Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 81 токтомуна) |
Уруксатсыз курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча каттоонун жана каттоо эсебинен чыгаруунун эрежелери жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Ушул Уруксатсыз курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча каттоонун жана каттоо эсебинен чыгаруунун эрежелери жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) уруксатсыз курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын өздөрүнүн укуктарын жана эркиндигин жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уруксатсыз курулуштарда жашаган жарандарга жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды тоскоолдуксуз жана өз убагында көрсөтүү боюнча жашаган жери боюнча каттоо эсеби менен байланышкан сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды тоскоолдуксуз жана өз убагында көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу жана туруктуу өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыкты.
2. Ушул Жобонун колдонулушу уруксатсыз курулуштарда жашаган жана уруксатсыз курулуштун жайгашкан жери боюнча катталуу ниетин билдирген Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын жакын туугандарына (ата-энесине, балдарына, асырап алуучуларына, асырап алынгандарга, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандарына, чоң атасына, чоң энесине, таятасына, таянесине, неберелерине) жайылтылат.
3. Кыргыз Республикасынын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдигинин аймагындагы уруксатсыз курулган курулуштарда туруктуу жашаган жарандар жана алардын жакын туугандары уруксатсыз курулушка техникалык паспортту көрсөткөн учурда уруксатсыз курулуш жайгашкан жер боюнча катталууга тийиш.
4. Уруксатсыз курулуштарда туруктуу жашаган жарандардын каттоо эсебин жүргүзүү үчүн зарыл болгон ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин тизмеги:
- 2004 жана 2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - 16 жашка толо элек жарандар үчүн, ошондой эле 18 жашка толо элек жана 2017-жылдагы үлгүдөгү паспортту өз убагында албаган жарандар үчүн;
- аскердик билет - чакыруу же контракт боюнча аскердик кызматты өтөгөн жарандар үчүн;
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат - эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган жарандар үчүн.
5. Уруксатсыз курулуштарда туруктуу жашаган жарандарды каттоо үчүн зарыл болгон арыздардын жана башка документтердин формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
6. Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттин жарандыгы бар адамдар алар келген жери боюнча чет өлкөлүк жарандар катары каттоо эсебинен чыгарылууга тийиш жана автоматташтырылган маалыматтык системада Кыргыз Республикасынын жараны катары катталат.
7. Каттоо эсебинин жерин өзгөрткөн (же уруксатсыз курулуштарда жашаган) жарандар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмүнө белгиленген форма боюнча арыз менен кайрылууга милдеттүү. Мында төмөнкүлөр берилет:
- ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- уруксатсыз курулушка техникалык паспорт;
- каттоо эсебинен алдын ала чыгарылган учурда белгиленген формадагы даректеп чыгуу баракчасы;
- аскерге милдеттүүлөр жана чакыруу курагындагы адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү аскердик эсепке алуу документтери;
- туугандык байланышын ырастаган документтердин бири (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү тууралуу күбөлүк).
8. Уруксатсыз курулуштарда жашаган жарандар жаңы каттоо эсебинин жери боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын жараксыз паспорттору, анын ичинде 1994-жылдагы үлгүдөгү паспорттору менен кайрылган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмү арыз ээсинин ким экендиги аныкталгандан кийин мындай адамдарды каттайт.
1974-жылдагы үлгүдөгү паспорт көрсөтүлгөндө арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы аныкталгандан кийин каттоо жүргүзүлөт.
9. Уруксатсыз курулуштарда туруктуу жашаган жана жашаган жери боюнча катталган жарандардын каалоосу боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан (тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда) уруксатсыз курулуштарда жашаган жери боюнча каттоо эсеби жөнүндө маалымкат берилет.
10. Уруксатсыз курулушта туруктуу жашаган жаранды жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу төмөнкүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген каттоодон чыгаруунун жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт:
- жашаган жерин өзгөрткөндө - жарандын арызынын негизинде;
- аскердик кызматка чакырылганда - аскер комиссариатынын билдирүүсүнүн негизинде;
- эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде ээлеп турган турак жайдан чыгарууда же турак жайды пайдалануу укугун жоготту деп таанууда;
- каттоого алуу үчүн негиз болгон чындыкка дал келбеген маалыматтар же документтер же каттоо жөнүндө маселени чечүүдө кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин фактылары аныкталганда - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде.
11. 16 жашка толо элек балдар ата-энесинин биринин, камкорчусунун, көзөмөлчүсүнүн же мыйзамдуу өкүл тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын арызы боюнча ушул Жободо белгиленген тартипте катталат жана каттоо эсебинен чыгарылат.
12. Уруксатсыз курулуштарда жашаган жарандарды жашаган жери боюнча каттоо эсебине алуу уруксатсыз курулуштарды мыйзамдаштыруу үчүн негиз болуп саналбайт.