Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 177
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дары каражаттарынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жободо:
14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу, онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек (анын ичинде мөөнөттүү) жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде зарыл болгон жумуштарды аткаруу үчүн юридикалык жана жеке жактарды белгиленген тартипте тартууга;
- келишимдик негизде тышкы эксперттерди (адистерди) тартууга;";
- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- тышкы эксперттердин (адистердин) кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |