Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-апрели № 195
Аудит боюнча комитет жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-пунктунун алтынчы абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Рсспубликасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Аудит боюнча комитет жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин,
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме
Аудит боюнча комитет жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык ачык кызыкчылыктын субъекти же болбосо ири ишкердик субъекти (мындан ары - субъект) тарабынан түзүлүүчү аудит боюнча комитетти түзүүнүн жана анын ишииии тартибин белгилейт.
2. Аудит боюнча комитеттин максаттары жана милдеттери
2. Аудит боюнча комитеттин (мындан ары - комитет) максаты субъекттин финансылык-чарбалык ишине аудит жүргүзүү жана контролдоо менен байланышкан маселелерди алдын ала кароо бөлүгүндө субъекттин Директорлор кеңешинин функцияларын натыйжалуу аткарууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3. Комитеттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) субъекттин бухгалтердик (финансылык) отчеттуулугун түзүүнү көзөмөлдөө;
2) ички контролдоо, тобокелдиктерди башкаруу жана корпоративдик башкаруу системаларынын иштөөсүнүн ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун контролдоо;
3) ички аудиттин функцияларын жүзөгө ашыруунун көз карандысыздыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу;
4) тышкы аудитор менен өз ара аракеттенүү жана аудитордук уюмду тандоого катышуу;
5) субъекттин жана үчүнчү жактардын кызматкерлеринин ак ниетсиз иш-аракеттерине каршы аракеттенүү системасынын натыйжалуу иштөөсүн контролдоо.
3. Комитетти түзүү жана ишинин тартиби
4. Комитет субъекттин Директорлор кеңеши тарабынан үч жылга түзүлөт, анын курамына үчтөн кем эмес мүчөсү кирет.
5. Комитеттин көпчүлүгү Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнөн турууга тийиш. Комитеттин мүчөлөрү катары эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
6. Комитеттин мүчөлөрүнүн бухгалтердик эсеп жана/же аудит жаатында тиешелүү иш тажрыйбасы болууга тийиш, бир мүчөсү субъекттин экономикалык иши чөйрөсүндөгү зарыл болгон компетенцияга ээ болууга тийиш. Субъекттин аткаруучу же көзөмөлдөөчү органынын мүчөлөрү Комитеттин мүчөлөрү боло албайт. Комитеттин мүчөлөрү субъект аудит жүргүзө албайт.
Аудитор аудит жүргүзүлгөндөн кийин үч жыл ичинде аудит жүргүзүлгөн субъекттин комитетинин мүчөсү боло албайт.
7. Комитеттин төрагасы анын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана субъекттин Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болууга тийиш.
8. Комитет ишин ушул Жобого жана субъект тарабынан бекитилген жобого ылайык жүзөгө ашырат.
9. Комитет финансылык отчеттуулукка жана ички контролдоого тиешелүү маалыматтын, сунуштамалардын жана калоолордун келип түшүүсүнүн купуялуулугун жана анонимдүүлүгүн камсыз кылуучу жол-жоболорду белгилөөгө тийиш.
10. Комитеттин жыйналыштары дайыма, кварталына кеминде бир жолу өткөрүлүп турат. Комитет субъектке же комитеттин эки мүчөсүнө жалпы жетекчилик кылуучу орган тарабынан чакырылууга тийиш.
11. Чечимди кабыл алууга катышкан комитеттин ар бир мүчөсү:
1) каралып жаткан маселенин маңызы жөнүндө маалымдар болууга жана ой жүгүртүүдө көз карандысыз (анын корутундуларынын, тыянактарынын жыйынтыктарына кимдир-бирөөнүн таасир этүүсүнө карабастан жана пикир билдирүүгө кандайдыр-бир бөтөн таасирди жокко чыгаруучу шарттарда өз алдынча аракеттенүүгө жөндөмдүү) болууга;
2) кабыл алып жаткан чечимдердин тобокелдиктери жана кесепеттери келип чыгуу мүмкүндүгүн баалоого тийиш.
12. Каралып жаткан маселе боюнча сын пикирлери жана сунуштары бар жана кабыл алынган чечим менен макул болбогон комитеттин мүчөсүнүн пикири добуш берүүдө билдирилүүгө жана протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго жыйпалышка катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана комитеттин катчысы кол коюуга милдеттүү. Жыйналышка катышпаган комитетин мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол койдуруу аркылуу тааныштырылышы керек.
4. Комитеттин функциялары
13. Комитет төмөнкүдөй негизги функцияларды аткаруу менен өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жүзөгө ашырат,:
1) аудитордук уюмду дайындоо маселелери боюнча субьекттин катышуучуларынын/уюштуруучуларынын жалпы чогулушуна сунуштамаларды иштеп чыгуу, зарыл болгон учурда субъекттин Директорлор кеңешине аудитордук текшерүүлөрдү демилгелөө
сунуштамаларын жөнөтүү, комитетке көмөк көрсөтүү үчүн экcперттерди тартуу;
2) бухгалтердик эсеп жана аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын, субъектке жалпы жетекчилик кылган органга бул маселе боюнча отчет берүүнү көзөмөлдөө;
3) субъекттиy бухгалтердик эсебин жүргүзүү жана финансылык отчеттуулугун түзүү, анып ичинде:
- субъекттин эсепке алуу саясатын колдонуунуи тууралыгын жана ырааттуулугун комтролдоо;
- субъект тарабынан маалыматтарды ачып берүүгө карата талаптардын сакталышын контролдоо;
- субъекттин отчеттуулугунун бүтүндүгүн, объективдүүлүгүн жана тең салмак туулугун контролдоо;
4) тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо системаларын контролдоо, анын ичинде:
тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо системаларынын натыйжалуулугун баалоо жана аларды өркүндөтүү боюнча чараларды сунуштоо;
- тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо жаатындагы саясатты талдоо жана аткарылышын баалоо;
- кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу саясатын аткарууну талдоо жана баалоо;
- субъект тарабынан мыйзамдардын жана ички документтердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуучу жол-жоболорду контролдоо;
5) ички аудиттин бөлүмүнүн (кызматынын) иштоөсүнүн көз карандысыздыгын, таасирдүүлүгүн жана натыйжалуулугун контролдоо, анын ичинде:
- Ички аудит жөнүндө (ички аудиттин болүмү (кызматы) жөнүндө) жобопу кароо, анда анын максаттары, милдеттери, функциялары жана уюштуруу түзүмү аныкталат;
- ички аудиттин бөлүмүнүн (кызматынын) ишинин планын жана бюджетин бекитүү;
- планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты кароо;
- квалификациянын деңгээлин эске алуу менен ички аудиттин бөлүмүнүн (кызматынын) жетекчисин дайындоо (кызмат ордунан бошотуу) жана аны сыйлоонун өлчөмү жөнүндө маселелерди кароо;
- ички аудиттин бөлүмүнүн (кызматынын) сунуштамалары менен таанышуу жана сунуштамаларды киргизүүгө мониторинг жүргүзүү;
- ички аудитгин бөлүмүнүи (кызматынын) ишинин натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн баалоо;
ички аудиттин бөлүмүнүн (кызматынын) контролдоо механизмдери менен, бөлүмдүн (кызматтын) ишинин натыйжаларын
жана аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн субъекттин жетекчилиги тарабынан көрүлгөн чараларды эч болбогондо квартал сайын кароону камсыз кылуу;
6) тышкы аудитти контролдоо, анын ичинде:
- тышкы аудитордун талапкерлигинин көз карандысыздыгын жана объективдүүлүгүн баалоо, анын кызмат көрсөтүүлөрүн дайындоо жана наркы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
-тышкы аудит процессинин натыйжалуулугун талдоо;
- тышкы аудитордун ишинин натыйжаларыи баалоо;
- эсепке алууну жүргүзүү, отчеттуулукту түзүү, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын өркүндөтүү боюнча аудитордун сунуштамаларына чара көрүүсүн талдоо;
- Кеңештин ички аудиттин бөлүмү (кызматы) жана субъекттин тышкы аудитору менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- аудитор тарабынан субъекттин кызматтарын, анын ичинде аудитордук жана аудитордук эмес мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү жана айкалыштыруу припциптерин аныкгаган субъекттин саясатын аткарууну иштеп чыгуу, талдоо жана баалоо;
7) мүмкүн болгон укукка каршы аракеттер тууралуу маалымдоо системасын контролдоо, анын ичинде купуялуулукту толук сактоо менен мүмкүн болгон укукка каршы аракеттер жөнүндө өздөрүнүн шек саноолору жана божомолдору тууралуу кызматкерлерге билдирүүгө мүмкүндүк берген субъектте болгон жол-жоболорду талдоо;
8) алынган фактыларды иштеп чыгуу жана иликтөө жана алар боюнча чараларды көрүү боюнча субъектте болгон процесстердин натыйжалуулугун контролдоо.
5. Комитеттин укуктары
14. Өзүнүн милдеттерин аткаруу учүн комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
1) субъекттин иши менен байланышкан талан кылынган маалымматты жана отчетторду анын кызматкерлеринен, жетекчилигинен алууга;
2) аудиттин жыйынтыктары менен аныкталган фактылар боюнча иликтөө жүргүзүүнү талан кылууга;
3) зарыл болгон учурда иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду жана ички аудитордун сунуштамаларын, ошондой эле бул сунуштамаларды аткаруу боюнча жетекчиликтин пландарын алууга;
4) жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча тышкы аудитордон иштин планын, тыянактарды жана сунуштамаларды суроого;
5) аткарган иш үчүн сый акы алууга.
