Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 204
Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин бекитүү тууралуу
Жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу жана аларды анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо максатында, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде маалыматтык саясат башкармалыгынын базасында тиешелүү каржылоо жана техникалык жабдуу менен жарандардын жана юридикалык жактардын Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануу боюнча кайрылууларын кароону, анын ичинде маалымат мейкиндигине талдоо жана мониторинг жүргүзуүнү жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдү түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаиа Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинии чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндон тартып он кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
Тиркеме
Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун механизмин белгилейт.
2. Жарандардын жана юридикалык жактардын (мындан ары -арыз ээси) анык эмес (жалган) маалыматты алып салуудап баш тартуу же анык эмес (жалган) маалыматгы алып салуу убактысын бузуу жөнүндө арыздарын кароо маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Маалымат чөйрөсундөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн арызды кароонун натыйжалары боюнча сайттын же сайттын баракчасынын ээси тарабынан чечимдин аткарылышы үчүн мөөнөттү белгилөө менен анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жөнүндо чечим кабыл алат жана байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
Анык эмес (жалган маалыматты) алып салуу түздөн-түз Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Анык эмес (жалган) маалыматты сайттын же сайттын баракчасынын ээси тарабынан белгиленген мөөнөттө алып салуу жөнүндө чечим аткарылбаган учурда маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган хостинг-провайдер тарабынан сайттын же сайттын баракчасынын ишин эки айга чейинки моөнөткө токтотуп туруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
2. Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалымат жайылтылган арыз ээсинин даттануу тартиби
5. Интернет тармагында ага карата анык эмес (жалган) маалымат жайылтылган арыз ээси Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээсине баракчадан же сайттан анык эмес (жалган) маалыматты токтоосуз (кайрылган учурдан тартып 24 сааттын ичинде) алып салууну жана мурда жарыяланган анык эмсс (жалган) маалыматты жокко чыгаруучу маалыматты жарыялоо жөнүндө талап менен кайрылууга укуктуу.
6. "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза.мынып 3-беренесинин 3-болугүнүн биринчи абзацында белгиленген Интернет тармагындагы сайттын ээси же сайттын баракчасынын ээси баракчадан же сайттан анык омес (жалган) маалыматты алып салуу жана аны маалыматты жокко чыгаруучу маалыматгы жарыялоо же мындай маалыматты алып салуу моөнөтүн бузуу боюнча иш-аракеттерден баш тарткан учурда арыз ээси маалымат чөйрөсүндогү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө же электрондук түрдо арыз менен кайрылууга укуктуу.
7. Арыз жазуу жүзүнде же электрондук түрдө берилет жана төмонкүлөрдү камтууга тийиш:
1) жеке адамдар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жашаган жери, телефон номери. Арызга инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү тиркелүүго тийиш;
2) юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жетекчинин телефон/факс номери;
3) маалымат чөйресүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;
4) арыз ээси тарабынан берилүүчү негизделген талап (арыздын предмета);
5) берилген күнү, айы жана жылы;
6) арыз ээсинин колу; юридикалык жактын мөөрү менен күболөндүрүлгөн юридикалык жактын жетекчисинин колу;
7) Интернет тармагындагы сайттын домендик аталышы, анын тармактык дареги, анык эмес (жалган) маалымат жайгаштырылган Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын корсөткүчү;
8) Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээсине арыз ээсинин кайрылган күнүн жана убактысын ырастоочу маалымат же материалдар;
9) Интернет тармагындагы сайтгын же сайттын баракчасынын ээсинин анык эмес (жалган) маалыматты алып салуудан жана аны жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты жайгаштыруудан баш тартканын ырастоочу маалымат же материалдар (бар болсо).
8. Арыз ээси арызга кошумча маалыматтарды же материалдарды тиркөөгө укуктуу.
9. Маалымат чойрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз катталган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде арызда жазылган маалыматтардын ушул Тартиптин 7-пунктуна ылайык келишине текшерүү жүргүзөт.
Ушул Тартиптин 7-пунктунда белгиленген маалыматгар арызда толук эместиги аныктглган учурда маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык андан аркы иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
Арыз ээси макул болбогои учурда маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине жана аракетине (аракетсиздигине) "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61 жана 62-беренелерине ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан кийин сот тартибинде даттанууга укуктуу.
10. Маалымат чойрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 7-пунктунда баяндалган милдеттүү маалыматтарды камтыган арызды каран чыккандан кийин бир жумуш күндүн ичинде сайттын же сайттын баракчасынын ээси тарабынан чечимдин аткарылышынын мөөнөтүн белгилөө менен анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жөнүндө чечим кабыл алат жана байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
3. Интернет тармагынан анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун тартиби
11. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде аны Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээсине аткаруу үчүн жөнөтөт. Интернет тармагындагы сайггын же сайттын баракчасынын ээси маалымат чойрэсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу женүндө чечимин алган учурдан тартып анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жана мурда жайгаштырылган анык эмес (жалган) маалыматты жокко чыгаруучу маалыматты жайгаштыруу боюнча дароо чара көрөт.
Интернет тармагындагы сайттын же сайтгын баракчасынын ээси чечимди аткаруунун натыйжалары жөнүндө маалымат жана байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеггик органдарга бир жумуш күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.
4. Сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартиби
12. Сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин анык эмес (жалган) маалыматты алып салуусу жөнүндө маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеп-ик органдын чечими аткарылбаган учурда, маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир күндүк мөөнөттө хостинг-провайдердин сайттын же сайттын баракчасынын ишин белгиленген мөеноттө токтотуп туруусу жөнүндө чечим кабыл алат жана байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
13. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир жумуш күндүн ичинде сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жөнүндө маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимии белгиленген мөөнөттө хостинг-провайдерге аткаруу үчүн жөнөтөт.
14. Хостинг-провайдер маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин алган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде аны аткаруу боюнча чараларды көрөт.
Чечимди аткаруунун натыйжалары жөнүндө хостинг-провайдер маалымат жана байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бир жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
15. Сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жөнүндө маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин хостинг-провайдер аткарбаган учурда, арыз ээси сот органдарына кайрылууга укуктуу. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде жана техникалык мүмкүнчүлүк болгондо Интернет-провайдер сайтка кирүүнү чектейт.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
16. Маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 7-пунктунун 8 жана 9-пунктчаларында каралган, арыз ээси тиркеген арыздын жана материалдардын мазмуну (жүйөлөрү) үчүн жоопкерчилик тартпайт.
17. Интернет тармагындагы сайттын ээси, Интернет тармагынын баракчасынын ээси, хостинг-провайдер маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда аны - административдик (сотко чейиики) тартипте, ал эми андан кийин сот тартибинде даттанууга укуктуу.
Ушул Тартиптин 7 жана 8-пункттарына ылайык арыз ээси берген маалыматтар сот тартибинде анык эмес дсп таанылган учурда маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгарат.
18. Ушул Тартиптин 11 жана 14-пуyкттарын бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет.