберет. Талапкерге, эгерде ал маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн бардык керектүү документтерди өтүнмөгө тиркебесе, катышуучу деп таануудан баш тартуу жөнөтүлөт.
Ар бир катышуучуга катар номери ыйгарылат.
Тоорукка катышууга уруксат берилбеген талапкерлер жөнүндө маалымат ЭСАнын ачык бөлүгүндө жайгаштырылат.
41. Ижара келишимин түзүү укугуна торук жарыяланган мамлекеттик мүлктү баланс кармоочунун өзү же башка мамлекеттик уюмдар тарабынан негизделген колдонуу зарылдыгы пайда болгон учурда, электрондук арызды кайра сурап алуу аркылуу баланс кармоочу же ыйгарым укуктуу орган ЭСАда торук өткөрүүнү каалаган убакта, бирок ал өтүүчү датага чейин кеминде беш күндөн кечиктирбестен ЭСА операторун кабарлоо менен жокко чыгара алышат, ал өз кезегинде торуктун катышуучуларына үч күндөн кечиктирбестен кабарлайт.
Ушул пунктка ылайык тоорук өткөрүү жокко чыгарылган учурда талапкерлер төккөн кепилдик төгүмдөрү тооруктун катышуучуларына тоорукту жокко чыгаруу жөнүндө кабарланган датадан тартып он банктык күндүн ичинде кайтарып берилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Талапкерден тоорукка катышуу үчүн ЭСА операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркына түшкөн төлөм:
1) ушул Жобонун 36-пунктунда белгиленген тартипте талапкер өтүнмөсүн кайра сурап алган учурда - кайтарып берилбейт;
2) ушул Жобонун 41-пунктунда белгиленген тартипте тоорукту өткөрүү жокко чыгарылган, ошондой эле ушул Жобонун 58-пунктуна ылайык тоорук болгон жок деп таанылган учурда - кайтарып берилет;
3) калган учурларда - ЭСА операторунун эсебине которулат.
43. ЭСА оператору ЭСАнын регламентине ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) талапкерлер өтүнмөлөрдүн бардык беттерин толтурган шартта аны берүүнү, ошондой эле маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн, аларды кабыл алуу мөөнөтү аяктаганда өтүнмөлөрдү берүүнү токтотууну камсыздайт;
2) талапкерге анын өтүнмөсү кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоону камсыздайт;
3) ыйгарым укуктуу органдын өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналына жетүүсүн камсыздайт (ушул Жобонун 3-тиркемеси);
4) катышуучулардын тооруктун жол-жоболоруна бирдей жетүүсүн камсыздайт;
5) тоорукка катышуу үчүн өз кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын белгилейт;
6) өлчөмү ижара төлөмүнүн баштапкы өлчөмүнүн 10 пайызынан кем болбогон "аукциондун кадамынын" өлчөмүн автоматтык түрдө аныктоону камсыздайт. "Аукциондун кадамы" белгиленген суммада аныкталат жана тооруктун жүрүшүндө эч өзгөрбөйт;
7) ушул Жобого ылайык тоорукту өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты ЭСАда жайгаштырууну камсыздайт;
8) ушул Жобого ылайык тооруктун протоколун түзүүнү камсыздайт;
9) ЭСАнын колдонулуучу программалык-аппараттык каражаттарынын ишенимдүү иштешин камсыздайт жана кепилдейт;
44. ЭСА оператору төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) талапкерлердин жана катышуучулардын ЭСАга бирдей жетүүсүн камсыз кылуу;
2) ыйгарым укуктуу органдын ушул Жободо каралган өтүнмөлөргө жана документтерге жетүү учурларынан тышкары, келип түшкөн өтүнмөлөр жана аларга тиркелген документтер жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле өтүнмөлөрдү берген жактар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун торуктун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты ЭСАда жайгаштырууга чейин камсыз кылуу;
3) ЭСАнын ЭСАнын регламентинин талаптарына ылайык иштеши;
4) ЭСАнын техникалык бузулуулары.
6-глава. Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү
укугуна шарттары бар аукцион өткөрүүгө даярдык көрүүнүн
өзгөчөлүктөрү
45. Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү укугуна шарттары бар аукцион төмөнкү максаттарга жетүү үчүн өткөрүлөт:
1) көлөмдүк-пландоочу жана конструктивдүү чечимдерин өзгөртүү менен, аянты 500 квадраттык метрден жогору болгон мамлекеттик кыймылсыз мүлктүн ижара объектисин реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайта пландаштыруу;
2) ижара объектисинин иштөө режимине карата өзгөчө шарттарды, коргоо режимин, кирип-чыгуу режимин, же ижарага алуучунун жумуштарынын/кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын аныктоо;
3) ижарага алуучу тарабынан өз алдынча субарендага берилүүчү соода объекттерин (соода ишканаларын), кинотеатрларды бирдиктүү башкаруу жана тейлөө.
4) баланс кармоочусу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы болуп саналган, аянты 100 кв.м ашык мамлекеттик кыймылсыз мүлк объектисин ижаралоо талаптарынын өзгөчөлүгү, реконструкциялоо, кайра профилдөө же көлөмдүк-пландоочу жана конструктивдүү чечимдерди өзгөртүү менен кайта пландаштыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин түзүү укугуна шарттары бар аукцион өткөрүү үчүн баланс кармоочу ЭСАнын регламентине ылайык берилүүгө тийиш болгон документтерге кошумча ыйгарым укуктуу органга электрондук форматта төмөнкү документтерди жиберет:
1) көлөмдүк-пландоочу жана конструктивдүү чечимдерди өзгөртүү менен, ушул Жобонун 45-пунктунун 1 жана 4-пунктчаларына ылайык мамлекеттик кыймылсыз мүлктүн ижара объектисин реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайта пландаштыруу зарыл болгон учурда:
- тиешелүү жумуштарды аткарууга ижарага алуучунун чыгымдарын эске алуу менен көрсөтүлгөн ижара объектилери үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо боюнча көз карандысыз баалоочунун корутундусун;
- тиешелүү жумуштарды аткаруу боюнча ижарага алуучунун милдеттерин аныктоо менен талап кылынган жумуштардын мүнөздөмөсүн, конкреттүү көлөмүн, мөөнөтүн жана наркын көрсөтүү менен дефекттик актыны жана сметасын;
2) ижара объектисинин иштөө, коргоо, кирип-чыгуу режимине карата өзгөчө шарттарды, же ижарага алуучунун жумуштарынын/кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын аныктоо зарыл болгон учурда - ижарага алуучунун тиешелүү милдеттенмелерин;
3) соода объекттерин (соода ишканаларын), кинотеатрларды ижарага берүү учурунда:
- мүлктү жакшыртуу жана кармоо боюнча ижарага алуучунун андан аркы чыгымдарын эске алуу менен, көрсөтүлгөн ижара объектисинин ижара акысынын өлчөмүн аныктоо боюнча көз карандысыз баалоочунун корутундусун;
- көрсөтүлгөн ижара объекттеринин дирекциясынын (башкаруучу компаниянын) функциясын аткаруу үчүн юридикалык жак гана боло алган ижарага алуучуга карата ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленүүчү талаптарды;
- көрсөтүлгөн ижара объектилерин башкаруу жана тейлөө боюнча ижарага алуучунун милдеттерин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 45-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын балансында турган, пайдаланылбаган же акыркы эки жылдын ичинде максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланылган объекттерге карата шарттары бар аукцион өткөрүүнү өз алдынча демилгелөөгө укуктуу.
Ушул пункттун максаттарында:
- пайдаланылбаган объекттерге бош турган объекттер кирет;
- акыркы эки жылдын ичинде максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланылган объекттерге көрсөтүлгөн жана андан ашык мезгилдин ичинде ижарага берилген объекттер кирет.
48. Шарттары бар аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө ЭСАнын регламентине ылайык каралган маалыматтардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) ушул Жобонун 46-пунктуна ылайык шарттары бар аукциондун жеңүүчүсү өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелер;
2) ижарага алуучунун ижарага алган мүлктү жакшыртуу боюнча бардык чыгымдарынын орду ижара акысынын, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, эксплуатациялык жана ижарага алуучунун мүлктү кармоо боюнча башка чыгымдарынын эсебине толтурулууга тийиш эместиги жөнүндө түшүндүрмө;
3) соода объекттеринин (соода ишканаларынын), кинотеатрлардын дирекциясынын (башкаруучу компаниянын) функциясын аткаруу үчүн ижарага алуучуга карата талаптар.
7-глава. Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү
укугуна тоорукту электрондук форматта өткөрүү
49. Электрондук кол тамга же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен күбөлөндүрүлгөн өтүнмөнү, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык электрондук документтерди беришкен жана катышуучу деп таанылган жактарга ЭСА тооругуна катышууга уруксат берилет.
Тоорук башталгандан кийин катышуучуларга сунуш кылуу үчүн он мүнөт берилет. Андан кийин сунуштар жок болгон учурлардан тышкары, убакытты эсептөө кайта башталат.
Эгерде кезектеги сунуштан тартып он мүнөттүн ичинде эч ким жаңы сунуш бербесе тоорук бүттү деп эсептелет. Мында тоорук өткөрүүнүн жалпы убактысы эки сааттан ашпашы керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Тоорук өткөрүү жол-жобосу маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн күндө жана убакытта жүргүзүлөт.
51. Тоорук өткөрүү жол-жобосунун убагында ЭСА оператору катышуучулардын ЭСАнын жабык бөлүгүнө жетүүсүн жана катышуучулар тарабынан баштапкы ижара акысын "аукциондун кадамына" теңдеш чоңдукка ырааттуу жогорулатуу жолу менен, тоорукка коюлган объект үчүн ижара акысынын өлчөмү жөнүндө алардын сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
52. Катышуучулар ЭСАга техникалык кошулуу жоопкерчилигин өз алдынча тартышат. ЭСАга кошулуу менен адам тооруктун шарттарына жана ЭСАнын регламентине макулдугун билдирет.
