1-тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна) |
Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 8-апрелиндеги №193, 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232, 2023-жылдын 17-февралындагы №82 токтомдоруна ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59 жана 127-130-беренелерине, ылайык иштелип чыккан.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Рейддик салык контролу субъектке салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткарылышын контролдоо жана көмөк көрсөтүү максатында ишке ашырылат.
Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн максаты болуп төмөнкү фактыларды дагы аныктоо саналат:
- мамлекеттик каттоосуз жана салык органдарында эсепке турбастан экономикалык ишти жүзөгө ашыруу;
- уруксат берүүчү документтерсиз (күбөлүк жана/же патент) экономикалык ишти жүзөгө ашыруу;
- контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу;
- патенттин негизинде төлөнгөн салыктын суммасы менен патенттин негизинде салык төлөөчүнүн физикалык көрсөткүчтөрүнүн дал келбөөсү;
- мунай продуктуларынын кыймылын, ошондой эле анын бүтүндүгүн эсепке алууда жана контролдоодо контролдук пломбаларды колдонбоо;
- жалданма кызматкерлерди толугу менен эсепке албоо, киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмүн төлөбөө;
- салык салынуучу объекттердин физикалык көрсөткүчтөрү менен жергиликтүү салыкка карата салык базасынын дал келбөөсү;
- Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жүргүзгөн жактардан тышкары, жеке ишкердин кирешелерин жана чыгашаларын эсепке алуу китебине сатып алуу жана сатууларды чагылдырбоо;
- тиешелүү идентификациялоо каражаттары жана контролдук идентификациялык белгилери жок маркалоого тийиш болгон товарларды сатуу жана алардын аныктыгы;
- акциздик маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз же жасалма маркалары жана/же идентификациялоо каражаттары жана/же электрондук-маалыматтык элементи туура келбеген маркалары менен алкоголдук жана тамеки продукцияларын сатуу;
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган акциздик жана маркалануучу товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын колдонуу тартибин бузуу;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алуу тартибин бузуу жана аларга карата тиешелүү салыктарды төлөбөө;
- баштапкы эсеп документтериндеги көрсөткүч менен колдогу товарлардын иш жүзүндөгү көрсөткүчүнүн дал келбестиги (эсеп-фактура, товар-транспорттук коштомо кагаз, ЕАЭБдин коштомо кагазы ж.б.);
- эсепке алынбаган (жашырылган) товардык-материалдык баалуулуктардын бар экендиги;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерине салык төлөөдөн качуу;
- жүргүнчүлөрдү жана жүктү жеңил таксиде ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү салык кызматынын органдарында каттоосуз жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызмат көрсөтүүлөргө тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык системага кошуу;
- такси кызматы жана курьердик кызмат көрсөтүү субъекттери тарабынан түшкөн акча жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына бербөө;
- негизсиздик жана КНСтин ашып кеткен суммасынын өлчөмү;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткарбоосу;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүдө, анын ичинде товарларды экспорттоодо баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232, 2023-жылдын 17-февралындагы №82 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Рейддик салык контролун жүргүзүү тартиби
3. Рейддик салык контролу салык кызматынын органы тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилген жазма буйруктун негизинде кайсы бир салык төлөөчүгө же анын обочолонгон бөлүмдөрүнө карата жылына 12 жолудан көп эмес жүзөгө ашырылат.
4. Рейддик салык контролун жүргүзүү укугуна жазма буйрук (мындан ары - жазма буйрук) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу кагаз же электрондук формада таризделет. Жазма буйрукка салык кызматынын органынын жетекчиси же салык кызматынын органынын жетекчиси тарабынан ыйгарым укук берилген адам (мындан ары - жетекчи) кол коюуга жана кагаз түрүндө тариздөөдө гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазма буйрукту электрондук формада тариздөөдө, жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчисинин электрондук колу коюлат (тастыкталат) жана кагаз түрүндө басып чыгарууда гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
5. Жазма буйрук өзүнчө салык төлөөчүгө, салык төлөөчүлөрдүн тобуна, ошондой эле белгилүү бир участокко (аймакка) да берилиши мүмкүн.
6. Жазма буйрукта төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
- жазма буйрукту каттоо датасы жана номери;
- жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
- кызматкердин аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
- рейддик салык контролуна алынууга тийиш болгон аймактын жана/же участоктун, субъекттин аталышы жана анын идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН);
- салык мыйзамдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык рейддик салык контролуна алынууга тийиш болгон маселелердин тизмеси;
- рейддик салык контролун жүргүзүүгө негиз;
- рейддик салык контролун жүргүзүү мөөнөтү;
- жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартууда, узартуунун мөөнөтү көрсөтүлөт, жетекчинин колу коюлат жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Электрондук түрдөгү жазма буйруктун мөөнөтү узартылган учурда, жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында жетекчинин электрондук колу коюлат (тастыкталат).
7. Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу өзүнчө салык төлөөчүгө жазылган жазма буйруктар боюнча гана төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- салык төлөөчү жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде салык кызматынын органынын кызмат адамы (мындан ары - кызматкер) менен жолугушуудан жана жазма буйрук менен таанышуудан атайылап качкан;
- көрсөтүлгөн мөөнөт товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууга байланыштуу жетишсиз болгон.
8. Рейддик салык контролуна алынууга тийиш болгон субъекттин жайгашкан жерине келгенден кийин кызматкер төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн субъекттин ишине жана мүлк объектисине визуалдык байкоо жүргүзөт:
- субъект же анын өкүлү (мындан ары - субъект) тарабынан калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, соода операцияларын ишке ашырууда же жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда ККМдин болушуна жана аны колдонуу фактысына. Эгерде сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүлөрдү ишке ашырууда ККМ колдонулбаса (чектер басып чыгарылбаса) же квитанциялар (так отчеттуулуктун башка формалары) берилбесе, анда бул факт касса боюнча накталай акча каражаттарынын калдыгын алуу (накталай түшкөн акча) жана акча каражаттарынын ашыкчасын аныктоо жолу менен далилденет;
- субъект тарабынан жалданган жумушчулардын иш жүзүндөгү санына жана аларды иштетүүгө;
- санариптик идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлардын болушуна.
9. Визуалдык байкоо жүргүзүүдөн кийин субъектке төмөнкүлөр берилет:
- таанышуу жана арткы бетине жазма буйрук менен таанышкандыгы жөнүндө кол коюу үчүн кагаз жүзүндөгү жазма буйруктун түп нускасы жана кызматтык күбөлүк;
- таанышуу жана жазма буйрук менен таанышкандыгы жөнүндө графикалык кол коюу үчүн тийиштүү булактагы электрондук түрдөгү жазма буйрук. Өз ара макулдашуу боюнча кызматкер электрондук формадагы жазма буйрукту таанышуу үчүн мессенджерлер аркылуу субъекттин электрондук дарегине жөнөтүшү мүмкүн.
10. Субъект жазма буйруктун номерин көрсөтүү же жазма буйрукта электрондук түрдө жайгаштырылган Q-кодду колдонуу менен ыйгарым укуктуу салык органынын сайтынан жазма буйруктун аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
11. Жазма буйрукту жана кызматтык күбөлүктү көрсөткөндөн кийин кызматкер субъекттен рейддик салык контролу учурунда ККМден өчүрүлбөгөн орто аралык контролдук чекти басып чыгаруусун (мындан ары - Х-отчет) талап кылат.
12. Субъект товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуучу программалык каражаттарды пайдаланган учурда кызматкер ал субъекттен мындай программалык каражаттар аркылуу белгилүү бир мезгил үчүн акы төлөөгө берилген документтердин суммасы боюнча жыйынтыктоочу маалыматты камтыган орто аралык отчетун (мындан ары - орто аралык отчету) басып чыгарууну талап кылат.
13. Субъект кызматкерге Х-отчет жана/же орто аралык отчетун берүүдөн баш тарткан учурда, формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Рейддик салык контролунун актысында (мындан ары - РСК актысы) Х-отчетун жана/же орто аралык отчетун берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча тоскоолдук көрсөтүү протоколу түзүлөт, анда кызматкердин Х-отчетун жана орто аралык отчетун бербегендиги үчүн мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлөт.
14. Кызматкер Х-отчетту жана/же орто аралык отчетун алып, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын толтуруу менен субъекттин кассасындагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгын алат, мында накталай акча купюра боюнча көрсөтүлөт жана контролдоо учурунда түшкөн акчанын жалпы суммасы цифралар жана жазуу жүзүндө чыгарылат, ал РСК актысына тиркелет. Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кызматкер жана субъект кол коёт.
15. Эгерде бир объектте субъект тарабынан бир нече ККМ колдонулса, анда кассалык тартипти контролдоо ар бир ККМ боюнча жүзөгө ашырылат.
16. Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда кызматкер экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган субъекттин аймагын, жайларын, мүлк объекттерин (анын ичинде транспорт каражатын) ККМ аркылуу касса боюнча басып чыгарылбаган иш жүзүндөгү акча каражаттарынын суммасынын жашырылышына текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
17. Кызматкердин талабы боюнча субъект ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формага ылайык аты-жөнүн, ИСНин жана ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен жалданма кызматкерлердин тизмесин берүүгө милдеттүү.
18. Андан ары кызматкер РСК актысын толтурат, анда милдеттүү түрдө төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- рейддик салык контролун жүргүзүү датасы, орду, убактысы;
- кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду;
- жазма буйруктун номери жана датасы;
- жазма буйрук берген салык кызматынын органынын аталышы;
- контролдоо учурунда катышкан субъекттин аты-жөнү, ээлеген кызматы, байланыш телефон номери жана анын жашаган жеринин дареги;
- ишкердик объектисинин аталышы жана дареги;
- субъекттин аталышы, анын ИСНи жана субъект катталган салык органынын аталышы;
- экономикалык ишти жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтердин (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана/же патенттин жана камсыздандыруу полисинин сериясы жана номери, берилген датасы жана алардын колдонуу мөөнөтү) болушу;
- жалданган кызматкерлердин саны;
- инспектордук текшерүү китебинин болушу;
- иштин түрү;
- ККМдин болушу;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- кассадан накталай акча каражаттарын алуу актысына ылайык накталай түшкөн акчанын суммасы;
- Х-отчетто көрсөтүлгөн сумма, ал эми Х-отчеттун өзү РСК актысына тиркелет;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарынан алынган орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма, ал эми орто аралык отчеттун өзү РСК актысына тиркелет.
19. Рейддик салыктык контроль учурунда кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгы Х-отчетунда жана орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммалар менен салыштырылат.
20. Эгерде кассада накталай акча каражаттары Х-отчетто жана орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчкө көп болсо, анда ашыкча сумма сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чектин басып чыгарылбаган фактысын ырастоо болуп саналат жана РСКнын актысына сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен РСК актысына тиркелүүчү түшүндүрмө милдеттүү түрдө алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 8-апрелиндеги №193 токтомуна ылайык)
Эгерде субъект түшүнүк кат берүүдөн баш тартса, анда РСК актысында түшүнүк берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
21. Кассадагы акча каражаттарынын ашыкча фактысы тастыкталган учурда субъект белгиленген ашыкча суммага контролдук-кассалык чекти ККМ аркылуу басып чыгарууга милдеттүү.
22. Эгерде кассада накталай акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу фактысы байкалат, ал эми РСК актысында "кем чыгуу" деген жазуу менен суммасы цифра жана жазуу жүзүндө киргизилет.
23. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан көп болсо, анда айырманын (ашкан) суммасы контролдук-кассалык чектин басып чыгарылбагандыгын тастыктайт жана РСК актысына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен дал келбөөнүн аныкталган фактысы жөнүндө түшүндүрмө милдеттүү түрдө алынат, ал РСК актысына тиркелет.
Субъект тарабынан түшүнүк кат берүүдөн баш тартылган учурда РСК актысында түшүнүк кат берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
24. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда айырманын суммасы кем чыккан болуп саналат жана РСК актысында сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен "кем чыгуу" деген белги коюлат.
25. ККМди колдонуу тартибин жана талаптарын бузуунун аныкталган түрүнө жараша РСК актысына: "ККМди колдонбоо", "чек басып чыгарбоо", "чек бербөө", "ККМ оң эмес" деген жазуу жана тиркеме жөнүндө же субъекттин түшүнүк кат берүүдөн баш тартуусу тууралуу маалымат киргизилет.
26. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө ККМ колдонулбагандыгы же ККМ контролдук-кассалык чектин басып чыгарылбаган фактысын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте контролдук сатып алуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
27. РСК актысын түзүүдө төмөнкүлөрдүн да бар экендигине көңүл буруу зарыл:
- сатылуучу товарларга баалардын (тейлөө чөйрөсүндө - кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранттарынын болушу, коомдук тамактануу чөйрөсүндө - ар бир тамак-ашка жана суусундуктарга баасын көрсөткөн менюлар). Баалардын жоктугу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 129-беренесинин талаптарын бузуу болуп саналат. Баалардын (прейскуранттардын, менюнун ж.б.) болушу же жоктугу жана алардын кoнтpoлдyк-кaccaлык чектерге жана/же товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуучу программалык каражаттардан алынган документтерге туура келиши РСК актысында көрсөтүлөт;
- контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалымат жана анын сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштырылышы. Маалыматтын жоктугу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 129-беренесинин талаптарын бузуу болуп саналат. Контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматтын болушу же жоктугу жана анын сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштырылышы РСК актысында чагылдырылат.
28. Субъект тарабынан лицензияланууга тийиш болгон экономикалык иш жүргүзүлгөн учурда кызматкер милдеттүү түрдө тийиштүү лицензиянын бар же жок экендигин текшерет жана РСК актысына тийиштүү жазуу киргизет.
29. Субъект тарабынан алкоголдук жана тамеки буюмдарын, ошондой эле маркаланууга тийиш болгон башка товарларды сатууда акциздик маркалардын, идентификациялоо каражаттарынын же контролдук идентификациялык белгилердин, анын ичинде тиешелүү электрондук-маалыматтык элементтин болушу менен аныкталуучу белгилердин бар же жок экендиги жана алардын аныктыгы милдеттүү түрдө текшерилет.
30. Сатылуучу акциздик товарларга карата акциздик маркалар, идентификациялоо каражаттары жана милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын контролдук идентификациялык белгилери болсо, РНК актысына "бар, дал келет жана анык" деген тийиштүү жазуусу жазылат.
31. Акциздик маркалар, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилер болбогон же шайкеш келбеген учурда, анын ичинде эгерде электрондук-маалыматтык элемент жана/же идентификациялоо каражаттары идентификацияланбаса, РСК актысына "сакталган эмес", "жок", "ылайык келбейт", "аныктыгы күмөн жаратат" деген жазуу киргизилет жана/же эреже бузуунун мүнөзү көрсөтүлөт. Андан тышкары, аныкталган тартип бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча спирт камтыган продукцияларды, акциздик жана маркалануучу товарларды жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдарды сактоону текшерүү актысы (мындан ары - Текшерүү актысы) кошумча түзүлөт.
32. Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда Текшерүү актысында алууга жаткан товарлардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, баасы жана суммасы көрсөтүлөт. Текшерүүнүн түзүлгөн актысына кызматкер менен субъекттин колу коюлат, ошондой эле субъекттен түшүнүк кат алынат, ал Текшерүү актысына тиркелет.
33. Субъект Текшерүү актысына кол коюудан жана/же түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда Текшерүү актысында кызматкер 2ден кем эмес калыс күбөлөрдүн (күбөлөрдүн) катышуусунда тиешелүү жазууларды жүргүзөт жана текшерүү актысына алар кол коёт.
34. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
35. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
36. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
37. Маркаланбаган, жасалма (марканын стандартына дал келбеген) акциздик продукцияны алып коюу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
38. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө аныкталган кошумча маалыматтар болсо, ошондой эле субъект тарабынан кызматкердин мыйзамдуу талаптары аткарылбаса, РСК актысына тиешелүү жазуу жазылат.
39. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптары аткарылбаган учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобого ылайык субъекттин жайына, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк объекттерине жана/же экономикалык ишине тиешеси бар башка предметтерге мөөр басууга укуктуу. Мында кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча Мөөр басуу актысын түзөт, анда мөөр басылган күнү жана орду көрсөтүлөт, качан, ким тарабынан, кимдин катышуусунда мүлк объектисине, жайларга же башка предметтерге кайсы убакка чейин мөөр басылып жатканы көрсөтүлөт. Мөөр басуу субъекттин катышуусунда жүргүзүлөт жана мөөр басуу актысына кызматкер жана субъект тарабынан кол коюлат. Субъект кол коюудан баш тарткан учурда, мөөр басуу 2ден кем эмес күбөнүн (күбөлөрдүн) катышуусу менен жүргүзүлөт жана Мөөр басуу актысына алар кол коёт.
Күбө (күбөлөр) жок болгон учурда фото/видео жазуу жүргүзүлөт жана Мөөр басуу актысына: "кол коюудан баш тартты, актынын экинчи нускасы мөөрлөнүп тапшырылды - деп жазылат, ага датаны көрсөтүү менен кызматкер кол коёт.
40. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүнү (импорттоону), ошондой эле Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууну (экспорттоону) ишке ашыруучу субъекттерге салык контролун жүргүзүүдө салык кызматынын органы предметтердин, мүлк объекттеринин (автотранспорт каражаты, темир жол вагону, кампалар, терминалдар, ангарлар, контейнерлер, соода түйүндөрү ж.б.) менчигинин түрүнө (мамлекеттик менчик, юридикалык же жеке жактын менчиги) карабастан адамдарга таандык жана субъект тарабынан товарды сактоо (анын ичинде убактылуу) жана ташуу жана/же сатуу үчүн баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу жана андагы көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн товардын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө (коштомо кагаз, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагазы, CMR ж.б.) дал келүү предметине карата изилдөө жүргүзүү жана карап чыгуу укугуна ээ.
Дал келбөө фактылары аныкталган жана/же уруксат берүүчү документтер, анын ичинде баштапкы эсепке алуу документтер жок болгон учурда РСК актысына тиешелүү жазуу жазылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
401. Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтеринин, анын ичинде эсеп-фактуралардын болушуна жана аныктыгына салык контролу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жерде контролдук-ыкчам жана рейддик иш-чараларды жүзөгө ашырган мобилдик топтун (мындан ары - мобилдик топ) курамында кызматкерлер тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Эгерде субъект патенттик негизде иш жүргүзсө, рейддик салык контролун жүргүзүүдө патенттин бар экендиги, патентте көрсөтүлгөн иштин түрү субъект иш жүзүндө жүзөгө ашырган иштин түрү менен шайкеш келиши, анын жарактуулук мөөнөтү жана төлөгөндүгү жөнүндө квитанция текшерилет. Мындан тышкары милдеттүү түрдө жалданма кызматкерлердин бардыгы, алардын саны, киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмү төлөнгөндүгү текшерилет.
42. Субъектте сатылып жаткан товарларга жана/же сатууга жаткан товарларга, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууда (экспорттоодо) бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделген баштапкы эсепке алуу документтери (эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз, товардык чек, сатып алуу актысы, бажы документтери ж.б.) болушу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Эгерде сатылуучу товарга, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо же жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды бузуу менен таризделсе, анда РСК актысында алардын жоктугу же бул бузуулардын мүнөзү (жалган, туура эмес таризделген эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.) документти жагдайлар такталганга чейин алып коюу менен чагылдырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Эгерде, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо же дал келбесе,, анда бул факт субъектте эсепке алынбаган товар бар экендигин айгинелейт, бул салык салуудан жашырылган кирешелерди аныктоо үчүн негиз болушу мүмкүн.
Эсепке алынбаган товардын бар экендигин аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу тартибине ылайык товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын тандап жана/же толугу менен алуу жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну жүргүзүү үчүн белгилүү бир мезгил талап кылынган убакыт товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну аяктоо үчүн жетишсиз болгон учурда, РСК актысы бардык зарыл пункттарды толтуруу менен контролду жүргүзүүнүн учурдагы датасы менен таризделет, мында контролдоо аяктаган күн жана товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун натыйжалары калдыктарды алуу жол-жобосу аяктагандан кийин көрсөтүлөт.
451. Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтери, анын ичинде эсеп-фактуралар жок болгон же дал келбеген фактылар аныкталган учурда, автотранспорт каражаты мобилдик топко өткөрүп берилет, ал товарды (жүктү) транспорт каражаттарын атайын токтотуу жайларында кармап калат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
452. Мобилдик топ кызматкер тарабынан товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктары алынгандан кийин жагдай аныкталганга чейин жана тиешелүү баштапкы эсепке алуу документтер, анын ичинде эсеп-фактуралар берилгенге чейин, кармалган товарды (жүктү) убактылуу сактоо кампаларына (МБК УСЖ) же товарды экспортоочунун жана/же ташуучунун кампа, өндүрүш аймагына жайгаштырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары - КММ) сатуу менен алектенген субъекттерге контроль жүргүзүүдө, рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын контролдук пломбаларынын болушу жана шайкештиги да текшерилет. Текшерүүнүн натыйжалары РСК актысында чагылдырылат.
47. Авто май куюучу станцияларда (мындан ары - АМС) КММ сатуу менен алектенген субъекттерге контроль жүргүзүүдө, рейддик салык контролунун жүрүшүндө кассадагы акча каражаттарынын калдыктарын алуу учурунда май куюучу станциядагы май бөлүштүрүүчү колонкалардын (мындан ары - МБК) суммардык эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүндөгү калдыктары жана резервуардагы (сыйымдуулуктардагы) КММдин калдыктары да алынат. Текшерүү учурундагы май бөлүштүрүүчү колонкалардын суммардык эсептегичтеринен нөөмөттүн башталышына карата МБКдагы эсептегичтердин көрсөткүчтөрү кемитилет жана контролдоо учурундагы сатылган КММдин саны (марка боюнча) аныкталат. Контроль учурунда сатылган КММдин санынан тастыктоочу документтерди (талондор, ички берүүгө коштомо кагаздар, сордуруп куюу актылары ж.б.) милдеттүү түрдө берүү менен накталай эмес эсептешүү жолу менен кое берилген КММдин саны кемитилет, КММдин алынган айырмасы КММдин сатылган баасына (маркалар боюнча) көбөйтүлөт жана түшкөн акчанын суммасы аныкталат. Сатылган КММдин көлөмүнөн эсептелинип, түшкөн акчанын суммасы Х-отчеттун суммасы менен дал келүүгө тийиш.
48. Эгерде сатылган КММдин көлөмүнөн эсептелинип, түшкөн акчанын суммасы рейддик салык контролу жана/же Х-отчет учуруна карата кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгынын суммасынан көп болсо, анда айырманын суммасы (ашыкчасы) контролдук-кассалык чек чыгарылбагандыгынын далили болуп саналат жана РСК актысында суммасы сандар жана жазуу түрүндө көрсөтүлүп, "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен дал келбестиктин аныкталган фактысы жөнүндө милдеттүү түрдө түшүнүк кат алынат, ал рейддик салык контролу актысына тиркелет.
Түшүнүк кат берүүдөн баш тартылган учурда РСК актысында аныкталган бузуунун мүнөзүнөн тышкары, түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
3. Рейддик салык контролунун натыйжаларын тариздөө жана карап чыгуу
49. РСК актысы жана ага тиркемелер кагаз жүзүндө, ошондой эле тийиштүү булактагы электрондук формада да таризделиши мүмкүн. Кагаз түрүндө таризделген актыга кызматкер жана субъект кол коёт, электрондук формада акты таризделгенде кызматкер жана субъект графикалык колтамганы колдонот.
50. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык мыйзамдарынын талаптарын кандайдыр бир бузуулар аныкталганда жана аларды тактоо зарыл болгондо, РСК актысында аныкталган укук бузуулардын маани-маңызы боюнча жагдайларын тактоо жана жоопкерчилик чараларын кароо үчүн субъект кайсы салык органына, кайсы бөлүмгө, секторго (бөлүмдүн, сектордун аталышы) жана кайсы кабинетке (кабинеттин номери) кайсы күнү келүүгө милдеттүү экендиги, өзү менен алып келүүгө тийиш болгон документтердин тизмеси көрсөтүлөт.
51. Кагаз жүзүндө тариздөө формасында рейддик салык актысынын экинчи нускасы (көчүрмөсү) тиркемелердин бардык көчүрмөлөрүн тиркөө менен субъектке кол койдуруу менен тапшырылат. Эгерде субъект рейддик салык контролунун актысына кол коюудан жана аны алуудан баш тартса, анда кызматкер субъектке анын талаптарын аткарууга милдеттүү экендигин жана аныкталган эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти субъекттин жеке өзү тарта тургандыгын түшүндүрүүгө тийиш. Эгерде, бул учурда да кол коюудан баш тартылcа, анда рейддик салык контролунун актысына "кол коюудан баш тартты, рейддик салык контролунун актысынын экинчи нускасы тапшырылды" деп жазылып, күнү көрсөтүлөт жана кызматкердин колу коюлат.
52. Электрондук формада тариздөөдө РСК электрондук актысы бардык тиркемелери менен салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт. Эгерде субъект РСК актысына кол коюудан жана графикалык кол коюу менен аны алуудан баш тартса, анда кызматкер, субъектке ал кызматкердин талаптарын аткарууга милдеттүү экендигин жана аныкталган эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти субъекттин жеке өзү тартаарын түшүндүрүп берүүгө тийиш. Эгерде, бул учурда да кол коюудан баш тартылcа, анда РСК электрондук актысына "кол коюудан баш тартты" деп жазылып, фото/видео тартуу жүргүзүлөт жана материалдар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык базасына, салык төлөөчүнүн өздүк кабинетине же анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт.
53. Рейддик салык контролун жүргүзүүгө (анын ичинде контролдук сатып алууну жана/же товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну жүргүзүүгө) уруксат берилбеген учурда, кызматкер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 132 жана 136-беренелеринин талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча кагаз жүзүндө же электрондук формада Тоскоолдук көрсөтүү протоколун түзөт, анда түзүлгөн күнү жана орду, кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду, ким жана кандай түрдө тоскоолдук кылгандыгы көрсөтүлөт. Тоскоолдук көрсөтүүнүн түзүлгөн протоколунун кагаз жүзүндөгүсүнө кызматкер менен субъект кол коёт, ал эми электрондук түрдөгүсүнө кызматкер менен субъект графикалык колтамга коёт. Мында субъекттен түшүнүк кат алынат, анда кандай себеп менен тоскоолдук кылуу болгондугу көрсөтүлөт, ал Тоскоолдук көрсөтүү протоколуна тиркелет.
Эгерде субъект кол коюудан жана/же түшүнүк кат берүүдөн баш тартса, кызматкер 2ден кем эмес күбө (күбөлөрдү) чакырат, аларга тоскоолдук көрсөтүү себебин түшүндүрөт жана ал ар Тоскоолдук көрсөтүү протоколуна кол коёт.
54. РСК актысынын кагаз жүзүндөгү формасынын биринчи нускасы (түп нускасы) бардык тиркемелер жана түшүндүрмөлөр менен кызматкер тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамынын талаптарына ылайык бузуулардын аныкталган фактыларын каттоо, кароо жана алар боюнча чараларды көрүү үчүн тийиштүү салык органынын рейддик салык контролун жүргүзүү функциясы жүктөлгөн бөлүмгө тапшырылат.
55. Эгерде РСК актысы салык органы тарабынан субъекттин жүргүзгөн жери боюнча түзүлсө, ал эми өзү башка салык органында салыктык каттоодо турса, анда рейддик салык контролунун актысында көрсөтүлгөн салык мыйзамдарын бузуулар ишмердүүлүк жүргүзгөн жери боюнча каралат.
56. Компетенциясына рейддик салык контролун жүргүзүү милдети жүктөлгөн бөлүм, рейддик салык контролунун материалдарын карап чыккандан кийин, салык текшерүүлөрүн талдоо жана пландоо жүргүзүү учурунда пайдалануу үчүн РСК актысынын көчүрмөсүн (бардык тиркемелери менен) тиешелүү бөлүмгө (секторго) милдеттүү тартипте жиберет.
57. Рейддик салык контролунун жыйынтыктары салык постун аныктоого тийиш болгон тобокелдүү субъекттерди түзүүдө тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн негиздердин бири катары кызмат кылат.
|
| Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартибине 1-тиркеме |
Фирмалык бланкта
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча рейддик салык контролун жүргүзүү укугуна 20___-жылдын "__" ___________ № _____ ЖАЗМА БУЙРУК
________________________________________________________________________________________________
(жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы)
________________________________________________________________________________________________
(кызматкердин аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери)
________________________________________________________________________________________________
(рейддик салык контролуна алынууга тийиш аймактын жана/же
________________________________________________________________________________________________
участоктун, субъекттин аталышы жана ИСНи)
_______________________________________________________________________________________ негизинде
_____________________________________________________________________________________ маселелери
(рейддик салык контролуна алынуучу конкреттүү маселелердин тизмеси)
боюнча _________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________ рейддик салык контролун
(аймак жана же участоктун аталышы)
жүргүзүүнү тапшырат.
Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн мөөнөтү: ______ күн, cалык төлөөчүнүн иштөө режиминде 20___-жылдын "___" ___________ тартып 20___-жылдын "___" ___________ чейин.
Салык кызматынын органынын жетекчиси | _____________________ | ____________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
МО
Салык төлөөчүнүн иштөө режиминде 20___-жылдын " __" ___________ тартып 20___-жылдын "___" ___________ чейин _______ күнгө узартылды.
Салык кызматынын органынын жетекчиси | _____________________ | ____________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
МО | Узартылган күнү 20___-жылдын "___" ____________ | |
Эскертүү: жазма буйрук салык төлөөчүгө же анын өкүлүнө таанышуу жана арткы бетине кол коюу үчүн берилет.
(Жазма буйруктун арткы бети)
Жазма буйрук менен тааныштым
№ | Жазма буйрук менен таанышуу күнү | Ишкердик объектинин аталышы | Субъекттин же анын өкүлүнүн аты-жөнү | Субъекттин же анын өкүлүнүн колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча рейддик салык контролун жүргүзүү укугуна 20___-жылдын "___" ___________ № ______ ЖАЗМА БУЙРУК (электрондук түрү)
_______________________________________________________________________________________________
(жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы)
_______________________________________________________________________________________________
(кызматкердин аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери)
_______________________________________________________________________________________________
(рейддик салык контролуна алынууга тийиш аймактын жана/же
_______________________________________________________________________________________________
участоктун, субъекттин аталышы жана ИСНи)
______________________________________________________________________________________ негизинде
______________________________________________________________________________ маселелери боюнча
(рейддик салык контролуна алынуучу конкреттүү маселелердин тизмеси)
________________________________________________________________ рейддик салык контролун жүргүзүүнү
(аймак жана же участоктун аталышы)
тапшырат.
Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн мөөнөтү: ____ күн, салык төлөөчүнүн иштөө режиминде 20__-жылдын "___" __________ тартып 20___-жылдын "___" ____________ чейин.
QR-коду | Салык кызматынын органынын жетекчисинин аты-жөнү |
Салык төлөөчүнүн иштөө режиминде 20___-жылдын "___" ___________ тартып 20___-жылдын "___" _________ чейин _____ күнгө узартылды.
QR-коду | Салык кызматынын органынын жетекчисинин аты-жөнү |
Узартылган күнү 20___-жылдын "___" _____________
Эскертүү: жазма буйрук салык төлөөчүгө же анын өкүлүнө таанышуу жана графикалык кол коюу үчүн берилет.