Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 175
Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзүү, башкаруу жана финансылык отчеттуулукту берүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзүү, башкаруу жана финансылык отчеттуулукту берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзүү, башкаруу жана финансылык отчеттуулукту берүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-1-беренесине ылайык финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин (мындан ары - ФОАД) түзүү, башкаруу жана финансылык отчеттуулуктун берүү тартибин белгилейт.
2. ФОАД - мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестринин курамдык бөлүгү болуп саналган финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну чогултуунун, сактоонун, жалпылоонун, талдоонун жана жарыялоонун бирдиктүү электрондук системасы.
2. ФОАДды түзүү жана башкаруу
3. ФОАДды түзүү максатында бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну чогултуу, сактоо, жалпылоо, талдоо жана жарыялоо үчүн программалык камсыздоону (мындан ары - ПК) иштеп чыгууну жана орнотууну;
2) "Түндүк" маалыматтык ресурсу аркылуу маалыматтар бериле турган маалымат системалары менен ПКнын өз ара аракеттенүүсүн.
4. ФОАДды башкаруу максатында ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды чогултууну, сактоону жана жалпылоону;
2) Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен ФОАДдын маалыматтарынын сакталышын, коопсуздугун жана маалыматтарын коргоону;
3) субъекттер онлайн режиминде финансылык отчетторду жана аудитордук корутунду бериши үчүн зарыл шарттарды;
4) финансылык отчеттор жана аудитордук корутундулар толук жана мөөнөтүндө берилишин сактоону текшерүүнү;
5) ФОАДдын веб-порталы аркылуу финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды жарыялоону;
6) ФОАДдын күнү-түнү иштешин жана ФОАДга киргизилген маалыматты автоматташтырылган иштетүүнү;
7) Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, ФОАДда жарыяланган финансылык отчетторго жана аудитордук корутундуларга ар кандай кызыкдар жактын тез жана эркин жеткиликтүүлүгүн;
8) ФОАДдын маалыматтарын мезгил-мезгили менен ыйгарым укуктуу органдын резервдик булагына көчүрүүнү, бул аларды резервдик булактан кайрадан калыбына келтирүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет;
9) ФОАДдын веб-порталында ачык жеткиликтүү болгон көп келип чыккан суроолор жана аларга жооптор жөнүндө маалыматты жайгаштыруу аркылуу электрондук почта боюнча ФОАДдын иштешине байланыштуу пайда болгон маселелер тууралуу бардык кызыкдар жактарды маалыматтык колдоону.
5. ФОАДды түзүүдө жана башкарууда төмөнкүдөй негизги принциптер колдонулат: легитимдүүлүк, маалыматтарды аутентификациялоо, идентификациялоо, маалыматтардын маанилүүлүгүнүн принциби, системалык аудит принциби, программалык платформадан көз карандысыздык, жеткиликтүүлүк жана бүтүндүк, купуялуулук, шайкештик принциби, пайдалануунун ыңгайлуулугу, кеңейүү мүмкүнчүлүгү, прогрессивдүү өнүктүрүү принциби, ырааттуулук, операциялык натыйжалуулук принциби, ачык стандарттарды пайдалануу принциби, маалыматтык коопсуздук принциби.
6. Жеке жана юридикалык жактар ФОАДдын веб-порталында катталгандан кийин ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири ишкердиктин субъекттери тарабынан түзүлгөн финансылык отчеттуулук, бириктирилген финансылык отчеттуулук жана аудитордук корутунду жөнүндө маалыматты алууга укуктуу. Каттоо учурунда аты-жөнү, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), электрондук почтанын дареги боюнча маалыматтары киргизилет жана маалыматты алуунун максаты көрсөтүлөт.
7. Чакан жана орто ишкердик субъекттери (мындан ары - ЧОИ) үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары - ФОЭС) ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулук, бириктирилген финансылык отчеттуулук жана аудитордук корутундулар ФОАДда сакталат жана 5 (беш) жыл аралыгында ачык жеткиликтүү болот.
3. ФОАДда финансылык отчеттуулукту берүү тартиби
8. Ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири ишкердиктин субъекттери жана орто ишкердиктин субъекттери отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ФОЭСке, ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту жана бириктирилген финансылык отчеттуулукту ФОАДга берүүгө милдеттүү.
9. ФОЭСке, ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту, бириктирилген финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну берүү үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте субъекттин жетекчиси тартат.
10. Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аудит милдеттүү болуп саналган ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири ишкердиктин субъекттери ушул Тартиптин 16-пунктунда белгиленген тартипте аудитордук корутундуну берет. ФОЭСке ылайык бириктирилген финансылык отчеттуулукту түзгөн ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири ишкердиктин субъекттери бириктирилген финансылык отчеттуулукка аудитордук корутундуну берет.
11. ФОЭСке, ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулук, бириктирилген финансылык отчеттуулук жана аудитордук корутунду ПК аркылуу субъекттин электрондук санариптик кол тамгасынын (мындан ары - ЭСК) негизинде ырастоо менен субъекттин жеке кабинети аркылуу субъект тарабынан берилет.
12. ФОЭСке, ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулук, бириктирилген финансылык отчеттуулук жана аудитордук корутунду берилгенин ырастоо үчүн Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык электрондук санариптик кол тамганы текшерүүнүн ачкычтарынын квалификациялык сертификаттары колдонулат.
13. ФОЭСке, ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту, бириктирилген финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну берүү маалыматты криптографикалык коргоонун сертификатталган каражаттарын милдеттүү колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
14. Жеке кабинетти түзүү үчүн субъекттер ушул Тартиптин тиркемесине ылайык жалпы маалыматтарды киргизет. Жалпы маалыматтар зарылдыгына жараша мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.
15. ФОЭСке, ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулук, бириктирилген финансылык отчеттуулук, финансылык отчеттуулукка эскертүүлөр жана аудитордук корутундуну ПДФОго төмөнкүдөй форматтарда берилет:
1) текстти жана сүрөттөрдү камтыган документтер: Adobe Acrobat (pdf);
2) графикалык сүрөттөрдү камтыган документтер: TIFF, JPEG (tif, jpg), кеминде 150dpi кеңейтүү менен;
3) архивдерди камтыган документтер: ZIP, RAR.
16. Финансылык отчеттуулуктун, бириктирилген финансылык отчеттуулуктун маалыматтары финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдү жана аудитордук корутундуну кошпогондо ПКга орнотулган электрондук шаблондо берилет.
17. Финансылык отчеттуулуктан жана аудитордук корутундудан тышкары, ПКга ушул Тартиптин тиркемесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык субъекттердин ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтар киргизилет.
18. Субъект тарабынан электрондук шаблондогу ПКга киргизилген маалыматтар автоматтык түрдө формаларды туура толтуруу жол-жобосунан өтөт.
19. ПКнын ылайыгына жараша электрондук шаблондо талааларды верификациялоонун логикалык механизми болот жана талааларда каталар табылган учурда маалыматтарды сактабайт жана каталарды камтыган талааны бөлүп көрсөтөт.
20. Субъекттер берген маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзгөртүлүүгө жана оңдоп-түзөлүүгө тийиш эмес.
21. Финансылык отчеттуулук жана аудитордук корутунду ФОАДдын веб-порталына жайгаштырылат жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен жарыяланат.
22. Жаңыдан түзүлгөн уюмдар өздөрү юридикалык жактын мамлекеттик катталган учурунан тартып ошол эле жылдын 31-декабрына чейинки мезгил үчүн жылдык финансылык отчеттуулукту берет.
4. ПДФОнун маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу
23. Ыйгарым укуктуу орган ПДФОнун маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү:
1) Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда алынган ачык эмес маалыматтардын купуялуулук режимин камсыз кылуу;
2) маалыматтардын коопсуздугун жана аныктыгын, ошондой эле белгиленген тартипте аларга жетүүнү;
3) жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалыматтарды бөгөттөө жана бөгөттөн чыгаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
24. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) уруксатсыз кирүүнү, бөгөттөөнү, өткөрүп берүүнү, ошондой эле аларды кокусунан же уруксатсыз жок кылууну, өзгөртүүнү же жоготууну болтурбоо максатында маалыматтардын сакталышын;
2) маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулуучу жабдууларга бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол бербөө (жетүүнү контролдоо).
25. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө жол бербөөгө милдеттүү:
1) маалыматтарды жана маалымат алып жүрүүчүлөрдү өз алдынча окууга, көчүрүүгө, өзгөртүүгө же алып чыгарууга (маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү пайдаланууну контролдоо);
2) маалыматтарды өз алдынча жазууга жана жазылган маалыматтарды өзгөртүүгө же жок кылууга (жазууларды контролдоо) жана качан, ким тарабынан жана кайсы жеке маалыматтар өзгөртүлгөндүгүн аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга.
|
| Тартипке тиркеме |
Ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири жана орто ишкердик субъекттери жөнүндө ЖАЛПЫ МААЛЫМАТТАР
1-бөлүм. Ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн
№ | Саптын аталышы | Ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири жана орто ишкердик субъекттери жөнүндө маалыматтар |
1 | Мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн номери |
|
2 | Мамлекеттик каттоо датасы | Уюмду мамлекеттик (эсептик) каттоо (кайра каттоо) датасы |
3 | СИН | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери |
4 | Уюштуруу-укуктук формасы |
|
5 | Субъекттин аталышы | Уюмдун толук аталышы |
6 | Жайгашкан жери | Уюмдун юридикалык дареги (почта индекси, облус, район, калктуу конуш, көчөнүн аталышы, үйдүн, батирдик, телефондун, факстын номери, веб-сайт, e-mail) |
7 | Жетекчи (жогорку кызмат адамы) | Уюмдун биринчи жетекчисинин (жогорку кызмат адамынын) аты-жөнү жана идентификациялык жеке номери (ИЖН) |
8 | Бухгалтер | Уюмдун башкы бухгалтеринин аты-жөнү жана ИЖНи |
9 | Аудитордук компания | Толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери, почта дареги, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, ОКПО коду |
2-бөлүм. ПДФОго берүү үчүн финансылык отчеттуулуктун негизги көрсөткүчтөрү
1) финансылык абал жөнүндө отчетко киргизилүүчү маалыматтар
Код | Көрсөткүчтүн аталышы | Отчеттук мезгилдин башында | Отчеттук мезгилдин аягында |
| Активдер |
|
|
(010) | 1. Жүгүртүүчү активдер |
|
|
(020) | 2. Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер |
|
|
(030) | 3. Узак мөөнөттүү дебитордук карыздар |
|
|
(040) | 4. Кыска мөөнөттүү дебитордук карыздар |
|
|
(050) | Бардыгы: активдер (010+020+030+040) |
|
|
| Милдеттенме жана капитал |
|
|
(060) | 1. Кыска мөөнөттүү милдеттенме |
|
|
(070) | 2. Узак мөөнөттүү милдеттенме |
|
|
(080) | Бардыгы: милдеттенмелер (060+070) |
|
|
(090) | Өздүк капитал |
|
|
| 1. Уставдык капитал |
|
|
| 2. Кошумча төлөнгөн капитал |
|
|
| 3. Бөлүштүрүлбөгөн киреше |
|
|
| 4. Резервдик капитал |
|
|
(100) | Бардыгы: милдеттенмелер жана өздүк капитал (060+070+090) |
|
|
2) киреше жана чыгымдар жөнүндө отчетко киргизилүүчү маалыматтар
Код | Көрсөткүчтүн аталышы | Отчеттук мезгилдин башында | Отчеттук мезгилдин аягында |
(010) | Дүң киреше |
|
|
(020) | Башка операциялык иштерден алынган кирешелер жана чыгымдар (кирешелер - чыгымдар) |
|
|
(030) | Операциялык чыгымдар |
|
|
(040) | Операциялык иштерден алынган киреше/чыгым (010+020-030) |
|
|
(050) | Операциялык эмес иштерден алынган кирешелер жана чыгымдар |
|
|
(060) | Салык эсептелип чыгарылганга чейинки киреше (чыгым) (040+050) |
|
|
(070) | Кирешеден алынуучу салыктар боюнча чыгымдар |
|
|
(080) | Кадыресе иштерден алынган киреше (чыгым) (060-070) |
|
|
(090) | Кирешеден алынуучу салык чыгарып салынгандан кийинки өзгөчө беренелер |
|
|
(100) | Отчеттук мезгилдеги таза киреше (чыгым) (080+090) |
|
|
3) капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетко киргизилүүчү маалыматтар
Код | Көрсөткүчтүн аталышы | Отчеттук мезгилдин башында | Отчеттук мезгилдин аягында |
(010) | 20___-жылдын "__" ___________ карата сальдо |
|
|
(020) | Эсепке алуу саясатындагы өзгөрүүлөр жана олуттуу каталарды оңдоо |
|
|
(030) | Кайра эсептелген сальдо |
|
|
(040) | Кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчетто эске алынбаган таза киреше же чыгым |
|
|
(050) | Отчеттук мезгилдеги таза киреше (чыгым) |
|
|
(060) | Дивиденддер |
|
|
(070) | Акциялардын эмиссиясы |
|
|
(080) | Кирешени бөлүштүрүүгө чектөө |
|
|
(090) | Уставдык капиталдагы өзгөртүү |
|
|
(100) | 20___-жылдын "__" __________ карата сальдо |
|
|
3-бөлүм. Ачык кызыкчылыктын субъекттери (мындан ары - АКС) үчүн маалыматтар, 1-бөлүмгө кошумча
1. __________________________________________________________________________________________ (АКСтин толук жана кыскартылган аталышы)
2. АКСтин аткаруу органынын бардык мүчөлөрүнүн тизмеси
Байкоочу органдын мүчөсүнүн аты-жөнү | Азыркы учурда ээлеп турган кызмат орундары | Ага таандык болгон баалуу кагаздардын саны | АКСтин уставдык капиталындагы үлүш (%) | Соңку 5 жылда АКСтин башкаруу органдарынан тышкары ээлеген кызмат орду | Юридикалык жактарда мурда ээлеген жетекчи кызмат орундары | Туунду жана көз каранды коомдун уставдык капиталына катышуу өлчөмү | Жетекчилери уставдык капиталдын 5% жана андан ашыгына ээлик кылган юридикалык жактардын тизмеси | Аффилирленген жактардын тизмеси | |
башкаруу органдарында | башкаруу органдарынан тышкары | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
3. АКСтин директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн тизмеси
Байкоочу органдын мүчөсүнүн аты-жөнү | Азыркы учурда ээлеп турган кызмат орундары | Ага таандык болгон баалуу кагаздардын саны | Соңку 5 жылда АКСтин уставдык капиталындагы үлүш (%) | АКСтин башкаруу органдарынан тышкары ээлеген кызмат орду | Юридикалык жактарда мурда ээлеген жетекчи кызмат орундары | Туунду жана көз каранды коомдун уставдык капиталына катышуу өлчөмү | Жетекчилери уставдык капиталдын 5% жана андан ашыгына ээлик кылган юридикалык жактардын тизмеси | Аффилирленген жактардын тизмеси | |
башкаруу органдарында | башкаруу органдарынан тышкары | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
4. АКСтин ревизиялык органынын бардык мүчөлөрүнүн тизмеси
Байкоочу органдын мүчөсүнүн аты-жөнү | Азыркы учурда ээлеп турган кызмат орундары | Ага таандык болгон баалуу кагаздардын саны | АКСтин уставдык капиталындагы үлүш (%) | АКСтин башкаруу органдарынан тышкары ээлеген кызмат орду | Юридикалык жактарда мурда ээлеген жетекчи кызмат орундары | Туунду жана көз каранды коомдун уставдык капиталына катышуу өлчөмү | Жетекчилери уставдык капиталдын 5% жана андан ашыгына ээлик кылган юридикалык жактардын тизмеси | Аффилирленген жактардын тизмеси | |
башкаруу органдарында | башкаруу органдарынан тышкары | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
5. Кызмат адамдарынын сыйакылары жөнүндө маалыматтар
Коомдун кызмат адамдары | Төлөнүүчү сыйакынын жана компенсациялардын өлчөмү |
|
|
6. Мыйзам бузуу жана жорук жасагандыгы үчүн жетекчи адамдарды жоопкерчиликке жана жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалыматтар.
Отчеттук мезгилдин аягына карата жоюлбаган экономикалык кылмыштар, жоруктар жана мыйзам бузуулар үчүн жетекчи адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалыматтар.
Жетекчинин аты-жөнү | Жоопко тартуу датасы | Берене, кыскача баяндалышы |
|
|
|
7. Үлүштөрдүн/баалуу кагаздардын ээлеринин жана коомдун кызматкерлеринин саны
Отчеттук жылдын аягына карата абал боюнча үлүштөрдүн/баалуу кагаздардын ээлеринин саны |
|
Отчеттук мезгилдин аягына карата АКСтин кызматкерлеринин саны |
|
8. Үлүштөрдүн/баалуу кагаздардын чет өлкөлүк ээлеринин тизмеси
Баалуу кагаздардын сатып алынган түрлөрүн көрсөтүү менен чет өлкөлүк инвесторлордун тизмеси | Инвестор резиденти болуп саналган өлкө | Баалуу кагаздардын түрү | АКСке таандык болгон баалуу кагаздардын үлүшү/саны | АКСтин сатып алынган үлүштөрү/баалуу кагаздары үчүн иш жүзүндө төлөнгөн сумма | Үлүштөрдү/ баалуу кагаздарды сатып алуу датасы | Уставдык капиталдагы үлүш (%) |
|
|
|
|
|
|
|
9. Үлүштөрдүн/баалуу кагаздардын жалпы санынын кеминде 5 пайызына ээлик кылган АКСтин үлүштөрүнүн/баалуу кагаздарынын бардык ээлеринин тизмеси
Бүтүм түзүлгөн дата | АКСтин толук аталышы, баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоо номери | Юридикалык жактын үлүштөрүнүн/ баалуу кагаздарынын ээлеринин толук аталышы же үлүштөр/баалуу кагаздар андан ажыратылып жаткан жеке жактын үлүштөрүнүн/ баалуу кагаздарынын ээлеринин аты-жөнү | Юридикалык жактын баалуу кагаздарынын ээлеринин толук аталышы же баалуу кагаздарды сатып (кабыл) алып жаткан жеке жактын баалуу кагаздарынын ээлеринин аты-жөнү | Бүтүмдүн номиналдык наркынын суммасы | Бүтүм боюнча баалуу кагаздардын саны | Түзүлгөн бүтүм боюнча баалуу кагаздардын үлүшү, уставдык капиталда (% менен) | Негиз: - депонирлөөгө жыйынды буйрук; - биржадагы бүтүм; - өткөрүп берүүчү жыйынды буйрук ж.б. |
|
|
|
|
|
|
|
|
10. АКСтин аффилирленген жактарынын тизмеси
Толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы | Жайгашкан жери, почта дареги, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, ОКПО коду |
|
|
11. Финансылык рыноктун ушул жөнгө салынуучу субъекти уставдык капиталдын 5 жана андан ашык пайызына ээлик кылган юридикалык жактардын тизмеси
Толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы | Жайгашкан жери, почта дареги, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, ОКПО коду | Уставдык капиталга катышуу үлүшү (% менен) |
|
|
|
12. АКСтин филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн тизмеси
Жетекчинин аты-жөнү | Толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы | Жайгашкан жери, почта дареги, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги |
|
|
|
13. АКСти, анын туунду жана көз каранды коомдорун кайра уюштуруу жөнүндө маалыматтар
АКСти кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынган дата | АКСти кайра уюштуруу түрү | АКСти кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алган орган |
|
|
|
14. Кыймылсыз мүлк объекттери жөнүндө маалымат
Аталышы | Жайгашкан жери, почта дареги | Негизги багыты | Аянты (м2) | Милдеттин болушу же жоктугу |
|
|
|
|
|
15. АКСтин финансылык абалы жөнүндө маалыматтар:
1) отчеттук жылда алынган коомдун кирешесин пайдалануу жөнүндө маалыматтар
Төлөнгөн салыктар | Резервдик фондду түзүүгө багытталган пайданын өлчөмү | Баалуу кагаздардын ээлеринин ортосунда бөлүштүрүлүүчү пайданын өлчөмү (дивиденд, киреше) | Бир жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияга дивиденддин өлчөмү | Отчеттук жылда баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө чегерилген баалуу кагаздар (акцияларды кошпогондо) боюнча жөнгө салынуучу субъекттин кирешелери | Пайданы колдонуунун башка багыттары | Финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъектинин өзү сатып алган жөнгө салынуучу субъекттин үлүштөрүнүн/ акцияларынын саны |
|
|
|
|
|
|
|
2) финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекти тарабынан резервдик жана башка атайын фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматтар
Резервдик фонд | Башка атайын фонддор | Резервдик жана башка атайын фонддорду пайдалануу |
|
|
|
4-бөлүм. АКС (эмитент) тарабынан ачылууга тийиш болгон маалыматтын мазмунуна талаптар, ошондой эле финансылык отчет берүү депозитарийинин интернет-порталындагы маалыматты АКС (эмитент) тарабынан ачып көрсөтүүнүн мөөнөттөрү
№ | Маалыматтын түрү | Маалыматтын мазмуну | Ачып көрсөтүү мөөнөттөрү |
1 | Акционерлердин (катышуучулардын) жалпы чогулушу же жалгыз акционер (катышуучу) кабыл алган чечимдер жөнүндө маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эмитенттин акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы чогулушун өткөрүү датасын, убактысын жана ордун; | Акционерлердин (катышуучулардын) жалпы чогулушу же жалгыз акционер (катышуучу) чечим кабыл алган датадан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде |
2) эмитенттин акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы чогулушунун күн тартибине киргизилген маселелерди; | |||
3) добуш берүүнүн жыйынтыктарын (натыйжаларын) көрсөтүү менен акционердик коомдун акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы чогулушу кабыл алган чечимдерди; | |||
4) акционердик коомдун акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы чогулушу эмитентти, анын туунду уюмдарын ыктыярдуу жоюу же ыктыярдуу өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алган учурда: - өзгөртүп түзүлүп же жоюлуп жаткан юридикалык жактын турган ордун, аталышын; - эмитентти өзгөртүп түзүүнүн формасын жана шарттарын | |||
5) зарылдыгына жараша башка маалыматтарды | |||
Эмитентте жалгыз акционер (катышуучу) болгон учурда жалгыз акционердин (катышуучунун) чечиминин датасы, жалгыз акционер (катышуучу) кабыл алган чечим, эмитенттин чечими боюнча башка маалыматтар көрсөтүлөт | |||
2 | Башкаруу органын (байкоочу кеңешти), аткаруу органын (аткаруу органынын функцияларын жеке өзү жүзөгө ашыруучу жакты), эмитентти шайлоо жөнүндө маалымат, башкаруу органынын (байкоочу кеңештин), эмитенттин аткаруу органынын (аткаруу органынын функцияларын жеке өзү жүзөгө ашыруучу жактын) курамын көрсөтүү менен, ошондой эле башкаруу органынын (байкоочу кеңештин), эмитенттин аткаруу органынын (аткаруу органынын функцияларын жеке өзү жүзөгө ашыруучу жактын) курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эмитент органдын курамын шайлоо же өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган датаны, эмитенттин чечим кабыл алган органынын аталышын көрсөтүү менен. Эгерде башкаруу органынын жана (же) аткаруу органынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу алардын демилгеси боюнча жүзөгө ашырылса, анда эмитенттин башкаруу органы жазуу жүзүндө алган билдирүүнүн датасы көрсөтүлөт; | Эмитенттин органынын курамын шайлоо (дайындоо) же болбосо өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган датадан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде же эмитенттин башкаруу органынын кат жүзүндөгү билдирүүсү алынган датадан кийин |
2) эмитенттин курамы шайланган (дайындалган) же өзгөртүлгөн органынын аталышын; | |||
3) эмитенттин органынын курамын же болбосо эмитенттин органынын курамындагы өзгөртүүлөрдүн маңызын: органдын курамына шайланган (дайындалган) адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо), органдын курамына шайланган (дайындалган), ошондой эле органдын курамынан чыгарылган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо); | |||
4) эмитенттин органынын курамына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен эмитенттин органынын курамына кирген ар бир адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо) көрсөтүлгөн анын курамын; | |||
5) эмитенттин добуш берүүчү акцияларынын (уставдык капиталдагы катышкан үлүшүнүн) жалпы санына карата эмитенттин директорлор кеңешинин (байкоочу кеңештин) шайланган (дайындалган) мүчөсүнө таандык добуш берүүчү акциялардын (уставдык капиталдагы катышкан үлүштүн) пайыздык катышын; | |||
6) ушул уюмдун жайгаштырган акцияларынын (уставдык капиталдагы катышкан үлүштөрдүн) жалпы санына карата туунду уюмдарындагы эмитенттин директорлор кеңешинин шайланган (дайындалган) мүчөсүнө таандык акциялардын (уставдык капиталдагы катышкан үлүштөрдүн) пайыздык катышын | |||
Эгерде эмитенттин акционерлеринин (катышуучуларынын) жана (же) директорлор кеңешинин (байкоочу кеңештин) жалпы чогулушу тарабынан эмитенттин органдарынын курамын өзгөртүү жөнүндө гана чечим кабыл алынса, бул чечим тууралуу маалымат ушул тиркеменин 2-пунктуна ылайык гана, бул жөнүндө көрсөтүү менен жайгаштырылат | |||
3 | Акционерлердин (катышуучулардын) курамы жөнүндө жана (же) эмитенттин добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) он жана андан көп пайызына ээ болгон акционерлердин (катышуучулардын) курамындагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эмитенттин добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүштөрүнүн) он жана андан көп пайызына ээ болгон акционерлердин (катышуучулардын) курамын: - жеке жак үчүн - адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо); - юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын толук аталышын жана турган жерин; | Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрлеринин системасындагы өзгөртүүлөрдүн катталгандыгын ырастаган документтерди эмитент алган датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) эмитенттин добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүштөрүнүн) он жана андан көп пайызына ээ болгон акционерлердин (катышуучулардын) курамы өзгөртүлгөн датаны (баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрлер системасындагы өзгөртүүлөрдү каттоо датасы); | |||
3) эмитенттин акционерлеринин (катышуучулардын) курамындагы өзгөртүүлөрдүн маңызын: - жеке жак үчүн - акционерлердин (катышуучулардын) курамына киргизилген же болбосо акционерлердин (катышуучулардын) курамынан чыгарылган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо); - юридикалык жак үчүн - акционерлердин (катышуучулардын) курамына киргизилген же болбосо акционерлердин (катышуучулардын) курамынан чыгарылган юридикалык жактын толук аталышын жана турган жерин | |||
4 | Акционерлердин (катышуучулардын) жылдык жана кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу акционердик коом болуп саналбаган, эмитенттин директорлор кеңеши же эмитенттин тиешелүү органы тарабынан кабыл алынган чечим тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) чечим кабыл алынган датаны; | Эмитенттин директорлор кеңешинин же ушул чечимди кабыл алууга ыйгарым укуктуу акционердик коом болуп саналбаган, эмитенттин тиешелүү органынын чечим кабыл алган датасынан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде |
2) акционерлердин (катышуучулардын) жылдык жана кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу акционердик коом болуп саналбаган, эмитенттин директорлор кеңеши же тиешелүү органы тарабынан кабыл алынган чечимди; | |||
3) зарылдыгына жараша башка маалыматтарды | |||
5 | Акцияларды жайгаштыруу (сатуу), анын ичинде жарыяланган акциялардын сандарынын чектеринде жайгаштырылып (сатылып) жаткан акциялардын саны, аларды жайгаштыруунун (сатуунун) жолдору жана баасы жөнүндө маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) чечим кабыл алынган датаны; | Акционердик коомдун директорлор кеңеши чечим кабыл алган датадан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде |
2) директорлор кеңеши кабыл алган чечимди (чечимдерди); | |||
3) жайгаштырылуучу (сатылуучу) акциялардын түрүн жана санын; | |||
4) жайгаштыруунун ыкмасын; | |||
5) жайгаштырылуучу (сатылуучу) бааны; | |||
6) зарылдыгына жараша башка маалыматтарды | |||
6 | Эгерде коом сатып алып жаткан акциялардын саны жайгаштырылган акциялардын жалпы санынын бир пайызынан ашса, акционердик коомдун директорлор кеңешинин жайгаштырылган акцияларды акционердик коомдун сатып алгандыгы тууралуу кабыл алган чечими жана аларды сатып алуучу баа жөнүндө маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) чечим кабыл алынган датаны; | Акционердик коомдун директорлор кеңеши чечим кабыл алган датадан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде |
2) коомдун директорлор кеңеши кабыл алган чечимди (чечимдерди); | |||
3) коомдун демилгеси боюнча сатылып алынуучу акциялардын түрүн жана санын; | |||
4) коомдун демилгеси боюнча сатылып алынуучу акциялардын баасын; | |||
5) коомдун демилгеси боюнча акцияларды сатып алуунун мөөнөтүн жана шарттарын; | |||
6) зарылдыгына жараша башка маалыматтарды | |||
7 | Акционердик коом болуп саналбаган, облигацияларды жана туунду баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу эмитенттин директорлор кеңеши же эмитенттин тиешелүү органы тарабынан кабыл алынган чечим тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) чечим кабыл алынган датаны; | Эмитенттин директорлор кеңешинин же ушул чечимди кабыл алууга ыйгарым укуктуу акционердик коом болуп саналбаган эмитенттин тиешелүү органынын чечим кабыл алган датасынан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде |
2) чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу акционердик коом болуп саналбаган, директорлор кеңеши же эмитенттин тиешелүү органы тарабынан кабыл алынган чечимди (чечимдерди); | |||
3) чыгарылып жаткан облигациялардын жана туунду баалуу кагаздардын санын жана түрүн; | |||
4) номиналдык наркты жана номиналдык нарктагы валютаны; | |||
5) чыгаруунун көлөмүн; | |||
6) зарылдыгына жараша башка маалыматтарды | |||
8 | Коомдун акционерлеринин (жалгыз акционеринин) жалпы чогулушу же акционердик коомдун директорлор кеңешинин ири бүтүмдөрдү жана бир эле учурда төмөнкүдөй шарттарга жооп берген бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө кабыл алынган чечими жөнүндө маалымат: акционердик коомдун бүтүм түзүүгө кызыкчылыгы бар жана акционердик коомдун ыйгарым укуктуу органы ушундай бүтүмдөрдү түзүү чечимин кабыл алган датага карата акционердик коомдун активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн мүлктү сатып алуу же ээликтен ажыратуу менен байланышкан бүтүмдөр болуп саналат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) ири бүтүм жөнүндө жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүм жөнүндө чечим кабыл алынган датаны; | Акционердик коомдун акционерлеринин (жалгыз акционеринин) жалпы чогулушунун же директорлор кеңешинин чечими кабыл алынган датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) акционердик коомдун акционерлеринин (жалгыз акционеринин) жалпы чогулушунун же директорлор кеңешинин кабыл алынган чечимин (чечимдерин); | |||
3) бүтүмдүн түрүн; | |||
4) бүтүмдүн предметин; | |||
5) ири бүтүмдүн жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүмдүн предмети болуп саналган мүлктүн наркынын акционердик коомдун ушундай бүтүмдү түзүү жөнүндө чечимин кабыл алган датага карата ушул акционердик коомдун активдеринин жалпы наркына карата пайыздык катышын. Эгерде акционердик коомдун ири бүтүм түзүү жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүмгө келүү жөнүндө чечими банктык сырды, камсыздандыруу сырын, баалуу кагаздардын рыногундагы коммерциялык сырды же КР мыйзамдары коргоочу башка сырды түзгөн маалыматты камтыса, маалыматты жайгаштырууда ири бүтүмдү жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүмдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган дата, ошондой эле акционердик коомдун чечими боюнча башка маалыматтар гана жарыяланат. Бир жумуш күндүн ичинде акционердик коомдун ири бүтүмдү жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүмдү түзүү жөнүндө бир нече чечими кабыл алынганда, мындай чечимдер тууралуу маалыматтарды берүүгө акционердик коомдун бир нече мындай чечимдер боюнча маалыматтарды камтыган бир билдирме берүүсү аркылуу жол берилет | |||
9 | Акционердик коомдун баалуу кагаздарын жана (же) башка акчалай милдеттенмелерин акционердик коомдун жөнөкөй акцияларына конвертациялоо жөнүндө маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) акционердик коомдун баалуу кагаздарын жана (же) башка акчалай милдеттенмелерин акционердик коомдун жөнөкөй акцияларына конвертациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган датаны; | Борбордук депозитарий тарабынан берилген, жайгаштырылган акциялардын (коом сатып алган акцияларды алып салганда) жалпы санынын он жана андан көп пайызына ээ болгон акционерлер жөнүндө, акционердик коомдун баалуу кагаздарын жана (же) башка акчалай милдеттенмелерин акционердик коомдун жөнөкөй акцияларына конвертациялануусун ырастаган маалымкат алынган датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) акционердик коомдун конвертацияланууга жаткан баалуу кагаздарынын жана (же) башка акчалай милдеттенмелеринин санын, баалуу кагаздарды конвертациялоонун тартибин | |||
10 | Акционердик коомдун бир түрдөгү жайгаштырылган акцияларын ушул акционердик коомдун башка түрдөгү акцияларына алмаштыруу тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) коомдун бир түрдөгү жайгаштырылган акцияларын ушул коомдун башка түрдөгү акцияларына алмаштыруу тууралуу чечим кабыл алынган датаны; | Борбордук депозитарий тарабынан берилген, жайгаштырылган акциялардын (коом кайра сатып алган акцияларды алып салганда) жалпы санынын он жана андан көп пайызына ээ болгон акционерлер жөнүндө, акционердик коомдун жайгаштырылган бир түрдөгү акцияларын ушул акционердик коомдун башка түрдөгү акцияларына алмашуусун ырастаган маалымкат алынган датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) алмашылууга тийиш акциялардын санын, алмашылууга тийиш эмес акциялардын санын, жайгаштырылган акцияларды алмаштыруунун тартибин | |||
11 | Эмитент акцияларынын он жана андан ашык пайызына (үлүштөрүнө, пайларына) ээ болгон уюмдардын тизмеси жөнүндө жана (же) тизмедеги өзгөртүү жөнүндө маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эмитент акцияларынын он жана андан ашык пайызына (үлүштөрүнө, пайларына) ээ болгон уюмдардын тизмесин; | Эмитент уюмдагы акциялардын (үлүштөрдүн, пайлардын) он жана андан көп пайыздарына ээ болгондугун (ээ болбой калгандыгын) ырастаган документтер алынган датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) эмитент акцияларынын он жана андан ашык пайызына (үлүштөрүнө, пайларына) ээ болгон (ээ болбой калган) уюмдардын толук аталышын; | |||
3) эмитент акцияларынын он жана андан ашык пайызына (үлүштөрүнө, пайларына) ээ болгон уюмдардын тизмеси өзгөргөн датадан кийинки датада жайгаштырылган акциялардын жалпы санына карата ушул уюмдун акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) пайыздык катышын | |||
12 | Акционердик коомдун ири бүтүм жана бир эле учурда төмөнкүдөй шарттарга жооп берген бүтүмдөрдү жасагандыгы тууралуу маалымат: алар акционердик коомдун кызыкчылыгы бар жана наркы акционердик коомдун ыйгарым укуктуу органы ушундай чечимдерди кабыл алган датага карата анын активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн мүлктү сатып алуу же ээликтен ажыратуу менен байланышкан бүтүмдөр болуп саналат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) акционердик коомдун ыйгарым укуктуу органынын ушундай бүтүмдү же болбосо кошумча макулдашууну (келишимге карата кошумча макулдашууну) түзүү жөнүндө чечими кабыл алынган датага карата ири бүтүм жөнүндө жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүм жөнүндө келишим түзүү датасын; | Төмөнкү даталардан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде; |
2) ири бүтүм жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүм предметин; | - акционердик коом келишим же келишимге карата кошумча макулдашуу түзгөндө; | ||
3) акционердик коомдун ыйгарым укуктуу органы тарабынан ири бүтүм жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүм түзүү жөнүндө чечим кабыл алган датаны; | - эгерде ири бүтүм жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүм түзүү үчүн милдеттүү түрдө мамлекеттик же башка каттоо зарыл болсо, акционердик коом анын мамлекеттик же башка каттоосун ырастаган документтерди алганда | ||
4) акционердик коомдун ыйгарым укуктуу органы тарабынан ири бүтүм жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүм түзүү жөнүндө чечим кабыл алган датага карата ири бүтүмдүн жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүмдүн предмети болуп саналган мүлктүн наркын; |
| ||
5) бүтүмдүн предмети акча жана (же) баштапкы рынокто чыгарылуучу (жайгаштырылуучу) баалуу кагаздар болгон учурларды кошпогондо, ири бүтүмдүн жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүмдүн предмети болуп саналган мүлктү соңку баалаган датаны; |
| ||
6) акционердик коомдун органы тарабынан ири бүтүм жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүм түзүү жөнүндө чечим кабыл алган датага карата ири бүтүмдүн жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүмдүн предмети болуп саналган мүлктүн наркынын ушул акционердик коомдун активдеринин жалпы наркына карата пайыздык катышын; |
| ||
7) ири бүтүмдүн жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүмдүн тараптары, сатып алынган же ээликтен ажыратылуучу активдер, бүтүмдүн мөөнөттөрү жана шарттары, тартылган жактардын катышуу үлүштөрүнүн мүнөзү жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле бүтүм тууралуу башка маалыматтар болгондо |
| ||
Эгерде акционердик коомдун ири бүтүм жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүм түзүү жөнүндө келишими банктык сырды, камсыздандыруу сырын, баалуу кагаздардын рыногундагы коммерциялык сырды же КР мыйзамдары коргоочу башка сырды түзгөн маалыматты камтыса, бүтүмдөр тууралуу маалыматты жайгаштырууда бүтүм түзүлгөн дата гана, ошондой эле акционердик коомдун чечими боюнча башка маалыматтар жарыяланат |
| ||
Бир жумуш күндүн ичинде бир нече ири бүтүм жана (же) кызыкчылыгы бар бүтүм түзүлгөндө, мындай бүтүмдөр боюнча маалыматтарды берүүгө акционердик коомдун бир нече мындай бүтүмдөр боюнча маалыматтарды камтыган бир өтүнмөнү берүүсү аркылуу жол берилет |
| ||
13 | Эмитентти мажбурлап жоюу же өзгөртүп түзүү жөнүндө соттун чечими тууралуу, ошондой эле анын туунду уюмдарын жана көз каранды уюмдарын мажбурлап жоюу же өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эмитентти, туунду уюмду жана көз каранды уюмду мажбурлап жоюу же өзгөртүп түзүү жөнүндө чечимди кабыл алуу датасын; | Соттун тиешелүү чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде |
2) эмитентти, туунду уюмду жана көз каранды уюмду мажбурлап жоюу же өзгөртүп түзүү жөнүндө чечимди кабыл алган мамлекеттик органдын аталышын; | |||
3) эмитентти, туунду уюмду жана көз каранды уюмду мажбурлап жоюу же өзгөртүп түзүү жөнүндө чечимди кабыл алуунун негизин; | |||
4) эмитенттин жана (же) көз каранды уюмдун жоюлуп жаткан же өзгөртүп түзүлүүчү туунду уюмунун тургай жерин жана аталышын; | |||
5) эмитентти, эмитенттин туунду уюмун жана көз каранды уюмду жоюунун же өзгөртүп түзүүнүн формасын жана шарттарын; | |||
6) эмитентти, эмитенттин туунду уюмун жана көз каранды уюмду мажбурлап жоюунун же өзгөртүп түзүүнүн башка шарттарын | |||
14 | Эмитенттин мүлкүн бул эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн суммага күрөөгө (кайра күрөөгө) берүү жөнүндө, ошондой эле эмитенттин мүлкүн эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн суммага күрөөдөн бошотуу (кайра күрөөдөн бошотуу) жөнүндө маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эмитеттин органынын күрөөгө өткөрүп берүү (кайра күрөөгө коюу) чечимин кабыл алган датаны; | Төмөнкү датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде: |
2) эмитенттин мүлкүн күрөөгө (кайра күрөөгө) коюу укугу келип чыккан датаны; | - эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн суммага ушул эмитенттин мүлкүн күрөөгө (кайра күрөөгө) коюу жөнүндө келишим катталгандыгын ырастаган документтерди эмитент алгандан тартып - КР мыйзам актыларына ылайык күрөөсү катталууга тийиш болгон мүлккө карата; | ||
3) эмитенттин күрөөгө (кайра күрөөгө) берилип жаткан мүлкүнүн наркын; | - эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн суммага ушул эмитенттин мүлкүн күрөөгө (кайра күрөөгө) коюу жөнүндө келишим түзүлгөндөн тартып - КР мыйзам актыларына ылайык күрөөсү катталууга тийиш эмес мүлккө карата; | ||
4) эмитенттин күрөөгө (кайра күрөөгө) берилип жаткан мүлкүн акыркы баалоо датасын (эгерде мындай баалоону жүргүзүү КР мыйзамдарына ылайык талап кылынса); | - эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн суммага күрөөдөн (кайра күрөөдөн) чыгарылгандыгын ырастаган документтерди эмитент алгандан тартып | ||
5) күрөөгө (кайра күрөөгө) коюлуп жаткан мүлктүн наркынын ушул эмитенттин органынын эмитенттин мүлкүн күрөөгө (кайра күрөөгө) өткөрүп берүү жөнүндө чечими кабыл алынган датадагы бул эмитенттин активдеринин жалпы наркына карата пайыздык катышын; |
| ||
6) күрөөдөн (кайра коюлган күрөөдөн) чыгаруу датасын |
| ||
Эгерде эмитенттин мүлкүн күрөөгө (кайра күрөөгө) өткөрүп берүү боюнча эмитент ишке ашырган бүтүм ири бүтүм болуп саналса жана (же) ошол эле учурда аны ишке ашырууга эмитент кызыкдар болсо, мындай бүтүм тууралуу маалымат ушул тиркеменин 14-пунктуна ылайык бул тууралуу көрсөтүү менен гана жайгаштырылат |
| ||
15 | Наркы эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн эмитенттин мүлкүн камакка коюу (мүлктү камактан бошотуу) тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) наркы эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн эмитенттин мүлкүн камакка коюу (мүлктү камактан бошотуу) жөнүндө чечимдин датасын, номерин; | Наркы эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн эмитенттин мүлкүн камакка коюу (мүлктү камактан бошотуу) тууралуу чечим алынган датадан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) наркы эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркынын өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн эмитенттин мүлкүн камакка коюу (мүлктү камактан бошотуу) тууралуу чечим кабыл алган мамлекеттик органдын аталышын, камакка коюунун негизин; | |||
3) эмитенттин камакка коюлуп (камактан бошотулуп) жаткан мүлкүнүн аталышын жана коомдун мүлкү камакка коюлган (камактан бошотулган) датага карата коомдун активдеринин жалпы наркына болгон пайыздык катышын. Карызкордун банктарга, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзгөн уюмдарга коюлган акчалары камакка коюлган (камактан бошотулган) учурда - камакка коюлган (камактан бошотулган) акчалардын суммасын көрсөтүү керек. Эмитенттин баалуу кагаздары камакка коюлган (камактан бошотулган) учурда - камакка коюлган (камактан бошотулган) баалуу кагаздардын жалпы саны, алардын түрлөрү, идентификациялык номери, бул баалуу кагаздардын эмитенти тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт | |||
16 | Эмитенттин активдеринин жалпы баланстык нарк өлчөмүнүн жыйырма беш жана андан көп пайызын түзгөн өлчөмдө эмитент зайым алгандыгы жөнүндө, ошондой эле негизги карызды жана бул зайым боюнча чегерилген сыйакыны толук төлөгөндүгү тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эмитенттин органынын зайым (кредиттик линия) алгандыгы тууралуу чечим кабыл алынган датаны; | Төмөнкү датадан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде: |
2) зайым (кредиттик линия) жөнүндө келишим түзүлгөн датаны; | эмитенттин активдеринин жалпы баланстык нарк өлчөмүнүн жыйырма беш жана андан көп пайызын түзгөн өлчөмдө зайым же кредиттик линия жөнүндө же эмитенттин негизги карызды жана бул зайым же кредиттик линия боюнча чегерилген сыйакыны толук төлөөсү жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийинки; | ||
3) эмитенттин зайымынын (кредиттик линиясынын) келишимде аныкталган жалпы өлчөмүн; | алынган жана төлөнбөгөн зайымдардын жалпы суммасы бир кредиттик линиянын алкагында эмитенттин активдеринин жалпы баланстык нарк өлчөмүнүн жыйырма беш жана андан көп пайызын түзүп калган учурда | ||
4) эмитенттин зайым алуу максатын; |
| ||
5) эмитент алган зайымдын (кредиттик линиянын) өлчөмүнүн эмитент органынын зайым алуу жөнүндө чечимди кабыл алган датага карата эмитенттин активдеринин жалпы баланстык наркына болгон пайыздык катышын; |
| ||
6) бул зайым (кредиттик линия) боюнча негизги карыз жана чегерилген сыйакылар толук төлөнө турган датаны |
| ||
Эмитент менен анын активдеринин жалпы баланстык нарк өлчөмүнүн жыйырма беш жана андан көп пайызын түзгөн кредиттик линия түзүлгөн учурда, бул окуя тууралуу маалымат кошумча жайгаштырылууга тийиш, анткени бул учурда аталган кредиттик линиянын алкагында берилген жана төлөнбөгөн зайымдардын жалпы суммасы, чегерилген сыйакыларды эске алганда, эмитенттин активдеринин жалпы баланстык өлчөмүнүн жыйырма беш жана андан көп пайызын түзүп калат |
| ||
Эгерде эмитент ишке ашырган зайым алуу боюнча бүтүм бир эле учурда ири бүтүм болуп саналса жана аны ишке ашырууга эмитент кызыкдар болсо, мындай бүтүм тууралуу маалымат ушул тиркеменин 16-пунктуна ылайык бул тууралуу көрсөтүү менен гана жайгаштырылат |
| ||
17 | Чукул мүнөздөгү жагдайлар жаралгандыгы, анын натыйжасында эмитенттин активдеринин жалпы өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн баланстык нарктагы мүлкү жок болгондугу тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) чукул мүнөздөгү, эмитенттин мүлкүн жок кылууга алып баруучу жагдайлар жаралган датаны; | Чукул мүнөздөгү, эмитенттин активдеринин жалпы өлчөмүнүн он жана андан көп пайызын түзгөн баланстык нарктагы мүлкүнүн жок болушуна алып келген жагдайлар жаралган датадан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде |
2) чукул мүнөздөгү жагдайлар келип чыккандыгына байланыштуу эмитенттин жок кылынган мүлкүнүн аталышын; | |||
3) чукул мүнөздөгү жагдайлар келип чыккандыгынын натыйжасында эмитенттин жок кылынган мүлкүнүн баланстык наркын | |||
18 | Сотто корпоративдик талаш боюнча иш козгоо жөнүндө маалымат | 1) корпоративдик талаш боюнча доогер, жоопкер тууралуу маалыматтарды (фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо) (жеке жак үчүн), толук аталышын, турган жерин (юридикалык жак үчүн); | Эмитент корпоративдик талаш тууралуу жарандык иш боюнча соттон тиешелүү кабарлоо алган датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) доо арызынын датасын, доо талаптарынын кыскача мазмунун; | |||
3) корпоративдик талаш боюнча доо арызы каралып жаткан соттун аталышын | |||
19 | Биринчи категориядагы уруксаттарды алуу (токтотуу, токтото туруу) жөнүндө маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) биринчи категориядагы уруксатты берген, биринчи категориядагы уруксатты токтото туруу, токтотуу тууралуу чечим кабыл алган уруксат берүү органынын аталышын; | Эмитент биринчи категориядагы уруксаттарды алгандыгы (токтотулгандыгы, токтотулуп тургандыгы) жөнүндө документтерди алган датадан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) биринчи категориядагы уруксаттын берилген датасын, номерин, уруксатты колдонуу мөөнөтүн; | |||
3) биринчи категориядагы уруксатка ылайык жүзөгө ашырыла турган иштин түрүнүн аталышын; | |||
4) уруксат берүүчү орган тарабынан биринчи категориядагы уруксаттын күчүн токтотуп туруу (токтото туруу мөөнөтү), жаңылантуу датасы жөнүндө чечимдер кабыл алынган датаны; | |||
5) биринчи категориядагы уруксатты токтото туруунун (жаңылантуунун) негизин; | |||
6) иштин түрүнүн аталышын, токтотулуп турганды (жаңыртылганды) жүзөгө ашырууга уруксатты; | |||
|
| 7) уруксат берүүчү орган тарабынан биринчи категориядагы уруксаттын колдонулуусун токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган датаны; |
|
8) биринчи категориядагы уруксатты колдонууну токтотуунун негизин; | |||
9) иштин түрүнүн аталышын, токтотулганды жүзөгө ашырууга уруксатты | |||
20 | Эмитенттин мамлекеттик эмес баалуу кагаздарды, иштин негизги түрлөрүн өзгөртүүсү тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) иштин негизги түрлөрүн өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган датаны; | Ыйгарым укуктуу органда катталган уставды жана (же) уставга өзгөртүүлөрдү алган датадан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) иштин өзгөртүлгөн түрлөрүнүн аталышын; | |||
3) эмитенттин уставын жана (же) уставга өзгөртүүлөрдү мамлекеттик каттоодон өткөрүү датасын; | |||
4) уставдын жана (же) уставга өзгөртүүлөрдүн сканерленген көчүрмөсүн | |||
21 | Эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектин, ага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду эске алуу менен | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектин мамлекеттик каттоо датасын же ыйгарым укуктуу органдын эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектине өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду каттоо датасын; | Ыйгарым укуктуу орган эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектин мамлекеттик каттоодон өткөргөндүгүн же ыйгарым укуктуу орган эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарын чыгаруу проспектине өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду каттагандыгын ырастаган документтер алынган датадан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектинин ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган, PDF форматындагы сканерленген вариантын; | |||
3) эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектине өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган, PDF форматындагы сканерленген вариантын; | |||
4) эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектинин ага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду эске алган электрондук вариантын | |||
Эмитент ыйгарым укуктуу органдан бир жумуш күндүн ичинде эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарын чыгаруу проспектине бир нече катталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду алган учурда эмитенттин проспектиге болгон ушундай бир нече өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча маалыматты камтыган бир өтүнмө аркылуу маалымат берүүсүнө жол берилет | |||
22 | Акционердик коомдун акцияларын жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетторду ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсү тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) акцияларды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитүү датасын; | Акционердик коом ыйгарым укуктуу орган бекиткен акцияларды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту алган датадан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) акцияларды жайгаштыруунун отчеттук мезгилин; | |||
3) отчеттук мезгилде жайгаштырылган акциялардын санын жана түрүн | |||
23 | Ыйгарым укуктуу органдын эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарууну жокко чыгаруу жөнүндө жана (же) эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарын төлөө тууралуу маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарууну жокко чыгарган жана (же) төлөгөн датаны; | Эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарын жокко чыгаруу жана (же) төлөө жөнүндө ырастоочу документтерди эмитент алган датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |
2) чыгаруу жокко чыгарылган жана (же) төлөнгөн баалуу кагаздын эл аралык идентификациялык кодун (ISIN); | |||
3) эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарын чыгарууну жокко чыгаруу жана (же) төлөө үчүн негизди; | |||
4) эмитенттин жокко чыгарылган жана (же) төлөнгөн эмиссиялык баалуу кагаздарынын санын жана түрүн | |||
24 | Баалуу кагаздардын уюштурулбаган рыногунда акционердик коом акцияларды сатып алууда алардын наркын аныктоо методикасы | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) уюштуруучулардын (жалгыз уюштуруучунун) жалпы чогулушу кабыл алган чечимдин датасын; | Ыйгарым укуктуу орган акцияларды чыгаруу проспектинин мамлекеттик |
2) акционердик коомдун акционерлеринин (жалгыз акционердин) методиканы бекитүү жөнүндө жалпы чогулушу кабыл алган чечимдин датасын, эгерде методика уюштуруу чогулушу тарабынан бекитилбесе; | каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтерди алган датадан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде, акционердик коомдун уюштуруу чогулушунда (жалгыз уюштуруучу тарабынан) методика бекитилген учурда же акционерлердин (жалгыз уюштуруучунун) жалпы чогулушунда чечим кабыл алынган датадан кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде, коомдун акционерлеринин (жалгыз акционеринин) жалпы чогулушунда методика жана (же) методикага өзгөртүүлөр бекитилген учурда | ||
3) акционердик коомдун акционерлеринин (жалгыз акционердин) методикага өзгөртүүлөрдү бекитүү жөнүндө жалпы чогулушу кабыл алган чечимдин датасын; | |||
4) методиканын бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, PDF форматындагы электрондук вариантын | |||
25 | Эмитенттин уставына жана эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектине ылайык эмитенттин акционерлеринин (катышуучуларынын) жана (же) инвесторлордун кызыкчылыктарын козгогон башка окуялар жөнүндө маалымат | Маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эмитенттин уставына жана эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектине ылайык эмитенттин акционерлеринин (катышуучуларынын) жана (же) инвесторлордун кызыкчылыктарын козгогон маалыматтарды; | Эмитенттин акционерлеринин (катышуучуларынын) жана (же) инвесторлордун кызыкчылыктарын козгогон башка окуялар келип чыккан датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде, эмитенттин уставына жана эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектине ылайык, эгерде "Акционердик коомдор жөнүндө" КР Мыйзамында жана "Баалуу кагаздардын рыногу жөнүндө" КР Мыйзамында баалуу кагаздарды кармоочуларга маалымат берүүнүн башка мөөнөттөрү каралбаса |
2) эмитент тарабынан мамлекеттик эмес облигацияларды чыгаруу проспектинде каралган шарттар сакталбаганда: - аткарылбаган милдеттенмелердин көлөмүн, милдеттенмелерди аткарбоонун себептерин, облигациялардын улуттук идентификациялык номерин (УИН) же эл аралык идентификациялык номерин (ISIN), облигациялардын түрүн, жайгаштырылган облигациялардын санын, купондук ставканын өлчөмүн, дефолттун датасын, купондук сыйакы боюнча карыздын суммасын, негизги карыз боюнча карыздардын суммасын, жөнгө салынбаган карыздын калдыгын көрсөтүү менен | Эмитент тарабынан мамлекеттик эмес облигацияларды чыгаруу проспектинде каралган шарттар сакталбаган датадан кийинки 3 (үч) жумуш күндүн ичинде |