Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-марты № 165
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан бала бакчанын имаратын жанындагы жер участогу менен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Имаратты мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 7 токтомун көңүлгө алуу менен "Кыргыз Ресиубликасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун оперативдүү башкаруу укугунда мамлекеттик менчикте турган, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары. Курортный ключ кыска көчөсү, № 20а дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты 5738,5 кв. метр жанындагы жер участогу менен (идентификациялык коду 3-10-03-0009-0598) "Шүүдүрүм" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын (мындан ары - объект) мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдалануу үчүн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сактоону камсыз кылуу;
2) объектти мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
3) өткөрүп берилүүчү объектти мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары максаттуу багыты боюнча так пайдалануу;
4) өткөрүлүп берилүүчү объектти андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө;
5) жогоруда аталган объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |