Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмдан алынган чет өлкөлүк валютаны эсепке алуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмду каттоо, салык милдеттенмелерин эсептөө жана аткаруу тартиби
Ушул Тартип Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмдан салык милдеттенмесин аткаруу эсебине алынган чет өлкөлүк валютаны эсепке алуунун тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюм салыктык милдеттенмени чет өлкөлүк валютада аткарууга укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык “Туруктуу мекеме” түшүнүгү жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон чет өлкөлүк уюм тарабынан электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү камтыбайт (мындан ары - чет өлкөлүк уюм).
4. Чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалымат ресурсунун электрондук кызматы аркылуу жиберилген арыздын негизинде жүргүзүлөт.
5. Салыктык каттоо жөнүндө арыз жеткирүүлөрдү жүргүзүү башталганга чейин маалымат ресурсу аркылуу электрондук түрдө берилет. Чет өлкөлүк уюмдар мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык катталууга жатат.
6. Кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) ставкасы чет өлкөлүк уюмдун жеткирүүлөрүнө карата 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
7. Жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан электрондук кызматтарды көрсөтүү салыктык база болуп эсептелет. Жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан электрондук кызматтарды көрсөтүүдө кызмат көрсөтүү үчүн төлөм (жарым-жартылай төлөм) келип түшкөн салык мезгилинин акыркы күнү салыктык базаны аныктоо датасы болуп эсептелет.
8. КНСти эсептөөдө салык мезгили болуп календардык квартал саналат.
9. Салык отчетун берүүнүн акыркы мөөнөтү - отчеттук кварталдан кийинки айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен.
Салык милдеттенмесин төлөө мөөнөтү - отчеттук кварталдан кийинки айдын 25инен кечиктирбестен.
10. Чет өлкөлүк уюм салык отчетун берет жана салык милдеттенмелерин тандоо боюнча чет өлкөлүк валютада (АКШ доллары, евро, орус рубли, казак теңгеси, кытай юаны) же улуттук валютада (кыргыз сому) маалымат ресурсу аркылуу аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Салык төлөө Кыргыз Республикасынын кирешелеринин бюджеттик классификациясынын - “11 411 500 (Чет өлкөлүк уюмдардын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгы)” киреше элементи боюнча жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында чет өлкөлүк валютада келип түшкөн салыкты эсепке алуу
12. Чет өлкөлүк уюмдардан салыктык милдеттенмелерди аткаруу эсебине чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы (мындан ары - Казыналык) ушул Тартиптин 10-пунктунда аталган чет өлкөлүк валюталардын түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу банкта мультивалюталык эсепти аныктайт жана ачат.
13. Салык милдеттенмесин аткаруу датасы болуп салыктын эсептелген суммасын чет өлкөлүк уюм тарабынан чет өлкө валютасында которууга банк тарабынан төлөм тапшырмасын кабыл алган күн саналат.
14. Ыйгарым укуктуу банк мультивалюталык эсепке салык түшкөн күндөн кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен салык органынын топтоо эсебине конвертациялоону жана которууну жүргүзөт.
Конвертациялоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага конвертациялоо күнүнө карата белгиленген расмий курс боюнча жүргүзүлөт.
3. Салык органында салык милдеттенмесинин аткарылышын эсепке алуу тартиби
15. Чет өлкөлүк уюм тарабынан салык милдеттенмесинин аткарылышын контролдоо ыйгарым укуктуу салык органы (мындан ары – салык органы) аныктаган салык органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Чет өлкөлүк уюмдун салык отчету боюнча салык милдеттенмеси (чет өлкөлүк валютада) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук мезгилдин акыркы күнүнө карата белгиленген расмий курсу боюнча улуттук валютага (кыргыз сомуна) конвертацияланууга жатат.
17. Чет өлкөлүк уюмдун салык отчетун кабыл алууда чет өлкөлүк валютадагы салык милдеттенмесин конвертациялоо ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу аркылуу салык отчетунун тиешелүү уячасында улуттук валютадагы салык милдеттенмесин автоматташтырылган түрдө толтуруу менен жүзөгө ашырылат.
18. Салык органы мультивалюталык эсептеги акча каражаттарынын кыймылына жараша ыйгарым укуктуу банктан же Казыналыктан мультивалюталык эсептин банктык көчүрмөсүн алат.
19. Чет өлкөлүк уюмдун өздүк эсеби улуттук валютада жүргүзүлөт.
20. Чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага (кыргыз сомуна) конвертациялоодо курстук айырманын натыйжасында чет өлкөлүк уюмдун өздүк эсебинде түзүлгөн салык отчету боюнча салык милдеттенмесинин жана төлөнгөн сумманын айырмасы сальдого алынууга тийиш.
Форма
Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобого
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле алардын кызматкерлерине, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча чектөөлөрдү аныктоо
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине КНСти кайтарып берүүчү чет мамлекеттин аталышы:_____________________________________
Товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аталышы | Өкүлчүлүктүн расмий пайдалануусу үчүн | Төмөнкүлөрдүн жеке колдонуусу үчүн | |||
өкүлчү-лүктүн башчы-сынын | дипломатиялык персоналдын | администрациялык-техникалык персоналдын | персоналдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн | ||
Товарлар | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чектөөлөрдүн башка-түрлөрү:
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
Эскертүү. Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу салык органы үчүн:
- бир чектин суммасы боюнча чектөөдө ар бир сатып алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча кайра эсептөө жүргүзүлөт;
- кайтарып берүүнүн жылдык суммасы боюнча чектөөдө ар бир сатып алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча кайра эсептөө жүргүзүлөт.