Редакцияот 26.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 26-февралы № 97

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жугуштуу оорулардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө

КМШ өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин 2021-жылдын 28-майындагы чечими менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жугуштуу оорулардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин орто мөөнөттүү планын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жугуштуу оорулардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин орто мөөнөттүү планы (мындан ары - Орто мөөнөттүү план) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору:

- Орто мөөнөттүү планды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;

- кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Орто мөөнөттүү пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Орто мөөнөттүү планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.

4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин Орто мөөнөттүү пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине Орто мөөнөттүү планды ишке ашыруу жөнүндө кабарласын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 7-мартындагы N 24 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

Тиркеме

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жугуштуу оорулардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ

Иш-чаранын аталышы

Жооптуу орган

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат

1

2

3

4

I. Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө жугуштуу оорулардын жайылышына жана өзгөчө кырдаалдын келип чыгышына каршы күрөшүү жаатында мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо

1

КМШнын Саламаттык сактоо жаатында кызматташуу боюнча кеңешинин жыйналыштарында санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө жугуштуу оорулардын жайылышына жана өзгөчө кырдаалдын келип чыгышына каршы аракеттенүү боюнча маселелерди кароо

ССМ, ӨКМ

Дайыма

 

2

КМШга катышуучу мамлекеттердин аймактарын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын киришинен жана жайылышынан санитардык коргоо проблемалары боюнча координациялык кеңештин жыйналыштарында санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалга чара көрүү боюнча мамлекеттер аралык кызматташтыктын маселелерин кароо

ССМ, ӨКМ

Дайыма

 

II. Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө жугуштуу ооруларга жана өзгөчө кырдаалга биргелешип чара көрүү жаатында мамлекеттер аралык мыйзамдык жана ченемдик-методикалык базаны түзүү

3

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана чара көрүү боюнча кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун долбоорун жеткире иштеп чыгуу, макулдашуу жана кабыл алуу

ССМ, ӨКМ

2022-ж.

 

4

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарын санитардык коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жеткире иштеп чыгуу, макулдашуу жана кабыл алуу

ССМ

2022-ж.

 

5

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерди маалыматтык, илимий-методикалык камсыздоо жана санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, ыкчам кабарлоо жана биргелешип чара көрүү чөйрөсүндө адистерди даярдоо боюнча базалык уюм жөнүндө жобонун долбоорун жеткире иштеп чыгуу, макулдашуу жана кабыл алуу

ССМ

2022-ж.

 

III. Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө жугуштуу оорулардын келип чыгышы жана өзгөчө кырдаалдын пайда болушу маселелери боюнча маалыматтык алмашууну жүзөгө ашыруу

6

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин арасында санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдар (өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу) жөнүндө маалымат алмашуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык регион үчүн актуалдуу болгон жугуштуу оорулардын эпидемиялык көрүнүштөрү маселелери боюнча маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу

ССМ, ӨКМ

Дайыма

 

7

Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында мыйзамдык жана ченемдик-укуктук база боюнча маалымат алмашууну ишке ашыруу

ССМ

Дайыма

 

8

ГМС технологияларынын негизинде КМШга катышуучу мамлекеттерде жугуштуу оорулар боюнча жалпы маалыматтар базасын түзүү

ССМ, АЧМ, СӨМ

2022-2023-жж.

 

9

Кара тумоо, туляремия, крым геморрагиялык калтырама (КГК) жана башка табигый-очоктук жугуштуу оорулардын жаратылыштагы очокторунда эпизоотиялык кырдаал боюнча ар жылдык болжолду иштеп чыгуу

ССМ

Жыл сайын

 

IV. Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө жугуштуу ооруларга оперативдүү мониторинг жүргүзүү жана өзгөчө кырдаалга чара көрүнүн бирдиктүү системасын түзүү

10

Маалыматтык, илимий-методикалык камсыздоо жана санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, ыкчам кабарлоо жана биргелешип чара көрүү чөйрөсүндө адистерди даярдоо боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюмун түзүү

ССМ, ӨКМ

2022-ж.

 

11

Базалык уюмдун алкагында санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана ыкчам чара көрүү системасын түзүү

ССМ, ӨКМ

2022-2023-жж.

 

12

КМШга катышуучу мамлекеттердин ортосунда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге (ЭМСЭ) (2005-ж.) ылайык эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү маселелери боюнча зарыл болгон консультацияларды уюштуруу

ССМ

Зарыл болсо

 

13

ЭМСЭ (2005-ж.) ылайык санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин улуттук потенциалын чыңдоо

ССМ

Дайыма

 

14

Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал зонасында биргелешип иштөө үчүн КМШга катышуучу мамлекеттердин эпидемияга каршы адистештирилген түзүлүштөрүнүн мүчөлөрүнүн, адистеринин реестрин түзүү тартибин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо

ССМ, ӨКМ

2022-ж.

 

15

Жугуштуу оорулардын эпидемиологиясы, лабораториялык диагностикасы жана профилактикасынын маселелери боюнча адистерди окутуу, даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү

ССМ, БИМ

Жыл сайын

 

16

Жугуштуу ооруга шектенүү жана оорулуу (оорулуулар) табылган учурда, кирүү пункттарында аймакты санитардык жактан коргоо боюнча иш-чараларды уюштурууну талап кылган, темир жол вокзалдарынын, аэровокзалдардын медициналык пункттарынын кызматкерлерин, кемедеги медициналык кызматкерлерди жана санитардык-контролдоо пункттарынын (СКП) адистерин, контролдоо-көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлерин тартуу менен мамлекеттер аралык машыгууларды өткөрүү

ӨКМ, УКМК ЧК, ФМ, ССМ

Жыл сайын

 

17

КМШга катышуучу мамлекеттердин эпидемияга каршы адистештирилген бөлүнүштөрүнүн биргелешкен аракеттерин иштеп чыгуу менен санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды табуу жана чара көрүү боюнча, анын ичинде мобилдүү лабораторияларды пайдалануу менен мамлекеттер аралык машыгууларды өткөрүү

ССМ, ӨКМ

Жылына 1 жолу

 

18

Дарылоочу, иммунобиологиялык дары каражаттарынын, профилактикалык, диагностикалык, дезинфекциялык каражаттардын, жеке коргонуу каражаттарынын, анын ичинде жугуштуу оорунун очогун жоюу боюнча иш-чараларга катышкан бардык уюмдардын материалдарын алуу үчүн коргоочу костюмдардын жана иреттеп салгычтардын резервин түзүү

ССМ

Дайыма

 

V. Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө жугуштуу оорулардын жайылышына жана өзгөчө кырдаалдын келип чыгышына каршы күрөшүү жаатында илимий кызматташтыкты өнүктүрүү

19

КМШга катышуучу мамлекеттер үчүн эң актуалдуу болгон жугуштуу оорулар боюнча иммунобиологиялык дары каражаттарын жана диагностикалык препараттарды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү

ССМ

2022-2023-жж.

 

20

Жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө коркунучтуу, зооноздук жана табигый-очоктук инфекциялардын эпидемиологиясы жана профилактикасы маселелери боюнча биргелешкен илимий-изилдөө иштерин аткаруунун алкагында биргелешкен монографияларды, илимий басылмаларды чыгаруу

ССМ

2022-2023-жж.

 

21

Кара тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын табигый очокторунун абалы жөнүндө маалыматтарды актуалдаштырууга багытталган биргелешкен экспедициялык иштерди жүргүзүү

ССМ, АЧМ

Жыл сайын

 

22

Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдарга биргелешкен чара көрүүнүн алгоритмдерин, стандарттуу операциялык жол-жоболорду, технологияларды иштеп чыгууга багытталган биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү

ССМ, ӨКМ

2022-2023-жж.

 

23

Мамлекеттер аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү

ССМ

2022-2023-жж.