Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-марты № 158
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Өрт коопсуздугу жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Өрт коопсуздугу түшүнүгү
Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугу укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, социалдык, илимий-техникалык чаралардын, тарбиялык мүнөздөгү чаралардын, ошондой эле өрттү алдын алууга жана жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысын түзөт.
2-берене. Өрт коопсуздугунун укуктук негизи
Өрт коопсуздугу системасынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Кодекстери, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - коргоо, алдын алуу жана өрт өчүрүү объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарын аткарууну, ошондой эле авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүнү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
өрт - материалдык зыян алып келүүчү, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү контролдонбогон күйүү;
өрт коопсуздугу - инсандын, мүлктүн, коомдун жана мамлекеттин өрттөн корголуусунун абалы;
коргоо объектиси - жеке адам же юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (аймакты, имаратты, курулмаларды, транспорт каражаттарын, технологиялык орнотмолорду, жабдууларды, агрегаттарды, буюмдарды жана башка мүлктөрдү кошкондо), аларга карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш;
өрттү алдын алуу - өрттүн чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоюуга жана алардын кесепеттерин чектөөгө багытталган алдын алуучу чаралардын жыйындысы;
өрткө каршы режим - тийиштүү аймактарда өрт коркунучу жогорулаган учурда мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген өрт коопсуздугунун кошумча талаптары;
өрт коопсуздугунун системасы - укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, социалдык, илимий-техникалык чаралардын, тарбиялык мүнөздөгү чаралардын, ошондой эле өрттү алдын алууга жана жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысы;
өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү - адамдарды, мүлктү куткарууга жана өрттү жоюуга багытталган бир убакта аткарылуучу иш-аракеттердин комплекси;
өрт коопсуздугу боюнча долбоордук документтерди экспертизалоо - өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларды (четтөөлөрдү) болтурбоо максатында имараттарды, курулмаларды, комплекстерди жана башка объекттерди долбоорлоодо долбоордук чечимдердин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келишин баалоо.
4-берене. Өрт коопсуздугу кызматтары
Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу кызматтары төмөнкүлөрдөн турат:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан;
2) ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүнөн (мындан ары - ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү);
3) ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүлүштөрүнөн.
5-берене. Өрт коопсуздугунун системасын башкаруу
Өрт коопсуздугунун системасын башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери тарабынан өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өрт коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өрт коопсуздугун камсыздоо жаатында:
1) мамлекеттик саясатты жүргүзөт;
2) мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу жөнүндө жобону бекитет;
3) өрт көзөмөлү боюнча кызмат жөнүндө жобону бекитет;
4) өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын бекитет;
5) уюмдардын тизмесин бекитет, аларга милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлөт;
6) ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүлүштөрү жөнүндө жобону бекитет;
7) өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргоого тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7-берене. Өрт коопсуздугу кызматтарынын негизги милдеттери
Өрт коопсуздугу кызматтарынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өрттү жана аны менен байланыштуу адамдар кабылуучу кырсыктарды алдын алуу;
2) калктуу конуштарда жана чарба жүргүзүү объекттеринде өрттү өчүрүү, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, авариялардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга катышуу;
3) өрт коопсуздугу жаатындагы илимий изилдөөлөрдү координациялоо, уюштуруу жана жүргүзүү;
4) өрт коопсуздугу кызматтарынын кызматчыларын кесиптик даярдоо;
5) өрт коопсуздугунун талаптарын сактоону контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу.
Ушул Мыйзамда өрт коопсуздугу кызматтарын аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өрт коопсуздугу жаатындагы милдеттери
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын өрт коопсуздугу жаатындагы милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) өрт коопсуздугу системасын түзүү жана башкаруу, анын негизги милдеттерин жана каржылоо булактарын аныктоо, аны укуктук жактан камсыз кылуу;
2) ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды жана калктуу конуштарды өрттөн сактоо жаатында илимий изилдөөлөрдү координациялоо жана жүргүзүү;
3) өрткө каршы техниканы жана жабдууларды сатып алуу маселелерин чечүү;
4) өрткө каршы жумуштарды аткарууга жана өрткө каршы техника менен жабдууларды жасоого адистешкен ишканалардын жана ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүлүштөрүнүн иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
9-берене. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун милдеттери
Министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор компетенцияларына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда өрт коопсуздугунун маселелери боюнча уюштуруучулук, алдын алуу жана техникалык чараларды, ошондой эле аларды зарыл болгон каржылоону жүзөгө ашырууну;
2) техникалык регламенттердин иштелип жаткан долбоорлорго, стандарттарга, техникалык шарттарга, паспортторго, эрежелерге, нускамаларга жана башка актыларга өрт коопсуздугунун талаптарын киргизүүнү;
3) өрт коопсуздугунун чараларына адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, жумушчуларды, кызматчыларды, студенттерди, окуучуларды окутууну;
4) ведомствого караштуу ишканалардын жана мекемелердин ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүн түзүүгө жана күтүүгө, алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө катышуусун;
5) ведомствого караштуу объекттерде чыккан өрттү эсепке алууну жана талдоону, өрттүн чыгышына тике же кыйыр түрдө күнөөлүү болгон жетекчилерге жана кызмат адамдарына карата тийиштүү чараларды көрүүнү.
10-берене. Ишканалардын, мекемелердин жана башка уюмдардын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын милдеттери
Чарба субъекттеринин жетекчилери жана кызмат адамдары менчигинин түрлөрүнө карабастан компетенцияларына ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) объекттерде өрт коопсуздугун жана тийиштүү өрткө каршы режимди камсыз кылууга;
2) өндүрүштүк-чарба ишинин бардык технологиялык звенолорунун жана этаптарынын өрт коопсуздугун камсыз кылуучу уюштуруучулук-штаттык түзүмдү, кызматтык милдеттерди жана контролдоо системасын түзүүгө;
3) объекттердин экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарында өрт коопсуздугу боюнча уюштуруучулук жана инженердик-техникалык иш-чараларды караштырууга, алардын аткарылышын камсыз кылууга;
4) объекттерди курууда, кайра конструкциялоодо жана пайдаланууда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылууга;
5) ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүлүштөрүн түзүү жолу менен өрттү алдын алууда жана аны өчүрүүдө эмгек жамааттарынын катышуусун камсыз кылууга, өрт коопсуздугунун эрежелерине жумушчуларды, инженердик-техникалык кызматкерлерди жана кызматчыларды окутууну уюштурууга;
6) өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуучуларга таасир көрсөтүү чараларын кабыл алууга;
7) өрттүн чыгышы боюнча тергөө (изилдөө, иликтөө) жүргүзүүгө жана анын чыгышынын себептерин жана шарттарын жоюу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө, өрттүн чыгышына күнөөлүүлөрдөн материалдык зыянды белгиленген тартипте өндүрүп алууга.
11-берене. Жарандардын укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өрт чыккан учурда өмүрүн, ден соолугун жана өзүнүн мүлкүн сактоого;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында дуушар болушу мүмкүн болгон өрт коркунучу жөнүндө кабардар болууга.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоого, өрт чыккан учурда (табылганда) өрт коопсуздугу кызматына билдирүүгө, өрт өчүрүүдө колдон келген жардамды берүүгө;
2) өрт коопсуздугу кызматтарынын кызмат адамдарына объектке текшерүү, өрттү алдын алуу иштерин жүргүзүүгө, өндүрүш, турак жай аймактарында жана көмөкчү жайларда болгон өрттү тергөөгө мүмкүндүк берүүгө.
12-берене. Өрт коопсуздугу кызматтарын каржылоо
Өрт коопсуздугу кызматтары төмөнкүлөрдөн каржыланат:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле ыктыярдуу төлөмдөрдөн жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардан;
2) ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү - тийиштүү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынан;
3) ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүлүштөрү - коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынан.
