Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 14-апрели № 220

Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө

2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын, анын ичинде мунай продуктуларынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат.

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата техникалык талаптар 3-тиркемеге ылайык.

2. Салык төлөөчү ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталууга милдеттүү деп белгиленсин:

1) 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү;

2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү;

3) 2023-жылдын 1-январынан тартып - ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларына кирбеген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү.

3. Салык төлөөчү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу киргизилүүчү датага чейин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтык системасынын катышуучусу катары ыктыярдуу түрдө каттала алат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы экономикалык иштин субъекттеринин арасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу боюнча системалуу негизде түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 "Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом 2022-жылдын он бешинчи майынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

1-тиркеме

 

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу ТАРТИБИ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесине жана 2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык иштелип чыккан жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтык системасынын катышуучуларына карата колдонулат, ошондой эле электрондук кол тамганы пайдалануу менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууда (мындан ары - тариздөө/алуу) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын (мындан ары - электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары) ортосунда документ жүгүртүү жол-жоболорун белгилейт.

2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:

1) "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭТТК МС) - салык төлөөчү жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасы;

2) салык төлөөчүнүн профили - электрондук документ жүгүртүүгө катышуу үчүн ЭТТК МСтеги электрондук сервис;

3) электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - Кыргыз Республикасынын аймагында аларга карата электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү;

4) ЭТТК МСтин катышуучусунун эсептик системасы - салык милдеттенмелерин аткаруу максатында жүргүзүлүүчү, баштапкы эсепке алуу документтеринин, бухгалтердик эсептин регистрлеринин маалыматтарын, салык салынуучу объекттер жана/же салык салууга байланышкан объекттер жөнүндө маалыматтарды камтыган бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу системасы;

5) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (мындан ары - ЭТТК) - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ЭТТК МС аркылуу товарларды жүгүртүүдө электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан таризделүүчү документ;

6) электрондук документ жүгүртүү - ЭТТКны тариздөө/алуу, ошондой эле ЭТТК МСте номерлерди ыйгаруу.

Ушул Тартипте пайдаланылган терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартипте терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары жана/же Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугу менен аныкталган мааниде чечмеленет.

3. ЭТТК МСтеги электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучусу болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ушул Тартипке ылайык ЭТТК МСте катталган электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу;

2) салык кызматынын органдары.

4. ЭТТК МС Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде ЭТТКны тариздөөдө/алууда маалыматты сактоону камсыз кылат.

2-глава. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу

5. Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүү ушул Тартипте аныкталган тартипте ЭТТКны милдеттүү колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

6. ЭТТК экспорттук операцияларда, сатып алуучулар же кардарлар менен дүң соодада, ошондой эле чарбалык субъекттин ичинде которуштурууда төмөнкү операцияларды аткаруу менен ЭТТК МС аркылуу таризделет:

- кириштөө;

- эсептен чыгаруу;

- ишке ашыруу;

- которуштуруу;

- сатып алуу (сатуу);

- сатып алуу (которуштуруу);

- түзөтүлүүчү ЭТТК.

7. "Кириштөө" операциясы - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан уюмдун эсебине/балансына кабыл алынган товарды кошуу үчүн багытталган.

8. "Эсептен чыгаруу" операциясы - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан уюмдун эсебиндеги/балансындагы товарларды баланстык эсептен чыгаруу, алуу үчүн багытталган.

9. "Сатуу" операциясы - товарга менчик укугун акы төлөнүүчү/акысыз негизинде өткөрүп берүүнү регламенттөө үчүн багытталган.

10. "Которуштуруу" операциясы - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусунун - бир чарбалык субъекттин ичинде товарды которуштуруу жүргүзүлгөн учурларда ишке ашырылат.

11. "Сатып алуу (сатуу)" операциясы - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан товарды уюмдун эсебине/балансына кабыл алуу үчүн багытталган.

12. "Сатып алуу (которуштуруу)" операциясы - ички которуштурууну ырастоо үчүн багытталган.

13. "Түзөтүлүүчү ЭТТК" операциясы - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан баштапкы ЭТТКга гана карата түзөтүлүүчү ЭТТКны тариздөө үчүн багытталган.

14. ЭТТКны түзүүнүн формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

3-глава. Салык төлөөчүнү - ЭТТК маалыматтык системасынын катышуучусун каттоо жана аны жокко чыгаруу

15. ЭТТК МСте катталган электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТКны ЭТТК МСте тариздейт/алат.

16. ЭТТК МСте электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары каттоо салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу жүргүзүлөт.

17. ЭТТК МСтеги электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусунун каттоосун жокко чыгаруу ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте салыктык каттоо жокко чыгарылган учурда гана жүзөгө ашырылат.

4-глава. ЭТТК МСте ЭТТКны тариздөө/алуу жана колдонуу

18. ЭТТК МСте ЭТТКны тариздөө/алуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:

1) ЭТТК МСте ЭТТКны өзүнчө тариздөөнү/алууну же ЭТТКны пакеттик жүктөөнү/түшүрүүнү реалдуу режимде ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусунун профили;

2) электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусунун эсепке алуу системаларына салык төлөөчүнүн профилинде каралган бардык операцияларды ЭТТК МСте аткарууга мүмкүндүк берүүчү тышкы программалык интерфейс.

19. ЭТТК электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан товарларга менчик укугунун өтүшүн караган бүтүмдүн алкагында бул товарларды өткөрүп берүүдө, ошондой эле бир субъекттин чегинде товарды ички которуштурууда таризделет, мында өткөрүп берүүчү тарап товарды жүктөп жөнөтүүгө (өткөрүп берүүгө) чейин ЭТТК МСте анын алкагында жүктөп жөнөтүү ("Дүң сатуу", "Экспорт" же "Которуштуруу") жүзөгө ашырылуучу бүтүмдүн түрүн көрсөтүү менен ЭТТК түзөт.

Идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүдө ЭТТК милдеттүү түрдө берилүүчү товардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) жана GTIN номерин (GS1 товарларынын бирдиктүү эл аралык базасындагы товардык продукциянын глобалдык номерин) көрсөтүү менен түзүлөт.

20. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - жеткирүүчү электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусуна - сатып алуучуга ЭТТК тариздөөдө:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген ЭТТКны түзүү жана колдонуу тартибине ылайык ЭТТК түзөт;

2) ЭТТКны электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусуна - сатып алуучуга ЭТТК МС аркылуу жөнөтөт.

Эгерде ЭТТКда ЭТТК МСте генерацияланган номер жана QR-код камтылса, ал таризделген деп эсептелет.

21. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусунан - жеткирүүчүдөн электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусуна - сатып алуучуга ЭТТК МС аркылуу ЭТТК келип түшкөн күн ЭТТК таризделген күн болуп эсептелет.

Эгерде электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - жеткирүүчү ЭТТК түзүп, бирок электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусуна - сатып алуучуга жөнөтпөсө, анда бул ЭТТК "Жаңы" статусуна ээ болот.

22. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - сатып алуучу ЭТТКны алууда:

1) ЭТТК кабыл алынгандыгын ырастайт;

2) ЭТТК алуудан баш тартат.

23. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - сатып алуучу товарларды кабыл алууда электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - жеткирүүчү тарабынан ЭТТК таризделген күндөн тартып он календардык күндүн ичинде ЭТТК МСте товардын кабыл алынгандыгын ырастайт. Мында ЭТТК статусу "Баштапкы (кабыл алынды)" дегенге өзгөртүлөт.

24. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - сатып алуучу ЭТТКны алуудан баш тарткан учурда, мындай ЭТТК жокко чыгарылды деп эсептелет. Мында ЭТТК статусу "Баштапкы (четке кагылды)" дегенге өзгөртүлөт.

25. Эгерде электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - сатып алуучу ЭТТКны кабыл алгандыгын ырастабаса же ушул Тартиптин 23-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ЭТТКны алуудан баш тартпаса, ЭТТК кабыл алынды деп эсептелет.

26. Эгерде электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - жеткирүүчү мурда таризделген жана электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - сатып алуучу тарабынан кабыл алынбаган ЭТТКны чакыртып алган учурда ЭТТК статусу "Чакыртып алынган" дегенге өзгөртүлөт.

27. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - сатып алуучу тарабынан ЭТТК ырасталгандан кийин аны чакыртып алууга мүмкүн эмес.

28. Эгерде товарларды кабыл алгандан же ички которуштуруудан кийин электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТКда көрсөтүлгөн маалыматтар түзөтүүнү талап кылат деп белгилесе, анда:

а) мындай товарларды жүктөп жөнөтүүнү (берүүнү) же ички которуштурууну жүзөгө ашырган электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу түзөтүүнүн себебин ("Толук кайтаруу", "Жарым-жартылай кайтаруу") көрсөтүү менен ЭТТК МСте түзөтүлүүчү ЭТТК түзөт;

б) электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - сатып алуучу ушул Тартиптин 24-пунктунда каралган тартипте ЭТТКны түзөтүүнү ырастайт. Мында ЭТТК статусу "Түзөтүлгөн" дегенге өзгөртүлөт;

в) электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу - сатып алуучу түзөтүлгөн ЭТТКны алуудан баш тарткан учурда ЭТТК статусу "Түзөтүлгөн (четке кагылды)" дегенге өзгөртүлөт.

Маркаланган товарларды жүгүртүү учурунда маркаланган товарларды өткөрүп берүү (кабыл алуу) же ички которуштуруу жөнүндө маалыматтарды түзөтүү, эгерде түзөтүлгөн ЭТТКда көрсөтүлгөн идентификациялоо коддору (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддору, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддору) жана GTIN номери (GS1 товарларынын бирдиктүү эл аралык базасындагы товардык продукциянын глобалдык номери) электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан баштапкы ЭТТК алынган учурдан тартып өзүнүн абалын өзгөртпөсө (б.а. өзүнүн статусун, ээсин, аянтчанын дарегин өзгөртпөсө) гана аткарылат. Эгерде баштапкы ЭТТКны иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча топтук жана/же транспорттук таңгактарды бөлүктөргө бөлүп жиберүү катталса, анда түзөтүлгөн ЭТТК маалыматтарын иштеп чыгууда мурда бөлүктөргө бөлүп жиберилген топтук жана/же транспорттук таңгактарды калыбына келтирүү аткарылбайт.

29. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге же үчүнчү өлкөлөргө товарларды сатуучу электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТК МСте бүтүмдүн "Экспорт" деген түрүн көрсөтүү менен, ошондой эле Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык өлкөнүн аталышын жана кодун көрсөтүү менен ЭТТК түзөт.

Бул жагдайда ЭТТК статусу автоматтык түрдө "Баштапкы (кабыл алынды)" дегенге өзгөртүлөт.

Маркаланган товарларды жүгүртүү учурунда ЭТТК экспорттолуучу маркалануучу товарларды идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) жана GTIN номерлерин (GS1 товарларынын бирдиктүү эл аралык базасындагы товардык продукциянын глобалдык номерин) көрсөтүү менен түзүлөт.

30. Эгерде "Баштапкы (кабыл алынды)" статусунда, бүтүмдүн "Экспорт" деген түрү менен ЭТПС таризделгенден кийин электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТКда көрсөтүлгөн маалыматтар түзөтүүнү талап кылат деп белгилесе, товарларды экспортко жүктөп жөнөтүүнү ишке ашырган электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу түзөтүүнүн себебин ("Толук кайтаруу", "Жарым-жартылай кайтаруу") көрсөтүү менен ЭТТК МСте түзөтүлгөн ЭТТК түзөт.

Мында ЭТТК статусу автоматтык түрдө "Түзөтүлгөн (кабыл алынды)" дегенге өзгөртүлөт.

