Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы № 81
Уруксатсыз курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча каттоонун жана каттоо эсебинен чыгаруунун эрежелери жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Уруксатсыз курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын өздөрүнүн укуктарын жана эркиндигин жүзөгө ашыруусу үчүн, ошондой эле аталган категориядагы жарандардын сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү тоскоолдуксуз жана өз убагында алуусу үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Уруксатсыз курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча каттоонун жана каттоо эсебинен чыгаруунун эрежелери жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уруксатсыз курулуштун жайгашкан жеринин дареги боюнча каттоо эсеби мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде жашаган жери боюнча каттоо эсебине байланышкан мамлекеттик маанидеги документтерди алуу үчүн негиз болуп саналары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин уруксатсыз курулуштарда туруктуу негизде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча каттоого жана каттоо эсебинен чыгарууга байланышкан маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга киришсин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-мартындагы № 22 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |