Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна) |
Салык органдары тарабынан камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 125-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана салык төлөөчүнүн салыктык отчетун, анын ичинде салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту салыктык контролдоонун маанилүү формаларынын бири катары камералык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча салык органдарынын ишин уюштуруунун бирдиктүү принциптерин, ошондой эле салык төлөөчүнүн иши жөнүндө башка маалыматты белгилейт.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126-беренесине ылайык кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөчүнүн КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө арызы боюнча салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү камералык текшерүүлөргө жайылтылбайт.
2. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн максаты:
1) салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарылышына контролду жана көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу;
2) салык төлөөчүнүн салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин азайтууга багытталган экономиканын көмүскө секторунда ишин аныктоо жана бөгөт коюу;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 117-беренесинде каралган мыйзамдуу негиздер болгон учурда, тийиштүү көчмө текшерүү жүргүзүү жөнүндө маселени кароо үчүн салык төлөөчүнүн иши тууралуу маалыматтарды чогултуу жана изилдөө.
3. Камералык текшерүү салык төлөөчүнүн катышуусуз түздөн-түз ушул салык органы жайгашкан жер боюнча аймактык салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу салык органы (Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы) камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуксуз.
Ыйгарым укуктуу салык органы салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиктери жөнүндө, ошондой эле салыктык отчеттуулукту толтурууда салык төлөөчү тарабынан кетирилген башка каталарды күбөлөндүрүүчү маалыматтарды алган учурда ыйгарым укуктуу салык органы бул маалыматтарды салык органына камералык же көчмө текшерүү жүргүзүү үчүн жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө салык органы салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген салыктык жана башка отчетторду, ошондой эле салыктык, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин туура эмес жана/же толук эмес эсептелиши тууралуу салык органында болгон салык төлөөчүнүн иши жөнүндө башка маалыматтарды жана/же салыктык отчетторду жана салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду толтурууда, анын ичинде автоматташтырылган система аркылуу салык төлөөчүнүн ишинин салыштырмалуу көрсөткүчтөрүн салыштыруу түрүндө салык төлөөчү тарабынан кетирилген башка каталарды изилдеп чыгат.
5. Камералык текшерүүнү жүргүзүүдө салык органынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинде аныкталган салык салуунун мыйзамдуулугу, милдеттүүлүгү, адилеттүүлүгү, ак ниеттүүлүк презумпциясы жана укук ченемдүүлүк принциптерин жетекчиликке алууга милдеттүү.
Камералык текшерүү учурдагы көчмө пландуу же пландан тышкаркы текшерүүлөр камтыган салык мезгили үчүн, ошондой эле көчмө текшерүүлөр процессинде мурда текшерилген салык мезгили үчүн жүргүзүлбөйт.
2. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби
6. Камералык текшерүү салык органынын жетекчисинин же жетекчинин орун басарынын кандайдыр-бир атайын чечимисиз салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт. Салык төлөөчүгө камералык текшерүүнү баштоо жөнүндө маалымат берилбейт.
7. Камералык текшерүү мурда көчмө пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө камтылбаган тиешелүү отчеттук мезгилдер үчүн салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген төмөнкүдөй отчетко карата жүргүзүлөт:
- салыктардын бардык түрлөрү боюнча;
- калктуу конуштардын аймагынан таштанды чыгаруу үчүн жыйымдар бөлүгүндөгү салыктык эмес кирешелер жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча;
- пенсиялык фондго, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна жана мамлекеттик топтомо пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Камералык текшерүү жүргүзүүдө салык органы салык төлөөчүнүн иши жөнүндө өзүндө болгон маалыматты пайдаланат.
Мындай маалыматтардын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчет, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан салык органына өз алдынча жиберилген же андан тийиштүү салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө байланыштуу салык мыйзамдарында каралган ченемдерге ылайык талап кылынган маалыматтар;
2) мамлекеттик каттоодо жана салыктык эсепке алууда салык төлөөчүнүн салык органына берген документтери;
3) салык органы тарабынан алынган маалыматтар:
- мамлекеттик органдардан, анын ичинде салык салуу объекттерин, салык салуу объекттерине менчик укугунун өтүүсү менен байланышкан бүтүмдөрдү, салык төлөөчү тарабынан ишке ашырылуучу операцияларга түздөн-түз байланышкан айрым документтерди каттоону жүргүзгөн мамлекеттик органдардан;
- салык төлөөчүнүн тышкы экономикалык ишмердиги жөнүндө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин субъекттери менен байланышкан;
- салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө, анын ичинде суроо-талапка жоопту, экспертизанын же утурлама текшерүүнүн, рейддик салык контролунун, салык постун белгилөөнүн, контролдук сатып алуунун, текшерүүнүн, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун жыйынтыктарын алууда;
- башка мамлекеттердин салык органдарынан;
4) маалыматтары салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелеринин, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмү боюнча милдеттенмелеринин аткарылышына байланышкан башка булактар.
Мында бул документтердин бардыгы камералык текшерүү объектилери эмес, салык төлөөчү тарабынан түзүлгөн салыктык отчетто, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетто көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү үчүн маалымат булактары болуп саналат.
9. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн алкагында салыктык жана башка отчетторду иликтөөнүн жүрүшүндө салык органы салык төлөөчүдөн салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн тууралыгын жана толуктугун ырастаган кошумча маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укугу жок, буга төмөнкү учурлар кирбейт, эгерде салык төлөөчү:
- салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө жеңилдиктерди жана/же бошотууларды пайдаланса;
- салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча такталган отчетту тапшырса;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талабына ылайык тапшырылган салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндөгү карама-каршылыктарды аныктоо жөнүндө салык органынын билдирүүсүнө макул эместиги боюнча жүйөлөрүн келтирсе.
10. Салык органы салык төлөөчүдөн салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө менен байланышпаган маалыматтарды отчетко киргизүүнү талап кылууга укуксуз.
11. Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчү тарабынан салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча берилген отчеттордун, ошондой эле башка маалыматтардын негизинде төмөнкүлөрдү текшерет:
1) салыкты эсептөө тартибин колдонуунун, салык салуу объектисин жана салык базасын аныктоонун, салыктын тиешелүү коэффициенттерин жана ставкаларын колдонуунун тууралыгын;
2) салык отчетунун формасында каралган саптардын жана графалардын көрсөткүчтөрүнө жараша салык отчетторунда көрсөтүлгөн маалыматтарды арифметикалык эсептөөнүн тууралыгын;
3) салык органында болгон маалыматтарга жараша экономикалык ишке байланышкан зыянды жана башка салыктык кемитүүлөрдү билдирген которуунун негиздүүлүгүн;
4) салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү ашыкча төлөөнүн негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун;
5) салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү жеңилдиктерди колдонуусунун тууралыгын;
6) салык төлөөчүнүн салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылуучу сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасын эсепке алуу укугун пайдалануусунун тууралыгын жана негиздүүлүгүн;
7) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктарды (КНС, акциз) эсептөөнүн тууралыгын, анын ичинде ыйгарым укуктуу салык органынын тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар КНС салык базасы колдонулган товарлар боюнча;
8) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгын;
9) салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана өз убагында төлөөнүн тууралыгын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Салык базасын эсептөөнүн тууралыгын текшерүү этабында төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
1) салык базасын эсептөө үчүн зарыл болгон айрым отчеттук жана эсептик көрсөткүчтөрдүн ортосундагы логикалык байланышты текшерүү;
2) отчеттук көрсөткүчтөрдүн мурдагы отчеттук мезгилдин ушундай эле көрсөткүчтөрү менен салыштырмалуулугун текшерүү;
3) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттордун көрсөткүчтөрүнүн салыштырмалуулугун текшерүү;
4) салык органында болгон салыктык отчеттун маалыматтарын башка булактардан алынган салык төлөөчүнүн финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарга шайкештигин баалоо.
13. Салык төлөөчү такталган салыктык жана башка отчетторду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 321-беренесине ылайык берилүүчү отчетторду тапшырганда, салык органы салыктык контролдоонун алкагында салыктык текшерүүнүн төмөнкүдөй түрлөрүнүн бирин ишке ашырат:
1) мурда көчмө текшерүүгө камтылбаган (пландуу же пландан тышкаркы текшерүүлөр), отчеттук мезгилде киргизилген өзгөртүүлөрдүн мыйзамдуулугун изилдөө максатында, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды талаптагыдай эмес сапатта жана/же комплекттелбеген себеби боюнча кайтаруу жүзөгө ашырылган учурда камералык текшерүүнү;
2) көчмө кайра текшерүү жүргүзүүнү, эгерде ушул мезгил мурда көчмө (пландуу, пландан тышкары же кайра текшерүү) текшерүүгө камтылса, мурда текшерилген салык төлөөчүдө салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн туура эмес эсептөө фактылары бар экенин күбөлөндүргөн документтер менен ырасталган маалыматтар болсо.
14. Салык төлөөчү тарабынан такталган отчетторду тапшыруунун натыйжасында белгиленген каталар же дал келбөөчүлүктөр болгон учурдасалык органы такталган отчетту берүүнүн себептерине жараша салык төлөөчүдөн кошумча маалыматтарды жана/же салык төлөөчү күбөлөндүргөн тийиштүү документтердин көчүрмөлөрүн андан ары иликтөө үчүн сурайт.
15. Камералык текшерүү жүргүзүүдө салык органы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ченемдерге ылайык салык контролунун алкактарында башка иш-чараларды жүзөгө ашырат, анын ичинде көчмө утурлама текшерүүлөрдү жүргүзөт, суроо-талаптарды жиберет, экспертиза дайындайт, рейддик салык контролун жүргүзөт жана товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алат.
16. Салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиктери, ошондой эле салыктык жана башка отчеттуулукту толтурууда кетирилген башка каталар аныкталган учурда салык органы камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча түзүлгөн маалымкатты жана көрсөткүчтөрдүн дал келбестиктери жана/же каталар аныкталгандыгы жөнүндө билдирүүнү тариздейт жана аларды четтетүү үчүн салык төлөөчүгө тапшырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Эгерде камералык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык төлөөчүнүн ишинде дал келбестиктер аныкталбаса, анда камералык текшерүү тууралуу маалымкат түзүлбөйт жана салык төлөөчү ушундай текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө кабарланбайт. Мында мурда жүргүзүлгөн камералык текшерүү камтыган салыктык мезгил үчүн текшерилбеген салыктык, салыктык эмес кирешени жана камсыздандыруу төгүмдөрүн туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө тиешелүү маалымат алынган учурда салык органы ушул салыктык мезгилге экинчи жолу камералык текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү.
18. Мурда көчмө текшерүү (утурлама текшерүүдөн башка) менен камтылган мезгил үчүн салык төлөөчүнүн салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин аныктоо бөлүгүндө ишинин көрсөткүчтөрүнүн каталары же дал келбестик аныкталган учурда, салык төлөөчүгө көрсөткүчтөрдө дал келбестиктер аныкталгандыгы жөнүндө салык органынын маалымкаты жана билдирүүсү жиберилбейт.
Мында аныкталган дал келбестиктерди же каталарды кароонун натыйжасында салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте салык төлөөчүгө көчмө кайра текшерүү дайындоо жөнүндө чечим чыгарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Камералык текшерүүнүн жыйынтыгын тариздөө
19. Камералык текшерүүнүн жүрүшүндө салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиктери, ошондой эле салыктык отчеттуулукту толтурууда салык төлөөчү тарабынан кетирилген башка каталар аныкталган учурда аталган текшерүүнү жүргүзгөн салык органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча камералык текшерүүнүн маалымкаты түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Камералык текшерүү маалымкатында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) камералык текшерүү маалымкатын түзүү датасы;
2) камералык текшерүүнү жүргүзүү орду;
3) текшерилип жаткан чарбалык субъекттин толук жана кыскартылган аталышы же жеке ишкердин же жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (аты-жөнү);
4) жеке адамдын уюмунун жайгашкан жеринин же жашаган жеринин дареги жана идентификациялык салык номери (ИСН);
5) текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын аты-жөнү, салык органынын аталышын көрсөтүү менен анын ээлеген кызмат орду;
6) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчет жана камералык текшерүүдө камтылган салык мезгилин чагылдырган башка документтер;
7) текшерилип жаткан юридикалык же жеке жактын ишине тийиштүү башка булактардан салык органы тарабынан алынган документтердин тизмеси;
8) текшерилүүчү салык мезгили, анын ичинде салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиктери, ошондой эле салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттуулукту толтурууда салык төлөөчү тарабынан кетирилген башка каталар аныкталган мезгил;
9) камералык текшерүү жүргүзүлгөн салыктын, ошондой эле салыктык эмес кирешелердин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн аталышы;
10) камералык текшерүүнү баштоо жана аяктоо датасы;
11) салык төлөөчүдө салыктык милдеттенмени эсептөөнүн тууралыгы боюнча ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестигинин болушу жана/же камералык текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон каталар бар экендиги жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер, отчеттор жана маалымат булактары жөнүндө маалыматтар;
12) камералык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын документ түрүндө тастыкталган бузуу фактылары;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү ченемдерине шилтеме жасоо менен, камералык текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерди эсептөөгө байланыштуу аныкталган дал келбөөчүлүктүн жана/же башка каталардын мүнөзүн толук, негиздүү баяндоо;
14) салыктык милдеттенмелерди, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерди эсептөөдө аныкталган дал келбестиктерди жоюу боюнча, анын ичинде салык төлөөчү тарабынан салык отчетун түзүүдө кетирилген каталар боюнча камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжаларынын жана текшерүүчүнүн сунуштарынын тыянактары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Камералык текшерүүнүн маалымкатында салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн аныкталган дал келбестиктери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан салыктык жана башка отчеттуулукту толтурууда кетирилген башка каталар чагылдырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Камералык текшерүүнүн маалымкаты эки нускада түзүлөт жана ага текшерүү жүргүзгөн адам кол коёт.
4. Салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндөгү дал келбестиктерди аныктоо жана камералык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу жөнүндө билдирүү
23. Камералык текшерүү боюнча маалымкаттын негизинде салык органы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форма боюнча салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндөгү карама-каршылыктарды аныктоо жөнүндө билдирүүнү түзөт жана камералык текшерүү боюнча маалымкат менен бир эле учурда (тиешелүү тиркемелери болсо) салык төлөөчүгө бул маалымкат түзүлгөн күндөн кийинки 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен аларды четтетүү талабы менен кошо тапшырат.
Иштин көрсөткүчтөрүндө дал келбөөчүлүктөр аныкталгандыгы жөнүндө билдирүүнү алган салык төлөөчү, аны алганы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.
24. Камералык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча туура келбөөчүлүктөр табылгандыгы жөнүндө билдирүүнү жана маалымкатты алгандан кийин, салык төлөөчү билдирүүнү алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде салыктык жана башка отчетторго тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, же камералык текшерүүнүн маалымкатында баяндалган салык органынын жүйөлөрү, ошондой эле текшерүүчүнүн тыянактары жана сунуштары менен макул болбогон учурда жазуу жүзүндөгү каршы пикирин (жүйөөлөрүн, түшүндүрүүлөрүн) жана/же өзүнүн каршы пикиринин негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди берүүгө милдеттүү.
25. Салык төлөөчү кабарлоого каршы пикири менен кошо кошумча документтерди, анын ичинде салыктык жана башка отчеттуулукта чагылдырылган маалыматтардын аныктыгын тастыктоочу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү же эсепке алуу документтеринин көчүрмөлөрүн берүүгө укуктуу, алар салык органы тарабынан камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча чечим кабыл алууда каршы пикир менен бирге каралат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Салык төлөөчү алган билдирмеге ылайык камералык текшерүүнүн натыйжаларына жүйөлүү каршы арыз берген учурда, салык органы каршы пикирди алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен салык төлөөчү тарабынан өзүнүн коргоосуна берилген жүйөлөрүн эске алуу менен камералык текшерүүнүн материалдарын кароого милдеттүү.
Салык органы салыктын, салыктык эмес кирешелердин жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын эсептөөнүн тууралыгын далилдөөчү иш көрсөткүчтөрүндө дал келбестик табылгандыгы жөнүндө билдирүүгө салык төлөөчүнүн каршы пикирин (жүйөлөрүн, түшүндүрүүлөрүн) алгандан кийин салык төлөөчүдөн тиешелүү эсептик документтерди (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде аныкталган түшүнүктө) жана/же салыктык жана башка отчетторго киргизилген маалыматтарга тиешеси жок, камералык текшерүү маалымкатына ылайык иштин көрсөткүчтөрүнүн ылайык эместиги белгиленген башка документтерди кошумча талап кылууга укуксуз.
27. Камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык төлөөчү тарабынан берилген түшүндүрмөлөрдү жана кошумча документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча (эгер берилген болсо) салык органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде салык төлөөчү тарабынан берилген жүйөлөр менен салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин туура эсептелгени ырасталса, камералык текшерүүнүн натыйжаларын өзгөртүүгө;
2) эгерде салык төлөөчү тарабынан берилген жүйөлөр шайкешсиздик фактылары аныкталган салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн тууралыгын жана өз убагында төлөнүшүн ырастоо үчүн жетишсиз болсо, салык төлөөчүдөн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган ченемдерге ылайык кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга;
3) берилген жүйөлөр менен макул болбоого жана камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечим чыгарууга.
28. Эгерде салык төлөөчү өзүн жактоо иретинде салыктык отчетто салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиктеринин жоктугу же каршы пикирди кароодо салык органы тарабынан кабыл алынган башка каталар жөнүндө тийиштүү далилдерди берсе, анда мындай учурда салык органы каршы пикир (жүйө, түшүндүрмө) алган күндөн кийинки 5 жумуш күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүгө ал көрсөткөн далилдерди таануу жөнүндө эркин формада жазуу жүзүндөгү билдирүүнү тапшырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
29. Салык төлөөчү тарабынан камералык текшерүүдө аныкталган дал келбестиктер жана/же каталар, салык төлөөчү салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгын ырастоочу жана көрсөткүчтөрдүн туура эмес экени табылгандыгы жөнүндө маалымкатты жана билдирмени алгандан кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде четтетилбегенде жана салык төлөөчүдөн каршы пикир (жүйөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү) жана/же салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгын ырастоочу башка документтерди албаган учурда, салык органы каршы пикирди (жүйөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү) берүү же дал келбестикти жана/же каталарды жоюу үчүн салык төлөөчүгө берилген мөөнөт аяктагандан кийин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгы жана/же башка каталар бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиктерин жана/же башка каталарды чагылдыруу менен камералык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечимди чыгарууга жана аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү.
Камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечим мурда салык төлөөчүгө камералык текшерүүнүн маалымкаты жана салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрү шайкеш келбегендиги жөнүндө билдирүү ушул Жободо белгиленген тартипте берилген учурда гана салык органы тарабынан чыгарылышы мүмкүн.
Салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндөгү дал келбестиктерди аныктоо жөнүндө билдирүүнү камералык текшерүүнүн маалымкатын тапшырбастан салык төлөөчүгө берүүгө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндө дал келбестиктер табылгандыгы жөнүндө билдирүүгө каршы пикир берилбеген же болбосо салыктык же башка отчеттуулукка тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилбеген учурда камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечим салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрү шайкеш келбегени табылгандыгы жөнүндө маалымкат жана билдирүү салык төлөөчүгө тапшырылгандан кийинки күндөн тартып 15 календардык күндөн эрте эмес чыгарылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Эгерде салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндө дал келбестиктер табылгандыгы жөнүндө билдирүүгө каршы пикирин (жүйөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү) салык төлөөчү билдирсе же кошумча документтерди (анын ичинде салык органынын талабы боюнча) тапшырса жана салык органы тарабынан ушул жүйөлөр кабыл алынбаса же жарым-жартылай кабыл алынса, камералык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечим салык органы тарабынан чыгарылууга жана салык төлөөчүгө каршы пикир алынгандан кийинки күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен тапшырылууга тийиш.
32. Салык төлөөчү тарабынан берилген далилдерди таануу жөнүндө каттар же камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечим ушул Жободо каралган мөөнөттөрдө салык төлөөчүгө тапшырылбаса, тапшырылган билдирүүдө чагылдырылган салык төлөөчүнүн салыктык жана башка отчетторундагы көрсөткүчтөрдүн шайкеш келбестиктери жана каталары жок экендигин ырастоо катары таанылат.
33. Салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндө дал келбестиктер табылганы тууралуу билдирүү жана камералык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча түзүлөт, ага салык органынын жетекчиси же анын орун басары кол коёт жана салык органынын мөөрү менен бекитилет.
34. Салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндө дал келбестиктер табылганы тууралуу билдирүү жана камералык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө чечим эки нускада түзүлөт, алардын бири камералык текшерүү жүргүзгөн салык органында салык төлөөчүгө же анын салыктык өкүлүнө жеке кол коюу менен тапшырылат, же салык төлөөчү тарабынан экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун акыркы дареги боюнча, же Кыргыз Республикасында анын катталган акыркы (юридикалык) дареги боюнча, же аны алуу фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен жеткирилет.
35. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндө дал келбестиктер аныкталганы жөнүндө камералык текшерүүнүн билдирүүсүн жана маалымкатын, ошондой эле камералык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечимди алуудан баш тарткан учурда, аталган документтер салык төлөөчүгө буюртма кат менен почта аркылуу тапшырылгандыгы жөнүндө кабарламасы менен жиберилет жана тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн буюртма катты алган же алуудан баш тарткан күнү тапшырылды жана/же алынды деп эсептелет.
Камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечим ошондой эле салык төлөөчүгө электрондук документ түрүндөгү кат-кабарларды кабыл алууга анын макулдугусуз салык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же башка маалыматтык системалар аркылуу жиберилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиги табылганы жөнүндө камералык текшерүүнүн билдирүүсү жана маалымкаты камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечим салык төлөөчүгө салык төлөөчү тарабынан расмий түрдө акыркы көрсөтүлгөн дарек боюнча тапшырылгандыгы тууралуу билдирүү менен буюртма кат аркылуу почта менен жиберилген жана бул салык төлөөчү табылбаган учурда, жогоруда аталган билдирүү жана чечим салык органы кайтарып берүү жөнүндө документте көрсөтүлгөн кайтарылган буюртма катты алган күнү тапшырылды деп эсептелет.
37. Салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндө дал келбестик аныкталганы жөнүндө билдирүү же камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечим, аталган документтин мазмуну салык төлөөчүгө белгилүү экенине карабастан, ушул Жободо белгиленген камералык текшерүүнүн натыйжасы боюнча билдирүүнү же чечимди тариздөө, чыгаруу жана тапшыруу тартибин салык органдарынын кызмат адамдары сактабаган учурда анык эмес же юридикалык күчү жок болуп эсептелет.
38. Камералык текшерүүнүн натыйжалары, анын ичинде салык төлөөчү тарабынан оңдолгон салыктык отчетторду жана/же салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн аныкталган дал келбестиктери жана/же башка каталар боюнча негизделген түшүндүрмөлөрдү бербегендиги, салык органдары тарабынан көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
39. Салыктык милдеттенмелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелер өз убагында аткарылбаганы үчүн туумдарды кошпогондо, камералык текшерүүнүн натыйжасындагы салыктар боюнча салык санкциясы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айыптар колдонулбайт.
40. Салыктарды жана туумдардын суммаларын эсептөө жөнүндө камералык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимди алган салык төлөөчү, эгерде салык төлөөчү бул чечимге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте даттанбаса, чечим тапшырылгандан кийинки күндөн баштап 30 күндүн ичинде аны аткарууга милдеттүү.
41. Салык төлөөчү камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык органынын чечими менен макул болбогондо, ага ылайык салык төлөөчүгө кошумча салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген учурда, салык төлөөчү бул чечимге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу салык органына даттанууга укуктуу.
42. Камералык текшерүүнүн натыйжалары салык кызматынын органдары тарабынан көчмө текшерүүлөрдү пландаштырууда пайдаланылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Салык органынын кызмат адамы тарабынан камералык текшерүүнү жүргүзүүдө ушул Жобонун талаптарын жана салык мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыгы камералык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө салык органынын чечимин жокко чыгаруу жана кызмат адамдарын мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн.