Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун, 2023-жылдын 14-мартындагы № 140 редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 20-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"— коммерциялык өнөктөш банктардан талап кылуу укугун МИКке/башка өнөктөш банктарга кайра каржылоо/которуу/өткөрүп берүү же башка мүмкүн болгон методдорду колдонуу менен жеңилдетилген ипотекалык кредиттер боюнча акыркы пайыздык ставканы этабы менен жылдык 4 пайызга чейин төмөндөтүү;";
- 24-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) жарандардын чыгымдарын азайтуу максатында, Программаны ишке ашыруунун алкагында жарандар тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун электрондук формасы киргизилет.";
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 6-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
“
20
| Турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында жарандар тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун электрондук формасын киргизүү
| Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо процесстерин санариптештирүү жүзөгө ашырылды
| 2022-2023-жылдар | СӨМ, АЧМ | Бекитилген бюджеттин чегинде |
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"АЧМ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги";
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 140 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24- августундагы № 534 "Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25- февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 534 "Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бир айлык мөөнөттө мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында мамлекеттик ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды белгилесин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |