Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 228 токтомуна) |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Учурдагы кырдаалды талдоо
1.1. Тармактык адистешүү
Экономикалык иштин мамлекеттик классификаторунда Кыргызстандын креативдүү экономика сектору 12 иш тармагында орун алган (басмакана иши, МКТ [анын ичинде компьютердик оюндар], музыка, фото, коммуникациялар, архитектура, жарнама, дизайн жана мода, искусство, кино жана зергерчилик) жана креативдүү индустриянын тармактык адистешүүсүнүн 20 түрүн камтыйт.
Кыргызстандын креативдүү экономика секторунда (МКТ секторун жана зергерчиликти эске албаганда) кыйла өнүккөн тармактар: жарнама (жарнама агенттиктеринин, ЖМКнын жарнамалык кызмат көрсөтүү боюнча иши) - 19,67%, басмакана иши (китептерди, гезиттерди, журналдарды жана мезгилдүү басылмаларды чыгаруу, башка басмакана иши) - 16,41%, искусство (артисттик иш, анын ичинде сахна искусствосу, артисттик искусство жаатындагы көмөктөшүүчү иш, искусствонун башка түрлөрү, театрдык жана концерттик залдар, китепканалар жана архивдер, музейлер, тарыхый жерлер менен имараттарды сактоо жана аларга баруу жаатындагы иш) - 15,91%, архитектура - 14,91%, компьютердик оюндар (компьютердик оюндарды чыгаруу) - 12,28%, коммуникациялар (радиоуктуруу, телекөрсөтүү, маалымат агенттиктеринин иши) - 9,39% жана кино (кинофильмдерди, видео жана телепрограммаларды тартуу, кинофильмдерди, видео жана телепрограммаларды компоновкалоо, кинофильмдерди, видео жана телепрограммаларды жайылтуу, кинофильмдерди көрсөтүү) - 9,14%.
1.2. Региондордо креативдүү индустрияларды өнүктүрүү
Алдыңкы орунда Бишкек шаары турат, мында креативдүү индустрияда катталган компаниялардын жалпы санынын 48,89%ы иштейт. Андан кийинки орунда Чүй облусу - 7,51%, Ош облусу - 5,79%, Ош шаары - 5,57%, Жалал-Абад облусу - 5,25%, Ысык-Көл облусу - 3,75% турат. Баткен (2,89%), Нарын (2,68%) жана Талас (1,39%) облустарында креативдүү сектор эң аз өнүккөнү байкалат.
1.3. Креативдүү индустриялардын экономикага кошкон салымы
УСКнын маалыматына ылайык креативдүү индустриялардын ИДПга кошкон салымы акыркы 5 жыл ичинде ИДПнын 1% деңгээлинде болууда, анткени менен абсолюттук маанисин алганда 2014-жылдагы 4 миллиард сомдон 2018-жылы 6,2 миллиард сомго чейин өскөн. 2019-жылы тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын агымы болжол менен жарым миллион АКШ долларын түзгөн. КЭнин тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды (ТЧИ) тарткан негизги секторлору болуп программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана басып чыгаруу, ошондой эле ЖМК иши менен байланышкан иштин түрлөрү саналат.
Жалпысынан алганда республикада инновациялык продукцияны өндүрүүдө төмөндөө тенденциясы байкалууда. Кыргызпатенттин маалыматына ылайык инновациялык продукциянын эң көп көлөмү 2016-жылы өндүрүлгөн жана жалпы 2,4 млрд. сомду түзгөн. Андан кийин инновациялык продукцияны өндүрүү төмөндөп отуруп, 2019-жылы 27,4 млн. сомду же 2016-жылдын деңгээлинен 1,1%ды түзүп, эң төмөнкү чегине жеткен.
УСКнын маалыматына ылайык КИ ишканаларынын кызматкерлеринин саны акыркы жылдары анча өзгөрүлгөн эмес. Эгер 2015-жылы КИде иштегендердин жалпы саны 13999 адам болсо, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча алардын саны 13135 адамга чейин азайып, өлкөнүн жалпы иштеген калкынын 0,6% түзгөн(1). КЭ секторунда иштеген аялдар менен жаштардын үлүшү кыйла жогору. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча КИде иштегендердин 60%га жакынын аялдар түзөт, ал эми жаштардын үлүшү - 40%га жакын. Акыркы 5 жылда программалык камсыздоону иштеп чыгуу жаатында гана кызматкерлердин саны кыйла өскөн, алсак бул сектордогу ишканалардын орточо саны 2015-жылы 175 болсо, 2019-жылы ал үч эсеге көбөйүп, 528ге жеткен. Ошол эле учурда бул сектордогу орточо эмгек акы 2015-жылдагы 15556 сомдон көбөйүп отуруп 2019-жылы 38379 сомго чейин көтөрүлгөн. Ошентип, бул сектор креативдүү индустриялардын арасындагы эң динамикалуу өнүгүп жаткан сектор болуп саналат.
1.4. Креативдүү индустрияларды жөнгө салуу
Креативдүү индустриялардын өкүлдөрүнүн ишин мамлекеттик жөнгө салууда эч кандай өзгөчөлүктөр деле жок жана ишкердик субъекттеринин, анын ичинде чакан ишкердик ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын жалпы ченемдеринин алкагында жүзөгө ашырылат. Мында жогорку технологиялар парктарынын жана эркин экономикалык аймактардын субъекттери үчүн каралган атайын экономикалык режимдер, ошондой эле салык мыйзамдарында каралган инновациялык ишке салыктык дем берүүлөр гана өзгөчөлөнүп турат.
1.5. Креативдүү экономиканы өнүктүрүүдөгү эл аралык тажрыйба
Өнүгүү деңгээли ар кандай болгон көптөгөн өлкөлөр креативдүү экономиканы өнүктүрүүдө ийгиликтерди багындыра алышты.
Улуу Британия креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат. 2018-жылдагы маалыматтарга ылайык креативдүү сектордун салымы өлкөнүн ИДПсынын 5,8%ын түзгөн, 2,04 млн. ашык адам жумуш менен камсыз болгон, алардын 25%ы - Лондондо иштейт.
Креативдүү сектордун ийгиликтүү өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири мамлекеттин экономикага кийлигишпөө принцибинин сакталышы, жагымдуу бизнес-чөйрөнүн, стартаптарды жаратуу жана каржылоо үчүн пайдалуу шарттардын болушу, салыктык жеңилдиктердин берилиши, күчтүү, көз карандысыз сот системасы аркылуу укуктарды коргоо жана талаш-тартыштарды жөнгө салуу шаймандарынын болушу эсептелинет.
Стартаптар менен чакан жана орто бизнести, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө багытталган реформалар (каттоону жеңилдетүү, салык системасын жөнөкөйлөтүү, санариптештирүү жана жеткиликтүү кредиттерди берүү) Грузияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн негизги драйвери болуп калды. Европа бирлиги менен түзүлгөн ассоциация жөнүндө макулдашуу Грузияда КЭни өнүктүрүү үчүн кошумча импульс берди. Бул грузиялык креативдүү индустриялардын батыштын маданият жаатындагы фонддору менен кызматташуусун активдештирүүгө, креативдүү кесипкөй адистердин ортосундагы байланышты жана тажрыйба алмашууну күчөтүүгө, кийин Тбилисиде креативдүү чөйрөнүн көптөгөн жергиликтүү институттарынын пайда болушуна алып келди. Ушул факторлордун таасири менен 2010-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилде креативдүү сектор жалпы экономикага караганда үч эселенген тездик менен өсүп, анын ИДПдагы үлүшү 0,5%дан 1,5%га чейин көбөйгөн (МКТ рыногун эске албаганда).
Кения инновацияларга жана МКТ-секторун өнүктүрүүгө басым жасаган, ошондой эле "Силикон саваннасын" - Африкадагы жылдык өсүшү 10%га жетип, өтө тездик менен өнүгүп жаткан МКТ секторун жараткан өлкө катары белгилүү. Кенияда "Vision 2030" улуттук өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган, мында илимди, инновацияларды жана МКТ-секторун өнүктүрүү өлкөнү өнүктүрүү негиздерине камтылган, ал эми санариптик бизнес-кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү жана экспорттоо - экономиканын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Санариптик бизнес-процесстердин аутсорсинги үчүн Konza Technology Park жогорку технологиялар паркын түзүү долбоору ушул багыттын флагманы болуп калды. Максаттуу долбоорлордун пакети, анын ичинде МКТ-секторун колдоо максатында хабдар (Найроби шаарындагы МКТ хабдарынын экосистемасы) түзүлгөн. Бул чөйрөдөгү улуттук саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу иши өзүнчө профилдик ведомство (ICT Authority) тарабынан аткарылат.
II. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
2.1. Негизги жетишкендиктер жана тренддер
Акыркы беш жылда креативдүү индустриялардын туруктуу өсүшү байкалууда. Жарнама индустриясы, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, кинофильмдерди, видео жана телепрограммаларды тартуу, архитектура, фотосүрөт, дизайнердик кызмат көрсөтүүлөр, зергерчилик, мода жана көңүл ачуу, эс алуу тармагы (музыка, концерттик иш, көргөзмөлөр, музейлер) динамикалуу өнүгүүдө.
Лидер болуп саналган аталган креативдүү индустриялардын ийгиликке жетүүсүнүн негизги факторлору болуп өсүп жаткан суроо-талап, тышкы рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү жана өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү менен катар эле бизнестин "В2В" (бизнес үчүн бизнес) сегментинин форматындагы ишти кеңейтүү, өлкөдөгү санариптештирүүнү актуалдаштыруу жана маданий миграциянын интенсивдүүлүгү саналат.
Зарыл болгон инфрастүзүмү, адамдык ресурстары, туруктуу керектөөчү суроо-талабы жана экспорттук рынокторго чыгуу мүмкүндүгү бар индустриялар креативдүү экономиканын өсүшүнүн ыктымалдуу драйверлеринин потенциалына ээ. Кыргыз Республикасында мындай индустриялар төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- МКТ сектору, анын ичинде программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана чыгаруу;
- дизайн жана мода;
- санарип жана интернет платформаларында кинофильмдерди, видео жана телепрограммаларды жана башка видео продукциясын тартуу.
Кыргызстандын креативдүү экономикасынын өсүшүнүн кошумча кыймылдаткыч күчтөрү болуп илимий-изилдөө иши жана креативдүү мейкиндиктер эсептелет. Илимий-изилдөө иши креативдүү индустриялар үчүн инновацияларды жана жаңычылдыктарды генерациялайт, ал эми жергиликтүү кластерлер менен креативдүү мейкиндиктер креативдүү потенциалды тартуу жана өнүктүрүү борборуна айланышат.
Республикада креативдүү индустриялардын ири шаарларда топтолуу тенденциясы байкалууда. Ири шаарлардагы креативдүү сектордун жогорку активдүүлүгүнө кыйла өнүккөн инфратүзүм, маалыматтын, технологиялардын жана инновациянын жеткиликтүүлүгү, санариптештирүү даражасы, сатуу жана суроо-талап рынокторунун потенциалдуу көлөмдөрү, жашоо деңгээли менен адам капиталынын салыштырмалуу жогорку сапаты жөндөм түзүүдө. Региондордо мүмкүнчүлүктөрдүн жана суроо-талаптын чектелгендигинен улам креативдүү индустрияны өнүктүрүү үчүн потенциал өтө аз болуп саналат.
Креативдүү индустриянын коммерцияга жагымсыз чөйрөлөрүндө мамлекеттик уюмдардын катышуусу басымдуулук кылат. Мындай тенденция айрыкча региондордо көп байкалууда. Эл аралык практикада салттуу креативдүү индустрияга таандык болгон айрым адистешүүлөр (архитектура, искусство, киноиндустрия, телекөрсөтүү, радио, китептерди, гезиттерди басып чыгаруу жана башкалар) рентабелдүүлүктүн жок болгондугунан жана мамлекеттик тапшырыктар менен каржылоого көз карандуулук жогору болгондуктан улам көбүнесе креативдүүлүк менен инновациялардын деңгээли өтө төмөн болгон мамлекеттик уюмдар тарабынан сунушталган.
Өлкөдөгү креативдүү экономика сектору алгачкы калыптануу стадиясында турат жана ушул стадияга мүнөздүү кемчиликтер креативдүү экономиканын стейкхолдерлерине да тиешелүү болуп саналат.
Креативдүү экономиканын стейкхолдерлерине бул тармакта иштеген бизнес түзүмдөр жана алардын кызматкерлери, алардын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, креативдүү индустриянын ар кандай бирикмелери, ошондой эле креативдүү индустрия секторун өнүктүрүүгө кызыкдар болгон экономиканын башка тармактары, мисалы кесипкөй жарнама компаниялардын болушуна кызыкдар болгон ишканалар кирет.
Стратегиялык өнүктүрүү документтерин талдоо мамлекет тарабынан инновациялык экономиканын жаңы багытын - креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө кызыгуусу бар экендигин айгинелейт. Ушул убакка чейин объективдүү негиздер боюнча Кыргызстандын креативдүү индустрия секторун мамлекеттик жөнгө салуу жана ага дем берүү боюнча көз караш менен мамиле калыптанган эмес.
Креативдүү индустриянын өкүлдөрү тармакты өнүктүрүүгө болгон чоң кызыкдарлыкка карабастан өз кызыкчылыктарын илгерилетүүдө анчейин активдүү эмес жана мамлекеттик саясатка таасирин тийгизишпейт. Креативдүү индустрия чөйрөсүндө кыйла күчтүү жана натыйжалуу оюнчулар жок. Креативдүү индустриялар альянсын түзүү тармактын мамлекеттик саясатка жана өнүктүрүү процесстерине таасир тийгизүү аракети болуп саналат, анын таасир тийгизген даражасы башка тармактардын бизнес-бирикмелери менен ассоциацияларына салыштырмалуу азырынча төмөнүрөөк болууда.
2.2. Өнүгүүдөгү негизги тоскоолдуктар
Ишканалардын потенциалынын чектелүү болушу, чакан ички рынок, экспортко көз карандылык, каржылоонун катаал шарттары, өнүкпөгөн креативдүү инфратүзүм, керектүү квалификацияга ээ болгон кадрлардын жетишсиздиги же жоктугу сыяктуу тармактын өзгөчөлүктүү бөгөттөрү креативдүү индустриянын андан аркы өнүгүшүн кармап турган факторлор болуп эсептелет. Чыгармачыл ишкердиктин негизги адистиктеринде кадрлардын: дизайнерлердин, архитекторлордун, арт-менеджерлердин, МКТ-продюсерлеринин, креативдүү долбоорлорду иштеп чыгуучулардын жетишсиздиги сезилет.
Республикада креативдүү индустрияларды адистештирилген статистикалык эсепке алуу жүргүзүлбөйт, креативдүү индустриялардан түшкөн салыктык жана башка кирешелерди аныктоо мүмкүнчүлүгү жок, бул болсо анын экономикалык өнүгүүгө кошкон салымын региондук деңгээлде да, жалпы эле өлкө боюнча да толук баалоого мүмкүндүк бербейт. Креативдүү индустрияларды эсепке алуу жана өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү системасынын жоктугу бул индустрияларга дем берүү боюнча атайын чараларды иштеп чыгууга тоскоол болууда.
Ишкерлердин сурамжылоосунда башка дагы олуттуу бөгөттөр катарында интеллектуалдык менчиктин начар корголушун (38%), тармактагы ишкердик ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын туруксуздугун (38%) жана салык салуунун жогору болушун (34%) аныктаган.
Креативдүү индустриянын көпчүлүк бөлүгү көмүскөдө болушу бизнести расмий финансылык шаймандарды пайдалануудан, мамлекеттик заказдарды алуудан, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен контракттарды түзүүдөн жана легалдуу зонада иштеген бизнестин башка өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратууда.
III. Максат
Концепциянын максаты болуп креативдүү индустриянын комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын көбөйтүү саналат. Кыргыз Республикасынын креативдүү индустриясы калыптануунун алгачкы стадиясында экендигин эске алганда, анын мындан аркы ийгиликтүү өнүгүүсү көбүнчө мамлекеттин бул үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-аракеттери менен аныкталат.
Өнөр жай көлөмүндө масштабын кеңейтүүгө жөндөмдүү болгон инновациялык идеялар менен иштеп чыгууларды акчага айландыруу аркылуу Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын сектору жогорку кошумча нарктуу жана жогорку экономикалык натыйжалуу ишкердик ишинин акселераторуна айланат, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүн шарттайт. Келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менеи глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт.
IV. Артыкчылыктуу багыттар
Өнүгүү саясаты тармакты эсепке алуунун жана мониторинг жүргүзүүнүн толук кандуу системасын түзүү, колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу, креативдүү индустриянын потенциалын жана инфратүзүмүн бекемдөө, Кыргызстандын экспортун көбөйтүү жана эл аралык рыноктордо креативдүү өлкө катары брендин илгерилетүү аркылуу креативдүү сектордун өнүгүүсүнө бөгөт койгон факторлорду четтетүүгө багытталууга тийиш.
Улуттук статистиканын системасында креативдүү индустрияларды толук кандуу эсепке алууну камсыздоо биринчи артыкчылыктуу багыт болуп калууга тийиш, бул креативдүү индустрияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын калыптандыруу жана жүргүзүү үчүн негиз болуп берет.
Экинчи артыкчылыктуу багыт болуп креативдүү экономиканын экосистемасынын динамикалуу өсүшүнө өбөлгө түзгөн ар кандай платформаларды жана башка инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү эсептелет. Мындай платформаларды өнүктүрүү ар кандай кызыкдар тараптардын, анын ичинде жеке сектордун, мамлекеттик органдардын, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлордун ортосунда диалог куруу үчүн зарыл. Учурдагы креативдүү индустриялардын бирикмелерине креативдүү экономиканын ишканаларын уюштуруучулук жана кесиптик өркүндөтүү аркылуу потенциалын көтөрүү зарыл.
Үчүнчү артыкчылык - инновациялардын өнүгүшүнө жана өсүш драйверлерине дем берүү. Улуттук экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүн (ИДПга салым, экспортту көбөйтүү, бюджетке салыктык түшүүлөрдүн өсүшү, инвестициялык каражат салууларды көбөйтүү, ишкердик иштин субъекттеринин санын көбөйтүү) кыйла жакшыртууга, ошондой эле иш менен камсыз болуунун, анын ичинде калктын социалдык жактан аярлуу катмары үчүн кыйла өсүшүнө көмөктөшүүгө жана экономиканын чектеш секторлорунун өнүгүшүнө чоң түрткү берүүгө жөндөмдүү болгон креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл.
V. Иштин багыттары жана милдеттери
Креативдүү экономиканын секторун өнүктүрүү төмөнкүдөй милдеттерди чечүүнү талап кылат:
1-милдет. Креативдүү индустрияларды эсепке алуу жана мониторинг кылуу, өнүгүүгө колдоо көрсөтүү механизмдерин түзүү.
2-милдет. Креативдүү индустриялардын потенциалын бекемдөө.
3-милдет. Инновациялык креативдүү мейкиндиктерди жана экспортту кеңейтүү.
4-милдет. "Креативдүү Кыргызстан" брендин түзүү жана илгерилетүү.
5-милдет. Инновацияларга дем берүү.
Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча потенциалдуу иш-аракеттер
5.1. Креативдүү индустрияларды эсепке алуу жана мониторинг системасын, өнүгүүнү колдоо механизмдерин түзүү
Ушул багыттын алкагында төмөнкүлөр боюнча иштерди жүргүзүү болжолдонууда: креативдүү экономиканы аныктоонун критерийлерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү; тармактын өнүгүүсүн баалоо көрсөткүчтөрүнүн тизмесин түзүү; Экономикалык иштин түрлөрү боюнча мамлекеттик классификатордо (ЭИМК) креативдүү индустриялардын багыттарын бөлүп чыгаруу; креативдүү индустриялар боюнча статистикалык маалыматты чогултуу жана эсепке алуу системасын түзүү; патенттик негизде жүргүзүлүүчү жеке ишкердик иштин түрлөрүнүн аталыштарынын тизмесин кеңейтүү; креативдүү экономиканы маалыматтык чагылдыруу жана жайылтуу боюнча иш-чараларды жана башка бир катар практикалык иш-аракеттерди жүргүзүү, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке киргизүү.
5.2. Креативдүү индустриялардын потенциалын бекемдөө
Креативдүү секторду өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири - креативдүү индустриялар чөйрөсүндөгү адистердин компетенциясы менен көндүмдөрүнүн жетишсиздиги жана төмөн деңгээли. Креативдүү индустриянын потенциалын жогорулатууну колдоо чараларынын негизги багыттары креативдүү индустриялар талап кылган адистиктердин багыттарын аныктоого, адистердин кесиптик даярдыгынын ар кандай деңгээлдери үчүн билим берүү программаларын андан ары иштеп чыгууга багытталат.
Келечекте бул милдетти ишке ашыруу кадрлар менен камсыз болуунун тартыштыгын азайтууга жардам берет.
5.3. Инновациялык креативдүү мейкиндиктерди жана экспортту кеңейтүү
Креативдүү сектордун өнүкпөгөн инфратүзүмү индустриялардын инновациялык багыттарынын өнүгүшүнө жетиштүү деңгээлде дем бере албайт. Ушул милдеттин алкагында туруктуу аянтчаны - инновациялык стартап долбоорлорунун платформалары бар креативдүү индустрияларды өнүктүрүү хабын түзүү, креативдүү индустриялардын бизнес-процесстерин санариптештирүү жана бизнести өнүктүрүү боюнча башка практикалык чараларды көрүү максатында инновациялык мейкиндиктерди кеңейтүү жолу менен инфратүзүмдү чыңдоо боюнча иштер пландалууда.
Кыргызстанда креативдүү индустриялардын өсүшү ички сатуу рыногунун көлөмү менен да чектелген. Рыноктун чектелүү болушунун шартында креативдүү индустрияларды эл аралык рынокторго багыттоо жана алардын бул рынокторго чыгышы үчүн тийиштүү шарттарды түзүү артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Чет өлкөлөрдө атайын адистешкен көргөзмөлүү иш-чараларды өткөрүү сектордун экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча натыйжалуу механизм катары каралат.
5.4. "Креативдүү Кыргызстан" брендин түзүү жана илгерилетүү
Креативдүү экономиканын өнүгүшү бизнес жүргүзүү менен инфратүзүм үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, чечим кабыл алуунун транспаренттүүлүгүнө жана кепилдиктердин болушуна гана көз каранды болбостон, көп жагынан өлкөнүн дүйнөдөгү жакшы имиджи менен да шартталат.
"Креативдүү Кыргызстан" брендин иштеп чыгуу жана тышкы дүйнөдө илгерилетүү экспорттун өсүшүнө жана жалпысынан республиканын креативдүү экономика секторун өнүктүрүүнү модернизациялоого көмөктөшөт.
5.5. Инновацияларга дем берүү
Өнүккөн инновациялык жана стартап-экосистемасы бизнестин натыйжалуулугун жогорулатат. Инновациялык экосистеманы калыптандыруу боюнча иш жаңы креативдүү индустрияларды түзүүнүн жана иштеп жатканын өнүктүрүүнүн жагымдуу шарттарын түзүү үчүн инновациялык инфратүзүмдү бекемдөөгө жана өнүгүү драйверлерин аныктоого багытталат. Креативдүү индустриялардын секторун толук кандуу экосистема катары өнүктүрүү үч негизги шартка: күчтүү креативдүү индустрияларга, так мамлекеттик саясатка жана мамлекет менен креативдүү сектордун ортосундагы натыйжалуу диалогго көз каранды болот.
Кыргызстанда инновациялык ишке дем берүү боюнча милдетте масштабдуу улуттук долбоор формасында жагымдуу укуктук чөйрөнү жана инновациялык системаны түзүү каралган.
Чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу келечекте атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун, экспорттун көлөмүн көбөйтүүнүн жана креативдүү индустрияны технологиялаштыруунун эсебинен ишкердиктин инновациялык багытын өнүктүрүүгө түрткү берет.
VI. Күтүлгөн жыйынтыктар
Креативдүү сектор жогорку кошумча наркы, олуттуу экспорттук потенциалы бар улуттук продукттун өндүрүшүн камсыздап, мультипликативдик натыйжаны түзүүгө көмөктөшүп, башка тармактардын өсүшүнүн драйвери боло алат. Келечекте креативдүү экономика динамикалуу өнүккөн секторго айланат жана Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасынын дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.
Креативдүү сектордун өнүгүшү инновацияларды өнүктүрүүнүн эсебинен реалдуу сектордун өсүшүнө түрткү боло алат жана иш менен камсыз болуунун көбөйүшүнө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга көмөктөшөт, ошондой эле ресурстук экономикадан көз каранды болууну азайтат.
Ушул Концепциянын алкагында креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча аракеттер төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- натыйжалуу колдоо механизмдери бар креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын калыптандырууга;
- ата мекендик креативдүү индустриялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;
- креативдүү иштин инфратүзүмүн бекемдөөгө жана экспорттун өсүшүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө;
- өлкөнүн дүйнөдөгү. жакшы имиджин түзүүгө жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга.
VII. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
7.1. Жагымдуу өбөлгөлөр
Концепцияны ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун жагымдуу өбөлгөлөрү болуп саясий жана экономикалык эркиндиктердин жогорку даражасы, калктын билимдүү болушунун жогорку деңгээли, жумуш күчүнүн квалификациясы жана жеткиликтүүлүгү, МКТ секторунун динамикалуу өнүгүшү, экономиканын бардык секторлорун жана мамлекеттик башкаруунун чөйрөлөрүн ырааттуу санариптештирүү, креативдүү индустриялардын өкүлдөрүнүн мамлекет ичиндеги ролун жогорулатууга жана эл аралык рынокторго чыгууга даяр болушу жана умтулуусу, туризмдин өсүшү, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн кызыкдар болушу саналат.
7.2. Тобокелдиктер
Төмөнкүлөр Концепцияны ийгиликтүү жүзөгө ашырууну камсыздоонун мүмкүн болуучу тобокелдиктери менен коркунучтары болуп саналат:
- өлкөнүн саясий системасы менен башкаруу институттарынын конфигурациясы өзгөртүлө тургандыгына байланышкан кырдаалдын ыктымалдуу туруксуздугу;
- Covid-19 пандемиясы себеп болгон экономикалык кризистин кесепеттери;
- Концепцияны жүзөгө ашырууну мамлекеттик бюджеттен каржылоонун чектелген мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык уюмдар менен жеке инвесторлор тарабынан колдоонун жетишсиз болушу;
- Концепциянын максаттарына жетүү үчүн мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөрдү кабыл алуунун, институционалдык жана жөнгө салуучу чаралардын узак мөөнөттүүлүгү;
- Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча жооптуу тараптардын ортосунда талаптагыдай координациянын жоктугу жана аракеттердин макулдашылбагандыгы.
(1) КР УСК, http://www.stat.kg/ru/opendata/category/188/
Кыскартуулар жана терминология
КЫСКАРТУУ | МААНИСИ |
КР | Кыргыз Республикасы |
ЭКМ | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ММТМ | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
УСК | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЧОБ | Чакан жана орто бизнес |
КЭ | Креативдүү экономика |
КИ | Креативдүү индустриялар |
ИДП | Ички дүң продукт |
ПИИ | Чет өлкөлүк түз инвестициялар |
МКТ | Маалыматтык коммуникациялык технологиялар |
ЖТП | Жогорку технологиялар паркы |
ЭИМК | Экономикалык иштин түрлөрү боюнча мамлекеттик классификатор |
МЖӨ | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
ЖМК | Жалпыга маалымдоо каражаттары |
ТЕРМИН | МААНИСИ |
ИНДУСТРИЯЛЫК ЭКОНОМИКА | Индустриялаштыруу, машина өндүрүшүнүн өнүгүшү, ага шайкеш болгон эмгекти уюштуруунун формаларынын пайда болушу, илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин пайдалануу процессинде жана натыйжасында калыптанган экономика |
ИННОВАЦИЯ | Жаңычылдык - рынокко керектүү жана процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу менен продукциянын сапатын жакшыртууну камсыздоочу ишке киргизилген же киргизилип жаткан жаңылыктар |
КРЕАТИВДҮҮЛҮК | Аламдын чыгармачыл чечимдерди кабыл алуу, принциптүү жаңы идеяларды кабылдоо жана жаратуу жөндөмү |
КРЕАТИВДҮҮ ИНДУСТРИЯ | Чыгармачыл генерация аркылуу интеллектуалдык менчикти, контент-маданиятты, инновациялык жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен продуктту жаратууга негизделген инновациялык экономикалык ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин иши |
КРЕАТИВДҮҮ КЛАСС | Чыгармачыл класс, чыгармачыл ой-жүгүртүүгө жана милдеттерди чечүүгө шаблондуу эмес мамиле кылууга жөндөмү болушун талап кылуучу билимге негизделген жогорку-технологиялуу экономиканын катышуучулары |
КРЕАТИВДҮҮ ЭКОНОМИКА | Адамдык капиталдын идеялары менен мүмкүнчүлүктөрүн трансформациялоонун, илимдин, инновациялардын, технологиялардын. маданияттын жана чыгармачыл мамиленин эсебинен кошумча нарк жана жумуш орундарын түзүүчү креативдүү индустриялардын жыйындысы |
ИНДУСТРИЯДАН КИЙИНКИ ЭКОНОМИКА | Экономикада жогорку өндүрүмдүү өнөр жайы, билим индустриясы бар, жогорку сапаттуу жана инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн ИДПдагы үлүшү жогору болгон, экономикалык жана башка иштин бардык түрлөрүндө атаандаштык өкүм сүргөн, ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнө караганда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген адамдардын саны жогору болгон инновациялык сектордун басымдуулук кылышы |
РЕЗИДЕНТ | Юридикалык же жеке жактын салык мыйзамдарындагы, ошондой эле алардын тигил же бул мамлекет менен байланышын чагылдырган мыйзамдардын айрым башка тармактарындагы белгилүү бир статусу |
БИЛИМ ЭКОНОМИКАСЫ | Илимди көп талап кылган иштеги товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө негизделген, техникалык жана илимий процесстин темптерин тездетүүгө көмөктөшкөн экономика. Билим экономикасы санариптештирүүнү жана инновацияларды интенсивдүү өнүктүрүүнү болжолдойт |