53. Тоорук өткөрүү жол-жобосу башталган убакыттан тартып ЭСА оператору төмөнкүлөрдү жайгаштырат:
1) ЭСАнын ачык бөлүгүндө - мүлктүн аталышын, баштапкы ижара акысын жана "аукциондун кадамын" көрсөтүү менен тоорук өткөрүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө маалыматты;
2) ЭСАнын жабык бөлүгүндө - ЭСАнын ачык бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары, ижара акысынын өлчөмү жөнүндө сунуштарды жана анын түшкөн убактысын, ижара акысынын өлчөмү жөнүндө сунуштарды кабыл алуу аяктаганга чейин калган убакыты.
54. ЭСА программалык каражаттары менен төмөнкүлөр камсыздалат:
1) катышуучунун мурда сунушталган ижара акысынын "аукциондун кадамына" теңдеш чоңдукка көбөйтүүгө ылайык келбеген ижара акысынын өлчөмү жөнүндө сунушту берүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо;
2) эгерде мурдагы сунуш ошол эле катышуучу тарабынан берилсе, катышуучунун ижара акысынын өлчөмү жөнүндө сунушту берүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо;
3) эгерде ошол катышуучунун ижара акысынын өлчөмү жөнүндө сунушун мурда башка катышуучу тарабынан ушуга окшош сунуш берилгендигине байланыштуу кабыл алууга мүмкүн болбогон учурда катышуучуга кабарлоону;
4) катышуучуларга ижара акысынын өлчөмү жөнүндө учурдагы сунуш жана "аукциондун кадамына" ылайык ижара акысынын өлчөмү жөнүндө сунуштарды берүүгө мүмкүн болгон убакыт жөнүндө кабарлоону;
5) катышуучуларга тоорук аяктаганга чейин калган убакыт жөнүндө кабарлоону.
55. Өткөрүлгөн тоорук жана жеңүүчү сунуштаган ижара акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен ижара объектиси жөнүндө маалыматты камтыган тооруктун жыйынтыктары тууралуу протокол жеңүүчүнүн мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимин түзүүгө болгон укугун ырастайт;
Тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюу тартиби (эгер тоорук болуп өткөн болсо) ЭСА регламенти менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Шарттары бар электрондук аукциондун жеңүүчүсү өз каражаттарынын эсебинен баланс кармоочу тарабынан маалыматтык билдирүүдө сунушталган милдеттенмелерди сөзсүз кабыл алат, алар кийин ижара келишимине киргизилет.
57. ЭСА программалык-аппараттык каражаттары тарабынан белгиленген техникалык бузулууда ЭСА оператору мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү укугуна тоорук өткөрүүнү токтотуп турат, бирок бир суткадан ашык эмес убакытка.
ЭСА оператору мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү укугуна тоорукту токтотуп туруу себеби жана болжолдуу мөөнөтү (бирок ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык эмес) жөнүндө техникалык корутунду ЭСАга жайгаштырат.
Тоорукту өткөрүү кайсы учурда токтотулган болсо, ошол учурдан тартып кайра улантылат.
58. Тооруктар төмөнкү учурларда өткөрүлгөн жок деп таанылат:
1) катышууга бир дагы өтүнмө берилбесе;
2) эгерде бир гана талапкер же катышуучу катталган болсо;
3) эгерде бардык талапкерлерге ЭСАнын регламентине ылайык катышуучу деп таануудан баш тартуу жөнөтүлсө;
4) эгерде тоорук өткөрүү жол-жобосу башталган убакыттан тартып он мүнөттүн ичинде катышуучулардын бири да ижара акысынын өлчөмү жөнүндө сунуш бербесе.
Тоорук өткөрүлгөн жок деп таануу жөнүндө чечим тооруктун жыйынтыгы тууралуу протокол менен таризделет.
59. Жеңүүчүгө тооруктун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо тартиби ЭСА регламенти менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Жеңүүчү деп таанылган жана ижара келишимин түзүүдөн эки жолу баш тарткан тооруктун катышуучусу (жеке жана юридикалык жак) акыркы баш тарткан учурдан тартып бир жыл бою бардык электрондук тооруктарга катышуу укугун жоготот жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишенимсиз талапкерлердин тизмесине киргизилет.
8-глава. Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү,
өзгөртүү жана бузуу тартиби
61. Баланс кармоочу жана жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы тууралуу тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде тооруктун жыйынтыгы чыккан күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүшөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Жеңүүчү ижара келишимин түзүүдөн качканда же баш тартканда, баланс кармоочу ушул Жобонун 61-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин эки жумуш күндүн ичинде, экинчи орунду ээлеген (бир кадамга төмөн ижара акысын сунуштаган) катышуучуга жеңишти ыйгаруу жөнүндө (ЭСА, электрондук почта жана/же телефон байланышы аркылуу) кабарлоо жиберет, ал кабарлоо келген учурдан тартып эки жумуш күндүн ичинде ижара келишимине кол коюуга тийиш.
Экинчи орунду ээлеген катышуучу мамлекеттик мүлктүн ижарасы келишимин түзүүдөн качкан же баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу орган тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарат жана белгиленген тартипте кайра тоорук өткөрүү жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
Ушул пунктта каралган учурларда жана тартипте ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан жактарга кепилдик төгүм кайтарып берилбейт жана ал республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Ижара келишиминин шарттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашууну түзүүсү аркылуу киргизилет. Тараптардын милдеттенмелери кошумча макулдашуу ижара келишимдеринин реестринде катталган учурдан тартып өзгөртүлдү деп эсептелет.
64. Өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарган ижарага алуучу жана ижарага берүүчү ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү аркылуу, кийин аны ижара келишимдеринин реестринде каттоо менен ижара келишиминин мөөнөтүн ошол эле ижара келишиминин мөөнөтүнө узарта алышат. (Экинчи сүйлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Ушул Жобонун 64-пунктуна ылайык ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу төмөнкү шарттарда түзүлөт, эгерде ижарага алуучу:
1) ижара акысын, туумду, коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлк салыгын (салык мыйзамдарында аныкталган учурларда, аларды төлөө милдети ижарага алуучуга жүктөлгөндө) төлөө боюнча карыздары жок болсо;
2) ижара акысы форс-мажордук кырдаалга байланыштуу өз убагында төлөнбөгөн учурлардан тышкары, ижара мөөнөтүнүн ичинде ижара акысын төлөө мөөнөтүн бир да жолу кечиктирбеген;
3) шарттары бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишиминде каралган милдеттенмелерин аткарганда.
66. Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашууну түзүүдөн жүйөлөнгөн баш тартуусу мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуш келип түшкөн учурдан тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө ижарага алуучуга жиберилиши керек.
67. Ижара акысынын мөөнөтүн узартууда ижара акысы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимдерине кошумча макулдашууларда - мурдагы ижара келишиминде белгиленген ижара акысынын өлчөмүнөн бир жүз жыйырма беш пайыз өлчөмүндө;
2) соода борборлорундагы жайларды ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимдерине кошумча макулдашууларда - мурдагы. ижара келишиминде белгиленген ижара акысынын өлчөмүнөн эки жүз элүү пайыз өлчөмүндө;
3) тооруктун жыйынтыгы боюнча, ошондой эле ижаранын кыймылдуу обьекттерине карата түзүлгөн ижара келишимдерине кошумча макулдашууларда - ошол эле өлчөмдө.
68. Тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу чектелбеген санда түзүлүшү мүмкүн.
69. Ушул Жобого ылайык ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишиминин жана/же мындай ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда ижарага берүүчү ижара акысы ушул Жобонун 67-пунктунда каралгандан жогору белгиленген учурда, ушул Жобого ылайык ижарага түз берүү жолу менен башка ижарага алуучу менен ижара келишимин түзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Ижара келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
1) анын колдонуу мөөнөтү жана/же мындай ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда;
2) тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ижара келишими бузулганда;
3) ушул Жобонун 76-пунктуна ылайык тараптардын биринин талабы боюнча ижара келишими сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулганда;
4) ижарага алуучу - юридикалык жак жоюлганда;
5) жеке жак - ижарага алуучу каза болгондо, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке чектелген жөндөмдүү же дайынсыз жок деп таанылганда;
6) ушул Жобонун 71-пунктуна ылайык ижарага берилген жайга мамлекеттик органды жайгаштыруу зарыл болгондо;
7) ушул Жобонун 84-пунктунда каралган ижара акысынын өлчөмүнүн өзгөрүүсүнө ижарага алуучу макул болбогондо;
71. Ижарага берилген жайга мамлекеттик органды жайгаштыруу зарылдыгы келип чыккан учурда, мамлекеттик органдарды жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын демилгеси менен ижарага берүүчү ижарага алуучуга мамлекеттик мүлктү бошотуу жөнүндө кабарлоону жиберет, андан кийин ижарага берүүчү ижарага алуучу кабарлоону алгандан тартып он беш календардык күндөн кийин ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимин бузууга укуктуу.
72. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара келишими бузулган датадан тартып үч күндүн ичинде ижарага берүүчү ижара келишимин бузуу жөнүндө макулдашууну тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга кабарлоону берүүгө милдеттүү.
73. Ижарага берүүчү ижарага алуучудан келишимдик милдеттерди аткарууну же төмөнкүдөй учурларда жол берилген бузууларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу, эгерде ижарага алуучу:
1) ижара объектисин ижара келишиминин шарттарын, же мүлктүн багытын бузуу менен пайдаланганда;
2) шарттары бар электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча кабыл алган милдеттенмелерди аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
3) ушул Жобонун 45-пунктунун 3-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, мамлекеттик мүлктү субижарага бергенде;
4) ижара келишиминде белгиленген мөөнөт аяктаганда ижара акысын катары менен эки жолудан ашык төлөбөгөндө;
5) пайдалануу процессинде ижара объектисинин техникалык мүнөздөмөсүн же функциялык өзгөчөлүктөрүн начарлатса, же аны четтетүү үчүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү талап кылынуучу кыйроого, бузулууга, дефекттерге алып келгендей бузганда;
6) ижарага берүүчүнүн нормалдуу иштешине тоскоолдук жаратканда, же анын иши ижарага берүүчүгө терс финансылык, өндүрүштүк жана техникалык кесепеттерге алып келгенде.
74. Ижарага алуучу ижарага берүүчүнүн келишимдик милдеттенмелерди аткаруусун же төмөнкү учурларда жол берилген бузууларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу, эгерде:
1) ижарага берүүчү мамлекеттик мүлктү пайдаланууга бербесе же келишимдин шарттарына же мүлктүн багытына ылайык ижара объектисин пайдалануу үчүн тоскоолдук жаратса;
2) ижарага берилген мамлекеттик мүлктүн пайдаланууга тоскоолдук жаратуучу, ижара келишимин түзүүдө ижарага берүүчү менен сүйлөшүлбөгөн, ижарага алуучуга алдын ала белгилүү болбогон жана ижара объектисин кароо учурунда же келишим түзүүдө анын оңдугун текшерүүдө аныкталбаган кемчиликтери болсо;
3) ижарага берүүчү жооп бербеген кырдаалга байланыштуу мамлекеттик мүлк пайдаланууга жараксыз абалда калганда.
75. Ушул Жобонун 73 жана 74-пункттарында каралган учурларда, биринчи тарап экинчи тарапка келишимдик милдеттенмелерди аткаруу же ал жол берген бузууларды он беш күндүк мөөнөттө четтетүү зарылдыгы жөнүндө кат жүзүндөгү эскертүүнү жөнөтөт.
76. Экинчи тарап ушул Жобонун 75-пунктунда каралган мөөнөттө келишимдик милдеттенмелерди аткарбаган же ал жол берген бузууларды четтетпеген учурда, биринчи тарап келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө сотко арыз бериши мүмкүн.
77. Ижара келишимин токтотуу ижарага алуучуну ижара акысы боюнча карызды, туумдарды жана айыптарды төлөө зарылдыгынан бошотпойт.
78. Ижара келишими токтотулганда ижарага берүүчү бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга тиешелүү маалыматты берүү менен ижара объектисин өз ээлигине жана пайдалануусуна кайтаруу боюнча чараларды көрүшү керек. Аталган маалымат ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынгандан кийин мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимдеринин реестринде чагылдырылууга тийиш.
79. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимдеринин реестрин жүргүзөт жана ижара келишимдеринин реестрине ар кандай критерийлерди киргизүү мүмкүнчүлүгү менен ижарага алуучулар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алат.
Келишимди, кошумча макулдашууну же бузуу жөнүндө макулдашууну мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимдеринин реестрине киргизүү, тиешелүү түрдө ижара келишимин түзүү, аны өзгөртүү же болбосо бузуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталганын билдирет. Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимдеринин реестринде ижара келишимин түзүү, аны өзгөртүү же болбосо бузуу жөнүндө мындай маалыматтардын жоктугу тиешелүү түрдө ижара келишиминин, кошумча макулдашуунун же бузуу жөнүндө макулдашуунун жараксыздыгын билдирет.
9-глава. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн
ижара акысы
80. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмү, ошондой эле ижара акысынын старттык өлчөмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик курулмаларды, имараттарды, анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада каралган тартипте аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
81. Ижара акысы ай сайын төлөмдөрдүн белгиленген так суммасы түрүндө ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине төгүлүп, андан ары салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте республикалык бюджетке которулат. Ижара акысы коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык сарптоолорду, салыктык жана башка мыйзамдарда каралган башка төлөмдөрдү камтыбайт.
82. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү капиталдык оңдоо шарттары менен милдеттенмелерине ылайык реконструкциялоо жүргүзгөн учурда капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жүргүзүү мөөнөттөрү ижара келишиминде аныкталат. Бул учурда ижара акысы жогоруда аталган иштер аяктаган датадан тартып, бирок ижара келишими түзүлгөн датадан тартып алты айдан кечиктирилбестен алынат.
83. Ижарага алуучу ижара мөөнөтүнүн ичинде капиталдык оңдоо жүргүзгөн учурда, ушул Жобонун 82-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, оңдоо иштеринин биринчи айы үчүн ижара акысы (оңдоо башталган датадан тартып) алынбайт.
84. Ижарага түз берүү жолу менен түзүлүүчү келишимдер боюнча ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүү төмөнкүлөр өзгөргөн учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир тараптуу тартипте жүргүзүлөт:
Мамлекеттик курулмаларды, имараттарды, анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускама - кыймылсыз мүлк объекттерине карата;
- кыймылдуу мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби - кыймылдуу мүлк объекттерине карата.
Жогоруда аталган Нускаманы өзгөртүү жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып он беш күндөн кечиктирилбей ижара акысын кайрадан эсептеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ижарага берүүчүгө жиберилет. Ижара акысынын жаңы өлчөмү ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө ижара келишимине тараптардын кошумча макулдашуусу ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган күндөн тартып белгиленет.
Ижарага алуучу ижара акысынын өлчөмүнүн өзгөрүшү менен макул болбогон учурда ижара келишими бузулат.
85. Ижара келишиминин мөөнөтү бүткөн датадан тартып бир ай өткөндөн кийин мамлекеттик мүлк ижарага берүүчүнүн ээлигине жана пайдалануусуна кайтарылууга жатат.
86. Ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганда жана/же ижара келишимине кошумча макулдашуу болгон учурда ижарага алуучу жаңы ижара келишимин же мурунку ижара келишимине кошумча макулдашуу түзбөстөн мамлекеттик мүлктү колдонууну уланта берет, ал мамлекеттик мүлктү пайдаланган бардык убакыт үчүн мамлекеттик мүлктү ижарага берүүчүнүн ээлигине жана пайдалануусуна иш жүзүндө кайтарып бергенге чейин ижара акысын төлөөгө милдеттүү. Мында электрондук аукционду өткөрүү учуруна чейин мындай пайдалануу мөөнөтү эки айдан ашпашы керек. Объект тоорукка коюлган жана көрсөтүлгөн мезгилде тооруктун жеңүүчүсү аныкталган учурда ижарага алуучу пайдаланган убактысы үчүн ижара акысын төлөө менен өзү ээлеп турган жайды бошотуп берет.
87. Ижарага алуучу ушул Жобонун 64-пунктуна ылайык ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүлгөн мезгилде мамлекеттик мүлктү пайдаланууну уланткан учурда, ыйгарым укуктуу орган кошумча макулдашууну каттоо учуруна чейин ал мамлекеттик мүлктү пайдалануунун бардык убактысына ижара акысын төлөөгө милдеттүү. Кошумча макулдашуу каттоодон өткөндөн тартып ижара акысы ушул Жобонун 67-пунктуна ылайык кайта эсептелген өлчөмдө төлөөгө жатат.
10-глава. Ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүү
88. Ижара келишиминин маалыматтары мамлекеттик мүлктүн ижара келишиминин реестринде киргизилген күндөн тартып беш жумуш күнү өткөндө ижара объектиси ижарага берүүчү тарабынан өткөрүп берилди жана ижарага алуучу тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.
Тарыхый жана маданий эстеликтер болуп саналган ижара объекттери тиешелүү коргоо документин алгандан кийин өткөрүп берилет, анда ижарага алуучу тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тарых жана маданият эстеликтерин пайдалануу жана коргоо боюнча бардык милдеттерди өзүнө алат.
Ушул Жобо же келишим менен шарттары бар аукциондун тооруктарынын жыйынтыгы боюнча кабыл алуучу ижарага алуучунун милдеттенмесине же берүү тартибине жараша ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүүнүн башка тартиби белгилениши мүмкүн.
89. Ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүү жөнүндө шарттар ижара келишимине киргизилүүгө жатат.
90. Ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүүгө даярдоо ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана ижара келишиминде башкача каралбаса, анын эсебинен жүргүзүлөт.
91. Келишимди токтоткондо ижарага алуучу ижара объектисинин нормалдуу эскирүүсүн эске алуу менен оң абалда же ижара келишиминде айтылган абалда ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
11-глава. Ижара келишиминин тараптарынын
жоопкерчиликтери
92. Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык-укуктук, тартиптик же жазыктык жоопкерчилик тартышат.
93. Күнөөлүү тарап ижара келишими боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыктан же талаптагыдай аткарбагандыктан келтирилген материалдык зыянды жана бардык чыгымдарды экинчи тарапка төлөп берүүгө милдеттүү.
Жоопкерчиликке тартуу күнөөлүү жактарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.
94. Ижара келишимин түзүүдөн атайылап качкан жана мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн келип түшкөн кирешелерди жашырган учурда ижара келишимин түзүүгө байланышкан берилген маалыматтардын жана материалдардын тууралыгы жана ушул Жобонун шарттарын башка бузуулар үчүн ижарага берүүчүнүн (баланс кармоочунун) жетекчиси жана башкы бухгалтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик же жазыктык жоопкерчилик тартышат.
95. Күтүлбөгөн жагдайлар (форс-мажор) келип чыкканда жогоруда аталган жагдайдын таасирине дуушар болгон Тарап ушундай жагдайлардын болгонун ырастоочу расмий документтерди берүү менен, алар келип чыккан датадан тартып 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдириши керек. Форс-мажордук жагдайлардын болушу ушундай жагдайлар болуп турган убакытка барабар болгон мезгилге келишим боюнча тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүн узартууга алып келет.
Ижарага алуучу ижарага алган мамлекеттик мүлктүн сакталышын жана мүмкүн болгон зыянды, анын ичинде үчүнчү жактардын аракеттеринен жана форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан зыянды четтетүүнү камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө, анын начарлашына, бузулушуна алып келүүчү аракеттерди кылбоого, тескерисинче болгон учурда ижарага алган мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) сапатынын начарлашына байланыштуу, анын ичинде өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында же форс-мажордук жагдайды кошкондо, ижара келишиминин тараптарынын эркине карабастан мамлекеттик мүлктү жоготуп алууга байланыштуу келтирилген чыгымдарды толук көлөмдө ижарага берүүчүгө ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
12-глава. Башка жоболор
96. Ижарага берүүчүлөр ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү бериши керек:
1) жылына эки жолу, биринчи жана үчүнчү кварталдар аяктагандан кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен - ижарага берилүүчү мамлекеттик мүлк жөнүндө маалыматты;
2) ай сайын, кийинки айдын бешинен кечиктирбестен - ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык формада ар бир ижарага алуучу боюнча ижара акысынын түшүүсү жөнүндө маалыматты.
97. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган мамлекеттик мүлктү ижарага берүү шарттарын жана тартибин аныктоо боюнча бардык маселелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жөнгө салынат.
98. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүүгө жана мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук тооруктарды өткөрүүгө байланышкан талаштар Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарына ылайык чечилет.
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
|
| "МАКУЛДАШЫЛДЫ" |
|
| ____________________________________ |
|
| (карамагында баланс кармоочу турган мамлекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнү, колу) |
|
| 20___-ж. "___" ________________ |
Мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукционго/шарттары бар электрондук аукционго коюу жөнүндө АРЫЗ
20___-ж. "___" ________________ |
| Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга |
|
| Кимден: ___________________________ |
|
| _____________________________________ |
|
| _____________________________________ |
|
| юридикалык жактын (баланс кармоочунун) толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан (катталган) дареги: |
|
| _____________________________________ |
|
| _____________________________________ |
|
| юридикалык жактын (баланс кармоочунун) жайгашкан орду |
Ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукционго/шарттары бар электрондук
аукционго төмөнкү мамлекеттик мүлктү коюуңузду өтүнөбүз:
____________________________________________________________________________
(мамлекеттик мүлктүн аталышы)
____________________________________________________________________________
(мүнөздөмөсү, техникалык абалы)
____________________________________________________________________________
(жалпы аянты, жайгашкан орду)
Мамлекеттик мүлктүн максаттуу багыты:
____________________________________________________________________________
Сунушталган ижара мөөнөтү:
____________________________________________________________________________
Ижарага мамлекеттик мүлктү берүү зарылдыгынын негизи:
____________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
Тиркеме:
1) тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлүүчү, мамлекеттик мүлктүн ижара келишиминин долбоору (тооруктун жыйынтыгы менен аныкталуучу айлык ижара акынын өлчөмүнөн тышкары бардык шарттарды көрсөтүү менен);
2) баланс кармоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн берилүүчү мамлекеттик мүлктүн техникалык паспортунун же башка техникалык документтеринин көчүрмөсү (схема, план);
3) ижара акысынын баштапкы өлчөмүнүн эсеби;
4) электрондук соода аянтчасында тоорук өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн текстинин долбоору.
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна шарттары бар аукцион өткөрүү үчүн кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
1) көлөмдүк-пландоочу жана конструктивдүү чечимдерин өзгөртүү менен мамлекеттик кыймылсыз мүлктүн ижара объектисин реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайта пландаштыруу зарылдыгы келип чыкканда:
- тиешелүү жумуштарды аткарууга ижарачынын чыгымдарын эске алуу менен көрсөтүлгөн ижара объектилери үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо боюнча көз карандысыз баалоочунун корутундусу;
- тиешелүү жумуштарды аткаруу боюнча ижарачынын милдеттерин аныктап, талап кылынган жумуштардын мүнөздөмөсүн, конкреттүү көлөмүн, мөөнөтүн жана наркын көрсөтүү менен дефекттик акт жана смета;
2) иш режимине, коргоо режимине, ижара объектисине кирип-чыгуу режимине же ижарага алуучунун жумушунун/кызмат көрсөтүүсүнүн наркына өзгөчөлөнгөн шарттарды аныктоо зарылчылыгы келип чыкканда -ижарага берүүчүнүн тиешелүү милдеттенмелери;
3) соода объектилерин (соода ишканаларын), кинотеатрларды ижарага берген учурда:
- мүлктү жакшыртуу жана кармоо боюнча ижарага алуучунун андан аркы чыгымдарын эске алуу менен көрсөтүлгөн ижара объектиси үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо боюнча көз карандысыз баалоочунун корутундусу;
- көрсөтүлгөн ижара объектилеринин дирекциянын функциясын аткаруу үчүн юридикалык жак гана болуп саналган, ижарага алуучуга ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленүүчү талаптар;
- көрсөтүлгөн ижара объектилерин башкаруу жана тейлөө боюнча ижарага алуучунун милдеттенмелери.
Баланс кармоочунун аталышы, жетекчинин аты жөнү |
| (колу) |
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукционго/шарттары бар электрондук аукционго катышууга ӨТҮНМӨ
Өтүнмө берүүчү:
Жеке жактар үчүн
Мен, ____________________________________________________________________________________,
(аты-жөнү)
_________________________________________________________________________________________,
(ким экендигин ырастаган документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
төмөнкү дарек боюнча жашаган: ____________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
(шаар, айыл, көчө, үйдүн жана батирдин №)
_________________________________________________________________________________________
(жеке ишкерлер үчүн: ишкердик менен иштеген жеке жакты мамлекеттик каттоо
_________________________________________________________________________________________
(кайра каттоо) жөнүндөгү күбөлүктүн же патенттин реквизиттери)
Юридикалык жактар үчүн:
Мен, ____________________________________________________________________________________,
(аты-жөнү)
_________________________________________________________________________________________,
(ким экендигин ырастаган документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
___________________________________________________________________________________ атынан
_________________________________________________________________________________________,
(юридикалык жактын толук аталышы, жайгашкан орду жана банктык реквизиттери)
ишеним каттын негизинде __________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(ишеним каттын реквизиттери)
боло турган:
_________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик мүлктүн аталышы, лоттун номери, анын жайгашкан орду, мүнөздөмөсү)
ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукционго/шарттары бар электрондук
аукционго катышууга ниетимди билдирем.
Аталган мүлк төмөнкүлөргө пайдалануу үчүн сунушталат:
_________________________________________________________________________________________
(пайдалануу максаты)
Ушул ниетиме ылайык мен
_________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________ сом өлчөмүндө кепилдик төгүм төлөдүм.
Тооруктун жеңүүчүсү болгон учурда төмөнкүлөргө милдеттенем:
- электрондук тооруктун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюуга;
- тооруктун жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндөн кечикпеген мөөнөттө мамлекеттик мүлктүн ижара келишимине кол коюуга.
Тоорукта жеңилген учурда төмөнкү алыш-бериш (банктык) эсебине:
___________________________________________ мен төккөн кепилдик төгүмдү кайтарып берүүнү өтүнөм.
Аталган алыш-бериш (банктык) эсебине Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жободо каралган учурларда тоорукка катышуу үчүн мен төлөгөн төлөмдүн наркын дагы кайтарып берүүнү өтүнөм.
Мен тооруктун жеңүүчүсү болуп таанылган учурда жана кийин электрондук тооруктун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюудан баш тартканымда же ижара келишимин түзүүдөн баш тартканымда мен төккөн кепилдик төгүмдүн суммасы кайтарылбасына жана республикалык бюджетке которуларына макулмун.
Ушул өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
1. Жеке жактар үчүн: ким экендигин ырастаган документтин сканерленген көчүрмөсү.
Жеке ишкерлер үчүн:
- ишкердик менен иштеген жеке жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндөгү күбөлүгүнүн же патентинин сканерленген көчүрмөсү;
- ким экендигин ырастаган документинин сканерленген көчүрмөсү.
Юридикалык жактар үчүн:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;
- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укуктуу өкүлгө берилген ишеним каттын (түп нускасынын жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн) сканерленген көчүрмөсү;
- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документинин сканерленген көчүрмөсү.
2. Кепилдик төгүм жана тоорукка катышуу үчүн акы төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтеринин сканерленген көчүрмөсү.
Арыз берүүчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) колу:
______________________________________________________________
20___-ж. "___" ________________
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимин түзүү укугуна электрондук тоорукка катышууга өтүнмөлөрдү каттоо ЖУРНАЛЫ
_______________________________________________________ ижара объектисинин (лоттун) аталышы ____________________
Каттоо № | Өтүнмө берилген дата жана убакыт | Катышуучунун - юридикалык жактын аталышы | Катышуучунун - юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү/катышуучунун - жеке жактын аты-жөнү | Катышуучунун - жеке жактын же катышуучунун - юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ким экендигин ырастоочу документтеринин түрү, сериясы, номери, берилген күнү жана жери | Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн реквизити, каттоого алган органдын аталышы (юридикалык жак үчүн)/ишкердик иш менен алектенген жеке жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же патентинин реквизиттери (ишкерлер үчүн) | Кепилдик төгүмдү жана/же тооруктарга катышууга төлөмдөрдү кайтаруу үчүн банктык реквизиттер жана эсептин номуру | Кепилдик төгүмдү төлөөнү ырастоо |
20___-ж. "___" ________________
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Мамлекеттик кыймылсыз мүлктү ижарага берүүнүн типтүү келишими
|
| Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталды |
|
| 20__-жылдын "___" ____________ |
Мамлекеттик кыймылсыз мүлктү ижарага берүү жөнүндө № ___________ КЕЛИШИМ
_______________________________________________________________________________
(балансты кармоочу уюмдун аталышы)
_______________________________________________________________________________
(жетекчинин аты-жөнү, кызмат орду)
атынан мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, Жобонун/Уставдын
негизинде аракеттенүүчү ________________________________________________________
__________________________________________________________ жана экинчи тараптан
мындан ары "Ижарага алуучу" деп аталуучу
_______________________________________________________________________________
(жеке жактын аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, келишим түзүүгө
ыйгарым укук берилген өкүлдүн аты-жөнү, ишеним каттын реквизиттери)
ортосунда төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
1. Жалпы шарттар
1. Ижарага берүүчү _____________________________________________________________
(калк жашаган пункт, көчө, аянт, проспект, үй номуру)
дарегиндеги жалпы аянты ___________ кв.м, № __________ курулушта ________ кабатта
жайгашкан мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) _____________________________
_______________________________ максатында пайдалануу үчүн ижарага берет, ал эми
ижарачы ижарага алат.
2. Ижара мөөнөтү 20___-ж. "___" ________________ тартып 20___-ж. "___" ________________
чейин белгиленет.
3. Өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарган Ижарага берүүчү жана Ижарага алуучу Келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен, кийин ижара келишиминин реестринде каттоо менен колдонуудагы ижара келишимине тараптардын кошумча макулдашуусун түзүү жолу менен Ижара келишимин ошол эле мөөнөткө узарта алышат. Мөөнөттү узартуунун бул тартиби тооруктардын жыйынтыгы боюнча, ошондой эле ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимдерине карата колдонулат.
4. Ушул Келишимдин 3-пунктуна ылайык ижара келишимин пролонгациялоо жөнүндө кошумча макулдашуу төмөнкү шарттарда түзүлөт, эгерде Ижарага алуучу:
1) ижара акысын, туумду, коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлккө болгон салыкты (салык мыйзамдарында аныкталган учурларда аларды төлөө боюнча милдеттенмелери Ижарага алуучуга жүктөлгөндө) төлөө боюнча карыздары болбосо;
2) ижара мөөнөтүнүн ичинде форс-мажордук жагдайлардан улам ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурлардан тышкары ижара акысын төлөө боюнча бир нече жолу мөөнөтүн өткөрүп жибербесе;
3) шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарганда.
Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашуу түзүүдөн негиздүү баш тартуусу пролонгациялоо жөнүндө сунушту алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен Ижарага алуучуга жазуу жүзүндө жиберилиши керек.
5. Ижара мөөнөтүн пролонгациялоодо ижара акысы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - мурунку Ижара келишими менен белгиленген ижара акынын жүз жыйырма беш пайыз өлчөмүндө;
2) соода борборлорунда жайларды ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - мурунку Ижара келишиминде белгиленген ижара акынын эки жүз элүү пайыз өлчөмүндө;
3) тооруктардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - ошол эле өлчөмдө.
6. Тооруктардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимин пролонгациялоо жөнүндө кошумча макулдашуу чектелбеген санда түзүлүшү мүмкүн.
7. Ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашуу боюнча ижаранын мөөнөтү бүткөндө, эгерде мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдын ичинде Ижарага алуучу пролонгациялоо жөнүндө кезектеги сунушун Ижарага берүүчүгө жибербесе, мамлекеттик мүлк тоорукка коюлат.
Ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишиминин жана/же мындай Ижара келишимин пролонгациялоо жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү бүткөндө Ижарага берүүчү башка ижарага алуучу менен ижара акысын ушул Ижара келишиминин 5-пунктунун 1-пунктчасында каралгандан жогору белгиленген учурда түз берүү жолу менен Ижара келишимин түзүүгө укуктуу.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
8. Ижарага берүүчү төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Ижарага алуучудан ай сайын ижара акысын төлөөнү талап кылууга;
2) Ижарага алуучунун чарбалык ишинин натыйжасында мамлекеттик курулмалардын, имараттын (жайдын) жана экологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурууну Ижарага алуучудан талап кылууга;
3) колдонуудагы мыйзамдар өзгөртүлгөн учурда Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизгенге;
4) Ижарага алуучунун ушул Келишимдин шарттарын бузуу менен жүргүзүп жаткан иштерин токтотууга.
5) _________________________________________________________ электрондук шарттуу
(мезгилдүүлүгү)
аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык Ижарага алуучу өзүнө алган келишимдик милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жана текшерүү жүргүзүүгө.
9. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Келишимге кол коюлгандан кийин ушул Келишимдин шарттарына ылайык келген абалда мамлекеттик курулмаларды, имаратты (жайды) Ижарага алуучуга берүүгө;
2) эгерде мыйзамдарга жана ушул Келишимдин шарттарына каршы келбесе, Ижарага алуучунун чарбалык ишине кийлигишпөөгө, мамлекеттик курулмаларды, имаратты (жайды) пайдалануусуна тоскоол болбоого;
3) ушул Келишимди бузууда Ижарага алуучунун ижарадагы курулмаларды, имаратты (жайды) бошотуу боюнча зарыл болгон чараларды керүүгө.
10. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ижарага алынган мамлекеттик курулмаларда, имаратта (жайда) өз алдынча чарбалык ишти ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык гана жүргүзүүгө;
2) кабыл алуу-өткөрүүдөн кийин ижарага алынган мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) пайдаланууга киришүүгө.
11. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) ушул Келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга кабыл алууга;
2) ижарага алынган мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) ушул Келишимдин 1-пунктунда аталган түз багыты боюнча гана пайдаланууга;
3) ижарага алынган мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) жана жанаша аймакты Ижарага берүүчүгө кайра өткөрүп бергенге чейин талаптагыдай санитардык жана техникалык абалда кармоого;
4) ижара акысын ар бир айдын 5ине чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине төлөөгө, ошондой эле Ижарага берүүчүгө өзүнчө келишим боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, эксплуатациялык сарптоолорду; салыктык мыйзамдар менен аныкталган учурларда жер салыгын жана мүлккө салыкты төлөөгө;
5) башка ижарага алуучулардын укугун, ошондой эле мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) пайдалануу тартибин бузбоого;
6) Ижарага берүүчүнүн ижарага берген объектини белгиленген тартипте эркин пайдалануусун камсыздоого, анын көрсөтмөлөрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга; Ижара келишиминин шарттарынын аткарылышын, берилүүчү мамлекеттик мүлктүн техникалык абалын, мамлекеттик мүлктүн максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын текшерүү максатында ижарага берилген объектиге жылына бир жолудан көп эмес эркин кирип-чыгуу мүмкүндүгүн камсыздоого; Ижарага берүүчүнүн, ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча ижара объектисин пайдаланууга тийиштүү зарыл болгон бардык маалыматтарды берүүгө;
7) мамлекеттик мүлктүн техникалык жактан оң абалын, анын ичинде техникалык эксплуатациялоо эрежелерин, техникалык коопсуздукту, өрт коопсуздугун сактоо, ижараланган мүлккө тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын колдонуудагы эрежелерин жана эскертүүлөрүн аткаруу жолу менен камсыздоого жана аларды аткарбагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартууга;
8) ижараланган мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) сакталышын камсыздоо жана анын ичинде үчүнчү жактардын таасиринен жана форс-мажордук кырдаалдан келип чыгуучу чыгымдарды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө, анын артынан начарлоо, бузулууга алып келүүчү аракеттерди кылбоого, болбосо Ижарага берүүчүгө ижараланган мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын), анын ичинде өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында же ушул Келишимдин тараптарынын эркинен тышкары, форс-мажордук кырдаалды кошо алганда мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) жоготуу менен байланыштуу келтирилген чыгымдардын ордун толук көлөмдө толтурууга;
9) ижарага алуучу өз алдынча субижарага бере алган, соода объекттерин (соода ишканаларын), кинотеатрларды бирдиктүү башкаруу жана тейлөө максатында жүргүзүлгөн электрондук шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча Ижара келишими түзүлгөн учурлардан тышкары, субижарага бербөөгө, ижарага алынган мүлктү күрөөгө койбоого же башкача түрдө оорлотпоого;
10) электрондук шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык алган келишимдик милдеттенмелерди аткарууга;
11) Ижарага берүүчүнүн жана компетенттүү органдардын жазуу жүзүндө уруксатысыз ижарага алынган мамлекеттик курулмада, имаратта (жайда) эч кандай капиталдык (тирөөч конструкцияларына тиешелүү) өзгөртүп пландоолорду жана өзгөртүп кайра жабдууларды жасабоого;
12) уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, жайгашкан орду жана почталык дареги (юридикалык жактар үчүн), жашаган жери боюнча каттоосу (жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн), банктык реквизиттери өзгөргөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде аталган өзгөрүүлөр тууралуу Ижарага берүүчүгө кат жүзүндө билдирүүгө;
13) эгерде мамлекеттик жай көп батирлүү үйдүн имаратында турса, имараттын жана жанаша аймактарынын көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого байланышкан бардык чыгымдарына катышууга;
14) Ижара келишиминин мөөнөтү бүткөн күндөн тартып бир айдын ичинде мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) Ижарага берүүчүгө мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) иш жүзүндө кайтарганга чейин пайдаланган бардык убактысына ижара акысын төлөө менен Ижарага берүүчүнүн ээлигине жана пайдалануусуна оң абалында кайтарып берүүгө.
3. Келишим боюнча төлөмдөр жана эсеп-кысаптар
12. Мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) ижара акысынын өлчөмү айына 1 кв.м үчүн ____________ сомду түзөт. _________ кв.м аянттагы ижарага алынган мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) ижара акысы айына бардыгы _______________ сомду түзөт.
13. Ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимдери боюнча ижара акысы Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускамага өзгөртүү кирген учурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленген баалар жана тарифтер өзгөргөн шартта кайра каралат. Ижарага берүүчү Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускаманын өзгөргөндүгү тууралуу чечим күчүнө кирген күндөн тартып 20 күндөн кечиктирбестен ижара акысынын өзгөргөндүгү тууралуу Ижарага алуучуга жазуу жүзүндө билдирет.
14. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесине ылайык Ижарага берүүчү Ижарага алуучудан ____________ сом суммасында жер салыгын алат.
15. Ижара акысын өз убагында төлөбөсө, Ижарага алуучу кечиктирилген ар бир күн үчүн жалпы карыздын суммасынын 0,09 пайызы өлчөмүндө туумду төлөйт.
16. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдери реестрине Келишимдин маалыматтарын киргизген күндөн баштап беш жумуш күн өткөндөн кийин ижара акысын эсептөө жүргүзүлөт.
17. Тараптар берүү тартибине (МЖӨ) же электрондук шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык Ижарага алуучунун кабыл алуучу милдеттенмелерине жараша ижара акы эсептөөнүн башка тартибин белгилеши мүмкүн:
______________________________________________________________
______________________________________________________________.
4. Келишимди колдонуу мөөнөтү, колдонууну өзгөртүү жана токтотуу шарттары
18. Ушул Келишим ыйгарым укуктуу орган каттоодон өткөргөн учурдан тартып күчүнө кирет.
19. Ушул Келишимге киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кошумча макулдашууга кол коюу аркылуу тараптар тарабынан жазуу жүзүндө жүргүзүлөт. Кошумча макулдашуу ыйгарым укуктуу органдын каттоосунан өткөндөн кийин күчүнө кирет.
20. Ушул Келишим төмөнкү себептер боюнча күчүн жоготот:
1) тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Ижара келишими бузулса;
2) ушул Келишимдин 24-пунктуна ылайык тараптардын биринин талабы боюнча Келишим сот аркылуу мөөнөтүнөн эрте бузулган учурда;
3) Ижарага алуучу - юридикалык жак жоюлган учурда;
4) Ижарага алуучу - жеке адам каза болсо, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жоголду деп таанылган учурда;
5) ижарага берилген жайга, имаратка мамлекеттик органды жайгаштыруу зарылчылыгы болсо;
6) ушул Келишимдин 13-пунктуна ылайык ижара акы өзгөргөн учурда аны кайра эсептөөдөн Ижарага алуучу баш тартса.
21. Ижарага берүүчү Ижарага алуучунун келишимдик милдеттенмелерди аткаруусун же жол берилген бузууларды четтетүүсүн талап кылганга укуктуу, эгерде Ижарага алуучу:
1) Келишимдин шарттарын же мүлктүн максаттуу багытын бузуу менен ижара объектисин пайдаланганда;
2) электрондук шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай эмес деңгээлде аткарылса;
3) Ижарага алуучу тарабынан өз алдынча субижарага берилүүчү соода объекттерин (соода ишканаларын), кинотеатрларды бирдиктүү башкаруу жана тейлөө максатында жүргүзүлгөн электрондук шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча Ижара келишими түзүлгөн учурлардан тышкары мамлекеттик мүлктү субижарага берсе;
4) Келишимде белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин катары менен эки жолудан ашык ижара акысын төлөбөсө;
5) пайдалануу процессинде ижара объектисинин техникалык мүнөздөмөсү же функциялык өзгөчөлүктөрү начарласа же анын талкаланышына, бузулушуна, кемтик болуусуна, ондоого мүмкүн болбогондой абалга алып келгендей жабыркаса, аларды жок кылуу үчүн калыбына келтирүү-оңдоо иштерин жүргүзүүнү талап кылса;
6) Ижарага берүүчүнүн ишине тоскоол болсо же анын иши Ижарага берүүчү үчүн жагымсыз финансылык, өндүрүштүк жана техникалык кесепеттерге алып келсе.
22. Ижарага алуучу Ижарага берүүчүнүн келишимдик милдеттенмелерди аткаруусун же жол берилген бузууларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу, эгерде:
1) Ижарага берүүчү мамлекеттик мүлктү пайдаланууга бербесе же Келишимдин шарттарына жана мүлктүн багытына ылайык ижара объектисин пайдалануу үчүн тоскоолдук кылса;
2) ижарага берилген мамлекеттик мүлк Келишимди түзүү учурунда Ижарага берүүчү тарабынан сүйлөшүлбөгөн, Ижарага алуучуга мурдатан белгисиз болгон жана алар ижара объектисин кароо же Келишимди түзүү учурунда же анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалбаган кемчиликтер аларды пайдаланууга тоскоолдук жаратса;
3) Ижарага берүүчү жооп бербей турган жагдайлардан улам мамлекеттик мүлк пайдалануу үчүн жараксыз абалда болуп калса.
23. Ушул Келишимдин 21, 22-пункттарында каралган учурларда бир тарап башка тарапка келишимдик милдеттенмелерди аткаруу же ал жол берген бузууларды он беш күндүк мөөнөттө четтетүү зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү жиберет.
24. Башка тарап келишимдик милдеттенмелерди аткарбаган же ага жол берген бузууларды ушул Келишимдин 23-пунктунда каралган мөөнөттө четтетпеген учурда тарап Келишимди мөөнөтүнөн эрте бузуу жөнүндө талапты сотко билдириши мүмкүн.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
25. Күнөөлүү тарап Келишим боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыктан же талаптагыдай аткарбагандыктан улам башка тарапка келтирилген материалдык зыянды жана башка бардык чыгымдарды калыбына келтирүүгө милдеттүү.
26. Ушул Келишимдин токтотулушу Ижарага алуучуну ижара акысы жана туумдарды төлөө боюнча карыздарын жабуудан бошотпойт.
27. Ушул Келишимдин талаптарын жана шарттарын түз жана жашыруун түрдө бузуучу бүтүмдөр жараксыз деп эсептелет, ал эми аларды жасагандыгы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
28. Тартиптик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү жактарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.
29. Форс-мажордук кырдаалдардын келип чыгышы Келишим боюнча тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүн мындай кырдаал аракетте болгон убакытка шайкеш келген мезгилге узартууга алып келет.
6. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
30. Мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин түзүүгө жана мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин түзүү укугуна электрондук тоорук өткөрүүгө байланышкан талаштар Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык мыйзамдарына ылайык чечилет.
7. Башка шарттар
31. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдеринин реестринде ушул Ижара келишиминин маалыматтарын киргизген күндөн баштап беш жумуш күн өткөндөн кийин ижара объектисин Ижарага берүүчү берди жана Ижарага алуучу кабыл алды деп эсептелет.
Тарыхый жана маданий эстеликтер болуп саналган ижара объекттери тарых-маданият мурас чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу боюнча бардык милдеттенмелерди Ижарага алуучу өзүнө кабыл алуучу тиешелүү коргоо документин алгандан кийин өткөрүлүп берилет.
32. Тараптар электрондук шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык кабыл алынуучу Ижарага алуучунун милдеттенмесине же берүү тартибине жараша ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүүнүн башка тартибин белгилеши мүмкүн:
____________________________________________________________
____________________________________________________________.
33. Ижарага берүүчү ижара объектисин Ижарага алуучуга "ушу турушу менен" абалында берет.
Ижарага берилген мамлекеттик кыймылсыз мүлктүн капиталдык жана күнүмдүк оңдоолорун (баштапкы жана андан аркы) Ижарага алуучу жүргүзөт.
Тарых жана маданият эстеликтери болуп саналган кыймылсыз мүлк объектисине ар кандай оңдоо, реставрациялоо жана башка курулуш иштерин жүргүзгөнгө чейин Ижарага алуучу эстеликтерди коргоо жана тарыхый-маданий мурастарды пайдалануу боюнча мамлекеттик органдан тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин реставрациялоо, консервациялоо жана оңдоо боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат алууга милдеттүү.
Ижара объектисинин бардык бөлүнгөн жана бөлүнбөгөн жакшыртууларынын наркын ижарачынын милдеттери боюнча анын ичинде шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында Ижарага алуучу жүргүзгөн башка төлөмдөрдүн, ижара төлөмүнүн эсебинде, коммуналдык тейлөөнүн, эксплуатациялык жана мүлктү күтүү боюнча Ижарага алуучунун башка чыгымдарынын ордун толтурууга жатпайт. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин мамлекеттик мүлктүн аталган жакшыртуулары Ижарага берүүчүгө акысыз өтөт жана анын чарба жүргүзүүсүнө же ыкчам башкаруусуна берилет.
34. Келишим токтогон учурда Ижарага алуучу нормалдуу эскирүүнү эске алуу менен же электрондук шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык Ижарага алуучу кабыл алган милдеттенмелерге жараша ижара объектисин оң абалда Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
35. Ушул Келишимге анын ажырагыс жана зарыл бөлүгү болуп саналган жана тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюуга тийиш болгон тиркеме (ижара акысынын эсептелиши) тиркелет.
36. Ижарага берилген имараттын, курулманын (жайдын) сырткы бөлүгүнө жарнама жайгаштыруу Ижарага берүүчү менен белгиленген тартипте макулдашылууга тийиш.
37. Ушул Келишим жазуу формасында түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш.
Мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдеринин реестрине киргизилбеген ижара Келишими жараксыз болуп эсептелет.
38. Келишим токтогондо Ижарага берүүчү ыйгарым укуктуу органга тиешелүү маалымат берүү менен бир айлык мөөнөттө ижара объектисин өз ээлигине жана пайдалануусуна кайтаруу боюнча чараларды көрүшү керек.
39. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы ыйгарым укуктуу органда, экинчиси - Ижарага берүүчүдө калат, үчүнчүсү - Ижарага алуучуга берилет.
Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери:
______________________________________________________________________
Ижарага берүүчү |
| Ижарага алуучу |
________________________________ Колу |
| _________________________________ Колу |
М.О. |
| М.О. |
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 5-тиркемеси |
Мамлекеттик кыймылдуу мүлктү ижарага берүүнүн типтүү келишими
|
| Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда |
|
| 20__-жылдын "___"-______________ |
|
| катталган |
Мамлекеттик кыймылдуу мүлктү ижара берүүнүн № _________ КЕЛИШИМИ
____________________________________________________________________________
(балансты кармоочу уюмдун аталышы)
____________________________________________________________________________
(аты-жөнү, жетекчинин кызмат орду)
атынан мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу,
__________________________________________________________ Жобонун/Уставдын
негизинде аракеттенүүчү _____________________________________________________
жана экинчи тараптан, мындан ары "Ижарага алуучу" деп аталуучу
____________________________________________________________________________
(жеке жактын аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, келишим түзүүгө ыйгарым
укук берилген өкүлдүн аты-жөнү, ишеним каттын реквизиттери)
ортосунда төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишим түзүлдү:
1. Жалпы шарттар
1. Ижарага берүүчү
____________________________________________________________________________
(объекттин аталышы, модели, маркасы, сериясы, чыгарылган жылы,
ижарага берилген мүлктү бир маанилеш идентификациялоого мүмкүндүк
берүүчү башка техникалык параметрлери)
мамлекеттик мүлктү _________________________________________________________
____________________________________________________________________________
максатында пайдалануу үчүн ижарага берет, ал эми Ижарага алуучу ижарага алат.
2. Ижара мөөнөтү 20__-ж. "___"- ______________ тартып 20___-ж. "___" _____________
чейин белгиленет.
3. Өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарган Ижарага алуучу жана Ижарага берүүчү Ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен кийин аны ижара келишимдеринин реестринде каттоо менен колдонуудагы Ижара келишимине тараптар кошумча макулдашууну түзүү жолу менен Ижара келишимин ошол эле мөөнөткө узарта алышат. Мындай мөөнөтүн узартуу тартиби тооруктардын жыйынтыктары боюнча түзүлгөн, ошондой эле ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимдерине колдонулат.
4. Ушул Келишимдин 3-пунктуна ылайык Ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу төмөнкү шарттарда түзүлөт, эгерде Ижарага алуучу:
1) ижара акысын, туумду, коммуналдык төлөмдөрдү жана эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлккө салыкты (салык мыйзамдарында аныкталган учурларда аларды төлөө боюнча милдеттенмелер Ижарага алуучуга жүктөлгөндө) төлөө боюнча карыздары жок болгондо;
2) ижара мөөнөтүнүн ичинде, форс-мажордук жагдайлардан улам ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурлардан тышкары, ижара акы төлөмүн бир нече жолу өткөрүп жибербесе;
3) электрондук аукциондун же шарты бар электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишиминде каралган милдеттерин аткарганда.
Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашуу түзүүдөн жүйөлүү баш тартуусу, узартуу жөнүндө сунушту алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен Ижарага алуучуга жазуу жүзүндө жиберилиши керек.
5. Ижара мөөнөтүн узартууда ижара акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - мурунку Ижара келишиминде белгиленген ижара төлөмүнүн өлчөмүнөн жүз жыйырма беш пайыз өлчөмүндө;
2) тооруктардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - ошол эле өлчөмдө.
6. Тооруктардын жыйынтыктары боюнча түзүлгөн Ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу чектелбеген санда бир нече жолу түзүлүшү мүмкүн.
7. Ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашуу боюнча ижара мөөнөтү өткөндө, эгерде мөөнөтү өткөнгө чейин бир айдын ичинде Ижарага алуучу узартуу жөнүндө кезектеги сунушун Ижарага берүүчүгө жибербесе, мамлекеттик мүлк тоорукка коюлат.
Ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишиминин жана/же мындай ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда, Ижарага берүүчү башка ижарага алуучу менен ижара акысы ушул Ижара келишиминин 5-пунктунун 1-пунктчасында каралгандан бир кыйла жогору белгиленген учурда түздөн-түз берүү жолу менен ижара келишимин түзүүгө укуктуу.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
8. Ижарага берүүчү төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Ижарага алуучудан ай сайын ижара акысын төлөөнү талап кылууга;
2) ижара объектисинин абалынын начарлашы менен келтирилген зыяндын ордун толтурууну Ижара алуучудан талап кылууга;
3) колдонуудагы мыйзамдар өзгөрүлгөн учурда Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча Келишимге зарыл өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
4) Ижарага алуучу ушул Келишимдин шарттарын бузуу менен жүргүзүп жаткан жумуштарын токтотууга.
9. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Келишимге кол коюлгандан кийин ушул Келишимдин шарттарына ылайык абалда мамлекеттик мүлктү Ижарага алуучуга берүүгө;
2) эгерде мыйзамдарга жана ушул Келишимдин шарттарына каршы келбесе, Ижарага алуучунун чарбалык ишине кийлигишпөөгө, мамлекеттик мүлктү пайдаланышына тоскоолдук кылбоого;
3) ушул Келишимди бузууда Ижарага алуучудан мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө.
10. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ижара объектисин ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда жана шарттарга ылайык гана пайдалануу менен өз алдынча чарбалык ишти жүргүзүүгө;
2) кабыл алып-өткөрүп алгандан кийин ижара объектисин пайдаланууга киришүүгө.
11. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик мүлктү ушул Келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга кабыл алууга;
2) алынган мүлктү ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда түздөн-түз багыты боюнча гана пайдаланууга;
3) ижарага алынган мүлктү Ижарага берүүчүгө кайра өткөрүп бергенге чейин талаптагыдай санитардык жана техникалык абалда күтүүгө;
4) ижара акысын ар бир айдын 5ине чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине төлөөгө, ошондой эле тиешелүү эксплуатациялык сарптоолорду төлөөгө;
5) салык мыйзамдарында аныкталган учурларда мүлккө салыкты төлөөгө;
6) Ижарага берүүчүнүн ижарага берген объектисине белгиленген тартипте кароо жүргүзүүсүн камсыздоого; анын көрсөтмөлөрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга; Ижара келишиминин шарттарынын аткарылышын, ижарага берилген мамлекеттик мүлктүн техникалык абалын, мамлекеттик мүлктү максаттуу багыты боюнча пайдаланууну текшерүү максатында берилген ижара объектисине ыйгарым укуктуу органдын жылына бир жолудан кем эмес эркин жетүүсүн камсыздоого; Ижарага берүүчүнүн, ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча ижара объектисин пайдаланууга тийиштүү болгон зарыл бардык маалыматтарды берүүгө;
7) мамлекеттик мүлктүн оң техникалык абалын, анын ичинде техникалык эксплуатациялоо эрежелеринин, коопсуздук техникасын, өрт коопсуздугун сактоо, мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын ижараланган мүлккө тиешелүү колдонуудагы эрежелеринин жана жазма буйруктарынын аткарылышын камсыздоого жана аларды аткарбагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартууга;
8) мамлекеттик мүлк, анын ичинде Ижарага алуучунун чарбалык иштеринин натыйжасында бузулган учурда болгон бузулуу жөнүндө акт түзүү үчүн бул тууралуу жазуу жүзүндө Ижарага берүүчүгө токтоосуз кабарлоого, ошондой эле мүлктү оңдоону жүргүзүүчү тиешелүү уюмдарда ижарага алынган мүлктү өз алдынча оңдоо жүргүзүп, жазуу жүзүндө түзүлгөн кепилдик берүү корутундусунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Ижарага берүүчүгө берүүгө.
9) ижарага алынган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо жана мүмкүн болуучу зыянды, анын ичинде үчүнчү жактардын аракеттеринен жана форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан зыянды четтетүү, анын начарлашына, бузулушуна алып келүүчү аракеттерди кылбоо боюнча чараларды көрүүгө, андай болбогон учурда Ижарага берүүчүгө ижарага алынган мүлктүн, анын ичинде өзүнүн чарбалык ишин жүргүзүүнүн натыйжасында же ижарага алынган мамлекеттик мүлк ушул Келишимдин тараптарынын эркинен тышкары, форс-мажордук жагдайларды кошо алганда, жоготууга байланыштуу келтирилген чыгымдардын ордун толук көлөмдө толтурууга;
10) ижара объектисин субижарага бербөөгө, күрөөгө койбоого же башкача түрдө оордотпоого;
11) Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндө уруксатысыз ижарага алынган мамлекеттик мүлккө карата эч кандай капиталдык өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө;
12) уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, жайгашкан орду жана почта дареги (юридикалык жактар үчүн), жашаган жери боюнча каттоосу (жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн), банктык реквизиттер өзгөргөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде аталган өзгөрүүлөр тууралуу Ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө;
13) ушул Келишимдин тараптарынын эркинен тышкары ижарага алынган мүлк уурдалган же башкача жол менен жоголгон учурда Ижарага алуучу мүлктүн наркынын ордун толтуруу боюнча Ижарага берүүчүнүн алдында толук жоопкерчиликти тартат. Уурдоо фактысынын болушу жана кылмыштарды каттоо боюнча тиешелүү органдарда Ижарага берүүчүнүн арызын каттоо мамлекеттик мүлктүн наркынын ордун толтуруу боюнча Ижарага берүүчүнүн алдында жоопкерчиликтен Ижарага алуучуну бошотпойт;
14) Келишимдин мөөнөтү бүткөндө мамлекеттик мүлктү Ижарага берүүчүгө оң абалында кайтарууга.
3. Келишим боюнча төлөмдөр жана эсеп-кысаптар
12. Мамлекеттик мүлктүн ижара акысынын өлчөмү айына ______________ сомду түзөт.
13. Ижара акысы, Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартибине өзгөрүү кирген учурда, кабыл алынган ченемдик актыларга ылайык белгиленген баалар жана тарифтер өзгөргөн шартта кайра каралат. Ижарага берүүчү мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби өзгөргөндүгү тууралуу чечим күчүнө кирген күндөн 20 күндөн кечиктирбестен ижара акысынын өзгөргөндүгү тууралуу Ижарага алуучуга жазуу жүзүндө билдирет.
14. Ижара акысын өз убагында төлөбөсө Ижарага алуучу кечиктирилген ар бир күн үчүн жалпы карыздын суммасынын 0,09 пайызы өлчөмүндө туум айыптарды төлөйт.
15. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдер реестрине Ижара келишиминин маалыматтарын киргизген күндөн баштап беш жумуш күн өткөндөн кийин ижара акысын эсептөөнү жүргүзөт.
16. Тараптар (МЖӨ) берүү тартибине жараша ижара акы эсептөөнүн башка тартибин белгилеши мүмкүн:
_________________________________________________________________
_________________________________________________________________.
4. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана токтотуу шарттары
17. Ушул Келишим ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
18. Ушул Келишимге киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптар тарабынан кошумча макулдашууга кол коюу аркылуу жазуу жүзүндө жүргүзүлөт. Кошумча макулдашуу ыйгарым укуктуу органдын каттоосунан өткөндөн кийин күчүнө кирет.
19. Ушул Келишим төмөнкү учурларда күчүн жоготот:
1) тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Ижара келишими бузулганда;
2) ушул Келишимдин 23-пунктуна ылайык тараптардын биринин талабы боюнча сот Ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузганда;
3) Ижарага алуучу - юридикалык жак жоюлганда;
4) Ижарага алуучу болуп саналган адам өлгөндө, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жоголду деп таанылганда.
5) ушул Келишимдин 13-пунктуна ылайык ижара акысы өзгөргөн аны кайра эсептөөдөн Ижарага алуучу баш тартканда.
20. Ижарага берүүчү Ижарага алуучудан келишимдик милдеттенмелерин аткарууну же жол берилген бузууларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу, эгерде Ижарага алуучу:
1) Келишимдин шарттарын же мүлктүн максаттуу багытын бузуу менен ижара объектисин пайдаланганда;
2) шарты бар электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык кабыл алынган милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай эмес деңгээлде аткарса;
3) мамлекеттик мүлктү субижарага берсе;
4) Келишимде белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин эки жолудан ашык катары менен ижара акысын төлөбөсө;
5) пайдалануу процессинде ижараланган объекттин техникалык мүнөздөмөсү же функциялык өзгөчөлүктөрү начарласа, же анын талкаланышына алып келгендей жабыркаса, бузулса, бүлүнсө, аларды четтетүү үчүн калыбына келтирүү-оңдоо иштерин жүргүзүү талап кылынса;
6) Ижарага берүүчүнүн демейки ишине тоскоол келтирсе же анын иши Ижарага берүүчү үчүн терс финансылык, өндүрүштүк жана техникалык кесепеттерге алып келсе.
21. Ижарага алуучу Ижарага берүүчүдөн келишимдик милдеттенмелерди аткарууну же жол берилген бузууларды четтетүүнү төмөнкү учурларда талап кылууга укуктуу:
1) Ижарага берүүчү мамлекеттик мүлктү пайдаланууга бербесе же Келишимдин шарттарына жана мүлктүн багытына ылайык ижара объектисин пайдалануу үчүн тоскоолдук жаратса;
2) ижарага берилген мамлекеттик мүлк Келишимди түзүү учурунда Ижарага берүүчү тарабынан сүйлөшүлбөгөн, Ижарага алуучуга мурдатан белгисиз болгон жана алар ижаралык объектини кароо же келишимди түзүү учурунда же анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалбаган кемчиликтер аларды пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;
3) Ижарага берүүчү жооп бербей турган жагдайлардан улам мамлекеттик мүлк пайдалануу үчүн жараксыз абалда болуп калса.
22. Ушул Келишимдин 20, 21-пункттары менен каралган учурларда тарап келишимдик милдеттенмелерди аткаруу же ал жол берген бузууларды он беш күндүк мөөнөттө четтетүү зарылчылыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүнү башка тарапка жөнөтөт.
23. Экинчи тарап келишимдик милдеттенмелерди же ал жол берген бузууларды ушул Келишимдин 22-пунктунда каралган мөөнөттө аткарбаган жана четтетпеген учурда тарап Ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө талап менен сотко арызданышы мүмкүн.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
24. Күнөөлүү тарап Келишим боюнча милдеттерин аткарбагандыктан же талаптагыдай эмес аткаргандыктан башка тарапка келтирилген материалдык зыяндын жана башка бардык чыгымдардын ордун төлөп берүүгө милдеттүү.
25. Ушул Келишимдин токтотулушу Ижарага алуучуну ижара акы боюнча карыздарды жана туум төлөмдөрүн тындыруу зарылчылыгынан бошотпойт.
26. Ушул Келишимдин талаптарын жана шарттарын тикелей жана жашыруун түрдө бузган бүтүмдөр жараксыз деп эсептелет, ал эми аларды жасагандыгы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик же жазык жоопкерчилигине тартылат.
27. Тартиптик же жазык жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү жактарды келтирилген зыяндын ордун төлөп берүү милдетинен бошотпойт.
28. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгуусу, мындай жагдайлар болгон убакытка өлчөмдөш мезгилге Келишим боюнча тиешелүү милдеттерди аткаруу мөөнөтүн узартууга алып келет.
6. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
29. Мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин түзүү менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарына ылайык чечилет.
7. Башка шарттар
30. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдеринин реестринде ушул Ижара келишиминин маалыматтарын киргизген күндөн баштап беш жумуш күн өткөндөн кийин ижара объектисин Ижарага берүүчү берди жана Ижарага алуучу кабыл алды деп эсептелет.
31. Ижара объектиси Ижарага берүүчү тарабынан Ижарага алуучуга "ушу турушу менен" деген абалда өткөрүлүп берилет.
Ижарага өткөрүлүп берилген мамлекеттик кыймылдуу мүлктү капиталдык жана учурдагы оңдоолор (баштапкы жана кийинки) Ижарага алуучу тарабынан жүргүзүлөт.
Ижара объектисинин бардык бөлүнгөн жана бөлүнбөгөн жакшыртууларынын наркы, Ижарага алуучунун милдеттери боюнча башка төлөмдөрү, анын ичинде шарты бар электрондук аукциондун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык милдеттерин аткаруу алкагында Ижарага алуучу тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр ижара акысынын, Ижарага алуучунун мүлктү күтүү боюнча эксплуатациялык жана башка сарптоолорунун эсебинен орду толтурулууга жатпайт. Ижара келишиминин колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин мамлекеттик мүлктүн көрсөтүлгөн жакшыртуулары акысыз Ижарага берүүчүгө өтөт жана анын чарба жүргүзүүсүнө же ыкчам башкаруусуна берилет.
32. Келишим токтотулганда Ижарага алуучу демейки эскирүүнү эске алуу менен же шарты бар электрондук аукциондун натыйжалары боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык кабыл алынган Ижарага алуучунун милдеттенмелерине ылайык ижара объектисин оң абалда Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
33. Ушул Келишимге анын ажырагыс жана зарыл бөлүгү болуп саналган жана тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюуга тийиш болгон тиркеме (ижара акысынын эсеби) тиркелет.
34. Ушул Келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш.
Мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдеринин реестрине киргизилбеген Ижара келишими жараксыз болуп саналат.
35. Келишимдин колдонулушу токтогондо Ижарага берүүчү бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга тиешелүү маалымат берүү менен ижара объектисин өзүнүн ээлигине жана колдонуусуна кайтаруу боюнча чараларды көрүшү керек.
36. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы ыйгарым укуктуу органда, экинчиси - Ижарага берүүчүдө калат, үчүнчүсү - Ижарага алуучуга берилет.
Тараптардын юридикалык даректери жана банктын реквизиттери:
______________________________________________________________________
Ижарага берүүчү |
| Ижарага алуучу |
________________________________ (колу) |
| _________________________________ (колу) |
М.О. |
| М.О. |
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 6-тиркемеси |
Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жөнүндө МААЛЫМАТТАР
__________________________________________________________________________ (мамлекеттик мүлктүн аталышы)
__________________________________________________________________________ (баланс кармоочу уюмдун аталышы)
20___-жылдын ______________ айы
№ | Ижарага алуучунун аталышы | Келишимдин номери, датасы | Бир айга ижара акы (сом) | Келишим боюнча ижара акынын жылдык планы (сом) | Республикалык бюджетке которулуучу бир айлык ижара акынын 30% | Отчеттук мезгилдин башталышына калдык (карыз) (сом) | Которулду (сом) | Айдын аягына калдык (карыз) (сом) | |
Төлөм тапшырмасынын датасы жана номери | Айдын жыйынтыгы (сом) | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы | Бардыгы | Бардыгы | Бардыгы |
Датасы
Жетекчи ___________________________________________________________
(аты-жөнү)
Башкы бухгалтер ____________________________________________________
(аты-жөнү)
М.О.
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 7-тиркемеси |
Мамлекеттик кыймылдуу мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын ЭСЕБИ
Мамлекеттик кыймылдуу мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын айлык өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Ижара акысы = Сос х N% х Кэ /12,
мында:
Сос - негизги каражаттардын наркы;
N% - белгиленген пайыз;
Кэ - мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануунун коэффициенти, мүлккө салык төлөөдө көрүнүүчү Ижара берүүчүнүн чыгымдары жана ижара объектисине капиталдык оңдоо жүргүзүүчү атайын каражаттар.
Эсептөөдө пайдалануучу коэффициенттердин ставкасынын жана чоңдуктарынын өлчөмү:
а) Сос - кыймылдуу мүлктүн алгачкы баланстык наркы боюнча кабыл алынат;
б) N% - алгачкы баланстык наркына жараша:
40% - Сос 20000 сомго чейин болсо;
30% - Сос 20000 сомдон 100000 сомго чейин болсо;
20% - Сос 100000 сомдон 500000 сомго чейин болсо;
15% - Сос 500000 сом жана андан жогору болсо;
в) Кэ - 1,8.