|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна) |
Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Контролдук сатып алууну жүргүзүүнүн жана тариздөөнүн ушул Тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 129, 130-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) колдонуу тартибин сактоону салыктык контролдоонун маанилүү формаларынын бири катары контролдук сатып алууну жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартибин аныктайт.
2. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан ККМ колдонуунун талаптарын жана тартибин сактоону, анын ичинде калкка контролдук-кассалык чектерди берүүнү контролдоо үчүн гана жүргүзүлөт жана мезгил аралыгы чектелбестен ишке ашырылат.
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарын колдонууда контролдук сатып алуу калкка берилүүчү контролдук-кассалык чектердин алардын төлөмгө берилген документтерине дал келишин контролдоо үчүн салык кызматынын органдары тарабынан ишке ашырылат.
3. Контролдук сатып алууну жүргүзүүдө салык кызматынын органдары ККМде жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системаларында жана/же фискалдык маалыматтардын операторунда сакталган маалыматтарды пайдаланууга укуктуу.
4. Контролдук сатып алууну жүргүзүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө же соода операцияларында акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда ККМди колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо жагынан ак ниеттүү эмес салык төлөөчүлөрдү аныктоо;
2) түшкөн акчанын көлөмүн минималдаштырууга, салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерди азайтууга багытталган экономикамын көмүскө секторунда салык төлөөчүнүн ишин табуу жана болтурбоо;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127-беренесинде каралган мыйзамдуу негиздер болгондо тийиштүү рейддик салык контролун жүргүзүү жөнүндө маселени кароо үчүн салык төлөөчүнүн иши жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана изилдөө;
4) ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарын бузууларды аныктоо.
5. Контролдук сатып алууну жүргүзүү үчүн салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча төмөнкүдөй реквизиттерди камтыган жазма буйрукка кол коёт:
1) жазма буйрукту каттоо күнү жана номери;
2) салык кызматынын органынын: аталышы;
3) контролдук сатып алууну жүргүзүүгө тартылган салык кызматынын органынын аты-жөнү;
4) салык төлөөчүнүн толук аталышы;
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН);
6) контролдук сатып алуунун негизи;
7) контролдук сатып алууну жүргүзүү мөөнөтү.
Кагаз жүзүндө тариздөө учурунда кол коюлган жазма буйрук гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Жазма буйрукту электрондук формада тариздөөдө, жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы салык кызматынын органынын жетекчисинин электрондук колу коюлат (тастыкталат) жана кагаз түрүндө басып чыгарууда гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
6. Контролдук сатып алуу жүргүзүлө турган субъекттердин тизмеси ККМди колдонбоо тобокелдигинин факторлорун талдоонун натыйжаларынын негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында түзүлөт, аталган факторлорго төмөнкүлөр кирет:
- ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын маалыматы боюнча ККМде активдүүлүктүн жоктугу;
- контролдук-кассалык чектерди чыгарып берүүнүн мезгили үзгүлтүксүз эмес;
- чоң суммада түшкөн акчага контролдук-кассалык чектерди бир чек менен чыгарып берүү;
- субъекттин иштөө режиминин мезгилинде контролдук-кассалык чектер минимумдук санда чыгарып берилген;
- ККМди калк үчүн жеткиликсиз жерде колдонуу (эркин кирүү);
- сатып алуучу же кардар үчүн жеткиликтүү болгон жерде сатылуучу товарлардын баалары жок же көрсөтүлүүчү кызматтардын, аткарылуучу жумуштардын прейскуранттары болбогондугу;
- сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерде ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу керектиги жөнүндө маалыматтын жоктугу.
2-глава. Контролдук сатып алууну жүргүзүүнүн тартиби
7. Салык кызматынын органынын кызмат адамы (мындан ары - кызматкер) контролдук сатып алуу жүргүзүлө турган субъект жайгашкан жерге келип, төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн субъекттин ишине жана мүлк объектисине визуалдык байкоо жүргүзөт:
- соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө калк менен акчалай эсептешүүлөрдө субъект же анын өкүлү (мындан ары - субъект) тарабынан ККМ колдонулушуна жана анын бар экенине. Эгерде сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүдө ККМ колдонулбаса (чектер чыгарып берилбесе), анда бул факт контролдук сатып алууну жүргүзүү жана касса боюнча накталай акча каражаттарынын калдыгын (накталай түшкөн акчаны) алуу жана ашыкча акча каражаттарын аныктоо жолу менен далилденет;
- сатуучу (кассир) менен эмгек келишиминин (буйруктун) иш жүзүндө болушу.
8. Визуалдык байкоо жүргүзгөндөн кийин кызматкер контролдук сатып алууну жүргүзөт жана субъектке төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- жазма буйрук менен таанышуу жана арткы бетине таанышкандыгы жөнүндө кол коюу үчүн кагаз түрүндөгү жазма буйруктун түп нускасын жана кызматтык күбөлүгүн;
- жазма буйрук менен таанышуу жана таанышкандыгы жөнүндө графикалык кол коюу үчүн тийиштүү алып жүрүүчүлөрдө электрондук формадагы жазма буйрукту. Кызматкер жазма буйрукту өз ара макулдашуунун негизинде мессенджерлер аркылуу субъекттин электрондук дарегине таанышуу үчүн электрондук формада жөнөтө алат.
Субъект жазма буйруктун номерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын сайтынын жазма буйруктар бөлүмүндө жазма буйруктун аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
9. Жазма буйрукту жана кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин кызматкер субъекттен контролдук сатып алуу учурунда ККМди өчүрбөстөн арадагы контролдук чекти чыгарып берүүнү (мындан ары - Х-отчет) талап кылат.
10. Субъект товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарын пайдаланган учурда кызматкер ал субъекттен Х-отчеттон тышкары мындай программалык каражаттар аркылуу, белгилүү бир мезгил үчүн акы төлөөгө карата берилген документтердин суммасы боюнча жыйынтыктоочу маалыматты камтыган арадагы отчетту (мындан ары - арадагы отчет) басып чыгарууну талап кылат.
11. Субъект кызматкерге Х-отчетун жана/же арадагы отчетун берүүдөн баш тарткан учурда, кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча Тоскоолдук көрсөтүү протоколун түзөт, анда Х-отчетту жана арадагы отчетту бербегени кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы катары көрсөтүлөт. Мында субъект кызматкерге Контролдук сатып алуу актысына тиркелүүчү X-отчетту жана/же арадагы отчетту бербегендигинин себептери жөнүндө түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
12. Кызматкер Х-отчетту жана/же арадагы отчетту алгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын толтуруу менен субъекттин кассасындагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгын алат, мында накталай акча купюра боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт жана контролдоо учурунда түшкөн акчанын жалпы суммасы цифра менен жана жазуу түрүндө көрсөтүлөт, ал Контролдук сатып алуу актысына тиркелет. Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кызматкер жана субъект кол коёт.
13. Эгерде бир объектте субъект тарабынан бир нече ККМ колдонулса, анда кассалык тартипти контролдоо ар бир ККМ боюнча жүргүзүлөт.
14. Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу учурунда кызматкер субъекттин экономикалык иш жүргүзүү үчүн пайдаланган аймагын, жайларын, мүлк объектилерин (анын ичинде транспорт каражаттарын) ККМ аркылуу кассадан өткөрүлбөгөн иш жүзүндөгү акча каражаттарынын суммасын жашырып албагандыгына текшерүүгө укуктуу.
3-глава. Контролдук сатып алууну тариздөө жана натыйжаларын карап чыгуу тартиби
15. Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алгандай кийин кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча Контролдук сатып алуу актысын (мындан ары - КСА актысы) тариздейт, анда милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- контролдук сатып алууну жүргүзгөн күнү, орду, убактысы;
- кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду;
- жазма буйруктун номери жана датасы;
- жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
- контролдоо учурунда катышкан субъекттин аты-жөнү, ээлеген кызматы, байланыш телефон номери жана анын жашаган жеринин дареги;
- ишкердик объектисинин аталышы жана дареги;
- жүргүзгөн ишинин түрү;
- субъекттин аталышы жана ИСН;
- субъект катталган салык органынын аталышы;
- сатуучунун (кассирдин) аты-жөнү, ИСНи жана ээлеген кызматы көрсөтүлгөн, иштегенин ырастоочу документтин болушу;
- инспектордук текшерүү китебинин болушу;
- баалардын (прейскуранттар, меню) болушу;
- ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматтын болушу;
- сатып алынган товардын (кызмат көрсөтүүнүн) аталышы, баасы, саны жана суммасы;
- ККМдин каттоо маалыматтары;
- контролдук сатып алуунун натыйжасы тууралуу маалымат:
а) ККМди колдонуу жана сатып алуучунун колуна чекти берүү менен;
б) ККМди колдонуу менен чек чыгарылган, бирок сатып алуучунун колуна берилген эмес;
в) ККМ колдонбостон, ККМ бар экенине карабастан чек чыгарып берилген эмес;
г) ККМди колдонуу менен чек сатып алуунун наркынан азыраак суммада чыгарып берилген (чыгарылган чекте суммасын көрсөтүү менен);
д) бузук ККМ колдонуу менен;
е) ККМ колдонбостон, бирок товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаты аркылуу басып чыгарылган документти сатып алуучунун колуна берүү менен;
- кассадан накталай акча каражаттарын алуу актысына ылайык, накталай түшкөн акчанын суммасы;
- Х-отчетто көрсөтүлгөн сумма, ал эми Х-отчеттун өзү КСА актысына тиркелет;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу арадагы отчетто көрсөтүлгөн сумма, ал эми арадагы отчеттун өзү КСА актысына тиркелет.
16. Контролдук сатып алуу учурунда кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгы Х-отчетто жана арадагы отчетто көрсөтүлгөн суммалар менен салыштырылат.
17. Эгерде кассада накталай акча каражаттары Х-отчетто жана арадагы отчетто көрсөтүлгөн суммадан көп болсо, анда ашыкча сумма сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти чыгарып бербегендигинин далили болуп саналат жана КСА актысында сумма цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүлүп, "ашыкчасы" деп жазылат, мында субъекттен милдеттүү түрдө түшүнүк кат алынат, ал КСА актысына тиркелет.
Эгерде субъект түшүнүк кат берүүдөн баш тартса, анда КСА актысында түшүнүк кат берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
18. Кассадагы акча каражаттарынын ашыкча экендиги ырасталган учурда, субъект аныкталган ашыкча суммага ККМ аркылуу контролдук-кассалык чекти басып чыгарууга милдеттүү.
19. Эгерде кассадагы накталай акча каражаттары Х-отчетто жана арадагы отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, мындай учурда кем чыгуу фактысы байкалат жана КСА актысында сумма цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүлүп, "кем чыгуу" деп жазылат, мында субъекттен милдеттүү түрдө түшүнүк кат алынат, ал КСА актысына тиркелет.
Эгерде субъект түшүнүк кат берүүдөн баш тартса, анда КСА актысында түшүнүк кат берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
20. Эгерде товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу алынган арадагы отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан көп болсо, анда айырманын (ашыкча) суммасы контролдук-кассалык чектин чыгарып берилбегендигинин далили болуп эсептелет жана КСА актысында сумма цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүлүп, "ашыкча" деп жазылат, мында субъекттен милдеттүү түрдө дал келбестиктин аныкталган фактысы жөнүндө түшүнүк кат алынат, ал КСА актысына тиркелет.
Субъект түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда, КСА актысында түшүнүк кат берүүдөн баш тартканы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
21. Эгерде товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу алынган арадагы отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда айырманын суммасы кем чыгуу болуп эсептелет, КСА актысында сумма цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүлүп, "кем чыгуу" деп жазылат.
22. КСА актысы жана анын тиркемелери кагаз жүзүндө, ошондой эле тийиштүү алып жүрүүчүдө электрондук формада таризделиши мүмкүн. Кагаз түрүндө таризделген КСА актысына кызматкер жана субъект тарабынан кол коюлат, актыны электрондук формада тариздөөдө кызматкердин жана субъекттин графикалык колу колдонулат.
23. Контролдук сатып алуунун жүрүшүндө салык мыйзамдарынын кандайдыр бир талаптарын бузуулар аныкталганда жана аларды тактоо зарыл болгондо, КСА актысында аныкталган бузуулар боюнча шарттарды териштирүү жана өзү менен алып келиши керек болгон документтердин тизмесин көрсөтүү менен жоопкерчилик чегин кароо үчүн кайсы салык органына, кайсы бөлүмгө, секторго (бөлүмдүн, сектордун аталышын) жана кайсы кабинетке (кабинеттин номери) качан келүүгө милдеттүү экендиги көрсөтүлөт.
24. Кагаз түрүндө таризделген учурда, КСА актысынын экинчи нускасы (көчүрмөсү) тиркемелердин бардык көчүрмөлөрү менен субъектке кол койдуруу менен тапшырылат. Эгерде субъект КСА актысына кол коюудан баш тартса, анда кызматкер субъектке анын талаптарын аткарууга милдеттүү экендиги жана аныкталган бузуулар үчүн жоопкерчилик субъекттин жеке өзүнө жүктөлөрүн түшүндүрүп берүүгө тийиш. Эгерде бул учурда да кол коюудан баш тартса, анда КСА актысына "кол коюудан баш тартты, КСА актысынын экинчи нускасы тапшырылды" деп жазылып, күнү жана кызматкердин колу коюлат.
25. КСА актысын бардык тиркемелери менен электрондук формада тариздөөдө салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт. Эгерде субъект кол коюудан жана графикалык кол коюу менен КСА актысын алуудан баш тартса, кызматкер субъектке анын талаптарын аткарууга милдеттүү экенин жана аныкталган бузуулар үчүн жоопкерчиликти субъекттин жеке өзү тартаарын түшүндүрүп берүүгө тийиш. Эгерде бул учурда да кол коюудан баш тартса, анда КСА электрондук актысына "кол коюудан баш тартты" деп жазылат - видео/фото сүрөткө тартуу жүргүзүлөт жана материалдар ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат базасына, салык төлөөчүнүн жеке кабинетине, же анын электрондук дарегине, же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт.
26. Контролдук сатып алууну жүргүзүүгө (анын ичинде кассадагы акча каражаттарынын калдыктарын алуу үчүн) уруксат берилбеген учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 132 жана 136-беренелеринин талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча кагаз жүзүндө же электрондук формада Тоскоолдук көрсөтүү протоколун түзөт, анда түзүлгөн күнү жана орду, кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду, ким жана кандай жол менен тоскоолдук кылгандыгы көрсөтүлөт. Кагаз жүзүндө түзүлгөн Тоскоолдук көрсөтүү протоколуна кызматкер кол коёт жана таанышкандан кийин - субъект кол коёт, электрондук түрүнө кызматкер жана субъект графикалык кол тамгаларын коюшат. Мында субъекттен түшүнүк кат алынат, анда кандай себеп менен тоскоолдук кылуу болгондугу көрсөтүлөт, ал тоскоолдук көрсөтүү протоколуна тиркелет.
Эгерде субъект кол коюудан жана/же түшүнүк кат берүүдөн баш тартса, кызматкер 2ден кем эмес күбө (күбөлөрдү) чакырат, аларга тоскоолдук көрсөтүүнүн себебин түшүндүрөт жана Тоскоолдук көрсөтүү протоколуна алар кол коёт.
27. КСА актысынын кагаз түрүндөгү биринчи нускасы (түп нускасы) бардык тиркемелери жана түшүндүрмөлөр менен, компетенциясына контролдук сатып алууну жүргүзүү функциясы кирген бөлүмгө, табылган бузууларды кароо жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн кызматкер тарабынан тапшырылат.
28. Эгерде КСА акты салык органы тарабынан субъекттин иш жүргүзгөн жеринде түзүлсө, ал эми анын салыктык каттоосу башка салык органында болсо, анда КСА актысында көрсөтүлгөн салык мыйзамдарын бузуулар иш жүргүзгөн жери боюнча каралат.
29. Компетенциясына контролдук сатып алууну жүргүзүү функциясы кирген бөлүм контролдук сатып алуу материалдары каралгандан кийин бардык тиркемелери менен КСА актысынын көчүрмөсүн, талдоо жүргүзүүдө жана салыктык текшерүүлөрдү пландоодо пайдалануу үчүн тиешелүү бөлүмгө (секторго) милдеттүү түрдө жиберет.
30. Контролдук сатып алуунун жыйынтыктары рейддик салыктык контролдоого жана салык постун орнотууга тийиш тобокелдик жараткан субъекттерди тизмектөөдө тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн негиздердин бири катары колдонулат.