Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы №159 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду
жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 236, 2024-жылдын 13-июнундагы № 308, 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 189, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары - Мамлекеттик салык кызматы) Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду (мындан ары - Фонд) кызматкерлерге материалдык дем берүү, алардын социалдык жактан корголушун камсыз кылуу жана салык кызматынын органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин натыйжалуу иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүү максатында түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 308, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Каржылоо булактары жана фондду түзүү тартиби
2. Фонд республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каржылоонун эсебинен салык кызматынын органдарынын чыгымдарын каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 57-беренесинде каралган каражаттардын суммасынын элүү пайызына чейинки өлчөмдө түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине ар айлык туруктуу жана дем берүүчү төлөмдөрдү каржылоо үчүн Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин эмгек акы төлөө фондунун 70 пайызынан ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 308, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) Мамлекеттик салык кызматынын органдарын өнүктүрүүгө жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого;
2) социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, салык кызматынын органдарынын кызматкерлери үчүн кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
3) Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы тарабынан бекитилүүчү тартипке ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкерлерин материалдык сыйлоого жана жардам көрсөтүүгө;
4) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине 2,5 кызматтык маянадан ашпаган өлчөмдө ар айлык туруктуу негизде ар айлык төлөмдөргө;
5) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине 0,5 кызматтык маянанын өлчөмүндө ар айлык дем берүүчү төлөмдөргө - Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин чечимине ылайык иштин натыйжасы боюнча;
6) салык кызматынын органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына 2,0 кызматтык маянадан ашпаган өлчөмдө ар айлык дем берүүчү төлөмдөргө;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 0,5 кызматтык маянадан ашпаган өлчөмдө туруктуу негизде ар айлык төлөмдөргө;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 0,3 кызматтык маяна өлчөмүндө ар айлык дем берүүчү төлөмдөргө - Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин чечимине ылайык иштин натыйжасы боюнча;
9) салык органдарынын ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 308, 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 189, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Фонддун каражаттарын пайдалануунун конкреттүү багыттары жана өлчөмдөрү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы тарабынан белгиленет.
(Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Коюлган тапшырмаларды жана функциялык милдеттерди аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын мамлекеттик жарандык кызматчысы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкери дем берүүчү төлөмдөн ажыратылышы мүмкүн. Эмгек акыга дем берүүчү төлөмдөн ажыратууга жол берилүүчү учурлардын тизмеги Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 236, 2024-жылдын 13-июнундагы № 308, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Эсепке алуунун тартиби жана отчеттуулук
5. Фонддун каражаттарын сарптоо бекитилген чыгымдар сметасына ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик салык кызматынын финансылык бөлүмү Фонддун каражаттарын түзүүнүн (түшүүсүнүн), бөлүштүрүүнүн эсебин жүргүзөт, белгиленген тартипте бекитилген сметалык багыттарга ылайык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт жана Фонддун тескөөчүсүнө аталган каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчет берет.