Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна) |
Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк акыларды белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы N 497 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо маданият, искусство, маалымат жана спорт системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн ар айлык пайыздык үстөк акыларды (мындан ары - үстөк акы) белгилөөнүн жана төлөөнүн бирдиктүү тартибин аныктайт. Үстөк акы төлөө эмгекке акы төлөө системасында көтөрмөлөөчү төлөө болуп эсептелет жана маданият, искусство, маалымат жана спорт системасындагы квалификациялуу кызматкерлерди кармап калуу жана кадрлардын кетип калууларын азайтуу максатында белгиленет.
2. Маданият, искусство, маалымат жана спорт системасындагы кызматкерлерге төмөнкүлөр кирет: театр оюн-зоок ишканаларынын, китепканалардын, музейлердин, маданият сарайларынын жана үйлөрүнүн, клубдардын, телерадиокомпаниялардын, облустук медиаборборлордун, кино, басма жана гезит редакцияларынын кызматкерлери, дене тарбия жана спорт кызматкерлери, анын ичинде билим берүү мекемелеринде иштеген педагогикалык персоналга кирбеген, кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо айрым категориядагы кызматкерлер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы N 497 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Иштеген жылдар - эмгек стажынын түрү. Аныкталган кесиптик ишти аткаруу боюнча убакыттын аралыгын билдирет.
4. Үстөк акы орточо эмгек акыны эсептөөдө бардык учурларда эске алынат.
5. Үстөк акы иштеген стажына жараша кызматтык маянага карата пайыз менен төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- 5 жылдан 10 жылга чейин - 10 пайыз;
- 10 жылдан 15 жылга чейин - 20 пайыз;
- 15 жылдан ашык - 30 пайыз.
6. Иштеген жылдарга төмөнкүлөр кирет:
- маданият, искусство жана маалымат системасындагы уюмдардан жана мекемелерден 20дан 25 жашка чейин чакырылган учурда анык аскердик кызматта турган мезгили;
- бала багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүүдө турган мезгили;
- кызматкердин иш орду (кызмат орду) жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык орточо эмгек акысын сактоо менен иште болбогон мезгили.
7. Кызматкер иш ордунда болбогон учурда иштеген жылдары үчүн үстөк акы төмөнкүдөй учурларда белгиленет:
- иштен ажыратуу жана орточо эмгек акысын сактоо менен окуу мекемесинде квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өтүүдө;
- кызматкердин орточо эмгек акысын сактоо менен кызматтык иш сапарда болгондо;
- кызматкердин орточо эмгек акысын сактоо менен медициналык текшерүүгө жиберилгенде;
- кызматкердин орточо эмгек акысын сактоо менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык башка учурларда.
8. Эгерде кызматкерге үстөк акы дайындоого же өлчөмүн өзгөртүү укугу төмөндөгү мезгилдерге туура келсе үстөк акынын өлчөмү кызматкер ишке чыккан күндөн баштап өзгөртүлөт:
- акы төлөнүүчү ар жылдык же кошумча өргүүдө болгон;
- эмгекке убактылуу жараксыз болгон;
- эмгек акы төлөнбөгөн өргүүдө болгон;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө болгон.
9. Үстөк акы негизги иш боюнча үстөктүн жана кошумча акылардын бардык түрлөрүн эске албастан кызматтык маянага карата белгиленет.
10. Үстөк акы төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат.
11. Комиссиянын курамына: уюмдун жетекчиси, жетекчинин орун басары, уюмдун кадр жана юридикалык кызматтарынын өкүлдөрү, кесиптик бирлик комитетинин же башка өкүлдүү органынын өкүлдөрү кирүүгө тийиш.
12. Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
13. Иш стажын аныктоо үчүн негиз болуп эмгек китепче эсептелет. Эмгек китепче жок болгон жана эмгек китепчеде иштеген мезгилдери жөнүндө керектүү жазуу жок болгон же жазуулар такталбаган учурда иштеген жылдарды ырастоо үчүн иштеген мезгили жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкаттар, буйруктардын көчүрмөлөрү, өздүк эсептер кабыл алынат.
14. Комиссиянын үстөк акы белгилөө жөнүндө чечими протокол менен таризделет.
15. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү эки нускада даярдалат жана үстөк акы эсептөө үчүн бухгалтерияга жана кызматкердин өздүк делосуна тиркөө үчүн кадрлар бөлүмүнө берилет.
16. Үстөк акы эмгек акы менен кошо төлөнөт.