6. Комитеттин милдеттери
15. Комитет төмөнкүдөй милдеттерге ээ:
1) субъекттин Директорлор кеңешине аудиттин натыйжалары жана финансылык отчеттуулуктун бүтүндүгүнң анын кошкон салымы жөнүндө маалымдайт;
2) финансылык отчеттуулукту берүүгө мониторинг жүргүзөт;
3) ички контролдоо, ички аудит (бар болсо) жана субъекттин тобокелдиктерин башкаруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг- жүргүзөт;
4) финансылык отчетторго мониторинг жүргүзөт;
5) финансылык отчетторго аудит жүргүзгөн жана/же субъектке аудиттен айырмаланган кызматгарды көрсөткөн аудиторлордун/аудитордук уюмдардын көз карандысыздыгын контролдойт жана мониторинг жүргүзөт;
6) аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмду бекитүүгө сунуштайт жана аны тандоо жол-жобосуна мониторинг жүргүзөт, ошол зле учурда аудит боюнча комитеттин сунуштамасы чечим кабыл алуу үчүн аудитордук уюмдардын эч болбогондо эки мүмкүн болгон вариантын камтууга тийиш;
7) ак ниетсиз, мыйзамга карты аракеттердин фактыларын, ички контролдоо системасынын мыйзамга карты аракеттерин жана башка ушундай маселелерди ички жана тышкы аудиторлор менен биргеликте карайт;
8) субъекттин Директорлор кеңешине берүү үчүн тышкы аудитор даярдаган субъекттин жылдык отчетуна жана жетекчиликке жазган катына сереп жүргүзөт;
9) тиешелүү органдар жүргүзгөн текшерүүлөрдүн натыйжаларын талдайт;
10) субъекттин аткаруу органынын ишинин натыйжалуулугун баалайт;
11) көз карапдысыздык талаптарыныи сакталышы жана ушул пунктун 1-6-пунктчаларында каралган милдеттерди аткаруу жөнүндө декларацияиы камтыган өз иши жөнүндө жылдык отчетту субъекттин катышуучуларынын/уюштуруучуларынын жалпы чогулушуна берет;
12) аудит үчүн мааниге ээ болгон маалыматты тышкы аудиторго берет;
13) кварталына кеминде бир жолу субъекттин ички аудит бөлүмүнүн жетекчиси менен комитеттин жолугушууларын өткөрөт.
7. Комитеттин аудитордук уюм менен өз ара аракеттенүүсү
16. Аудитордук уюм аудиттин пландалган көлөмү жана аны жүргүзүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө комитетке жана субъекттин Директорлор кеңешине кыскача маалымдайт.
17. Аудитордук уюм аудиттин натыйжасында алынган, маанилүү болуп саналган жана финансылык отчеттуулукту түзүү процессине көзөмөл жүргүзүү боюнча ушундай жактардын милдеттерине тиешеси бар байкоолор жөнүндө отчетту (маалыматты) келишимде макулдашылган мөөнөттөрдө комитетке жана субъекттин Директорлор кеңешине берүүгө милдетүү.
18. Отчет (маалымат) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) көз карандысыздык талап тарын сактоо жөнүндө декларацияны;
2) аудиттин негизги маселелеринин сыпаттамасын;
3) аудит жургузулуучу финансылык отчеттуулук учуй жана зарыл болгон учурда, операциялардын айрым категориялары, эсептердеги калдыктар же маалыматты ачып берүү үчүн белгиленген олуттуулук даражасынын денгээлин, ошондой эле олуттуулук даражасын белгилөө үчүн пайдаланылуучу сапаттык факторлорду;
4) аудиттин жүрүшүнде аныкталган, ишти улантууга субъекттин жондомдуулугуно олучтуу кумон жаратышы мүмкүн болгон окуяларга же шарттарга тиешелүү ой-пикирлердин сыпаттамасын жана баяндамасын;
5) аныкталган каталар жетекчилик тарабынан жоюлганын же жоюлбаганын көрсөтуу менен субъекттин финансылык отчеттуулугунда аныкталган олуттуу каталар жөнүндө маалыматты;
6) субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунун сакталбагандыгы жөнүндө маалыматты;
7) аудит процессинде келип чыккан тоскоолдуктар жөнүндө маалыматты;
8) аудитке тиешелүү болгон, талкууланган жана жетекчилик менен кат алышуунун предмети болуп саналган аспекттер жөнүндө маалыматты;
9) аудитордун пикири боюнча аудитке тиешелүү болгон башка маселелер жөнүндө маалыматты;
10) финансылык отчеттуулуктун элементтерин жана методдорду озгортүүнун бардык таасирлерин баалоо үчүн колдонулган методдорду талдоону;
11) бардык суралган документтердин жана түшүндүрмөлөрдүн субъект тарабынан берилиши жөнүндө маалыматты;
12) аудиттин журушундө аныкталган ички контролдоо системасындагы олуттуу кемчиликтер жөнүндө маалыматты;
13) кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды, жетекчилик тарабынан жасалган же сунуш кылынган кадамдар жөнундө маалыматты, ошондой эле жетекчилик керген чаралардын аткарылгандыгын аныктоо максатында кандайдыр бир кадамдар жасалгандыгы жөнүндө арызды.
8. Аткарган иштери жөнүндө отчет
19. Комитет субъекттин Директорлор кеңешинин алдыпда аткарган иштери жөнүндө отчетту дайыма берип турууга милдеттүү.
20. Отчеттор комитеттин отчеттук мезгилдеги ишинин кыскача сыпаттамасын, негизги сунуштамалардын мазмунун жана алардын аткарылгандыгы же аткарылбагандыгы жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.