ЭТТКдагы маркалануучу товарлардын экспорту жөнүндө маалыматтарды түзөтүү, эгерде түзөтүлгөн ЭТТКда көрсөтүлгөн идентификациялоо коддору (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддору, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддору) баштапкы ЭТТК алынган учурдан тартып өзүнүн абалын өзгөртпөсө (б.а. өзүнүн статусун, ээсин, аянтчанын дарегин өзгөртпөсө) гана аткарылат.

Эгерде баштапкы ЭТТКны иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча топтук жана/же транспорттук таңгактарды бөлүктөргө бөлүп жиберүү катталса, анда түзөтүлгөн ЭТТК маалыматтарын иштеп чыгууда мурда бөлүктөргө бөлүп жиберилген топтук жана/же транспорттук таңгактарды калыбына келтирүү аткарылбайт.

5-глава. Товарларды ички которуштурууда ЭТТК МСте катталган электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан ЭТТК таризделиши

31. Товарларды мындай товар сакталган бир жерден бул товарларга менчик укугунун өтүшүн карабаган башка жерге ички которуштурууда электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТК МСте операциянын "Ички которуштуруу" деген түрүн, жөнөтүлгөн жеринин жана дайындалган пунктунун даректерин көрсөтүү менен ЭТТК түзөт.

Маркалануучу товарлар жүгүртүлгөн учурда которулуштуруучу товардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) көрсөтүү менен ЭТТК түзүлөт.

 

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында мунайдын жана мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу жана контролдоо тартибин аныктайт.

2. Ушул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар бул Жободо аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Жободо терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбосо, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде чечмеленет:

1) автомай куюучу станция (мындан ары - АМС) - автотранспорт каражаттарына бензин жана дизелдик күйүүчү май куюучу станция;

2) автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы (мындан ары - БАС) - бул комплексинде станциялардын функцияларын башкарууну, анын ичинде фискалдык чек чыгарылгандан кийин гана мунай продуктуларын берүү бөлүгүндө отун-таратуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машиналардын ишин синхрондоштурууну камсыз кылган чакан системаларды жана тийиштүү жабдууларды пайдалануучу, автотранспорт каражаттарына мунай продуктуларын куюу боюнча станцияларды автоматташтыруу милдетин чечүү;

3) автомобилдик газ куюучу станциялар - автотранспорт каражаттарына мунай газын (пропан) куюучу станциялар;

4) автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар - автотранспорт каражаттарына жаратылыш газын (метан) куюучу станциялар;

5) темир жолдогу куюучу туюк - мунай продуктуларын темир жол цистерналарынан (резервуарлардан) цистерналарга түшүрүүчү жер;

6) мунай базасынын инспектору - мунайды кайра иштетүүчү заводдо, мунай базасында жана мунай сакталуучу жайда мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүнө жана эсепке алынышына жооптуу аймактык салык органынын инспектору;

7) автотранспорт каражаттарына мунай продуктуларын куюучу станциялардын инспектору - АМСте мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүнө жана эсепке алынышына жооптуу аймактык салык органынын инспектору;

8) "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭТТК МС) - салык төлөөчүлөр жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасы;

9) контролдук пломба - материалдык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу максатында каралган жерлерде коюлуучу атайын энтамга;

10) мунай базасы - мунайды, мунай продуктуларын кабыл алуу, сактоо, транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө кайра жүктөө жана берүү үчүн курулмалардын жана түзүлүштөрдүн комплекси;

11) мунайды кайра иштетүүчү завод - негизги функциясы мунайды бензинге, авиациялык керосинге, мазутка, дизелдик отунга, майлоочу майларга, майлоочуларга, битумдарга, газдарга, мунайхимиясы үчүн чийки затка кайра иштетүү болуп саналган өнөр жай ишканасы;

12) мунай продуктулары - термокатализатордук жана мунайды химиялык синтездөө жана башка методдор менен чийки мунайды жана газды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган, өзүнүв физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МАСТ) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келген продуктулар жана компоненттер;

13) мунай сактоочу жай - мунайды же аны кайра иштетүүдөн алынган продуктулар үчүн резервуар же резервуарлар системасы;

14) мунай - чийки мунай, ошондой эле чийки мунайды тазалагандан, күйүүчү сланецтерди жана битумду камтыган тектерди кайра иштетүүдөн кийин алынган көмүр суутектери;

15) мунай скважинасы - мунайды казып алуу үчүн багытталган тегерек кесилиштеги тоону иштетүү;

16) продукцияны берүү жөнүндө маалыматтарды белгилөө боюнча жабдуу - программалык камсыздоонун (байланыштыруу блогу) жардамы менен Интернет аркылуу маалыматты берүүчү жабдуу;

17) мунай продуктусунун партиясы - сапаты жөнүндө бир документ (паспорт) менен коштолуучу бир маркадагы мунай продуктусунун саны;

18) сапат паспорту - лабораториялык сыноолордун натыйжасында алынган мунай продуктусунун сапатынын көрсөткүчтөрүнүн сандык маанилеринин мунай продуктусунун ошол маркасына ченемдик документте көрсөтүлгөн маанилерине шайкеш келишин белгилөөчү документ;

19) акциздик мунай продуктулары - Кыргыз Республикасында ЕАЭБ ТЭИ TH классификаторуна киргизилген, аларды сатуу акциздер боюнча салык салуу объекти болуп саналган мунай продуктулары;

20) керектөөчү - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды түздөн-түз өндүргөн уюмдан же рыноктон сатып алуучу;

21) резервуар - суюктуктарды жана газдарды сактоочу стационардык идиш;

22) чийки мунай - салыштырма салмагына карабастан, нормалдуу атмосфералык температурада жана басымда жер астынан суюк абалда алынуучу кандай болбосун көмүр суу тектери, анын ичинде дистиллят (газоконденсат) же конденсат деген ат менен белгилүү болгон, табигый конденсациялоо аркылуу жаратылыш газынан пайда болгон суюк көмүр суу тектери;

23) отун таратуучу колонка - автомашиналарга мунай продуктуларын куюучу колонка;

24) ташуу - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды казылып алынган жерден алар сакталуучу жана кайра иштетилүүчү жерге, ошондой эле алар кайра иштетилүүчү жерден керектөөчүгө чейин өткөргүч түтүктөр боюнча транспорттун башка түрлөрү менен белгилүү бир аралыкта берүү, бөлүштүрүү;

25) өткөргүч түтүк - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды ташуу үчүн багытталган жердин үстүндөгү же астындагы ар кандай диаметрдеги түтүктөр;

26) цистерна - суюктуктарды, суюлтулган газдарды сактоо жана ташуу үчүн жабык курулма (идиш);

27) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (мындан ары - ЭТТК) - товарларды жүгүртүүдө электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ЭТТК МС аркылуу таризделүүчү документ.

3. Мунайды жана мунай продуктуларын казып алуу, ташып келүү, өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу, сактоо, жүктөп жөнөтүү жана сатуу ушул Жобого ылайык ишке ашырылат. Мунайга жана мунай продуктуларына таблицада көрсөтүлгөн товарлар кирет.

 

Таблица

№

Позициянын аталышы

ТЭИ TH коду

1

Мунай:

Мунай, чийки мунай жана битумду камтыган тектерден алынган чийки мунай продуктулары

2709 00 900 1 - 2709 00 900 9

2

Мунай продуктулары:

- автомобиль бензини

2710 12 110 - 2710 12 900 8;

2710 19 110 0 - 2710 19 150 0;

2710 19 250 0

3

- реактивдүү отун

2710 19 210 0

4

- дизелдик отун

2710 19 290 0;

2710 19 310 0 - 2710 19 480 0;

2710 20 110 0 - 2710 20 1900

5

- мазут

2710 19510 - 2710 19 680 9;

2710 20 310 1 - 2710 20 390 9

6

- автотранспорт каражаттары үчүн отун катары пайдаланылуучу жаратылыш газы (метан)

2711 11 000 0;

2711 21 000 0

7

- автотранспорт каражаттары үчүн отун катары пайдаланылуучу мунай газ (пропан)

2711 12 1100;

2711 12 190 0;

2711 12 970 0

8

- мажбурлап от алдыруучу кыймылдаткычтар үчүн этанолдук отун

2710 12 419 0

9

- таш көмүр чайырынан жогорку температурада кайнатылган май жана башка продуктулар; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрүнүн массасы жыпар жыттуу эмес массасынан ашкан ушул сыяктуу продуктулар: отун катары пайдалануу үчүн бензол

2707 10 100 0;

2707 99 110 0 - 2707 99 990 0

10

- битумду камтыган тектерден алынган мунай жана мунай продуктулары (чийкиден тышкары), башка жерде аталбаган же киргизилбеген, 70 же андан ашык пайыз мунайды жана мунай продуктуларын камтыган, битумду камтыган тектерден алынган продуктулар, мында бул мунай продуктулары иштетилген мунай продуктуларынан тышкары, биодизель камтылган продуктуларынын негизги түзүүчүсү болуп саналат

2710 12;

2710 12 150 9;

2710 12 250;

2710 12 900;

2710 19;

3826 00 900 0

11

майлоочу майлар; башка майлар

2710 19 710 0 - 2710 19 980 0

12

- башка мунай продуктулары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы)

2710 20 900 0

13

- мунай газдары жана башка газ сыяктуу көмүр суутектер (туруктуу газ композити)

2709 00 100 1;

2709 00 100 9

14

- мунай продуктулары сыяктуу эле максаттарда пайдаланылуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетанаторлор

3811 11 1000 - 3811 11 900 0;

3811 19 000 0

15

- битумду камтыган тектерден алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошумдар

3811 21 000 0;

3811 29 000 0;

3811 90 000 0

4. Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларын сатуу үчүн төмөнкүдөй талаптар белгиленет:

1) дүң сатуу менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде мунай продуктуларынын же резервуардын базасына ээлик кылуу шартында гана ишке ашырылат. Ушул Жобонун таблицасына киргизилген жана колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МАСТ) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык аталышы жана маркасы идентификациялоодон өткөн гана мунай жана мунай продуктулары дүң сатылууга тийиш.

Дүң (майда дүң) сатууда мунай продуктуларынын ар бир партиясында продукциянын паспорту болууга тийиш. Даярдоочу же сатуучу тарабынан берилүүчү (сатууга даяр продукцияны сактоочу ишканаларда) продукциянын паспорту продукциянын аталышын жана маркасын, продукцияны даярдоочу (сатуучу) жөнүндө маалыматтарды, анын дарегин, продукциянын ошол түрү үчүн мүнөздөмөнүн ченемдик маанисин, бул мүнөздөмөлөрдүн сыноолордун натыйжалары боюнча аныкталган иш жүзүндөгү маанисин, сынамдар алынган датаны, бул сынам тандалып алынган резервуардын номерин (партиясынын номерин), продукция даярдалган датаны, продукцияга анализ жүргүзүлгөн датаны, ошондой эле продукцияда кошумдардын бар (аталышы жана курамы) же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

2) чекене сатуу АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияда гана алар контролдук-кассалык сатылуучу отун жөнүндө маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ TH коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жыйынтык суммасы) басып чыгаруучу жана аны реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана АБУ менен камсыз кылынган шартта гана ишке ашырылат. АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияда ушул Жобонун таблицасынын 2, 4, 6, 7 жана 8-саптарында аталган мунай продуктулары, ошондой эле мамлекеттер аралык колдонулуудагы стандарттардын (МАСТ) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык аталышы жана маркасы идентификациялоодон өткөн гана башка акциздик мунай продуктулары сатылууга тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын казып алууну, ташып келүүнү, өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, ташууну, сактоону, жүктөп жөнөтүүнү жана сатууну контролдоо үчүн контролдук пломбалар колдонулат, алар төмөнкүлөргө орнотулат:

- цистерналардын сыйымдуулуктарынын (резервуарлардын) ооз жагына, мунай скважиналарынын, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун, мунай базаларынын, мунай сактоочу жайлардын, автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардын өткөргүч түтүктөрүнө, эсептөө механизмдерине;

- цистерналардын сыйымдуулуктарынын (резервуарлардын) ооз жагына, АМСтеги жана автомобилдик газ куюучу станциялардагы сыйымдуулуктардын (резервуарлардын) ооз жагына жана куюучу түтүктөрүнө.

Мунай продуктуларын контролдоо үчүн багытталган контролдук пломбаларда эки бирдей заводдук номер коюлууга тийиш.

6. Ыйгарым укуктуу салык органы цистерналардын сыйымдуулуктарын (резервуарларды), мунай скважиналарындагы, мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу, мунай базаларындагы, мунай сактоочу жайлардагы, АМСтеги, автомобилдик газ куюучу станциялардагы жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардагы өткөргүч түтүктөрдү, эсептөө механизмдерин пломбалоо үчүн пломбаларга заказ берет. Аймактык салык органдары ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формага ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын кампасынан өтүнмөнүн негизинде контролдук пломбаларды алышат.

7. Мунайды жана мунай продуктуларын ташып келүүдө, жүктөп жөнөтүүдө, ташууда жана сатууда Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүн контролдоо үчүн милдеттүү түрдө ЭТТК колдонулат.

8. Мунайды жана мунай продуктуларын мунай скважиналарынан, мунайды кайра иштетүүчү заводдордон, мунай базаларынан, мунай сактоочу жайлардан, темир жолдогу куюучу туюктардан цистерналарда берүүгө жана мунайды кайра иштетүүчү заводдордон, мунай сактоочу жайлардан, мунай базаларынан, АМСтең, автомобилдик газ куюучу станциялардан кабыл алуу-берүү ЭТТКны милдеттүү түрдө толтуруу менен коштолушу керек.

Мунай продуктуларын сактоо, ташуу жана сатуу шарттары сакталбаган учурда ишкердик субъекттерге Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чаралары колдонулат.

9. Мунай продуктуларын кабыл алууда жана берүүдө ЭТТКны контролдоо үчүн жана мунайга жана мунай продуктуларына контролдук пломбаларды орнотуу үчүн мунай скважинасынын, мунайды кайра иштетүүчү заводдун, мунай базасынын, мунай сактоочу жайдын, темир жолдогу куюучу туюктун, АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардын жайгашкан жери боюнча аймактык салык органынын буйругу менен АМС жана мунай базаларынын инспекторлору дайындалат, алар мунайды кайра иштетүүчү заводдордо, мунай базаларында, мунай сактоочу жайларда, темир жолдогу куюучу туюктарда, АМСте, автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларда мунайды жана мунай продуктуларын жүктөп жөнөтүүгө жана кабыл алууга катышат.

2-глава. БАС жабдуунун жана колдонууга киргизүүнүн шарттары

10. Мунай продуктуларын ташып келүүчү, сактоочу, өндүрүүчү жана сатуучу ишкердик субъекттер (мындан ары - ишкердик субъект) БАС ишке киргизүүгө милдеттүү.

11. БАС жана техникалык талаптарга ылайык келген продукцияны берүү жөнүндө маалыматты белгилөө боюнча жабдуу ишкердик субъект тарабынан өз алдынча сатып алынат жана орнотулат.

12. БАСты продукцияны берүү жөнүндө маалыматты белгилөөчү жабдуу менен жабдуу жана аларды тейлөө ишкердик субъект тарабынан ишке ашырылат.

13. Ишкердик субъекти БАСты сертификациялоо жол-жоболорун ыктыярдуу тартипте ишке ашырат.

14. Ыйгарым укуктуу салык органы БАС менен контролдук-кассалык машинанын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарга ишкердик субъект тарабынан орнотулган БАСтын шайкештигин функциялык жактан салыштырып текшерүү үчүн курамында байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болгон аймактык ведомстволор аралык комиссияны түзөт.

15. Ушул Жобонун 10-пунктунун аткарылышы камсыз кылынбаган же БАС менен контролдук-кассалык машинанын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарга функциялык жактан шайкеш келбеген учурда ишкердик субъектке АМСтен, автомобилдик газ куюучу станциядан жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциядан мунай продуктуларын чекене сатууга тыюу салынат.

3-глава. Мунайды жана мунай продуктуларын мунай скважинасында, мунайды иштетүүчү заводдо, мунай базасында, мунай сактоочу жайда же темир жолдогу куюучу туюкта кабыл алууну жана жүктөп жөнөтүүнү эсепке алуу

16. Ишкердик субъекттер мунайды жана мунай продуктуларын казып алууну, ташып келүүнү, өндүрүүнү, иштетүүнү, ташууну, сактоону, жүктөп жөнөтүүнү жана сатууну эсепке алуу жана контролдоо үчүн мунай скважинасына. мунайды кайра иштетүүчү заводго, мунай базасына, мунай сактоочу жайга же темир жолдогу куюучу туюкка мунай базасынын инспекторун бөлүп берүү зарылдыгы жөнүндө аймактык салык органына маалымдайт. Мунай базасынын, мунай скважинасынын, мунайды кайра иштетүүчү заводдун, мунай сактоочу жайдын жана темир жолдогу куюучу туюктун инспектору мунайды кайра иштетүүчү заводдо, мунай базасында, мунай сактоочу жайда жана темир жолдогу куюучу туюкта мунайдын жана мунай продуктуларын казып алынышын, өндүрүлүшүн, келип түшүшүн, сатылышын жана алардын сыйымдуулуктарындагы иш жүзүндөгү калдыгын контролдойт.

17. Ишкердик субъекттер мунай базасынын инспекторун мунай базасындагы техникалык коопсуздук нускамасы, өзүн алып жүрүү эрежелери менен тааныштырат, ошондой эле мунай скважинасында, мунайды кайра иштетүүчү заводдо, мунай базасында, мунай сактоочу жайда жана темир жолдогу куюучу туюкта мунайды жана мунай продуктуларын казып алууну, ташып келүүнү, өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, ташууну, сактоону, жүктөп жөнөтүүнү жана сатылышын эсепке алуу үчүн иш орду менен камсыз кылат.

18. Мунай базасынын инспектору төмөнкү учурларда катышат:

1) мунай скважинасынан мунайды (чийки затты) жүктөп жөнөтүүдө;

2) мунайды кайра иштетүүчү заводдо мунайды (чийки затты) кабыл алууда;

3) мунайды кайра иштетүүчү заводдо, мунай базасында, мунай сактоочу жайда же темир жолдогу куюучу туюкта мунай продуктуларын кабыл алууда жана берүүдө,

19. Ишкердик субъект мунай базасынын инспекторуна эсеп-фактураны, ЭТТКны, продукциянын паспортун жана товарга декларацияны берет, Мунайды жана мунай продуктуларын кабыл алууда мунай базасынын инспекторунун катышуусунда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча мунайды жана мунай продуктуларын кабыл алуу жөнүндө акты түзүлөт, андагы маалыматтар ишкердик субъект тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына киргизилет.

Мунайды жана мунай продуктуларын кабыл алуу жөнүндө акт төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) акт түзүлгөн жерди жана датаны;

2) мунай же мунай продуктусу кабыл алынган датаны;

3) мунай базасынын (мунай сактоочу жайдын), темир жолдогу туюктун жана мунайды кайра иштетүүчү заводдун аталышын;

4) өкүлдүн (салык төлөөчүнүн) аты-жөнүн жана кызмат ордун;

5) ишкердик субъекттин-жүк алуучунун реквизиттерин;

6) ишкердик субъекттин-жүктү жөнөтүүчүнүн реквизиттерин;

7) коштоочу документтерди (эсеп-фактура, келишим (контракт), сапат паспорту, товардык-транспорттук коштомо кагаз ж.б.);

8) мунай же мунай продуктусу жөнүндө маалыматтарды (аталышы, ТЭИ TH коду, жүктөп жөнөтүлгөн жана келип түшкөн дата, контролдук пломбанын №);

9) жүктүн массасын аныктоо методун (метршток, ареометр жана тарирлөө);

10) өлчөө приборлорун текшерүүнү жүргүзгөн стандартташтыруунун ыйгарым укуктуу органынын аталышын (стандартташтыруунун ыйгарым укуктуу органы);

11) ташуунун түрүн (темир жол же автомобилдик транспорт каражаты), ТЖЦ (вагон-цистерналардын) же АЦ (автоцистерналардын) номерин;

12) товардык-коштоочу документтердин маалыматтарын:

- толтуруу деңгээли (мм);

- тыгыздыгы (килограмм/литр);

- температурасы (ºC);

- көлөмү (литр);

- массасы (килограмм);

13) иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн:

- толтуруу бийиктиги (мм);

- тыгыздыгы (килограмм/литр);

- тыгыздыгы (килограмм/литр);

- температурасы (ºC);

- көлөмү (литр);

- массасы (килограмм);

- товардык суу (мм);

- товардык суу (литр);

14) табигый төмөндөө;

15) өлчөөлөрдүн жаңылыштыгы (%);

16) ченемден ашыкча айырмачылыктар (тең салмаксыздык +/-):

- көлөмү (литр);

- массасы (килограмм);

- жетишсиз/ашыкча (+/- килограмм/литр);

17) эсепке алуу (көлөмү литр менен жана массасы килограмм менен).

20. Мунайды кайра иштетүүчү заводдон, мунай базасынан, мунай сактоочу жайдан жана темир жолдогу куюучу туюктан мунайды жана мунай продуктуларын жүктөп жөнөтүүдө (берүүдө) мунай базасынын инспектору цистерналардын сыйымдуулугунун оозуна, куюучу люктарына пломба орнотот жана ЭТТКга "Ташып кетүүгө уруксат" деген энчилүү штампты коёт.

21. Мунай базасынын инспектору ай сайын мунайды кайра иштетүүчү заводдун, мунай базасынын, мунай сактоочу жайдын сыйымдуулуктарындагы мунайдын жана мунай продуктуларынын калдыктарын алууну ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасындагы маалыматтарга шайкеш келишине карата жүзөгө ашырат.

4-глава. Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) катышкан өлкөлөрдүн чек арадагы контролдоочу-өткөрүүчү пункттары аркылуу ташылып келген мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу

22. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүүчү салык төлөөчүнү контролдоо максатында ыйгарым укуктуу салык органынын же контролдоо-өткөрүү пункту, темир жол станциясы жайгашкан жер боюнча аймактык салык органынын буйругу менен жооптуу инспекторлор бекитилет.

23. Жооптуу инспекторлор салык төлөөчү тарабынан мунай же мунай продуктулары Кыргыз Республикасынын аймагына темир жол транспорту менен ташылып келген учурда коштомо кагаздын, стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген цистернага күбөлүктүн болушун жана ташылып келүүчү мунайдын же мунай продуктусунун иш жүзүндөгү көлөмүн текшерет.

24. Жооптуу инспекторлор субъект тарабынан мунай же мунай продуктулары Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт каражаты менен ташылып келген учурда эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR), коштомо кагаздын, стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген цистернага күбөлүктүн болушун жана ташылып келүүчү мунайдын же мунай продуктусунун иш жүзүндөгү көлөмүн текшерет.

25. Ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн документтер болгон жана шайкеш келген учурда жооптуу инспектор цистернаны пломбалайт, ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча пломбалоо актысын түзөт. Бул актыга субъект же анын жооптуу адамы кол коёт, экинчи нускасы актыга кол койгон адамга тапшырылат.

5-глава. АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияда мунай продуктуларын кабыл алуунун тартиби

26. Ар бир аймактык салык органы боюнча салык органынын жетекчисинин буйругу менен райондун аймагында жайгашкан АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын ишин тейлеген АМС инспектору бекитилет. АМС инспектору мунай продуктусун кабыл алууда АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияда болууга, контролдук пломбанын сакталышын жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасындагы ЭТТКнын келип түшкөн мунай продуктуларына шайкеш келишин контролдоого милдеттүү.

27. Салык төлөөчү аймактык салык органына же АМС инспекторуна (мобилдик телефон аркылуу же жазуу түрүндө) АМСке жана автомобилдик газ куюучу станцияга мунай продуктуларынын келип түшкөнү жөнүндө билдирүү берет. Билдирүүнү алган соң АМС инспектору АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга келет жана цистернаны кабыл алат, мында төмөнкүлөрдү текшерет:

1) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы ЭТТК маалыматтарынын болушун жана алардын туура таризделишин;

2) контролдук пломбанын болушун жана анын ЭТТКдагы маалыматтар менен шайкеш келишин;

3) мунай продуктуларынын иш жүзүндөгү көлөмүнүн ЭТТКда көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келишин.

Бузуулар жок болсо, АМС инспектору цистернадагы жана АМСтин, автомобиль газ май куюучу станциянын сыйымдуулуктарынын куюучу люктарындагы пломбаларды бузуп алат жана ишкердик субъектке мунай продуктусун куюп алууга уруксат берет.

28. АМС инспектору цистернадан мунай продуктусун куюп алгандан кийин, автомобилдик газ куюучу станциянын газын кабыл алуу жана куюп алуу үчүн кранга жана мунай продуктусу куюп алынган АМСтин сыйымдуулугунун куюучу люгуна контролдук пломбаны орнотот. Коюлган пломбанын номери ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына киргизилет.

29. Мунай продуктулары бир нече АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияларга бир убакта жеткирилген учурда АМС инспектору бир АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга келип, ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн жол-жоболорду аткарат жана акт түзүлгөн убакытты көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук пломбаларды пломбалоо актысын түзөт. Ошол АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияда мунай продуктусун куюп алып жаткан учурда, ал башка АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга мунай продуктусун кабыл алуу үчүн чыгып кетүүгө укуктуу.

АМС инспектору башка АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияда мунай продуктусун кабыл алгандан кийин милдеттүү түрдө биринчи АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга куюп алынган мунай продуктусунун көлөмүн текшерүү жана сыйымдуулукту пломбалоо үчүн келүүгө тийиш.

Бир цистернадан бир нече АМСтеги, автомобилдик газ куюучу станциялардагы резервуарларга мунай продуктусун куюп алуу учурунда, АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияда куюп алууну жүргүзгөн АМС инспектору мунай продуктусунун калдыгын башка АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга жөнөтүүдө цистернага контролдук пломбаны орнотот, мунай продуктусун жарым-жартылай кабыл алуу актысын түзөт жана ишкердик субъекти башка АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияларга жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларга жөнөтүлүүгө тийиш болгон мунай продуктусунун калдыгына жаңы ЭТТК тариздейт.

30. АМС инспектору мунай продуктусун куюп алуу мүмкүн болгон башка жерлерде - АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын сыйымдуулуктарында, ошондой эле автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциянын магистралдык өткөргүч түтүктөрүнүн эсептөө механизмдеринде контролдук пломбаларды орнотот. Пломбаны орнотуу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына киргизүү менен пломбалоо актысын түзүү аркылуу ырасталат.

АМС инспектору ай сайын АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын сыйымдуулуктарындагы мунай продуктуларынын калдыктарын жана АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциянын май таратуучу колонкасынын эсептөө механизмдеринен көрсөткүчтөрдү ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы жазууларга шайкеш келишине карата алууну жүзөгө ашырат.

Ишкердик субъекти салык органынын инспекторуна автомобилдик май куюучу станциянын. автомобилдик газ куюучу станциянын, автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциянын сыйымдуулуктарындагы, ошондой эле мунай базаларындагы (мунай сактоочу жайларда), темир жол туюктарындагы жана мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу мунай продуктуларынын калдыктарын алуу үчүн стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген өлчөө приборлорун жана резервуарлардын - (цистерналардын) паспортун берет.

6-глава. Контролдук пломбаларды сатып алуу, пайдалануу жана жок кылуу

31. АМСтин же мунай базасынын инспектору тийиштүү аймактык салык органынан контролдук пломбаларды алат жана контролдук пломбалардын сакталышы, пайдаланышы жана эсепке алынышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

32. Контролдук пломбада заводдук брак табылган учурда АМСтин же мунай базасынын инспектору ыйгарым укуктуу салык органына андан ары жиберүү жана контролдук пломбаларды жеткирүүчүгө кайра кайтаруу үчүн аймактык салык органына пломбаны тапшырат.

33. Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин колдонулган контролдук пломбаларды, анын ичинде автоцистерналардан пайдаланылган (бузуп алынган) пломбаларды жок кылуу жүргүзүлөт. Пломбаларды жок кылуу аймактык салык органынын начальнигинин буйругу менен бекитилген комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

34. Комиссиянын курамына аймактык салык органынын начальнигинин орун басары, юрист, чарбалык бөлүктүн башчысы, тиешелүү бөлүмдүн башчысы жана ишкердик субъекттин жооптуу адамы кирет.

35. Пломбаларды жок кылуу колдонулган контролду к пломбаларды өрттөө жана жок кылынуучу контролдук пломбалардын номерлерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча жок кылуу актысын түзүү жолу менен ишке ашырылат, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт.

 

3-тиркеме

 

Мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата техникалык ТАЛАПТАР

1-глава. Түшүнүктөр жана терминдер

1. Ушул Техникалык талаптар мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата жалпы талаптарды аныктайт.

2. Ушул Техникалык талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы - комплексинде станциялардын функцияларын башкарууну, анын ичинде фискалдык чек чыгарылгандан кийин гана мунай продуктуларын берүү бөлүгүндө отун таратуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машиналардын ишин синхрондоштурууну камсыз кылган чакан системаларды жана тийиштүү жабдууларды пайдалануучу, автотранспорт каражаттарына мунай продуктуларын куюучу станцияларды автоматташтыруу милдетин чечүү;

2) отун таратуучу колонка - автомай куюучу станциядагы, автомобилдик газ куюучу станциядагы жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциядагы автомашиналарга мунай продуктуларын куюучу колонка;

3) деңгээл ченегич - резервуарлардагы мунай продуктуларынын параметрлерин (деңгээлин, көлөмүн, температурасын жана тыгыздыгын) үзгүлтүксүз өлчөөчү прибор.

Ушул Техникалык талаптардагы башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында аныкталган мааниде чечмеленет.

2-глава. Автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасына карата жалпы техникалык талаптар

3. Мунай продуктуларын сатуу чөйрөсү үчүн отун таратуучу колонкадан мунай продуктуларын берүү процессин башкаруу жана берүүнүн жыйынтыктарын каттоо отун таратуучу колонканын жана контролдук-кассалык машинанын комплекстүү иштешин камсыз кылуучу автомай куюучу станцияны (мындан ары - АМС) башкаруунун автоматташтырылган системасы менен жүргүзүлүүгө тийиш. Комплекстүү өз ара аракеттенүүнүн башкы шарты болуп контролдук-кассалык машинанын чеги таризделгенге чейин мунай продуктуларын берүүгө бөгөт коюу мүмкүндүгү саналат.

4. АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасынын ишине негизги талап Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген Контролдук-кассалык машиналардын реестрине киргизилген контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу болуп саналат.

5. АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасынын башкаруусу реалдуу убакыт режиминде отун таратуучу колонкалардын абалына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу маалыматтарды берүүнүн тиешелүү протоколу боюнча иштеген отун таратуучу колонка аркылуу жүргүзүлүшү керек.

6. АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасына коюлуучу жалпы техникалык талаптар:

1) системанын түзүмүнө жана иштешине карата талаптар:

- тандалган системанын жана анын чакан системаларынын иштеши регламенттик иштерге каралган пландуу тыныгуулар менен узак мөөнөттүү, күнү-түнү жана үзгүлтүксүз режимде ишке ашырылууга тийиш;

- система модулдук архитектурага ээ болууга жана зарыл болгон учурда бирдиктүү технологиялык жана архитектуралык платформанын базасында өз чакан системаларынын функционалдуулугун өстүрүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш;

2) ишенимдүүлүгүнө жана маалыматтык коопсуздугуна карата талаптар:

- маалыматтарга кирүүгө кызматтык ыйгарым укуктарын эске алуу менен авторизацияланган колдонуучуларга гана уруксат берилүүгө тийиш. Системанын ар бир колдонуучусуна системанын функционалдуулугунун жол берилген көлөмү аныкталууга тийиш;

- системага тартылган субъекттердин жана процесстердин иш-аракети системанын адистештирилген интерфейстери аркылуу жүргүзүлүшү керек;

- колдонуучуларга ролдор системанын администратору тарабынан ыйгарылууга тийиш;

3) эргономикага карата талаптар:

- система интерфейсти кабыл алуу үчүн интуициялык түшүнүктүү жана жөнөкөй болууга тийиш. Системанын колдонуучу менен диалогду уюштуруу үчүн графикалык колдонуучулук интерфейсти пайдалануу керек;

- колдонуучулар менен өзгөчө өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн (мамлекеттик жана расмий тилде) локалдаштырылган интерфейстин болушу камсыздалууга тийиш;

4) авария учурунда маалыматтын сакталышына карата талаптар:

- системанын программалык камсыздоосу аппараттык каражаттарды туура кайра иштетүүдө өзүнүн иштөөсүн автоматтык түрдө калыбына келтирүүгө тийиш;

- резервдик көчүрүү мүмкүндүгү каралууга тийиш;

- электр энергиясы өчкөн учурда акыркы киргизилген маалыматтарды автоматтык түрдө (жоготуусуз) сактоосу керек;

5) система тарабынан аткарылуучу функцияларга карата талаптар:

- эгерде мунай продуктуларын берүү литр менен (көлөмү), акча менен (суммада) же "бак толгонго чейин" деп берилген учурда мунай продуктуларын отун таратуучу колонка аркылуу сатуу;

- зарыл болгон учурда коштоочу товарларды сатуу жана кызматтарды көрсөтүү;

- ар кандай төлөм каражаттарынын (накталай, банктын жана башка төлөм системаларынын пластикалык карталарынын) жардамы менен мунай продуктулары, коштоочу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө;

- кассалык операцияларды аткаруу (товарды кайтарып берүү, чектин көчүрмөсүн басып чыгаруу, чек боюнча маалыматты карап чыгуу, кассага салуу, инкассация, Х-отчетунун жана Z-отчетунун мөөрү);

- АМСте нөөмөттөрдү ачуу/жабуу;

- мунай продуктуларын жана коштоочу товарларды кабыл алуу (зарыл учурда);

- АМСтин ишинин жыйынтыгы боюнча нөөмөттүк жана башка отчетторду генерациялоо жана бул маалыматтарды башка системаларга берүү;

- резервуарлардагы мунай продуктуларынан параметрлерин өлчөөчү түзүлүштөр (деңгээл өлчөгүчтөр) менен байланышын камсыз кылуу, ченөө, белгилөө жана башка системаларга маалыматтарды берүү;

- ар түрдүү кошумча жабдуулар менен иштөөнү камсыздоо (штрих-коддордун сканерлери, терминалдык түзүлүштөр, смарт-сейфтер ж.б.);

- маалыматтарды алмашуу стандарты аркылуу же адистештирилген чечимдерди колдонуу менен башка өндүрүүчүлөрдүн программалык продуктуларына интеграциялоону камсыздоо.

Бардык функциялар түздөн-түз АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасынын менюсунан алынууга тийиш. Чоң АМСтерде АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасынын бир нече жумуш орундарын пайдаланууга жол берилет;

6) АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасы менен контролдук-кассалык машинанын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптар:

- АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасы аркылуу отун таратуучу колонкадан мунай продуктуларын берүү контролдук-кассалык машинадан фискалдык чек чыгарып берилгенден кийин гана жүргүзүлүүгө тийиш;

- АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасы маалыматтарды оңдоо мүмкүндүгүн болтурбаган контролдук-кассалык машина менен үзгүлтүксүз автоматташтырылган байланышты камсыздоого тийиш;

- АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасы контролдук-кассалык машинадан фискалдык чек чыгарылбаганда мунай продуктуларын берүүгө бөгөт коюусу тийиш.