Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-марты № 156
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 "Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 "Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6-пункту "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү" деген сөздөрдөн кийин "Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берсин;
- Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин балансында болгон компьютердик техниканы (ноутбуктарды) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине убактылуу пайдаланууга берсин.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |