Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры, № 683
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Евразия Сактык Банкы” ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
– 10-пунктта “57”, “42” деген цифралар тиешелүү түрдө “62”, “47” деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттинкатышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордо акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө” токтомго төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункта “Евразия Сактык Банкы” ачык акционердик коомунда” деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча 2024-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды жабууга акча каражаттарын карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик:
– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ушул токтомдун келип чыгуучу чараларды көрсүн;
– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |