Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-апрели № 227
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментин түзүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-ноябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 521 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборду кайра уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 824 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35 (3107) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |