Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-майы № 250
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордо акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 683, 2023-жылдын 29-декабрындагы N 722, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 , 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 683 2023-жылдын 29-декабрындагы N 722 , 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |