Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-февралы № 93
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687, 2023-жылдын 29-майындагы № 280 , 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык отчетунун формаларын бекитүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө жана салык отчетун кагаз түрүндө берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Салык органдары тарабынан камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- (абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттары 5-тиркемеге ылайык;
- Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын формаларын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 "Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 533 "Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттарын жана кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенмелерди берүүнүн жана аларды аткаруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 698 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтому;
20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчёттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
26) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчётунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
27) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
28) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
29) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчётунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
30) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
31) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 268 "Кыйыр салыктар боюнча отчет чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
32) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
33) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
34) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июнундагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
35) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
36) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
37) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
38) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчётунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
39) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 5 жана 10-пункттары;
40) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 467 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
41) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
42) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
43) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
44) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 24 "Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун формасын жана аны толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
45) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому;
46) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
47) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1, 2 жана 5-пункттары;
48) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
49) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
|
|
| 4-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн ШАРТТАРЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 577 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул шарттар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 302-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Кыргыз Республикасында өнөр жайлык кайра иштетүүгө арналган иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттарын аныктайт.
2. Ушул шарттарда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) өнөр жайлык кайра иштетүү - Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) боюнча классификациялык коду биринчи төрт белгинин кайсынысы болбосун деңгээлинде өнөр жайлык кайра иштетүүгө ташып киргизилген товарлардын кодунан айырмаланган жаңы товарларды алуу үчүн өндүрүштө товарларды (чийки затты жана (же) материалдарды) пайдалануу;
2) салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого алынган юридикалык жак же жеке ишкер;
3) ыйгарым укуктуу орган - экспертиза актысын, товардын келип чыгышы жөнүндө СТ-1 сертификатын жана корутундуну берүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу орган.
3. Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү ыйгарым укуктуу органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутундусу менен ырасталат.
4. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутунду ыйгарым укуктуу орган тарабынан салык төлөөчү төмөнкүдөй документтерди берген учурда чыгарылат:
1) кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутундуну берүү тууралуу арыз (эркин формада);
2) бүтүмдүн (контракт, келишим) болгондугун ырастаган документтин көчүрмөсү, арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, ага карата тиркемелер жана (же) толуктоолор;
3) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык он белгинин деңгээлинде өнөр жайда кайра иштетилген товарлардын жана продукттардын аталышын жана классификациясын ырастаган документтин арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) өнөр жайлык кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу нормаларын эсептөөнүн таблицасы, ага товарларды өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча операциялары (технологиялык процесске негизделген), аларды жакшыртуунун ыкмалары, товарларды идентификациялоонун ыкмалары, ошондой эле товарларды өнөр жайлык кайра иштетүүнүн мөөнөттөрү кирет;
5) салыктык катталуусу жөнүндө каттоо документинин көчүрмөсү;
6) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты.
5. Берилген документтер ыйгарым укуктуу орган тарабынан 15 (он беш) календардык күндүн ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө тиешелүү (оң же терс) корутунду чыгарылат.
6. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө терс корутунду төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) арыз ээси тарабынан корутундуну алуу үчүн берилген документтерде так эмес маалыматтар болгондо;
2) ушул шарттардын 4-пунктунда каралган документтердин пакети толук берилбегенде.
7. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутунду салык төлөөчүгө төмөнкүдөй жолдор менен тапшырылат:
1) кайрадан кабарлоо менен почта аркылуу жиберилет жана салык төлөөчүнүн экономикалык иш жүргүзгөн акыркы дареги боюнча, же анын Кыргыз Республикасында катталган акыркы дареги боюнча, же салык төлөөчүнүн салык өкүлүнө жеткирилет;
2) ыйгарым укуктуу органдан салык төлөөчүнүн жеке өзүнө же анын салык өкүлүнө кол коюу менен берилет.