Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы № 85
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө";
2) преамбуланын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам эмгекти коргоо жаатындагы социалдык-экономикалык, уюштуруу, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык чараларга; адамдын жана жаныбарлардын жалпы инфекциялык ооруларынын жайылышын алдын алуу жана профилактикалоо боюнча чараларга; медициналык жардам көрсөтүү, адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн карантиндик жана өзгөчө кооптуу зыянкеч организмдердин пайда болуусу, жайылуусу менен байланышкан мамилелерге; ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көрсөтүүлөргө; дары каражаттарына, медициналык буюмдарга, ветеринардык препараттарга (продукцияга, анын ичинде пестициддерге, агрохимикаттарга, тамак-аш азыктарына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларынан тышкары); жер кыртышын, атмосфералык абаны, курорттордун суу объекттерин, туризм жана жалпы эс алуу жайларына таандык болгон суу объекттерин коргоо боюнча чараларга; мамлекеттик билим берүү стандарттарына, бухгалтердик эсеп жөнүндө жоболорго (стандарттарга) жана аудитордук иштин эрежелерине (стандарттарына), баалуу кагаздардын эмиссиясынын стандарттарына жана баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин стандарттарына, баалоо ишинин стандарттарына карата колдонулбайт.";
3) 1-статьяда:
а) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) - жеке ишкер катары катталган юридикалык жана жеке жактар тарабынан продукцияга техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылуучу ыйгарым укуктуу органдардын иши;";
б) он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайкештикти тастыктоо - продукциялардын жана долбоорлоо (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу, жана утилдештирүү процесстеринин техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелер жыйындысына же келишимдердин шарттарына шайкештигин документтик күбөлөндүрүүнү тастыктаган жол-жоболор;";
в) отуз биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"техникалык регламент - продукцияга жана/же аларга байланыштуу долбоорлоо (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерине карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптарды, ошондой эле белгиленген милдеттүү талаптарга алардын шайкештигин баалоо формаларын жана жол-жоболорун белгилөөчү документ;";
г) отуз төртүнчү абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" сөздөр менен алмаштырылсын;
д) отуз бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"билдирүүчү - шайкештикти тастыктоо үчүн шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган же шайкештик сертификатын алуу үчүн кайрылган өндүрүүчү же сатуучу же болбосо өндүрүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген жак болуп саналган жеке ишкер катары катталган юридикалык же жак;";
е) отуз сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"техникалык жөнгө салуунун объекти - продукция же продукция жана продукцияга карата талаптар менен байланышкан долбоорлоо (анын ичинде изилдөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстери;";
ж) кырк төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ыйгарым укук берүү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча белгилүү бир ишти аткаруу укугун шайкештикти баалоо боюнча органга берүү;";
з) статья төмөнкүдөй мазмундагы элүү төртүнчү - элүү жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"стандартташтыруу боюнча документ - стандартташтыруу чөйрөсүндө иштердин ар кандай түрлөрүнө же анын жыйынтыктарына таандык ченемдерди, эрежелерди, мүнөздөмөлөрдү, принциптерди белгилөөчү документ;
өндүрүүчү - өзүнүн атынан өндүрүүнү же продукцияны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган жана алардын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги үчүн жоопкерчилик тарткан жеке ишкерлер катары катталган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүүчү;
өндүрүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген жак - продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгарууда жана шайкештигин баалоодо чет өлкөлүк өндүрүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол өндүрүүчүнүн атынан иш жүргүзгөн, ошондой эле продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тарткан жеке ишкерлер катары катталган юридикалык же жеке жак;
сертификаттоо боюнча эксперт (эксперт-аудитор) - белгилүү бир жааттагы продукциянын шайкештигин тастыктоо үчүн билимдерге жана көндүмдөргө (компетенттүүлүккө) ээ жана продукцияны сертификаттоо боюнча органда продукциянын шайкештигин тастыктоо боюнча иш жүргүзгөн жеке жак.":
4) 2-статьяда:
а) он биринчи абзацта "атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бир уюмда аккредитациялоо, шайкештикти тастыктоо жана мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча функцияларды айкалыштырууга жол берилбестиги;";
5) 3-статьяда түрдүү жөндөмөдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья.
Техникалык жөнгө салуу жаатындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу максатында техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- иштерди координациялоо жана техникалык жөнгө салуу тутумунун катышуучуларынын ишин методологиялык камсыздоо;
- аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын негизинде техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу программасына түзүү боюнча иштерди координациялоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө берүү;
- техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды кабыл алуу жана кайра кароо боюнча иштерди координациялоо жана уюштуруу;
- эксперттик комиссияларда техникалык регламенттердин долбоорлорун талдоо боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылуу;
- техникалык жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык координациялоо;
- техникалык жөнгө салуу боюнча интеграцияланган маалыматтык тутумун жана веб-сайттын иштөөсүн камсыз кылуу;
- техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү.
Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча функцияларды аткарууга укуксуз.
Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган Дүйнөлүк соода уюмунун соодадагы техникалык барьерлер боюнча макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат.";
7) 6-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Эл аралык, мамлекеттер аралык жана региондук стандарттарды, анын ичинде улуттук стандарттарды колдонуу, аталган стандарттардын белгилениши продукцияны маркалоодо, эксплуатациялык же башка документтерде колдонулган учурда өндүрүүчү үчүн милдеттүү болуп саналат.";
9) 8-статьянын 8-пунктунун биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 9-статьяда түрдүү жөндөмөдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 11-статьяда түрдүү жөндөмөдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 13-статьяда:
а) 1-пунктунда түрдүү жөндөмөдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн техникалык регламент ушул Мыйзамдын 5-статьясынын талаптарына жана максаттарына жооп берсе, анда бул техникалык регламенттин колдонууга киргизилиши менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте ушул Мыйзамдын 9-статьясынын жоболорун сактоо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна тиешелүү мыйзам долбоору киргизилет. Ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык иштелип чыккан техникалык регламент колдонууга киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен колдонууга киргизилген техникалык регламент күчүн жоготот.";
13) 16-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл аралык, региондук стандарттар жана башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары, региондук эрежелер топтому жана чет мамлекеттердин эрежелер топтому, региондук классификаторлор (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору Кыргыз Республикасында стандартташтыруу боюнча улуттук орган белгилеген методикага ылайык стандартташтыруу боюнча улуттук документтер катары кабыл алышат.";
14) 17-статьянын 1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 18-статьяда:
а) экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) алтынчы бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Техникалык регламенттердин айрым талаптарына карата колдонулуучу эрежелердин региондук топтому жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынат.";
16) 19-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уюмдардын стандарттарынын жана техникалык шарттардын долбоору бекитүүнүн алдында экспертиза жүргүзүү үчүн стандартташтыруу боюнча улуттук органга же профилдик ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга ыктыярдуу тартипте берилиши мүмкүн.";
17) 21-статьянын 1-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайкештикти тастыктоо боюнча ишти мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча иш менен айкалыштырууга жол берилбестиги.";
18) 23-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо арыз ээси менен сертификациялоо боюнча органдын ортосундагы келишимдин шарттарында арыз ээсинин демилгеси боюнча ишке ашырылат. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо келишимдин шарттарына жана стандарттарына шайкештигин аныктоо үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоонун объектиси катары шайкештиги милдеттүү тастыкталууга тийиш продукциянын тизмегине кирбеген, техникалык регламенттердин күчү жайылтылбаган продукция гана боло алат.";
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ыктыярдуу сертификаттоо тутуму юридикалык жак тарабынан түзүлөт. Ыктыярдуу сертификаттоо тутумун түзгөн юридикалык жак сертификаттоого тийиш болгон объекттердин тизмегин жана шайкештигине ыктыярдуу сертификаттоо жүргүзүлө турган алардын мүнөздөмөлөрүн, ыктыярдуу сертификаттоо тутумунда каралган иштерди аткаруу эрежесин жана аларга төлөп берүү тартибин, берилген сертификаттардын реестрин жүргүзүүнү белгилейт, ушул ыктыярдуу сертификаттоо тутумунун катышуучуларын аныктайт. Сертификаттоо тутумунда шайкештик белгисин колдонуу каралышы мүмкүн.";
19) 25-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 26-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү тастыктоо формасы катары
1. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо формасы катары сертификаттоо боюнча органга билдирүүчүнүн кайрылышына жараша жүзөгө ашырылат. Конкреттүү продукцияларды сертификаттоо үчүн колдонулуучу сертификаттоонун схемасы тиешелүү техникалык регламент тарабынан аныкталат.
Продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги билдирүүчүгө сертификаттоо боюнча орган тарабынан берилген шайкештик сертификаты менен тастыкталат.
Сертификаттоо боюнча органдын штатында Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана сертификаттоо боюнча бир органда эмгек келишиминин негизинде шайкештикти баалоо боюнча ишти жүзөгө ашырган, аккредитация чөйрөсүнө ылайык иштин ар бир багыты боюнча шайкештикти тастыктоо чөйрөсүндө сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперттер-аудиторлор) болушу.
Сертификаттоо боюнча эксперттерге (эксперттерге-аудиторлорго) карата талаптар, алардын компетенттүүлүгүн тастыктоо, сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперттердин-аудиторлордун) реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтү техникалык регламент менен аныкталат.
3. Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодо сертификаттын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
21) 27-статьяда:
а) төмөнкүдөй редакциядагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1, Сертификаттоо боюнча орган менчик укугунда же түзүлгөн расмий келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде продукциянын сыналышын камсыз кылуучу аккредитацияланган лабораторияларды колдонууга тийиш.";
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Техникалык регламенттерди сертификаттоо боюнча орган:
техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык сертификаттоо жол-жобосун жүргүзөт, сертификаттоо схемасына ылайык сертификаттоо объекттерин контролдойт, эгерде мындай контролдоо тиешелүү сертификаттоо схемасында каралса;
аларга берилген шайкештик сертификатынын колдонулушун токтото турат же жокко чыгарат;
сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө арыз ээсин кабарлоону камсыз кылат;
берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт.";
в) 5-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 28-статьянын 1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23) 29-статьяда:
а) 1-пункттагы "ушул Мыйзамдын 30-статьясына ылайык таанылган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажылык тариздөөнүн максаттары үчүн ушул статьянын 1-пункту колдонула турган продукциянын конкреттүү түрлөрүнүн тизмеси, тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коддорун, анын ичинде керектүү түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдарды жана тастыктоочу документтердин аталышын көрсөтүү менен техникалык регламенттердин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарууда ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайкештик жөнүндө документтерди берүү талап кылынган продукциянын тизмесин түзөт жана зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу жарыялап турат.",
в) 4-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
24) 30-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
25) 31-статьяда "атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 33-статьяда:
а) 1-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бир уюмда аккредитациялоо, шайкештикти тастыктоо жана мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча функцияларды айкалыштырууга жол берилбестиктин.";
б) 2-пункттагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) 34-статьяда "атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
28) 35-статьянын 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
29) 36-статьяда "атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
30) 37-статьяда:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37-статья. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укуктары жана милдеттери";
б) "атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 4-пункттун жетинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
31) 38-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-статья. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
1. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары техникалык регламенттердин жоболорун сактоону контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, укукка жат аракеттерди (аракетсиздикти) жасаганда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Мыйзамдардын бузулушуна күнөөлүү болгон кызмат адамдарына карата көрүлгөн чаралар жөнүндө мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бир айлык мөөнөттүн ичинде укугу жана мыйзамдуу кызыкчылыгы бузулган адамга билдирүүгө милдеттүү.";
32) 39-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Долбоорлоо (анын ичинде изилдөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерин жүргүзүүдө техникалык регламенттердин талаптарын бузууга жол бербөө жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйругун аткарбаган учурда өндүрүүчү (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
33) 42-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
34) 43-статьянын алтынчы абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
35) 44-статьяда:
а) түрдүү жөндөмөдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-пункттун 3-пунктчасында "атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36) 45-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|