13-берене. Өрттү мамлекеттик эсепке алуу
Өрттү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алуу өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
14-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги милдеттери
Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү негизги милдеттерди жүзөгө ашырат:
1) өрт коопсуздугу жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо жана уюштуруу;
2) региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды өрт коопсуздугу жаатында комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышуу;
3) өрттү алдын алууну уюштуруу;
4) өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин талаптарын сактоого көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу;
5) өрттөрдү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү;
6) болуп өткөн өрттөр боюнча алгачкы текшерүү (изилдөө) жүргүзүү;
7) кызмат адамдарын жана адистерди өрт коопсуздугу жаатында окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
8) өрт коопсуздугу жаатындагы стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
9) жеке жана юридикалык жактар кайрылганда материалдарга, орнотмолорго, жабдууларга, эксплуатацияланып жаткан имараттардын жана курулмалардын өрткө каршы автоматтык системаларына өрт коопсуздугу жаатында ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайык келишин жөнүндө корутунду берүү;
10) өрт коопсуздугу боюнча долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү.
15-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин тизмеси, ошондой эле аларга жүктөлгөн функциялардын аткарылышынын тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
16-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ишканалар, уюмдар түздөн-түз өрт чыгуу коркунучун жаратуу менен өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин бузган учурда аларды эксплуатациялоону, ошондой эле техникалык регламенттердин, курулуш ченемдердин жана эрежелердин өрткө каршы талаптарынан четтөө менен объекттерди курууну, кеңейтүүнү, реконструкциялоону токтотууга же тыюу салууга;
2) Кыргыз Республикасынын турак жай фондуна тиешелүү объекттерден тышкары, объекттердин ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан өрт коопсуздугун текшерүүгө, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү техникалык регламенттердин, өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын аткарууга эскертүүлөрдү, жазма буйруктарды берүүгө;
3) өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн айып түрүндөгү жаза салууга, бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйруктарды үч жолу аткарбаган учурда, жооптуу адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн укук коргоо органдарына кабарламаларды жана материалдарды киргизүүгө;
4) министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон, мекемелерден, уюмдардан жана ишканалардан менчигинин түрүнө карабастан, таанышуу үчүн объекттердин жана чыгарылган продукциянын өрт коопсуздугунун абалын мүнөздөгөн, ошондой эле өрт жана анын кесепеттери жөнүндө маалыматтарды жана документтерди талап кылууга;
5) объекттердин адистери тарабынан өрт коопсуздугунун маселелери боюнча билимин текшерүү, жыйынтыгы боюнча адистин компетенциясы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
6) объекттерде өрткө каршы коргонуу каражаттарынын абалын, ошондой эле ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүнүн жана ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүлүштөрүнүн күжүрмөндүгүн текшерүүгө;
7) өрт коопсуздугу боюнча стандарттарды жана техникалык шарттарды бузуу менен иштеп жаткан жайларды, машиналарды, приборлорду, жабдууларды, жылуулукту генерациялоочу, энергия керектөөчү жана башка түзүлүштөрдү пайдаланууга тыюу салууга;
8) өрткө каршы иш-чараларды иштеп чыгууга катышуу үчүн, ал эми зарыл болгон учурларда - өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин сактоону контролдоо боюнча ишке катышуу үчүн илимий-изилдөө жана долбоордук уюмдардын адистерин жана обьекттердин башка кызматкерлерин ишке тартууга;
9) техникалык регламенттерге киргизилүүчү өрт коопсуздугунун стандарттарын жана талаптарын макулдашууга;
10) белгиленген тартипте өрт жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүүлөрдү, өрттүн себептерин техникалык изилдөө жүргүзүүгө, алардын жыйынтыктары боюнча аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алууга;
11) өрттү өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу зоналарында транспорт каражаттарынын кыймылын жана жарандардын жетүүсүн чектөө боюнча чараларды көрүүгө.
3-глава. Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча жалпы жоболор
17-берене. Өрттү өчүрүүнүн жетекчиси жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү
Өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча ишти өрт чыккан жерге келген өрт коопсуздугу кызматынын начальниги жетектейт. Өрт чыккан жерге келген учурда улук начальниги өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча ишке жетекчиликти өзүнө алат.
Өрттү өчүрүүнүн жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жетекчиси өзү башкарат, ага өрттү өчүрүүгө келген өрт коопсуздугу кызматтарынын бардык бөлүмдөрү жана берилген күчтөр ага баш иет. Кызмат адамдарынын эч кимиси өрттү өчүрүүгө байланышкан өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйруктарына кийлигишүүгө, буйрукту жокко чыгарууга укугу жок.
Өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйруктары өрттү өчүрүүгө катышып жаткан бардык жарандар жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш.
18-берене. Өрттү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугу кызматтарынын кызматкерлеринин укуктары
Өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйругу боюнча өтө зарыл болгон шарттарда иштеген өрт коопсуздугу кызматтарынын кызматкерлери өрт өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) от жана күйүү продуктулары тараган же тарашы мүмкүн болгон бардык турак, өндүрүштүк жана башка жайларга кирүүгө;
2) имараттардын жана курулмалардын жабык эшиктерин, тосуп турган жана конструктивдүү элементтерин сындырууга (ачууга);
3) өрттү өчүрүүнү кыйындаткан предметтерди жылдырууга жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоого;
4) оттун жана күйүү продуктуларынын таралуу коркунучунда турган имараттардан, жайлардан адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо боюнча буйрук берүүгө;
5) ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен материалдык-техникалык ресурстарды, суу булактарын пайдаланууну жана өрттү өчүрүү үчүн жумушчуларды жана кызматчыларды тартууну жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнү талап кылууга.
Өрт өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Өтө зарыл болгон шарттарда иштеген өрт коопсуздугу кызматтарынын жеке курамы, өрт өчүрүүнүн башка катышуучулары келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.
19-берене. Өрт коопсуздугу кызматтарынын жана башка авариялык кызматтардын өрт өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүсү
Өрт коопсуздугу кызматтары Кыргыз Республикасындагы өрт жана авариялык кызматтардын бардык түрлөрүн алардын баш ийүүсүнө карабастан өрттү өчүрүүгө тарта алышат.
20-берене. Өзгөчө учурларда өрт өчүрүү
Өзгөчө учурларда өрттү, атап айтканда: токойлордогу, тоолордогу жана талаалардагы өрттү, улуттук коопсуздук, коргоо, ички иштер, жазык-аткаруу системасы, бажылык жөнгө салуу, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү, жер казынасын пайдалануу чөйрөлөрүндөгү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз темир жолунун, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн объекттериндеги өрттү өчүрүүнүн тартиби тиешелүү министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери тарабынан өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат.
4-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн жайгаштыруу боюнча айылдык жана шаардык калктуу конуштарга өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
21-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштарда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары
Айылдык калктуу конуштардын аймагында өрт коопсуздугу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн дислокациясы 25 км ашпаган чыгуу радиуста аныкталат, мында биринчи бөлүмдүн келүү убактысы 25-40 минутадан ашпоого тийиш, шаардык калктуу конуштарда 5 км ашпаган радиуста аныкталат, келүү убактысы 10 минутадан ашпоого тийиш.
Ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүнүн жана ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүлүштөрдүн дислокация жери алар түзүлгөн ведомство тарабынан аныкталат.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү өрттөн куткаруу бөлүктөрүнүн имараттарында жайгаштырылууга тийиш. Бир күжүрмөн эсептин (бир автоцистернадагы экипаждын) саны шаардык калктуу конуштар үчүн 6 адамдан кем болбоого тийиш жана айылдык калктуу конуштар үчүн 4 адамдан кем болбоого тийиш. Бир өрттөн куткаруу бөлүктүн тейлөөсү шаардык калктуу конуштарда - 100 миң адам жана айылдык калктуу конуштарда 30 миң адам эсебинде аныкталат.
Өрткө каршы алдын алуунун, ошондой эле мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн инспектордук курамынын саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан калктын санына жана чарба объекттеринин санына жараша аныкталат.
5-глава. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келишин аныктоонун негизги формалары жана методдору
22-берене. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келишин аныктоонун негизги формалары жана методдору
Коргоо объекттеринин, продукциянын, долбоорлоо, өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөнгө салуу, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин аныктоонун негизги формалары жана методдору төмөнкүлөр болуп саналат:
1) өрткө каршы профилактикалоо;
2) долбоордук документтерди экспертизалоо;
3) мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;
4) объекттерди кабыл алуу жана эксплуатациялоого киргизүү;
5) өндүрүштүк контролдоо;
6) ылайыктуулугун ырастоо;
7) сыноо жана изилдөө;
8) өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин айрым түрлөрүн лицензиялоо.
6-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын социалдык-укуктук кепилдиктери
23-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин укуктук абалы, кызмат өтөө тартиби жана социалдык кепилдиктери
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болот. Аларга Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктар, социалдык кепилдиктер жайылтылат.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тиешелүү жобо менен аныкталат.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине өрт өчүрүүгө байланыштуу ишке, ошондой эле эмгектин оор, зыяндуу жана өмүргө коркунуч келтирген шарттарында ишке кошумча төлөм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт.
24-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин мамлекеттик камсыздандыруу
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери жана аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары жана кызматкерлери каза болгон же жаракат алган учурда зыяндын ордун толтуруу окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн, аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7-глава. Ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү. Ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүлүштөрү
25-берене. Ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү
Ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин өз демилгелери боюнча жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча уюштурулат.
26-берене. Ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүлүштөрү
Ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүлүштөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүлүштөрү жөнүндө жобого ылайык уюштурулат жана иштейт.
8-глава. Өрт коопсуздугуна жоопкерчилик
27-берене. Өрт коопсуздугун камсыз кылууга жоопкерчилик
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери берилген укуктарын талаптагыдай эмес пайдаланууга жана аларга жүктөлгөн көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын, өрттү алдын алуу, өчүрүү жана авариялык куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча милдеттерди талаптагыдай эмес аткарууга тартиптик жана жазык жоопкерчилигин тартат.
Министрликтердин, административдик ведомстволордун, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын объекттеринин менчигинин түрүнө жана ведомствого таандыктыгына карабастан өрт коопсуздугун камсыз кылууга жоопкерчилик тиешелүү юридикалык жактарга жана кызмат адамдарына, ал эми жалпы шаарлар жапа калктуу конуштар боюнча - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жүктөлөт.
Турак жайлардын, үйлөрдүн, короодогу курулуштардын, дачалардын жана бакчалуу үйлөрдүн өрт коопсуздугун камсыз кылууга жоопкерчилик менчик ээсине же убактылуу жашаган адамдарга жүктөлөт.
28-берене. Техникалык регламенттерди, стандарттарды, ченемдерди жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Техникалык регламенттердин, стандарттардын белгиленген талаптарын, өрт коопсуздугунун ченемдерин жана эрежелерин бузган же аткарбаган күнөөлүү адамдар тартиптик жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
29-берене. Өрт келтирген зыяндын ордун толтуруу
Ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык өрт келтирген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
Зыяндын ордун толтуруу менен байланыштуу чыгым тарткан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын күнөөкөр адамдары белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартат.
30-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин аракеттерине даттануу
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин аракеттери боюнча даттанууларды жана арыздарды өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат. Эгерде даттанган адам кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, ал "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогору турган ыйгарым укуктуу органга -административдик (сотко чейинки) тартипте, андан кийин сот тартибинде кайрыла алат.
9-глава. Корутунду жоболор
31-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 6 айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 527-ст.);
2) "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 527-ст);
3) "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамы (2020-жылдын 22-июлундагы № 29-30 "Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары").
Кыргыз Республикасынын Президенти
|