Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-марты № 185
Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 455, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 491, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 497, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 15-майындагы № 246, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 619, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 667, 2024-жылдын 10-майындагы № 230 , 2024-жылдын 17-октябрындагы № 624 , 2025-жылдын 24-июлундагы № 441, 2025-жылдын 15-августундагы № 499, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586, 2025-жылдын 17-октябрындагы № 675, 2026-жылдын 23-январындагы № 23 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 101, 2026-жылдын 16-февралындагы № 106, ,2026-жылдын 13-мартындагы № 176 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 176, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналуучу минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк акыларды белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 3-11-тиркемелерге ылайык.
21. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артисттик персоналынын эселөө коэффициенттери ушул токтомдун 6-тиркемесинде белгиленгенден 20 пайызга жогору белгиленет;
2) С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жана Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрынын артисттик персоналынын эселөө коэффициенттери ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык республикалык мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ушул токтомдун 10-тиркемесинин 3-главасы 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, спорттун түрлөрү боюнча дирекцияларды, "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекцияны, Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжин, Региондук олимпиадалык резерв мектебин, "Ынтымак", "Тайманбас", "Күлүк" адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептерин кошпогондо, дем берүүчү эмгек акы фондун түзсүн:
– ведомстволук мекемелерде – өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функционалдык милдеттерин сапаттуу аткаргандыгы жана олуттуу иш тажрыйбасы үчүн эмгек акы төлөө фондунун чегинде жалпы эмгек акы фондунун 30 пайызына чейинки өлчөмүндө;
– балансында же ыкчам башкаруусунда спорттук курулмалар турган мекемелердин административдик-башкаруучулук персоналына – ар бир база үчүн 10 пайызга чейинки үстөк акы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 675, 2026-жылдын 16-февралындагы № 106 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 545 "Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдында Кыргыз Республикасында Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбор түзүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-июлундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-августундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-октябрындагы № 522 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 135 "Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 179 "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
16) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
| 3-тиркеме |
Республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти | |||
айылдык | райондук, шаардык | облустук | республикалык | ||
1 | Директор |
| 3,00 | 3,50 | 4,00 |
2 | Директордун орун басары |
|
|
| 3,50 |
3 | Китепкана башчысы | 2,14 |
|
|
|
4 | Башкы бухгалтер |
|
| 3,00 | 3,50 |
5 | Бөлүм башчы |
| 2,56 | 2,56 | 3,38 |
6 | Сектор башчы |
| 2,14 |
| 2,90 |
7 | Окуу залынын башчысы |
| 2,14 | 2,14 | 2,90 |
8 | Филиал башчысы |
| 2,56 |
|
|
9 | Башкы китепканачы |
| 2,14 | 2,14 | 2,90 |
10 | Башкы библиограф |
| 2,14 | 2,14 | 2,90 |
11 | Жетектөөчү китепканачы |
| 2,10 | 2,10 | 2,42 |
12 | Жетектөөчү библиограф |
| 2,10 |
| 2,42 |
13 | Биринчи категориядагы китепканачы |
| 1,92 | 1,92 | 2,32 |
14 | Биринчи категориядагы библиограф |
|
|
| 2,32 |
15 | Экинчи категориядагы китепканачы |
|
|
| 2,18 |
16 | Экинчи категориядагы библиограф |
|
|
| 2,18 |
17 | Китепканачы |
| 1,71 | 1,92 | 2,18 |
18 | Редактор |
|
|
| 1,94 |
19 | Реставрациялоочу-мукабачы |
| 1,71 | 1,71 | 2,18 |
20 | Терүүчү-верстка жасоочу |
|
|
| 2,42 |
21 | Басуучу, монтаждоочу-калыпка салуучу |
|
|
| 2,42 |
22 | Микротасмалоо оператору, терүүчү-оператор |
|
|
| 2,42 |
| Сүрөтчү |
| 1,92 |
| 2,66 |
24 | Фотограф |
|
|
| 2,42 |
25 | Дизайнер |
|
|
| 2,42 |
26 | Музей башчысы |
|
|
| 2,42 |
27 | Улук бухгалтер |
|
|
| 2,66 |
28 | Бухгалтер |
|
| 2,14 | 2,42 |
29 | Кассир |
|
| 1,92 | 2,18 |
30 | Кадрлар боюнча инспектор |
|
|
| 2,42 |
31 | Юрист |
|
|
| 2,90 |
32 | Коомчулук менен байланыш боюнча адис |
|
|
| 2,42 |
33 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис |
|
|
| 2,42 |
34 | Программист |
|
|
| 2,90 |
35 | Инженер |
|
|
| 2,40 |
36 | Биринчи категориядагы инженер |
|
|
| 2,90 |
37 | Техник |
|
| 1,71 | 1,90 |
38 | Биринчи категориядагы техник |
|
|
| 2,10 |
39 | Биринчи класстагы өрт өчүргүч |
|
| 1,92 | 2,10 |
40 | Экинчи класстагы өрт өчүргүч |
|
| 1,71 | 1,90 |
Эскерүү. Балдарды өнүктүрүү борборлорунда ишке тартылган китепканалардын кызматкерлерине жүктөмдүн бир айлык көлөмүн аткарууда кызматтык маяналарына 2000 сом өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.
| 4-тиркеме |
Республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык музейлердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-июлундагы № 441 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти | ||||
республикалык | облустук | райондук | шаардык | айылдык | ||
1 | Директор | 4,00 | 3,50 | 3,00 | 3,00 |
|
2 | Директордун орун басары | 3,50 | 3,00 |
|
|
|
3 | Башкы бухгалтер | 3,50 | 3,00 |
|
|
|
4 | Башкы инженер | 3,10 | 2,90 |
|
|
|
5 | Башкы сактоочу | 3,50 | 3,00 |
|
| 2,56 |
6 | Башкы сүрөтчү | 2,90 |
|
|
|
|
7 | Окумуштуу катчы | 3,38 | 2,85 |
|
|
|
8 | Бөлүм башчы | 3,38 | 2,85 |
|
|
|
9 | Сектор башчы | 2,90 | 2,66 |
|
|
|
10 | Устакананын башчысы | 2,90 |
|
|
|
|
11 | Жетектөөчү илимий кызматкер | 2,66 | 2,42 | 2,42 | 2,14 |
|
12 | Улук илимий кызматкер | 2,42 | 2,32 | 2,32 | 2,05 |
|
13 | Кенже илимий кызматкер | 2,32 | 2,18 |
|
|
|
14 | Котормочу-адис | 2,42 |
|
|
|
|
15 | Реставрациялоочу | 2,42 | 2,32 |
|
|
|
16 | Сүрөтчү-жасалгалоочу | 2,42 |
|
|
|
|
17 | Фото сүрөтчү | 2,42 | 2,32 |
|
|
|
18 | Экскурсия жүргүзүүчү | 2,85 | 2,85 |
|
|
|
19 | Музейди кароочу | 2,18 | 2,18 | 2,18 | 1,92 |
|
20 | Дизайнер | 2,42 |
|
|
|
|
21 | Методист | 2,42 |
|
|
|
|
22 | Лектор | 2,42 |
|
|
|
|
23 | Бухгалтер | 2,66 |
|
|
|
|
24 | Бухгалтер-кассир | 2,42 | 2,32 |
|
|
|
25 | Кадрлар бөлүмүнүн башчысы | 3,38 |
|
|
|
|
26 | Кадрлар боюнча инспектор | 2,42 | 2,42 |
|
|
|
27 | Администратор | 2,42 |
|
|
|
|
28 | Жабдууларды эксплуатациялоо жана оңдоо кызматынын начальниги | 3,38 |
|
|
|
|
29 | Инженер | 2,40 | 2,40 |
|
|
|
30 | Техник | 1,90 | 1,90 |
|
|
|
Эскертүү. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин кызматтык маянасына 100 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт деп белгиленсин.
| 5-тиркеме |
Клуб мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти | |
маданият үйлөрү, маданият сарайлары, клубдар | |||
райондук, шаардык | айылдык | ||
1 | Директор (клуб башчысы) | 3,00 | 2,14 |
2 | Көркөм жетекчи | 2,50 |
|
3 | Методист | 2,14 |
|
4 | Маданий-массалык иш-чараларды уюштуруучу | 2,14 | 1,71 |
5 | Ийрим жетекчи | 2,14 |
|
6 | Режиссер-коюучу | 2,30 |
|
7 | Сүрөтчү-жасалгалоочу | 2,14 |
|
8 | Хормейстер | 2,14 |
|
9 | Музыкант | 2,14 |
|
10 | Хореограф | 2,14 |
|
11 | Аккомпаниатор | 2,14 |
|
| 6-тиркеме |
Театр оюн-зоок мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 497, 2024-жылдын 10-майындагы № 230, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 176 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Башкы директор | 4,00 |
2 | Көркөм жетекчи | 3,75 |
3 | Директордун орун басары, башкы бухгалтер | 3,50 |
4 | Башкы инженер, башкы дирижёр, башкы режиссёр, башкы сүрөтчү, башкы балетмейстер, башкы хормейстер | 3,38 |
5 | Адабий драмалык бөлүмдүн жетекчиси, вокал боюнча класстын жетекчиси, өндүрүштүк-театралдык устакананын башчысы, көркөм коюучу бөлүмдүн башчысы, дирижер-коюучу, сүрөтчү-коюучу, режиссёр-коюучу, вокал, балет жана хор класстары боюнча класстын концертмейстери, көркөм жетекчинин ассистенти, балетмейстер-коюучу | 2,90 |
6 | Дирижёр, балетмейстер, режиссёр, башкы режиссёрдун жардамчысы, хормейстер, үн рёжиссер, сүрөтчү-бутафор, декоратор, конструктор, скульптор, балет боюнча консультант, сахна кыймылы боюнча репетитор | 2,42 |
7 | Сүрөтчү-гримдөөчү, сүрөтчү жарык берүүчү, баш кийим боюнча сүрөтчү-модельер, бут кийим жана өзгөчө татаал костюмдар боюнча модельер, гримдөөчү-чач тарач, сүрөтчү, суфлёр | 2,25 |
8 | Опера солисти - сахнанын жетектөөчү чебери | 3,00 |
1) | Жогорку категориядагы артист-вокалчы | 2,90 |
2) | Биринчи категориядагы артист-вокалчы | 2,42 |
3) | Экинчи категориядагы артист-вокалчы | 2,32 |
4) | Жогорку категориядагы хор артисти | 2,90 |
5) | Биринчи категориядагы хор артисти | 2,42 |
6) | Экинчи категориядагы хор артисти | 2,32 |
7) | Балет солисти - сахнанын жетектөөчү чебери | 3,00 |
8) | Жогорку категориядагы балет артисти | 2,90 |
9) | Биринчи категориядагы балет артисти | 2,42 |
10) | Экинчи категориядагы балет артисти | 2,32 |
11) | Мимика ансамблинин артисттери | 2,32 |
9 | Музыкалык кыл аспаптар тобунун концертмейстери - жогорку категориядагы оркестр артисти | 3,00 |
10 | Музыкалык кыл аспаптар тобунун концертмейстеринин орун басары - жогорку категориядагы оркестр артисти, музыкалык үйлөмө аспаптар тобунун жөнгө салуучусу - жогорку категориядагы оркестр артисти | 2,90 |
1) | Жогорку категориядагы оркестр артисти | 2,90 |
2) | Биринчи категориядагы оркестр артисти | 2,42 |
3) | Экинчи категориядагы оркестр артисти | 2,32 |
11 | Музыкалык аспаптарды универсалдык оңдоо боюнча уста | 2,11 |
12 | Кадрлар бөлүмүнүн башчысы | 3,39 |
13 | Башкы бухгалтердин орун басары, башкы администратор | 2,97 |
14 | Костюмдар цехинин (аялдар, эркектер, бут кийимдер), бут кийим тигүү цехинин, гримдөө-чач тарач цехинин, машина-декорациялык цехтин, эмерек реквизиттик цехтин, жарык берүүчү цехтин, тигүү цехинин, өрт өчүрүү-кароол кызматынын, гараждын начальниктери, музейдин, билет кассасынын башчылары, мамлекеттик сатып алуучулар боюнча адис, иш башкаруучу, юрист, экономист, бухгалтер, кассир, жарандык коргонуу боюнча адис, улук администратор, башкы энергетик | 2,90 |
15 | Инженер-электроник, инженер | 2,25 |
16 | Опера, балет труппасынын инспектору, оркестр, хор инспектору, реквизитор, жарык берүүчү, жасалгалоо боюнча татаал спектаклдердин жарык берүүчү жана жарык эффекттеринин схемасын иштеп чыгууну жетектөөчү, бут кийим тигүү жана оңдоо боюнча бут кийимчи, сахнаны монтировкалоочу, костюмдарды жана декорацияларды даярдоо жана оңдоо боюнча тигүүчү, тигүү цехинин тигүүчүсү (бычмачы), өрт өчүрүү-кароол кызматынын жумушчусу, органдарды, өзгөчө баалуу музыкалык аспаптарды (пианино, рояль, кыл-кыяк) калыбына келтирүүчү-оңдоочу | 2,20 |
2. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы жана облустук филармониялар
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
| |
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы | облустук филармониялар |
| ||
1 | Башкы директор | 4,00 |
|
|
2 | Директор |
| 3,50 |
|
3 | Көркөм жетекчи | 3,75 | 3,14 |
|
4 | Директордун орун басары, башкы бухгалтер | 3,50 | 3,00 |
|
5 | Көркөм жетекчи-оркестрдин, ансамблдин дирижёру, көркөм жетекчи – хормейстер, башкы режиссёр, башкы дирижер, башкы балетмейстер, башкы сүрөтчү | 3,38 | 2,44 |
|
6 | Көркөм коюучу бөлүмдүн, адабий бөлүмдүн, музыкалык бөлүмдүн башчылары, режиссёр-коюучу, сүрөтчү-коюучу, балетмейстер-коюучу, сүрөтчү-жасалгалоочу, оркестрдин дирижеру, фортепиано классы боюнча концертмейстер, вокал боюнча концертмейстер-репетитор, балет боюнча репетитор, мастер-класстын жетекчиси, хормейстер. | 2,90 | 2,20 |
|
7 | Режиссёр-коюучунун жардамчысы, үн режиссёру, жетектөөчү инженер, имарат боюнча инженер, үн оператору (үн режиссёру), дирижёрдун ассистенти, режиссер-коюучунун жардамчысы, гримдөөчү-постижёр | 2,42 | 1,83 |
|
8 | Фольклордук-этнографиялык ансамблдин артисттери, анын ичинде: |
|
|
|
1) | жогорку категориядагы артисттер | 2,90 | 2,03 |
|
2) | биринчи категориядагы артисттер |
| 1,95 |
|
3) | экинчи категориядагы артисттер |
| 1,83 |
|
9 | Фольклордук артисттер, анын ичинде: |
|
|
|
1) | жогорку категориядагы артисттер | 2,90 |
|
|
| төкмө-акындар | 2,90 |
|
|
3) | биринчи категориядагы артисттер | 2,42 |
|
|
10 | Вокалист-артисттер, анын ичинде: |
|
|
|
1) | жогорку категориядагы артист-вокалисттер (солисттер) | 2,90 |
|
|
2) | биринчи категориядагы артист-солисттер, жогорку категориядагы концерт алып баруучу | 2,42 |
|
|
11 | К.Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисттери, анын ичинде: |
|
|
|
1) | жогорку категориядагы артисттер | 2,90 | 2,03 |
|
2) | биринчи категориядагы артисттер | 2,42 | 1,95 |
|
12 | Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестрдин артисттери, анын ичинде: |
|
|
|
1) | жогорку категориядагы оркестр артисттери | 2,90 |
|
|
13 | Ансамблдин оркестрдик тобунун артисттери, анын ичинде: |
|
|
|
1) | жогорку категориядагы артисттер | 2,90 |
|
|
2) | биринчи категориядагы артисттер | 2,42 |
|
|
14 | Балет артисттери, анын ичинде: |
|
|
|
1) | жогорку категориядагы балет артисттери | 2,90 |
|
|
2) | биринчи категориядагы балет артисттери | 2,42 |
|
|
15 | Бий жана эстрада тобунун артисттери, анын ичинде: |
|
|
|
1) | жогорку категориядагы артисттер | 2,90 | 2,03 |
|
2) | биринчи категориядагы артисттер |
| 1,95 |
|
3) | экинчи категориядагы артисттер |
| 1,83 |
|
151 | Акапелла артисттери, анын ичинде, жогорку категориядагы артисттер | 2,90 | 2,03 | |
16 | Кадрлар бөлүмүнүн, концерттик бөлүмдүн начальниктери, башкы администратор, труппанын, топтун жетекчиси | 3,39 | 2,10 |
|
17 | Энергетикалык жабдуулар, сахна жабдууларын эксплуатациялоо, техникалык өндүрүш, өрт өчүрүү-кароол кызматынын, аялдар жана эркектер кийимдери цехинин, музыкалык техника кызматтарынын начальниктери, тигүү цехинин, устакананын, музейдин башчылары, жарандык коргонуу боюнча башкы адис, башкы энергетик, юрист, экономист, бухгалтер, кассир, кадрлар бөлүмүнүн инспектору, жамааттын директору, администратор, арт-менеджер, мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис, маалыматтык технологиялар боюнча адис, мобилограф | 2,90 | 2,03 |
|
18 | Жетектөөчү инженер, имарат боюнча жетектөөчү инженер, элдик аспаптарды жасоочу уста | 2,42 | 1,95 |
|
19 | Китепканачы, инспектор, театралдык-концерттик костюмдарды тигүү боюнча тикмечи, жарык берүүчү, сахнанын улук машинисти, билет кассасынын башчысы, инженер механик, өрт өчүрүү-кароол кызматынын кызматкери | 2,18 | 1,70 |
|
20 | Музыкалык аспаптарды күүлөөчү, сахнанын машинисти, бут кийим жасоо жана оңдоо боюнча бут кийимчи | 2,11 | 1,62 |
|
3. А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри, Чүй облустук камералык оркестри
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти | |
А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри | Чүй облустук камералык оркестри | ||
1 | Директор | 3,55 | 3,00 |
2 | Башкы дирижёр, башкы хормейстер | 3,39 | 2,70 |
3 | Дирижёр, вокал боюнча концертмейстер | 2,90 |
|
4 | Жогорку категориядагы артист | 2,90 | 2,23 |
5 | Биринчи категориядагы артист | 2,42 | 2,03 |
6 | Экинчи категориядагы артист | 2,32 |
|
7 | Жогорку категориядагы артист-вокалчылар | 2,90 |
|
8 | Камералык хор артисттери, анын ичинде: |
|
|
1) | жогорку категориядагы артисттер | 2,90 |
|
2) | биринчи категориядагы артисттер | 2,42 |
|
3) | экинчи категориядагы артисттер | 2,32 |
|
9 | Китепканачы (ноталарды көчүргүч), сахнаны монтировкалоочу | 1,93 |
|
4. Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Башкы директор | 4,00 |
2 | Көркөм жетекчи | 3,75 |
3 | Директордун орун басары, башкы бухгалтер, башкы инженер | 3,50 |
4 | Башкы: режиссёр, дирижёр, мейманкананын директору, цирк студиясынын директору; жылуулук пунктунун, кадрлар бөлүмүнүн, өрт өчүрүү-кароол кызматынын, техникалык өндүрүштүн начальниктери, жарандык коргонуу боюнча башкы адис, башкы администратор, башкы энергетик, билет кассасынын башчысы, труппанын, топтун жетекчиси | 3,38 |
5 | Режиссёр-коюучу, сүрөтчү-коюучу, сүрөт-жасалгалоочу, үн оператору (үн режиссёру), вокал боюнча концертмейстер-репетитор | 2,42 |
6 | Оркестрдин, цирктин артисттери, анын ичинде: |
|
1) | жогорку категориядагы артисттер | 2,66 |
2) | биринчи категориядагы артисттер | 2,42 |
3) | экинчи категориядагы артисттер | 2,20 |
7 | Юрист, бухгалтер, экономист, манеж инспектору, кассир, кадрлар бөлүмүнүн инспектору, терапевт, ветеринардык врач, администратор | 2,90 |
8 | Реквизитор, инженер-механик, өрт өчүрүү-кароол кызматынын жумушчусу | 2,18 |
5. Драмалык жана музыкалык-драма театрлары, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры, Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры, "Учур" мамлекеттик жаштар театры
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти | ||
Республикалык, Бишкек шаардык | облустук | шаардык, райондук | ||
1 | Директор | 4,00 | 3,50 | 2,56 |
2 | Директордун орун басары, башкы бухгалтер | 3,50 | 3,00 | 2,14 |
3 | Көркөм жетекчи | 3,75 | 3,38 | 2,45 |
4 | Башкы сүрөтчү | 3,39 | 2,44 | 2,20 |
5 | Музыкалык бөлүмдүн, өндүрүштүк устакананын башчылары, адабий драмалык бөлүмдүн жетекчиси, режиссёр-коюучу, сүрөтчү- коюучу, жарык боюнча сүрөтчү, адабий- драмалык бөлүм боюнча көркөм жетекчинин жардамчысы, труппа боюнча көркөм жетекчинин жардамчысы | 2,90 | 2,20 | 2,14 |
6 | Көркөм-коюучу бөлүмдүн башчысы | 3,48 | 2,65 | 2,25 |
7 | Костюмдар боюнча сүрөтчү-коюучу, сүрөтчү-декоратор, универсалдуу куурчактардын, татаал жарык эффекттердин декоратору, жасалгалоочу, жарнамачы, бутафор-декоратор | 2,50 | 1,95 |
|
8 | Режиссёрдун ассистенти, режиссёрдун жардамчысы, аккомпаниатор, концертмейстер, сценалык кыймыл, сүйлөө боюнча педагог, синхрондук котормонун диктору, мамлекеттик тил боюнча адис, гримдөөчү-постижёр, сүрөтчү-бутафор, үн режиссёру, балдар аудиториясын уюштуруучу педагог | 2,42 | 1,85 | 1,72 |
9 | Драма артисттери: |
|
|
|
1) | сахнанын жетектөөчү чеберлери | 2,90 | 2,43 |
|
2) | жогорку категориядагы драма артисттери | 2,66 | 2,23 | 1,92 |
3) | биринчи категориядагы драма артисттери | 2,42 | 2,03 | 1,90 |
4) | экинчи категориядагы драма артисттери | 2,20 | 1,83 |
|
10 | Куурчак театрынын артисттери, анын ичинде: |
|
|
|
1) | сахнанын жетектөөчү чеберлери | 2,90 | 2,43 |
|
2) | жогорку категориядагы драма артисттери | 2,66 | 2,23 |
|
3) | биринчи категориядагы драма артисттери | 2,42 | 2,03 |
|
4) | экинчи категориядагы драма артисттери | 2,20 | 1,83 |
|
11 | Кадрлар бөлүмүнүн башчысы, экономист, бухгалтер, кассир, юрист, башкы администратор, билет кассасынын, фотолабораториянын, костюмдар цехинин, тигүү цехинин башчылары, башкы энергетик | 2,90 | 2,03 | 1,90 |
12 | Театралдык музейдин, костюмдар цехинин башчылары, администратор | 2,66 | 2,10 | 2,00 |
13 | Машиналык-декорациялык цехтин, жарык берүүчү цехтин, бут кийим цехинин, гримдөөчү цехтин, реквизиттик цехтин, декорациялык цехтин, техникалык жабдуулар кызматынын, сантехникалык кызматтын, өрт өчүрүү-кароол кызматынын начальниктери | 3,39 | 2,18 |
|
14 | Тигүү боюнча бычмачы, эскиз боюнча костюм бычмачысы, реквизитор, реквизитор-эмерекчи, сахна декорациясын жана кийимдерин тигүүчү, коопсуздук техникасы боюнча инженер, инженер, өрт өчүрүү-кароол кызматынын жумушчусу, машинист, сахнаны монтаждоочу, жарык берүүчү (жарык оператору), видеооператор, жарык боюнча техник, үн боюнча техник, автоматташтырылган телефон станциясынын техниги, чыңалуусу аз тармактын инженери | 2,18 | 1,83 | 1,71 |
6. Кыргыз улуттук "Манас" театры
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Башкы директор | 4,00 |
2 | Көркөм жетекчи | 3,75 |
3 | Директордун орун басары, башкы бухгалтер | 3,50 |
4 | Башкы сүрөтчү, режиссёр-коюучу, үн оператору (үн режиссёру) | 3,39 |
5 | Манасчы артисттер | 3,45 |
6 | Дастанчы артисттер | 3,45 |
7 | Төкмө акындар | 3,45 |
8 | Бухгалтер, юрист, мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,90 |
9 | Өрт өчүрүү-кароол кызматынын жумушчусу | 2,18 |
7. Бишкек шаарынын мэриясынын симфониялык оркестри, элдик аспаптар оркестри, үйлөмө аспаптар оркестри
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Көркөм жетекчи | 3,55 |
2 | Башкы дирижёр | 3,39 |
3 | Дирижёр, оркестрдин концертмейстери, аранжировкалоочу | 2,90 |
4 | Жогорку категориядагы артисттер | 2,90 |
5 | Биринчи категориядагы артисттер | 2,42 |
6 | Көркөм жетекчинин ассистенти | 2,42 |
7 | Китепканачы, оркестрдин инспектору | 1,93 |
8. Бишкек шаарынын мэриясынын "Семетей", "Сувенир", "Акак", "Доор", "Кыргыз Руху" ансамблдери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Көркөм жетекчи | 3,55 |
2 | Башкы хормейстер, башкы балетмейстер | 3,39 |
3 | Администратор, үн оператор | 2,50 |
4 | Биринчи категориядагы артисттер | 2,42 |
| 7-тиркеме |
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына эселөө коэффициенттери
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 667 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Башкы директор | 3,53 |
2 | Башкы директордун орун басары | 2,79 |
| Телепрограммалардын башкы редактору | 2,79 |
Башкы режиссер | 2,79 | |
Башкы инженер | 2,79 | |
Башкы телеоператор | 2,79 | |
Башкы бухгалтер | 2,79 | |
Кадрлар боюнча инспектор | 2,79 | |
Юрисконсульт | 2,79 | |
Эфирдин техниги | 2,79 | |
Веб-редактор | 2,79 | |
3 | Офис-менеджер | 2,45 |
4 | Улук редактор | 2,35 |
Диктор | 2,35 | |
5 | Улук оператор | 2,20 |
Телеоператор | 2,20 | |
Монтажер | 2,20 | |
Өз кабарчы | 2,20 | |
Кабарчы | 2,20 | |
Үн оператору | 2,20 | |
Системалык администратор | 2,20 | |
Жарнама боюнча менеджер | 2,20 | |
Гримдөөчү-пастижер | 2,20 |
| 71-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу жумушчуларынын минималдуу базалык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 455 , 2025-жылдын 15-августундагы № 499, 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | 4,00 |
2 | Директордун орун басары | 3,60 |
3 | Башкы редактор | 3,45 |
4 | Башкы бухгалтер | 3,40 |
5 | Офис-менеджер | 2,45 |
Негизги персонал | ||
1 | Жооптуу катчы | 3 |
2 | Бөлүмдүн башчысы | 2,45 |
3 | Редактор | 2,30 |
4 | Атайын кабарчы | 2,30 |
5 | Вебредактор | 2,20 |
6 | Техникалык редактор | 2,20 |
7 | Корректор | 2,20 |
8 | Оператор-монтаждоочу | 2,20 |
9 | Терүүчү-версткалоочу | 2 |
Кенже тейлөө персонал | ||
1 | Айдоочу | 1,90 |
2 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 1,20 |
| 8-тиркеме |
"Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
| Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Башкы директор | 4,50 |
2 | Башкы редактор | 4,00 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,40 |
4 | Бухгалтер | 2,70 |
5 | Жарнама жана маркетинг боюнча менеджер | 2,80 |
6 | Офис-менеджер (кадрлар боюнча инспектор) | 2,21 |
7 | Системалык администратор | 2,27 |
8 | Жооптуу катчы | 2,13 |
9 | Көркөм редактор | 2,30 |
10 | Баяндамачы | 2,20 |
11 | Кабарчы | 2,30 |
12 | Фотокабарчы | 2,30 |
13 | Корректор | 2,20 |
14 | Верстальщик | 2,00 |
15 | Веб-адис | 2,20 |
16 | Оператор-монтаждоочу | 2,13 |
17 | Дизайнер-верстальщик | 2,00 |
18 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,75 |
19 | Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын (таштанды түтүгүн) тазалоочу | 1,20 |
| 9-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин ведомстволук мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы N 491 токтомунун редакциясына ылайык)
1. "Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" Улуттук киностудиясы" мамлекеттик мекемеси
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 4,00 |
2 | Директордун орун басары | 3,70 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,50 |
4 | Башкы экономист | 3,30 |
5 | Башкы инженер | 3,30 |
6 | Фильм чыгаруу боюнча башкы инженер | 3,30 |
7 | Автотранспорт участогунун начальниги | 2,80 |
8 | Үн монтаждоочу участоктун начальниги | 2,80 |
9 | Фильм чыгаруу боюнча жетектөөчү адис | 2,60 |
10 | Тартуучу жана жарык берүүчү техникалык участогунун жетектөөчү адиси | 2,60 |
11 | Үн монтаждоочу участоктун жетектөөчү адиси | 2,60 |
12 | Улук редактор | 2,60 |
13 | Автотранспорт участогунун улук устасы | 2,60 |
14 | Тартуучу жана жарык берүүчү аппаратуралар участогунун контролдоочу устасы | 2,60 |
15 | Адис, инспектор | 2,60 |
16 | Башкы механик | 2,80 |
17 | Бухгалтер | 2,70 |
18 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,70 |
19 | Чарбалык бөлүмдүн башчысы | 2,50 |
20 | Киновидеоархив башчысы | 2,50 |
21 | Костюмдар жана реквизиттер кампасынын башчысы | 2,50 |
22 | Курал-пиротехникалык кампанын башчысы | 2,50 |
23 | Имараттарды ондоо жана тейлөө боюнча техник | 2,27 |
24 | Тартуучу жабдуулардын механиги | 2,27 |
25 | Жарык берүүчү аппаратуралардын механиги | 2,27 |
26 | Санариптик (компьютердик) жабдуулардын механиги | 2,27 |
27 | Атайын автотранспортту тейлөө боюнча механик | 2,27 |
28 | Сантехникалык түзүлүштөрдү тейлөө боюнча техник | 2,27 |
29 | Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча адис | 2,27 |
30 | Санариптик монтаждык жабдуулар инженери | 2,70 |
31 | Үн жазуу жана кайра жазуу инженери | 2,70 |
32 | Алгачкы үн жазма жабдуулардын инженери | 2,70 |
11. "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемеси
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти (сом) |
1 | Директор | 3,50 |
2 | Директордун орун басары | 3,00 |
3 | Башкы бухгалтер | 2,80 |
4 | Юрист башкы адис | 2,50 |
5 | Экономист жетектөөчү адис | 2,20 |
6 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис | 2,20 |
7 | Кадрлар боюнча жетектөөчү адис | 2,20 |
8 | Пиар-менеджер адис | 2,20 |
9 | IT-адис | 2,13 |
2. "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборбору" мамлекеттик мекемеси
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 3,50 |
2 | Башкы бухгалтер | 2,80 |
3 | Кино жана видеофильмдердин прокаты боюнча бөлүм (пункт) башчы | 2,40 |
4 | Репертуардык пландоо боюнча адис | 2,13 |
5 | Кинотехнологиялык жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча механик | 2,13 |
6 | Фильмдерди текшерүүчү, фильмдин нускаларын реставрациялоочу | 2,13 |
7 | Кино жабдуулар боюнча инженер | 2,13 |
3. Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык кино үйүнүн дирекциясы
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 3,50 |
2 | Башкы бухгалтер | 2,80 |
3 | Адис | 2,13 |
4 | Киномеханик | 2,13 |
4. Облустук, шаардык, райондук жана айылдык кинодирекциялар
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти | |||
облустук | райондук | айылдык | шаардык | ||
1 | Директор | 3,00 | 2,70 |
| 2,70 |
2 | Башкы бухгалтер | 2,60 | 2,20 |
| - |
3 | Администратор | 2,00 | 2,00 |
| - |
4 | Кинопрограммаларды түзүү боюнча методист | 2,00 |
|
| 2,00 |
5 | Инженер | 2,00 | - |
| - |
6 | Кино тартуучу, электрондук, үн техникалык, оптикалык, телевизиондук жана башка жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча техник |
| 2,0 | 2,0 | 2,0 |
7 | Киномеханик | - | 2,0 | 2,0 | 2,0 |
8 | Киномеханик-авто көчмө айдоочусу | 2,00 | 2,0 | 2,0 | 2,0 |
| 10-тиркеме |
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясы, "Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси" мекемеси
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Директордун орун басары | 4,00 |
3 | Ат майдандын башчысы | 3,85 |
4 | Башкы бухгалтер | 3,45 |
5 | Кадр боюнча адис | 2,90 |
6 | Юрист | 2,90 |
7 | Бухгалтер | 2,85 |
8 | Ат майдандын бухгалтери | 2,85 |
9 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,85 |
10 | Басма сөз катчысы | 2,85 |
11 | Методист | 2,85 |
12 | Бухгалтер-кассир | 2,75 |
2. "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Бөлүм башчы | 3,55 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,45 |
4 | Юрист | 2,90 |
5 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,85 |
6 | Инспектор | 2,85 |
3. Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин, Региондук олимпиадалык резерв мектебинин административдик-башкаруу персоналы
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
РСК, РОРМ | ||
1 | Директор | 3,80 |
2 | Директордун орун басары | 3,40 |
3 | Спорттук-ден соолукту чыңдоо лагеринин башчысы | 3,40 |
4 | Башкы бухгалтер | 2,90 |
5 | Юрист | 2,55 |
6 | Мамлекеттик тил боюнча адис | 2,55 |
7 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,55 |
8 | Кадр боюнча адис | 2,55 |
9 | Бухгалтер | 2,55 |
10 | Методист | 2,55 |
11 | Бухгалтер-кассир | 2,55 |
12 | Инженер-программист | 2,55 |
Эскертүү:
РСК - Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи;
РОРМ - Жалал-Абад шаарынын "региондук олимпиадалык резерв мектеби".
4. Балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептеринин жана балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектептеринин административдик-башкаруу персоналы
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери | ||
"Ынтымак", "Тайманбас", "Күлүк" АБӨОРМ | АБӨОРМ | БӨСМ | ||
1 | Директор | 3,35 | 2,30 | 2,10 |
2 | Директордун орун басары | 3,00 | 2,00 | 1,90 |
3 | Башкы бухгалтер | 2,90 | 1,95 | 1,80 |
4 | Бухгалтер | 2,55 | 1,75 | 1,60 |
5 | Методист | 2,55 | 1,75 | 1,60 |
6 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,55 | 1,75 | 1,60 |
Эскертүү:
АБӨОРМ - адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби.
БӨСМ - балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби.
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын, "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекциянын, Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин, Региондук олимпиадалык резерв мектебинин жана "Ынтымак" адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин, "Тайманбас" адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин, "Күлүк" адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин административдик-башкаруу персоналына өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функционалдык милдеттерин сапаттуу аткаргандыгы жана эл аралык спорттук аренада жогорку натыйжаларга жетүүгө кошкон салымы үчүн кызматтык маянасына 50%га чейин үстөк акы белгиленет.
5. Машыктыруучу-окутуучулук курам
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Башкы машыктыруучу | 3,20 |
2 | Улук машыктыруучу | 3,10 |
3 | Жогорку билими бар машыктыруучу | 3,00 |
4 | Атайын орто билими бар машыктыруучу | 2,40 |
5 | Атайын билими жок машыктыруучу | 2,20 |
6. Спорт боюнча инструкторлор
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Спорт боюнча инструктор | 1,90 |
Эскертүү:
Спорт боюнча инструкторлорго иштеген жылдары үчүн үстөк акынын өлчөмү дене тарбия жана спорт мекемелеринин административдик-башкаруу персоналынын кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн үстөк акынын бекитилген өлчөмүнө ылайык, ал эми бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн - ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.
7. Машыктыруучу-окутуучулук курамдын кызматтык маяналарына үстөк акылардын өлчөмдөрү
1. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияда, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринде, спорт колледждеринде, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептериндеги спорттук өркүндөтүү жана жогорку чеберчилик топторунда иштеген спорт боюнча машыктыруучу-окутуучуларга кесиптик чеберчилиги үчүн кызматтык маянасынын 15 пайыз өлчөмүндө пайыздык үстөк акы төлөнүп берилет.
2. "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамы бар спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына иштеген жылдары, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн үстөк акылар ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.
3. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" же "Кыргыз Республикасынын спортуна эмгек сиңирген чебер" спорттук наамы бар спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына 800 сом өлчөмдө үстөк акы белгиленет.
4. Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинде жана Региондук олимпиадалык резерв мектебинде машыктыруучуга спортчуларды даярдагандыгы жана өткөрүп бергендиги үчүн ошол спортчу колледжде окуган бүткүл мезгилде ар бир спортчу үчүн кызматтык маянасына 10 пайызга чейин кошумча акы төлөнөт. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияга спортчуларды өткөрүп бергендиги үчүн машыктыруучуга ар бир спортчу үчүн кызматтык маянасына 20 пайызга чейин кошумча акы төлөнөт.
5. Спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналары жыл ичинде жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды даярдагандыгы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жогорулатылат:
№ | Иш-чаранын аталышы | Үстөк акынын өлчөмү, % менен | ||
100%га чейин | 75%га чейин | 50%га чейин | ||
Ээлеген орундар | ||||
| Олимпиадалык оюндар, паралимпиадалык оюндар жана сурдалимпиадалык оюндар | 1 жана 2 | 3 жана 4 | 5 жана 6 |
| Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндары | 1 | 2 жана 3 | 4 жана 5 |
| Чоңдор арасында дүйнөлүк чемпионат | 1 жана 2 | 3 жана 4 | 5 |
| Дүйнөлүк универсиада | 1 | 2 | 3 |
| Майыптар арасында дүйнөлүк чемпионат | 1 | 2 | 3 |
| Азия оюндары | 1 | 2 | 3 |
| Азия чемпионаты | - | 1 | 2 жана 3 |
| Дүйнөлүк чемпионат: |
|
|
|
- жаштар арасында (U-20, U-22, U-23) | - | 1 жана 2 | 3 жана 4 | |
- кадеттер (өспүрүмдөр) арасында (U-15, U-17) | - | 1 | 2 жана 3 | |
| Азия чемпионаты: |
|
|
|
- жаштар арасында (U-20, U-22, U-23) | - | 1 | 2 жана 3 | |
- кадеттер (өспүрүмдөр) арасында (U-15, U-17) | - | 1 | 2 жана 3 | |
Эскертүү:
- спорттун олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча үстөк акылардын өлчөмдөрү 50 пайызга аз. Кызматтык маяналарга бардык үстөк акылар эмгек акы төлөө фондунун чегинде белгиленет;
- жогоруда көрсөтүлгөн натыйжаларга жетишкен спортчулардын тизмелери дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү республикалык ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
| 101-тиркеме |
"Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт республикалык борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 499 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| 102-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча методикалык борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 103-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| 11-тиркеме |
Техникалык тейлөөчү персоналдын
кызматкерлеринин кызматтык маяналарына
эселөө коэффициенттери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Камсыз кылуу боюнча агент | 1,40 |
2 | Архивариус(*), иш кагаздарын жүргүзүүчү(*), катчы (катчы-машинист, катчы-референт), стенографист, диктофон кызматынын машинисти (2-категориядагы машинист) | 1,25 |
3 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,75 |
4 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 1,95 |
5 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабанын айдоочусу, тракторист, тракторист-машинист | 1,95 |
6 | Фотограф | 1,75 |
7 | Архивдин башчысы, канцеляриянын башчысы | 1,76 |
8 | Сактоочу камеранын жана чарбанын башчысы, чарбанын башчысы, кампанын башчысы, кийимкананын башчысы, фонотеканын башчысы, фильмотеканын башчысы | 1,75 |
9 | Кассир, билет кассасынын кассири | 1,40 |
10 | 1, 2, 3-категориядагы киномеханик | 1,75 |
11 | Комендант (жатакананын, лагердин, окуу корпусунун, корпустар тобунун, имараттардын жана курулмалардын) | 1,75 |
12 | Контролер-билетер | 1,20 |
13 | Костюмер, униформист | 1,40 |
14 | Механик | 1,75 |
15 | Буу казандарынын оператору, машинист | 1,75 |
16 | Котормочу-адис | 1,95 |
17 | Нотаны көчүрүп жазуучу | 1,75 |
18 | Документтерди мукабалоочу | 1,35 |
19 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер, аккумуляторчу, боёгуч, токарь | 1,40 |
20 | Радиомеханик, радиооператор, телефонист | 1,75 |
21 | Музейди кароочу | 1,40 |
22 | Угууну текшерүү кабинетинин техник-инструктору, ортопедия аппараттарын оңдоо боюнча техник, техник, редактор | 1,85 |
23 | Электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү | 1,40 |
24 | Башкы ашпозчу | 2,00 |
25 | Ашпозчу | 1,85 |
26 | Спорттук базанын башчысы | 1,75 |
27 | Спорт кемелердин механиги | 1,75 |
28 | Бугелдик аркан жол механиги | 1,75 |
29 | Бугелдик аркан жол слесары | 1,45 |
30 | Бугелдик аркан жол оператору | 1,20 |
31 | Колго жасаган темир уста | 1,95 |
32 | Ветеринардык врач | 1,95 |
33 | Кайышчы | 1,75 |
34 | Курал-жарак оңдоочу механик | 1,75 |
35 | Спорт боюнча инструктор | 1,90 |
Кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Гардеробчу, лифтер, кароолчу (вахтер, күзөтчү), өткөрмө пунктунун контролеру | 1,20 |
2 | Короо тазалагыч, багбан, пол сүрткүч, жарык бергич, айнек сүрткүч | 1,20 |
3 | Көмөкчү жумушчу | 1,20 |
4 | Кийим (атайын кийимди) жуугуч-машинист | 1,25 |
5 | Кызматтык жана маданий-тиричиликтик жайларды (таштанды түйүнүн) тазалоочу | 1,20 |
6 | Коомдук дааратканаларды тазалоочу | 1,20 |
7 | Кир жуучу жайдын башчысы | 1,75 |
8 | Ат багуучу | 1,50 |
9 | Кийимдерди, шейшептерди комплекттөөчү, кир жуугуч | 1,25 |
10 | Ашкана жумушчусу | 1,52 |
11 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууну учурдагы оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, маляр, шыбакчы | 1,20 |
12 | Жаныбарларды багуу боюнча жумушчу | 1,20 |
13 | От жагуучу (кочегар) | 1,52 |
А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук
академиялык опера жана балет театрынын, Т. Сатылганов
атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Т. Абдумомунов атындагы
Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма
театрынын техникалык тейлөөчү персоналынын жана кенже
тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык
маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
| Техникалык тейлөөчү персонал |
|
1 | Камсыз кылуу боюнча агент, кассир, билет кассасынын кассири, комендант, контролер-билетёр, костюмер, униформист, архивариус, катчы-референт | 1,50 |
2 | Фотограф | 1,80 |
3 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,90 |
4 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 2,10 |
5 | Архивдин башчысы, канцеляриянын башчысы | 2,05 |
6 | Сактоочу камеранын жана чарбанын башчысы, чарбанын башчысы, кампанын башчысы, кийимкананын башчысы, фонотеканын башчысы, фильмотеканын башчысы | 1,90 |
7 | Билет кассасынын улук кассири | 1,60 |
8 | Механик, буу казан оператору, машинист | 1,90 |
9 | Котормочу-адис | 2,00 |
10 | Нотаны көчүрүп жазуучу (китепканачы) | 1,90 |
11 | Жыгач уста, столяр, сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер, аккумуляторчу, боёгуч, токарь, электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү | 1,50 |
12 | Учурдагы оңдоо (имараттарды тейлөө) боюнча жумушчу-куруучу, маляр, шыбакчы | 1,70 |
13 | Сахна жабдуулары боюнча техник, кездемелерге зат сиңирүү боюнча техник, техник | 2,00 |
14 | Радиооператор, радиомеханик, телефонист | 1,75 |
| Кенже тейлөөчү персонал |
|
15 | Гардеробчу | 1,65 |
16 | Лифтер, күзөтчү, вахтер, короо тазалагыч, багбан, түрдүү жумуштарды жасоочу жумушчу, көмөкчү жумушчу | 1,50 |
17 | Кийим жуугуч-машинист | 1,60 |
18 | Кызматтык жана маданий-тиричиликтик жайларды (таштанды түйүнүн) тазалоочу | 1,50 |
19 | Коомдук дааратканаларды тазалоочу | 1,70 |
Эскертүү:
– автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысына кызматтык маянанын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет;
– кызматтык жана маданий-тиричилик жайларды тазалоочуларга, кир (атайын кийим) жуугуч машинисттерге синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянанын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет;
– “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин кызматтык маянасына 100 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.”.