Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-марты № 170
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 94-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:
- жогоруда аталган жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган жобонун 5-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
1-тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
FORM STI-025
САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮНҮН КАТТОО КАРТАСЫ
|
| 2-тиркеме |
|
| "5-тиркеме |
FORM STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтуруу ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси), "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам), Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобого (мындан ары - Жобо) ылайык иштелип чыккан жана FORM STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасын (мындан ары - каттоо картасы) толтуруу эрежелерин аныктайт.
2. Каттоо картасы салык органынын кызмат адамы тарабынан "КСБМС" маалыматтык системасында салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоо боюнча иш-аракеттер жасалганда же салыктык режимдерди, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин колдонуу боюнча өзгөрүүлөрдү кошкондо салык төлөөчүнүн ишинин параметрлери өзгөргөндө салык кызматынын ички регламентине ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте тапшырылат/жиберилет.
3. "А" сектору салыктык жана/же эсептик каттоодон, Жобого ылайык берилүүчү салык төлөөчүнүн арызында жана документтеринде камтылган маалыматтар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрүнүн каттоосунан өткөн бардык салык төлөөчүлөр толтурат.
4. 102-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- салык төлөөчүнүн ИСНи;
- жеке ишкердин аты-жөнү;
- дыйкан (фермер) чарбанын жетекчисинин аты-жөнү;
- юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышы;
- жамааттын аталышы;
- жеке жактын аты-жөнү.
5. Салык органынын коду жана аталышы 104-уячада көрсөтүлөт.
6. "Б" секторуна салык төлөөчүнүн ишинин параметрлеринин аталыштары, коддору жана реквизиттери киргизилет.
7. Салык төлөөчүнүн ишинин параметрлеринин коду 201, 203, 205, 207, 209, 211, 213, 215 жана 217-уячаларда көрсөтүлөт.
8. Эгер параметрлердин маанилери бар болсо, алар 202, 204, 206, 208, 210, 212, 214, 216 жана 218-уячалардын тиешелүү саптарында көрсөтүлөт.
9. Мыйзамда белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик классификаторлорго тиешелүү параметрлердин маанилери, ошондой эле салык кызматынын ички регламенти менен бекитилген салыктык жана камсыздандыруу максаттарында колдонулуучу параметрлердин коддору жана маанилери "КСБМС" маалыматтык системасында камтылат.
10. 219, 222, 225, 228, 231, 234, 237, 240, 243-уячаларда жана 220, 223, 226, 229, 232, 235, 238, 241 жана 244-уячаларда "Х" белгиси менен тийиштүү саптарда ар бир параметрдин абалы белгиленет:
1) төрт бурчтуктагы "ооба" деген белги параметрдин анык экенин - анын салык төлөөчүнүн форма толтурган күнгө карата учурдагы абалына туура келишин көрсөтөт;
2) көрсөтүлгөн параметрдин тушундагы төрт бурчтукта "жок" деген белги салык төлөөчүнүн көрсөтүлгөн параметрге шайкеш болбой калганын билдирет.
11. 221, 224, 227, 230, 233, 236, 239, 242, 245-уячалардагы ар бир көрсөтүлгөн параметрлер боюнча сапта параметрди өзгөртүүнүн датасы көрсөтүлөт.
12. "В" сектору салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн аталыштары, коддору, реквизиттери менен толтурулат.
13. Салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн коддору, аталышы 301, 305, 309, 313, 317, 321, 325, 329, 333 жана 337-уячаларда көрсөтүлөт.
14. "Х" белгиси менен 302, 306, 310, 314, 318, 322, 326, 330, 334, 338-уячаларда жана 303, 307, 311, 315, 319, 323, 327, 331, 335 жана 339-уячаларда ар бир салык, камсыздандыруу төгүмү боюнча каттоо же тиешелүү түрдө каттоодон чыгаруу фактысы өзүнчө белгиленет.
15. 304, 308, 312, 316, 320, 324, 328, 332, 336 жана 340-уячаларда ар бир аталган салыктарга, камсыздандыруу төгүмдөрүнө тиешелүү саптарда катталган күнү көрсөтүлөт.
16. "Г" секторуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн (КТТ) каттоо номери, салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон декларациялануучу тарифтердин аталышы жана коду киргизилет.
17. "Г" секторунда декларациялануучу тарифтердин тизмеси толтурулат.
18. КТТнын каттоо номери 350, 355, 360, 365, 370, 375, 380, 385, 390 жана 395-уячаларда көрсөтүлөт.
19. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон тарифтердин коддору жана тарифтердин аталышы 351, 356, 361, 366, 371, 376, 381, 386, 391 жана 396-уячаларда көрсөтүлөт.
20. "Х" белгиси менен 352, 357, 362, 367, 372, 377, 382, 387, 392, 397-уячаларда жана 353, 358, 363, 368, 373, 378, 383, 388, 393 жана 398-уячаларда тарифтин ар бир түрү боюнча өзүнчө каттоо же каттоодон чыгаруу фактысы өзүнчө белгиленет.
21. 354, 359, 364, 369, 374, 379, 384, 389, 394 жана 399-уячаларда ар бир көрсөтүлгөн тарифтердин түрүнө туура келген саптарда каттоо/каттоодон чыгаруу датасы көрсөтүлөт.
22. Салык төлөөчүнүн банктык эсептери жөнүндө маалыматтар "Д" секторунда толтурулат.
23. Банктардын толук аталыштары 401, 404, 407 жана 410-уячаларда көрсөтүлөт.
24. Банктык идентификациялык коддор (БИК) 402, 405, 408 жана 411-уячаларда көрсөтүлөт.
25. Банктарда эсеп ачкан салык төлөөчүнүн эсептеринин номерлери 403, 406, 409 жана 412-уячаларда көрсөтүлөт.
26. "Салык органы тарабынан таризделген" сектору салык органынын кызмат адамы тарабынан толтурулат.
27. Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын таризделген датасы 901-уячага коюлат.
28. Салык төлөөчүнүн каттоо картасын тариздеген кызмат адамынын ИСНи жана кол тамгасы 902-уячага коюлат.
29. Салык төлөөчүнүн каттоо картасына салык органынын жетекчисинин кол тамгасы коюлат жана салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.".