Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 11-марты № 121
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз элинин айтуучуларынын, материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн иш системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 43 "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрына "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын:
"33. Кыргыз улуттук "Манас" театры.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун жетинчи абзацындагы "мамлекеттик" деген сөз "улуттук" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун 5-1-пунктчасындагы "мамлекеттик" деген сөз "улуттук" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз улуттук "Манас" театры үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине белгиленген тартипте 47094800 (кырк жети миллион токсон төрт миң сегиз жүз) сом бөлүп берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 31 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "5-1-тиркеме |
"Кыргыз улуттук "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин ТИПТҮҮ ЧЕКТҮҮ ШТАТЫ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун орун басары | 2 |
3 | Башкы бухгалтер | 1 |
| Жалпы | 4 |
2. Негизги персонал | ||
1-§. Көркөм персонал | ||
4 | Көркөм жетекчи | 1 |
5 | Башкы сүрөтчү | 1 |
6 | Режиссер-коюучу | 1 |
7 | Үн оператору (үн режиссеру) | 1 |
| Жалпы | 4 |
2-§. Артисттик персонал | ||
8 | Манасчы артисттер | 23 |
9 | Дастанчы артисттер | 10 |
10 | Төкмө акындар | 25 |
| Жалпы | 58 |
3. Техникалык тейлөөчү персонал | ||
11 | Чарба бөлүмүнүн башчысы | 1 |
12 | Катчы-референт | 1 |
13 | Костюмер | 1 |
14 | Айдоочу | 1 |
15 | Слесарь-сантехник | 1 |
16 | Автобустун айдоочусу | 1 |
| Жалпы | 6 |
4. Кенже тейлөөчү персонал | ||
17 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 3 |
18 | Бакчы | 1 |
19 | Кароолчу | 2 |
20 | Вахтер | 1 |
| Жалпы | 7 |
5. Көмөкчү персонал | ||
21 | Бухгалтер | 1 |
22 | Юрист | 1 |
23 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1 |
24 | Өрт өчүрүү-кароол кызматынын жумушчусу | 1 |
| Жалпы | 4 |
| Бардыгы | 83 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
| "6-1-тиркеме |
"Кыргыз улуттук "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналар |
1 | Директор | 12000 |
2 | Директордун орун басары | 11000 |
3 | Башкы бухгалтер | 11000 |
4 | Көркөм жетекчи | 10000 |
5 | Башкы сүрөтчү | 9000 |
6 | Режиссер-коюучу | 9000 |
7 | Үн оператору (үн режиссеру) | 9000 |
8 | Манасчы артисттер | 12000 |
9 | Дастанчы артисттер | 12000 |
10 | Төкмө акындар | 12000 |
11 | Бухгалтер | 9000 |
12 | Юрист | 9000 |
13 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис | 9000 |
14 | Өрт өчүрүү-кароол кызматынын жумушчусу | 6000 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
| "5-1-тиркеме |
"Кыргыз улуттук "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери үчүн КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Квалификациялык талаптар |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | "Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: "гуманитардык", "педагогикалык", "экономика жана башкаруу", маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы |
2 | Директордун орун басары | "Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда 2 жылдан кем эмес иш стажы же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: "гуманитардык", "педагогикалык", "экономика жана башкаруу", маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы |
3 | Башкы бухгалтер | "Бухгалтердик эсеп", "экономика" багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
2. Негизги персонал | ||
2.1. Көркөм персонал | ||
4 | Көркөм жетекчи | Жогорку кесиптик билими, 5 жылдан кем эмес чыгармачылык иш стажы, бир же андан көп сахналык иштердин болушу |
5 | Башкы сүрөтчү | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: "театрдык-декорациялык искусство", "көркөм сүрөт искусствосу", сүрөтчү кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес иш стажы, бир же андан көп сахналык иштердин болушу |
6 | Режиссер-коюучу | "Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билим, режиссер кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы, бир же андан көп сахналык иштердин болушу |
7 | Үн оператору (үн режиссеру) | Төмөнкү багыттар, адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билими: "маданият жана искусство", "техникалык", адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
2.2. Артисттик персонал | ||
8 | Манасчы артисттер | Иш стажына жана адистигине талаптар коюлбастан, орто жалпы, жогорку же орто кесиптик билими |
9 | Дастанчы-артисттер | Иш стажына жана адистигине талаптар коюлбастан, орто жалпы, жогорку же орто кесиптик билими |
10 | Төкмө акындар | Иш стажына жана адистигине талаптар коюлбастан, орто жалпы, жогорку же орто кесиптик билими |
3. Көмөкчү персонал | ||
11 | Бухгалтер | "Экономика жана башкаруу" багыты, адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими, адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес |
12 | Юрист | "Юриспруденция" багыты боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес |
13 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: "гуманитардык", "экономика жана башкаруу", "эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар", тийиштүү сертификаты болсо, бул чөйрөдөгү иш стажы 1 жылдан кем эмес |
14 | Өрт өчүрүү-күзөт кызматынын кызматкери | Атайын курстарды өткөндүгү тууралуу атайын сертификаты менен ар кандай багыттагы, адистиктеги жогорку же орто кесиптик билими, иш стажына талаптар коюлбайт |