Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 7-февралы № 53
Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууну (СПС) ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууну (СПС) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташууга арналган изотермикалык транспорт каражаттарына, тоңдургуч - транспорт каражаттарына, рефрижератор - транспорт каражаттарына же жылуулук берилүүчү транспорт каражаттарына күбөлүктөрдү берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Төрага |
А.У. Жапаров | |||
| |||||
| |||||
|
|
| |||
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 53 токтомуна)
Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташууга арналган изотермикалык транспорт каражаттарына, тоңдургуч - транспорт каражаттарына, рефрижератор - транспорт каражаттарына же жылуулук берилүүчү транспорт каражаттарына күбөлүктөрдү берүү ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташууга арналган изотермикалык транспорт каражаттарынын, тоңдургуч - транспорт каражаттарынын, рефрижератор - транспорт каражаттарынын же жылуулук берилүүчү транспорт каражаттарынын (мындан ары - атайын транспорт каражаттары) Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашуунун (СПС) ченемдерине шайкеш келүүсү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жол-жоболорун аныктайт (мындан ары - СПС).
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги СПСти ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган).
3. Атайын транспорт каражаттарынын СПСтин ченемдерине шайкеш келүүсү жөнүндө күбөлүктү (мындан ары - СПСтин күбөлүгү) алуу үчүн СПСте каралган транспорт каражаттарына аккредитацияланган сыноо станциялары (лабораториялары) (мындан ары - сыноо станциялары (лабораториялары) жүргүзүүчү сыноолорду өткөрүү зарыл. СПСтин сыноо станцияларынын (лабораторияларынын) тизмеси аккредитациялоо боюнча улуттук органдын жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жарыяланат.
4. Сыноо станциялары (лабораториялары) аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан аккредитациялоо боюнча тиешелүү эл аралык стандарттардын талаптарынын негизинде техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык аккредитацияланат.
5. Сыноо станциялары (лабораториялары) жалпыга маалымдоо каражаттарына, Интернет тармагына иш режими, транспорт каражаттарына сыноо жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну камсыз кылат.
6. Ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган сыноо станциялары жөнүндө маалыматты СПСтин сүйлөшүүчү тараптарынын компетенттүү органдарына белгиленген тартипте жиберет.
7. СПСтин күбөлүгүн же анын дубликатын алуу үчүн юридикалык жана жеке жактар (мындан ары - арыз ээлери) ыйгарым укуктуу органга ушул Тартиптин 8-пунктунда каралган документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген формадагы арызды (мындан ары - арыз) жиберет.
8. СПСтин күбөлүгүн алуу жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- ID паспорттун көчүрмөсү - жеке жактар үчүн;
- транспорт каражатын сыноо протоколунун (протоколдорунун) көчүрмөсү же сериялык өндүрүлгөн транспорт каражаттары болгон учурда - СПСтин талаптарына ылайык транспорт каражатынын үлгүсү катары кызмат кылуучу, сыноо станциясы (лабораториясы) тарабынан берилген транспорт каражатын сыноо протоколунун көчүрмөсү;
- эгерде арыз ээси транспорт каражатынын менчик ээси болуп саналбаса, транспорт каражатынын менчик ээсинен СПСтин күбөлүгүн алуу укугуна ишеним кат;
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- транспорт каражатын пайдалануу үчүн негизди ырастоочу ишеним каттын көчүрмөсү (эгерде арыз ээси транспорт каражатынын менчик ээси болуп саналбаса).
Аталган документтерди "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болсо, маалымат менен алмашуу жана аталган документтерди талап кылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Тиркелген документтер көктөлүп, номерленип жана арыз ээсинин (юридикалык тараптын) ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кол тамгасы жана арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Документтердин көчүрмөлөрүн жеке жак берген учурда документтер нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт же ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлөт.
9. Арыз келип түшкөн күнү ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин талаптарына ылайык тиркелген документтер менен арызды каттайт.
10. Ыйгарым укуктуу орган арыз катталган күндөн тартып 3 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө документтерди текшерет жана жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- СПСтин күбөлүгүн берүү жөнүндө - эгерде арыз ээси СПСтин жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык келсе;
- СПСтин күбөлүгүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө - берилген документтер талаптагыдай эмес таризделгенде, берилген документтерде камтылган маалыматтар так эмес болгондо, ушул Тартипте каралган документтердин толук эмес топтому берилгенде, СПСтин талаптарына шайкеш келбегенде.
11. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын чечими менен макул болбогон учурда административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык арызданууга укуктуу.
12. СПСтин күбөлүгү сыноо протоколунда көрсөтүлгөн, бирок алты жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет.
СПСтин күбөлүгүн тариздөө типографиялык ыкма менен басылган бланктарда СПСтин 1-тиркемесине (3-толуктоо) ылайык кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.
13. Ыйгарым укуктуу орган берилген СПСтин күбөлүктөрүнүн тизмесин (мындан ары - Тизме) жүргүзүүнү жана жарыялоону ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзөт.
Тизмеге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- СПСтин күбөлүгүнүн номери;
- транспорт каражатынын тиби;
- транспорт каражатынын идентификациялык номери;
- транспорт каражатынын таанылуучу тамгалай белгилениши;
- сыноолордун протоколунун (протоколдорунун) номери (номерлери);
- СПСтин күбөлүгүнүн жарактуу мөөнөтүнүн аяктоо датасы;
- СПСтин күбөлүгүнүн дубликатын берүү жөнүндө маалымат;
- СПСтин күбөлүгүн алган юридикалык жактын кыскартылган аталышы, же жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо).
14. Алынган СПСтин күбөлүгү арыз ээси үчүн СПСтин 1-тиркемесине (4-толуктоо) ылайык атайын транспорт каражатына таанылуучу тамгалай белгилөөнү жана жазууларды түшүрүүгө негиз болуп саналат.