Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-апрели № 228
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2022-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер КабинетининТөрагасынын биринчи орун басары | А.О. Кожошев |