Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 11-марты № 136
Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө
Товарлардын айрым категорияларына карата идентификациялоо каражаттары менен маркалоо механизмин сыноо жана товарлардын башка категорияларына карата милдеттүү түрдө маркалоону киргизүүгө өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4, 345-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып кирүүчү жана сатылуучу товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси (мындан ары - Тизме) 2-тиркемеге ылайык.
2. Тизмеге ылайык товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо пилоттук (эксперименттик) режимде (мындан ары - пилоттук долбоор) 2022-жылдын 14-мартынан тартып 30-сентябрына чейин киргизилсин.
3. Пилоттук долбоорду жүргүзүүгө жооптуу органдар болуп ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныкталсын.
4. Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору менен биргеликте "Товарларды маркалоо" мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - "Товарларды маркалоо" МАМС) жеткире иштеп чыгууну камсыз кылсын.
"Товарларды маркалоо" МАМСты жеткире иштеп чыгууга талаптар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
5. Убактылуу жободо аныкталган тартипте пилоттук долбоорго катышууну каалаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүүнү, импорттоону/ташып кирүүнү, сатууну жүзөгө ашырган тышкы экономикалык иштин катышуучулары жана ишкердик субъекттери төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
1) санариптик идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, импорттолуучу/ташылып кирүүчү, сатылуучу товарларга идентификациялоо каражаттарын Убактылуу жобого ылайык түшүрүүгө;
2) пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоосуз Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүүдө, импорттоодо/ташып киргизүүдө аларды ыктыярдуу маркалоону киргизүүгө байланыштуу уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечсин;
2) пилоттук долбоор аяктагандан кийин салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн.
7. Ыйгарым укуктуу салык органы пилоттук долбоордун алкагында идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон айрым товарларды маркалоонун методикалык сунуштамаларын иштеп чыксын жана бекитсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш, 2022-жылдын 14-мартынан тартып күчүнө кирет жана 2022-жылдын 30-сентябрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 2-тиркеме |
Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып кирүүчү жана сатылуучу товарлардын айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№ | Товарлардын аталышы | Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН) |
1 | Таңгакталган суу, табигый суу, минералдык суу | 2201 |
2 | Газдалган суу, кант кошумчалары же таттуу даам же жыпар жыттуу заттар камтылган суу, энергетикалык жана башка алкоголсуз суусундуктар | 2202 |
3 | Куюлган жана куюлбаган сыра | 2203 |
4 | Сигариллалар жана сигаралар | 2402 |
5 | Түтүктүү, чегүүчү, чайноочу, соруучу, жыттоочу, кальяндык тамеки (тамеки продукцияларын өндүрүү үчүн чийки зат катарында пайдаланылуучу тамекини кошпогондо) | 2403 |
6 | Электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук | 2404 |
7 | Чачылма түрдөгү ысытылган тамеки | 2404 |
8 | Бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук системалары | 2404 |
9 | Электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары) | 8543 40 000 0 |