Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 11-марты № 132
"Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
1) "Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
2) Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган деп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
|
Төрага |
А.У. Жапаров |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги БУУнун Башкы катчысы болуп саналган депозитарийге Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 132 токтому менен жактырылган |
Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенция (мындан ары - Конвенция) - эл аралык автотранспорттук жеке укуктун негизги документтеринин бири болуп саналат, анын макулдашуучу тараптары болуп 58 өлкө эсептелет. Конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна (мындан ары - Конвенциянын кошумча протоколу) 2008-жылдын 27-майында кол коюлган. Кыргыз Республикасы Конвенцияга 1997-жылдын 19-апрелинде кошулган.
2011-жылдын 5-июнунда күчүнө кирген Конвенциянын кошумча протоколу эл аралык автомобилдик жүк ташуу келишиминин тараптарына коштомо кагазды электрондук түрдө (е-СМR) тариздөөгө укуктук мүмкүнчүлүк берет. Азыркы учурда Конвенцияга мүчө 58 өлкөнүн ичинен 29 өлкө Конвенциянын кошумча протоколуна кошулган, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен: Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы, ошондой Борбор Азия регионунан - Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы Конвенциянын кошумча протоколуна кошулган.
Контролдоочу органдар үчүн е-СМR пайдалануунун артыкчылыктарынан болуп берилген маалыматтардын тактыгы, алардын айкындыгы жана киргизилүүчү өзгөртүүлөргө байкоо жүргүзүү мүмкүндүгү, ошондой эле электрондук түрдөгү маалыматка туруктуу жеткиликтүүлүк эсептелет. Ишкерлер үчүн пайданы жүк ташуу процессин уюштуруудагы документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөштүрүү, администрациялоого убактык жана нарктык чыгымдарды төмөндөтүү түзөт.
Кыргыз Республикасынын Конвенциянын кошумча протоколуна кошулуусунда эл аралык автомобилдик жүк ташуучуларга СМR бланкасын электрондук же кагаз түрүндө пайдаланууну тандоо мүмкүнчүлүгү берилет, бул эл аралык жүк ташуу китепчесин колдонуу менен эл аралык автомобилдик жүк ташууну жүргүзүүдө өзгөчө мааниге ээ болот.
Конвенциянын кошумча протоколу Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келет, ошондой эле, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын Конвенциянын кошумча протоколуна кошулуусу кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.