Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-марты № 159
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондун түзүү үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |