Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы N 602 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-сентябры № 157
Почта кызматынын уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө кызматтары үчүн чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы тарабынан пенсияларды төлөп берүүгө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун чыгымдарын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды жана жөлөкпулдарды почталык тейлөөгө төмөнкүдөй чыгымдардын ченеми белгиленсин:
- 2022-жылдын 1-январынан тартып - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,20% деңгээлинде;
- 2023-жылдын 1-январынан тартып - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,10% деңгээлинде;
- 2024-жылдын 1-январынан тартып - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 0,95% деңгээлинде;
- 2025-жылдын 1-январынан тартып - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 0,80% деңгээлинде.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонд менен биргеликте пенсиялык каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана максаттуу эмес пайдалануу фактыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын пенсияларды төлөөгө карата келишимдик милдеттенмелерин аткаруу боюнча тартип бузууларды жокко чыгаруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
3) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-декабрындагы № 758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы № 93 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |