Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 186
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 6-бөлүгүнө жана 41-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- никелешүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
1-тиркеме |
Туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын ФОРМАСЫ (сүрөттөмөсү жана үлгүсү)
Туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкы (мындан ары - бланк) полиграфиялык, голографиялык жана бланктарды толук же жарым-жартылай жасалмалоону алдын алуучу коргоонун башка ыкмаларын колдонуу менен коргоочу элементтери бар жашыл түстөгү гербдүү кагазга типографиялык ыкма менен даярдалат.
Бланк так отчеттуулук документи болуп саналат, QR-кодунда сериясы жана номери бар, ачылган түрдө 210х148 мм өлчөмдөгү жумшак китепче формасында даярдалат.
Бланктын сырткы тарабында алтын түс менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуулар, "ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК" жана "СВИДЕТЕЛЬСТВО О РОЖДЕНИИ" деген аталыш түшүрүлөт.
Бланктын ички тарабынын сол төмөнкү бөлүгүнүн борборуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуулар, "ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК" жана "СВИДЕТЕЛЬСТВО О РОЖДЕНИИ" деген аталыш түшүрүлөт.
Бланктын ички тарабынын төмөнкү сол бурчуна бланктын QR-коду, сериясы жана номери басылат.
Бланктын тилкелерине жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу документти жекелештирүү жолу менен маалыматтар толтурулат.
Бланктын сырткы тарабынын үлгүсү
Бланктын ички тарабынын үлгүсү
Бланктагы толтурулуучу тилкелер
|
| 2-тиркеме |
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын ФОРМАСЫ (сүрөттөмөсү жана үлгүсү)
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкы (мындан ары - бланк) полиграфиялык, голографиялык жана бланктарды толук же жарым-жартылай жасалмалоону алдын алуучу коргоонун башка ыкмаларын колдонуу менен коргоочу элементтери бар көк түстөгү гербдүү кагазга типографиялык ыкма менен даярдалат.
Бланк так отчеттуулук документи болуп саналат, QR-кодунда сериясы жана номери бар, ачылган түрдө 210х148 мм өлчөмдөгү жумшак китепче формасында даярдалат.
Бланктын сырткы тарабында алтын түс менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуулар, "НИКЕЛЕШҮҮ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК" жана "СВИДЕТЕЛЬСТВО О ЗАКЛЮЧЕНИИ БРАКА" деген аталыш түшүрүлөт.
Бланктын ички тарабынын сол бөлүгүнүн борборуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуулар, "НИКЕЛЕШҮҮ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК" жана "СВИДЕТЕЛЬСТВО О ЗАКЛЮЧЕНИИ БРАКА" деген аталыш түшүрүлөт.
Бланктын ички тарабынын төмөнкү сол бурчуна бланктын QR-коду, сериясы жана номери басылат.
Бланктын тилкелерине жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу документти жекелештирүү жолу менен маалыматтар толтурулат.
Бланктын сырткы тарабынын үлгүсү
Бланктын ички тарабынын үлгүсү
Бланктагы толтурулуучу тилкелер
|
| 3-тиркеме |
Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын ФОРМАСЫ (сүрөттөмөсү жана үлгүсү)
Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкы (мындан ары - бланк) полиграфиялык, голографиялык жана бланктарды толук же жарым-жартылай жасалмалоону алдын алуучу коргоонун башка ыкмаларын колдонуу менен коргоочу элементтери бар гербдүү кагазга типографиялык ыкма менен даярдалат.
Бланк так отчеттуулук документи болуп саналат, QR-кодунда сериясы жана номери бар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасынын суу белгилери менен 210х148 мм өлчөмдөгү кагаздан даярдалат.
Бланктын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуулар, "НИКЕНИ БУЗУУ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК" жана "СВИДЕТЕЛЬСТВО О РАСТОРЖЕНИИ БРАКА" деген аталыш түшүрүлөт.
Бланктын төмөнкү сол бурчуна бланктын QR-коду, сериясы жана номери басылат.
Бланктын тилкелерине жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу документти жекелештирүү жолу менен маалыматтар толтурулат.
Бланктын үлгүсү
Бланктагы толтурулуучу тилкелер
|
| 4-тиркеме |
Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын ФОРМАСЫ (сүрөттөмөсү жана үлгүсү)
Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкы (мындан ары - бланк) полиграфиялык, голографиялык жана бланктарды толук же жарым-жартылай жасалмалоону алдын алуучу коргоонун башка ыкмаларын колдонуу менен коргоочу элементтери бар гербдүү кагазга типографиялык ыкма менен даярдалат.
Бланк так отчеттуулук документи болуп саналат, QR-кодунда сериясы жана номери бар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасынын суу белгилери менен 148х210 мм өлчөмдөгү кагаздан даярдалат.
Бланктын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуулар, "ФАМИЛИЯСЫН, АТЫН, АТАСЫНЫН АТЫН ӨЗГӨРТҮҮ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК" жана "СВИДЕТЕЛЬСТВО О ПЕРЕМЕНЕ ФАМИЛИИ, ИМЕНИ, ОТЧЕСТВА" деген аталыш түшүрүлөт.
Бланктын төмөнкү сол бурчуна бланктын QR-коду, сериясы жана номери басылат.
Бланктын тилкелерине жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу документти жекелештирүү жолу менен маалыматтар толтурулат.
Бланктын үлгүсү
Бланктагы толтурулуучу тилкелер
|
| 5-тиркеме |
Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын ФОРМАСЫ (сүрөттөмөсү жана үлгүсү)
Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкы (мындан ары - бланк) полиграфиялык, голографиялык жана бланктарды толук же жарым-жартылай жасалмалоону алдын алуучу коргоонун башка ыкмаларын колдонуу менен коргоочу элементтери бар гербдүү кагазга типографиялык ыкма менен даярдалат.
Бланк так отчеттуулук документи болуп саналат, QR-кодунда сериясы жана номери бар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасынын суу белгилери менен 148х210 мм өлчөмдөгү кагаздан даярдалат.
Бланктын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуулар, "ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК" жана "СВИДЕТЕЛЬСТВО О СМЕРТИ" деген аталыш түшүрүлөт.
Бланктын төмөнкү сол бурчуна бланктын QR-коду, сериясы жана номери басылат.
Бланктын үлгүсү
Бланктагы толтурулуучу тилкелер