Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 токтомуна) |
Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоону, керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоону жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча иштердин укуктук жана уюштуруу негиздерин белгилейт.
2. Бул Жобону колдонуу максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
- тобокелдикти баалоо - тобокелдиктердин даражасын сандык же сапаттык ыкма менен аныктоо;
- кооптуу продукция - продукциянын тиешелүү түрүнө карата техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды бузуу менен өндүрүлгөн продукция;
- тобокелдик - зыян келтирүү мүмкүндүгүнүн жана бул келтирилген зыяндын адамдын өмүрүнө же ден соолугуна, мүлккө, айлана-чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө келтирген кесепеттеринин айкалышы;
- ыйгарым укуктуу орган - техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоочу (көзөмөлдөөчү) атанын ыйгарым укуктуу орган;
- өндүрүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген жак - Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак. ал өндүрүүчү, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде шайкештигин баалоодо жана продукцияны аймакка жүгүртүүгө чыгарууда өндүрүүчүнүн атынан иш жүргүзөт, ошондой эле продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартат;
- чарбакер субъект - бул өз алдынча ишкердик менен алектенген продукцияны өндүрүүчү, сатып өткөрүүчү же сатып алуучу жеке же юридикалык жак.
3. Тамак-аш продукциясын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) объектилери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн же ташып киргизилген. Кыргыз Республикасынын рыногунда жүгүртүүдө турган анын ичинде шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон тамак-аш продукциясына техникалык регламенттердин милдеттүү талаптары колдонулган тамак-аш продукциясы;
- керектөөчүлөрдөн жана уюмдардан (анын ичинде чет өлкөлүк), укук коргоо органдарынан, аткаруу бийлигинин органдарынан ыйгарым укуктуу органдарына доолор (даттануулар) же арыздар келип түшкөн ар кандай башка продукция;
- техникалык регламенттердин талаптарынын бузуулары бар шайкештик жөнүндө сертификаттар жана декларациялар аныкталган учурда шайкештикти баалоо боюнча органдардын, шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын шайкештигин тастыктоо боюнча иштерди жүргүзүү жол-жобосу.
4. Тамак-аш продукцияларына мамлекеттик контроль (көзөмөл) төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт:
- соода түйүндөрүндө, дүкөндөрдө, базарларда, анын ичинде кампа жайларында;
- жармаңке, көргөзмө, көрсөтмө өткөрүлгөн жайларда, продукцияларды көргөзүү жайларында.
Жармаңкелерде, көргөзмөлөрдө, көрсөтмөлөрдө жана/же продукцияны көрсөтүү жайларында текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан продукциянын техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына шайкештиги текшерилет.
5. Тамак-аш продукциясына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) ишке ашыруу техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды бузуу тобокелдигин баалоонун негизинде жүргүзүлөт.
6. Ыйгарым укуктуу орган адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн олуттуу коркунуч келтирген продукциянын тизмесин аныктайт жана түзөт.
Тизме ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
7. Рынокто кооптуу тамак-аш продукциясынын жүгүртүлүшүн алдын алуу максатында ыйгарым укуктуу органдар квартал сайын үлгүлөрдү тандоо боюнча талаптарга ылайык бекитилген тизменин негизинде тамак-аш продукциясын сатып алат.
8. Тамак-аш продукциясын сатып алууда сыноо жүргүзүү үчүн ушул Жобонун тиркемесине ылайык эки нускада сатып алуу актысы түзүлөт.
9. Сатып алынган тамак-аш продукциясы аккредиттелген сыноо лабораторияларына бир күндүк мөөнөткө сыноо жүргүзүү үчүн жиберилет.
Тамак-аш продукциясын сатып алуу өзүнүн функциялык милдеттерин аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
10. Өткөрүлгөн сыноолордун жыйынтыктары боюнча техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына шайкеш келбегендик аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 93 токтому менен бекитилген Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө жобого ылайык кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.
11. Өнөр жай продукциясына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүлүүчү объекттер төмөнкүлөр болуп саналат:
- өнөр жай продукциясы, анын ичинде имараттар жана жайлар жана/же продукцияга коюлуучу талаптар менен байланышкан долбоорлоо (изилдөөлөрдү кошо алганда), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү процесстери;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн/ташып киргизилген же Кыргыз Республикасынын рыногунда жүгүртүүдө турган, анын ичинде милдеттүү түрдө шайкештиги тастыктала турган, милдеттүү түрдө коопсуздук талаптары колдонулган продукция;
- керектөөчүлөрдөн жана уюмдардан (анын ичинде чет өлкөлүк). укук коргоо органдарынан, аткаруу бийлигинин органдарынан ыйгарым укуктуу органдардын коопсуздугуна доолор (даттануулар) келип түшкөн продукция (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр);
- техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келген эксплуатацияда турган продукцияны колдоо боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле продукцияны өндүрүү, эксплуатациялоо (пайдалануу), сактоо, сатуу процесстери;
- техникалык регламенттердин талаптарынын бузуулары бар шайкештик жөнүндө сертификаттар жана шайкештик жөнүндө декларациялар аныкталган учурда шайкештикти баалоо боюнча органдардын, шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын шайкештигинин тастыктоо боюнча иштерди жүргүзүү жол-жобосу;
- дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына техникалык кароо жүргүзүү боюнча диагностикалык борборлордун иши;
- дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын кайра жабдуучу, газ баллондук жана башка жабдууларды дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотуучу техникалык тейлөө станцияларынын, устаканалардын иши.
12. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) төмөнкү жайларда ишке ашырылат:
- продукцияны сатуучу, эксплуатациялоочу, өндүрүүчү, сактоочу, ташуучу, куруучу жана утилдештирүүчү жайларда;
- соода түйүндөрүндө, дүкөндөрдө, базарларда. анын ичинде кампа жайларында;
- монтаждоо жана/же эксплуатацияга киргизүү мезгилинде продукцияны пайдалануучу жайларда (эгерде техникалык регламенттердин айрым талаптарына продукциянын шайкештиги ушундай иштерди жүргүзүү учурунда гана текшерүүгө алынышы мүмкүн болсо);
- жарманке, көргөзмө, көрсөтмө өткөрүү жайларында же продукцияны көрсөтүү жайларында.
Жармаңкелерде, көргөзмөлөрдө, көрсөтмөлөрдө жана продукцияны көрсөтүү башка жайларында текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан продукциянын техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына шайкештиги текшерилет.
13. Сатуучуда техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген продукция аныкталган учурда, ал үчүн жоопкерчиликти өндүрүүчү (өндүрүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген жак), жеткирүүчү (импорттоочу) же сатуучу тартат.
14. Өнөр жай продукциясына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) ишке ашыруу техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды бузуу тобокелдигин баалоонун негизинде жүргүзүлөт.
15. Өнөр жай продукциялары боюнча ыйгарым укуктуу орган квартал сайын адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирүүчү продукциянын, продукциянын компоненттерин өндүрүш процесстеринин тизмесин аныктайт жана түзөт, ал ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
16. Рынокто кооптуу өнөр жай продукциясынын жүгүртүлүшүн алдын алуу максатында ыйгарым укуктуу орган квартал сайын бекитилген тизмеге ылайык мамлекеттик каржылоонун чегинде сыноолорду жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү тандоо боюнча талаптарга ылайык өнөр жай продукциясын зарыл болгон көлөмдө сатып алат.
17. Өнөр жай продукциясын сатып алуу ыйгарым укуктуу органга өзүнүн функциялык милдетин аткаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
18. Өнөр жай продукциясын сатып алууда сатып алуу актысы ушул Жобонун тиркемесине ылайык эки нускада түзүлөт.
19. Сатып алынган продукция бир күндүк мөөнөткө аккредиттелген сыноо лабораторияларына сыноо жүргүзүү үчүн жиберилет.
20. Сыноолор ыйгарым укуктуу көзөмөл органы тарабынан аныкталган көлөмдө жүргүзүлөт.
21. Мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү үчүн эксплуатацияга киргизүүгө зарыл болгон өнөр жай продукциясына карата мамлекеттик контроль (көзөмөл) текшерүүгө алынган субъекттин жайгашкан жери жана (же) ал ишин жүзөгө ашырып жаткан жери боюнча жүргүзүлөт.
22. Техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына шайкеш келбестик келип чыккан учурда ыйгарым укуктуу көзөмөл органы Техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген өнөр жай продукциясын алып коюу, чакыртып алуу, жеткире иштеп чыгуу же өндүрүүчү заводго (жеткирүүчүгө) кайтарып берүү тартибине ылайык иштерди жүргүзөт.
23. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, эксплуатациялоо үчүн мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү объекттерине төмөнкүлөр кирет:
- жаңыдан курулган, реконструкцияланган, капиталдык оңдоодон өткөн, эксплуатацияланган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору;
- курууда, реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо колдонулуучу жол-курулуш материалдары жана буюмдары.
24. Мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган квартал сайын автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо аткарылган иштерди текшерүү графигин (мындан ары - текшерүү графиги) бекитет.
25. Текшерүү графиги ыйгарым укуктуу орган тарабынан долбоорлоочу уюм, заказчы менен макулдашылат.
26. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбестик аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган лабораториялык изилдөө үчүн колдонулган материалдарды жана буюмдарды тандап алат.
27. Тандап алынган үлгүлөрдүн (сынамдардын), колдонулган материалдардын жана буюмдардын саны (үлгүлөрдүн көлөмү) тандоо методикасынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
28. Курулушта колдонулуучу материалдардын жана буюмдардын үлгүлөрүн тандоо, жеткирүү жана экспертизадан өткөрүү (сыноо) менен байланышкан чыгымдар ыйгарым укуктуу орган тарабынан каржыланат.
29. Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбестик аныкталган учурда лабораториялык изилдөөлөргө кеткен чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте курулуш субъектинин эсебинен ыйгарым укуктуу органга төлөнүүгө тийиш.
30. Чарбакер субъект лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына макул болбогон учурда, ал мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораторияга өзүнүн каалоосу боюнча өз каражаттарынын эсебинен кошумча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кайрылууга укуктуу.
31. Колдонулуп жаткан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) мыйзамдарда белгиленген тартипте пландуу текшерүүлөргө ылайык жүргүзүлөт.
32. Ыйгарым укуктуу органдар кооптуу продукция тууралуу маалымат берүү максатында төмөнкү маалыматтар менен алмашууну ишке ашырган маалымат системасын жүргүзөт:
- техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген продукция аныкталганы жөнүндө, ошондой эле мындай продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарында жүгүртүүнүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жана (же) аныкталган бузуулардын терс кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагында техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө баалоого тийиш болгон продукцияны шайкештикти баалоо тууралуу документтери же алы жүргүзүү жөнүндө маалыматтары жок сатуу учурлары аныкталгандыгы жөнүндө;
- продукциянын шайкештигин баалоо бөлүгүндө техникалык регламенттердин талаптарын бузуу фактылары аныкталганы жөнүндө, анын ичинде шайкештикти баалоо иштерин аткаруу эрежелерин бузуу фактылары жана изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн дал келбеген натыйжаларын берүү фактылары жөнүндө.
33. Мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүүдө тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамына ылайык аныкталат.
|
| Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
САТЫП АЛУУ АКТЫСЫ
Мен ________________________________________________________________________
аты-жөнү
кызмат орду _________________________________________________________________
сатуучудан __________________________________________________________________
аты-жөнү
сатып алуу жери ______________________________________________________________
төмөнкүлөрдү сатып алдым:
Продукциянын аталышы | ТЭИ ТН коду | Саны | Баасы | Суммасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жалпы суммасы ______________________________________________________________
жазуу менен
Акчалай сумма алган сатуучу ____________________________________________________
аты-жөнү, колу
Продукцияны алдым ___________________________________________________________
продукцияны сатып алган адамдын колу
Сатып алынган дата: __________________________________________________________