Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-марты № 174
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Ысык-Көл" аэропортунда өткөрүү пунктунун талаптагыдай иштешин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы эл аралык аба катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын тизмесинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | "Ысык-Көл" аэропорту | Ысык-Көл облусу, Тамчы айылы, "Ысык-Көл" аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги "Ысык-Көл" аба өткөрүү пунктун Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык материалдык-техникалык жабдуу үчүн эсептөөлөрдү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Ысык-Көл" аба өткөрүү пунктун материалдык-техникалык жабдуу үчүн зарыл болгон каражаттарды контролдоочу органдарга бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Мамлекеттик органдар ушул токтомго ылайык бөлүнгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
5. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна контролдоочу органдарды Евразия экономикалык бирлигинин талантарына ылайык аянттар жана жайлар менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Төрага |
А.У. Жапаров |