Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-декабры № 758
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын республикалык бюджеттен пенсияларды төлөө чыгымдарын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Пенсиялык фонддун камсыздандыруу төлөөлөрүн почталык тейлөөгө чыгымдардын нормасын белгилесин:
2011-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,5 проценти деңгээлинде;
2012-жылдын 1-январынан - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,3 проценти деңгээлинде;
- пенсиялык каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана максаттуу эмес пайдалануу фактыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын пенсияларды төлөөгө карата келишимдик милдеттерин аткаруу боюнча тартип бузууларды түп тамырынан жоюу боюнча чараларды көрсүн".
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов
|