Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-марты № 130
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85, 86-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
38-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-берене. Билим берүү уюмдарын башкаруу
Билим берүү уюмдарын башкаруу демократиялаштыруу, борборлоштуруудан ажыратуу, өз алдынчалуулук жана өз алдынча башкаруу принциптеринде түзүлөт.
Билим берүү уюмдарын биргелешип башкаруунун формалары болуп жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуу, педагогикалык жана башка кеңештер же комитеттер саналат. Өз алдынча башкаруу органдарын тандоонун тартиби жана алардын компетенциясы, кеңеш менен билим берүү уюмунун жетекчисинин ортосундагы ыйгарым укукту чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат. Билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти ректор, директор, башчы же башка жетекчи (администратор) жүзөгө ашырат.
Республикалык бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, мектептердин, балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын мектептен тышкаркы, атайын жана кошумча билим берүү уюмдарынын, баштапкы кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдардын жетекчилери - билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан дайындалат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
"Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө дайындалат.
Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындалышы мүмкүн эмес.
Мамлекеттик, анын ичинде "улуттук" статусу бар жогорку окуу жайынын жетекчиси кызмат ордунан бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы анын милдеттерин аткарууну жетекчинин орун басарларынын бирине же мамлекеттик жогорку окуу жайынын башка кызматкерлерине жаны жетекчи дайындалганга чейин убактылуу жүктөйт.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз-Республикасынын Президенти |
|