Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна)

Салык карызын өндүрүү ТАРТИБИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 554 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Тартип салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карызын өндүрүү тартибин жөнгө салат.

2. Эгерде бул Тартипте башкача каралбаса, бул Тартип салык кызматынын органдары башкаруучу жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (мындан ары - камсыздандыруу төгүмү) салыктык эмес кирешелер (мындан ары -салыктык эмес киреше) боюнча карыздарга карата колдонулат.

2. Салык милдеттенмесин аткаруу

3. Салык милдеттенмеси акчалай милдеттенме болуп саналат жана Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеменин белгилери болбогон чет өлкөлүк уюмдун чет өлкөлүк валютада аткарышы мүмкүн болгон салык милдеттенмелерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом менен аткарылат.

Салык милдеттенмесин эсептөөдө салык милдеттенмесинин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректөөгө жол берилет.

4. Салык милдеттенмелерин аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же башка үчүнчү жак тарабынан салыктын бардык эсептелген суммасын төлөөнүн эсебине накталай эмес формада дароо же бөлүк-бөлүк боюнча киргизүү жолу менен, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда жана салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылганына карабастан жүзөгө ашырылат.

5. Уюмду; жоюлуп жаткан төлөөгө жөндөмдүү уюмду же жеке ишкерди; каза болгон же каза болду деп жарыяланган жеке жакты; дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке жакты кайра уюштурууда салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана салыктык карыздарды жоюу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (мындан ары - Салык кодекси) каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Банкрот деп таанылган же жарыяланган, төлөөгө жөндөмсүз уюмдун же жеке ишкердин салыктык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карыздарын жоюу Салык кодексинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган администратор банкроттук процесстин башталышы жөнүндө салык органына маалымдайт жана карызкорду банкрот деп таануу жана банкроттук процесстин жол-жобосун дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсүн жиберет.

7. Салык органы ак ниетсиздик белгилери бар салык төлөөчүлөрдүн тизмесине банкрот деп табылган же жарыяланган салык төлөөчүнү, анын башкаруу органдарынын кызмат адамын, өз ара көз каранды субъекттин түшүнүгүнө кирген анын бир же бир нече катышуучуларын киргизет.

3. Салык карызын төлөө тартиби

8. Ар бир салыкка карата салык карызын төлөө Салык кодексинин 71-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.

9. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу тартиби

10. Салык төлөөчү Салык кодексинин 72-беренесинде каралган учурларда салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин пайдаланууга укуктуу.

11. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн салык органы тарабынан салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу боюнча салык органынын кызматкерлеринен турган комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамы жана иш регламенти салык органынын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем эмес, так сан болушу керек. Комиссияны салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары жетектейт.

12. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

13. Комиссиянын протоколунун негизинде салык органынын салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу же салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечими чыгарылат, ага салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары кол коёт.

14. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, эсептелген жана төлөнгөн салыктарды эсепке алууну жүргүзүү жүктөлгөн салык органынын кызмат адамы салык органынын чечиминин негизинде туумдун жала салык санкциясынын калган 50 пайызын салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен чыгарып салат.

15. Салык органынын чечими Салык кодексинин 97-беренесинде каралган тартипте салык төлөөчүгө тапшырылат.

16. Камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелерге карата салык милдеттенмелерин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонууга жол берилбейт.

5. Салык милдеттенмесин токтотуу

17. Салык кодексинин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы жоюлду деп эсептелет.

18. Милдеттенмелерди токтотуу жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды жоюу Салык кодексинин 79-беренесинин 1 жана 5-пункттарында каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат.

6. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлама

19. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө салык кызматынын органынын кабарламасы төмөндөгүлөрдүн негизинде чегерилген салык карызынын төлөнбөгөн суммасын аткаруу жөнүндө салык кызматынын органынын жазуу жүзүндөгү талабы болуп саналат:

1) салык төлөөчүнүн салык отчету;

2) салык кызматынын органынын салык төлөөчү тааныш болгон, талашып-тартышпаган жана талашып-тартышуунун мөөнөтү өтүп кеткен чечими;

3) ага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар салык кызматынын органынын чечими.

20. Төлөнбөгөн салык карызы бар салык төлөөчүгө салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлама төмөнкү мөөнөттө тапшырылат:

1) эгерде салык төлөөчү салык органынын чечимине даттануу менен ыйгарым укуктуу салык органына кайрылбаса, салыктык контролдоонун жыйынтыктары боюнча чечим тапшырылган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн кийин;

2) салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечим чыгарылгандан кийин 3 (үч) ай өткөндөн кийин, эгерде салык төлөөчү сотко административдик доо менен кайрылбаса;

3) эгерде салык төлөөчү апелляциялык инстанцияга даттанбаса, биринчи инстанциядагы соттун салык төлөөчүнүн талабын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечими чыгарылган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин;

4) салык төлөөчүнүн доосун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө экинчи инстанциядагы соттун чечими чыккан күндөн тартып;

5) салык төлөөчүнүн берилген салык отчеттуулугунун негизинде түзүлгөн, Салык кодексинде белгиленген салыктарды төлөө мөөнөттөрүнөн кийинки күндөн тартып.

21. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлама эки нускада түзүлөт, анын бири Салык кодексинин 97-беренесинде белгиленген тартипте салык төлөөчүгө же анын өкүлүнө тапшырылат.

22. Салык төлөөчү кабарламаны алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде салык карызынын бардык тиешелүү суммасын төлөөнүн эсебине накталай эмес формада төгүү жолу менен салык карызын жабууга милдеттүү.

23. Салык төлөөчүнүн салык карызын көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарбоосу салык карызынын суммасын өндүрүү үчүн негиз болуп саналат:

1) салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын банктык эсептериндеги акчалай каражаттарынын эсебинен, салыктык төлөм талабын (мындан ары - СТТ) банкка берүү жолу менен;

2) салык постун орнотуу жолу менен салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын накталай акча каражаттарынын эсебинен;

3) карызы бар жеке жактардын, уюмдардын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетүүсүн чектөө жөнүндө сотко кайрылуу жолу менен;

4) салык карызынын суммасын, анын ичинде салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен мажбурлап өндүрүү жөнүндө доо менен сотко кайрылуу жолу менен.

7. Салыктык төлөм талабын банктык эсептерге коюу аркылуу же салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын накталай акча каражаттарынын эсебинен салык карызын өндүрүү

24. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын өндүрүү Салык кодексинин 85-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

25. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын банктык эсептеринен акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү банкка СТТ коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.

СТТ кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган системасы аркылуу таризделиши мүмкүн.

СТТ кагаз жүзүндө таризделген учурларда мындай талап эки нускада түзүлөт жана салык органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары тарабынан кол коюлууга жана салык органынын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

СТТ электрондук түрдө таризделген учурда мындай талапка электрондук колтамга коюлат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Салык органдары СТТны салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө кабарламанын көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан банктарга жөнөтөт.

Үчүнчү жактардын эсептерине СТТ коюлган учурда талапка салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө кабарламанын жана салык төлөөчү менен үчүнчү жактын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү актысынын көчүрмөлөрү тиркелет.

СТТнын формасы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык салык төлөөчүнүн эсептеринин болушу же жоктугу жөнүндө салык органынын суроо-талабын камтыйт.

Банкка жиберилген СТТны колдонуу салык төлөөчүлөрдүн жаңыдан ачылган эсептерине да жайылтылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)

27. Банк СТТнын биринчи нускасын кабыл алынгандыгы тууралуу белги менен кайтарып берет, экинчи нускасы салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын эсептеринен акча каражаттарын, анын ичинде валюталык эсептеринен анын карызын төлөө үчүн эсептен чыгаруу үчүн банкта калат.

28. Банк салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын төлөө үчүн салык органы тарабынан коюлган СТТны талашсыз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте коюлган СТТны банк аткарбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык банкты жоопкерчиликке тартууга алып келет.

29. Салык органы банк тарабынан салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын СТТнын суммасы боюнча салык карызынын толук төлөнүшүн көзөмөлдөйт.

30. СТТны койгон салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 79-беренесинде каралган жагдайлардын бири келип чыккан учурда, коюлган СТТны алып салуу зарылдыгы жөнүндө тиешелүү банкка кат жүзүндө билдирет.

31. Салык төлөөчүнүн жана/же анын үчүнчү жактарынын банктагы эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленген тартипте салык постун орнотуу аркылуу накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акты боюнча жүргүзүлөт.

32. Үчүнчү жактардын эсептеринен же накталай акча каражаттарынын эсебинен салык карызын өндүрүү салык төлөөчү менен үчүнчү жактын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысынын негизинде үчүнчү жактын салык төлөөчүгө документ түрүндө тастыкталган карызы болгон учурда талашсыз тартипте жүргүзүлөт.

Мында салык төлөөчү менен үчүнчү жактын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысына кол коюлган күн СТТны коюу же накталай акча каражаттарын өндүрүү учуруна карата 6 (алты) айдан ашпоого тийиш.

8. Салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусун чектөө

33. Салык карызынын суммасы 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан өлчөмдө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда салык органы Салык кодексинин 87-беренесине ылайык жеке жактын же ушул уюмдун жетекчисинин чыгып кетүүсүн чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

34. Салык органынын арызы салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарламанын көчүрмөсүн тиркөө менен, салык төлөөчүгө тапшырылгандыгы жөнүндө белги менен сотко жиберилет.

35. Салык органынын арызында салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн салык карызын толук аткарганга чейин жеке жактын же уюмдун жетекчисинин чыгуусуна чектөө колдонулган жеке жактын же уюмдун жетекчисинин маалыматтары камтылууга тийиш.

36. Чыгып кетүүнү чектөө жөнүндө соттун актысы сот актысын алган күндөн тартып үч күндүн ичинде салык кызматынын органы тарабынан мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

37. Салык карызын төлөөдө салык төлөөчү салык органына салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документин милдеттүү тартипте берет. Салык кодексинин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмеси токтотулганда салык органы кетүүгө чектөөнү жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен сотко кайрылат. Мында салык органы мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чыгып кетүүгө чектөөнү алып салуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылгандыгы жөнүндө билдирүүгө тийиш.

38. Эгерде чыгып кетүүнү чектөө жөнүндө сот актысы чыгарылган уюмдун жетекчиси ошол уюмда өз ишин токтотсо, анда салык кызматынын органы ошол адамга карата чектөөнү жокко чыгаруу жана ошол эле учурда уюмдун жаңы жетекчисине карата чектөө коюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылат.

9. Салык карызын мажбурлап өндүрүү

39. Салык органы Салык кодексинин 86-беренесине ылайык салык карызын мажбурлап өндүрүү, анын ичинде мүлктү тескөөнү чектөө жана/же ушул салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык карызын өндүрүү жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

40. Сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.

41. Салык карызын мажбурлап өндүрүү жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган тартипке ылайык салык төлөөчү тааныган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарламанын көчүрмөсүн тиркөө менен сотко жиберилет.

42. Мүлктүн эсебинен салык карызын мажбурлап өндүрүү жөнүндө арыз берүүдө арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) кыймылсыз мүлккө жана/же транспорттук каражаттарга карата - салык төлөөчүнүн менчигинде кыймылсыз мүлктүн жана/же автотранспорт каражаттарынын бар экендиги жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоочу жана транспорт каражаттарын каттоочу органдардын кагаз же электрондук документ түрүндөгү маалыматы;

2) башка мүлккө карата - ушул Тартипке ылайык түзүлгөн кыймылдуу мүлктү тизмектөө актысы.

43. Салык органынын салык карызын мажбурлап өндүрүү жөнүндө арызында салык карызын үчүнчү жактан, анын ичинде дебитордун, иш берүүчүнүн, банктын же башка уюмдун эсебинен өндүрүү каралышы мүмкүн.

44. Үчүнчү жактардан салык карыздарын мажбурлап өндүрүү Салык кодексинин 86-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.

45. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизиңде салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын мүлкүнүн эсебинен салык карызын өндүрүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.

46. Салык карызын мажбурлап өндүрүү жөнүндө соттун чечимин, анын ичинде салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын мүлкүнүн эсебинен аткаруу "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте сот аткаруучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.

10. Мүлктүн тизмесин тариздөө тартиби

47. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу тууралуу кабарлама тапшырылган күндөн кийинки 15 (он беш) календардык күндүн ичинде аткарылбаган салык карызынын суммасын төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда, салык органынын буйругунун негизинде мүлктү тескөөнү чектөө жана/же карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн сумманын чегинде салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык карызын өндүрүү жөнүндө сотко берүү үчүн салык төлөөчүнүн же үчүнчү жактын мүлкү тизмектелет.

48. Салык төлөөчү жана/же үчүнчү жак мүлкү жана негизги каражаттары жөнүндө маалыматты салык органынын кызмат адамына берет.

49. Салык органынын кызмат адамы мүлктү аталышын, айырмалоочу белгилерин, өлчөө бирдигин, алдын ала баасын, санын, суммасын ж.б. көрсөтүү менен салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын ликвиддүү мүлкүн тизмектөөгө тийиш.

50. Мүлктү тизмектөө актысы күбөлөрдүн (2 адамдан кем эмес) катышуусу менен 2 нускада түзүлөт жана ага салык органынын кызмат адамы, күбөлөр, салык төлөөчү жана/же үчүнчү жак кол коёт. Салык төлөөчү жана/же үчүнчү жак кол коюудан баш тарткан учурда тиешелүү жазуулар жүргүзүлөт. Мүлктү тизмектөө актысынын биринчи нускасы салык органында калат, экинчиси салык төлөөчүгө берилет.

51. Тизмектөө жүргүзгөн салык органынын кызмат адамы ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча мүлктү тизмектөө актысында көрсөтүлгөн мүлктү андан ары пайдалануу жөнүндө салык төлөөчүгө маалымдайт. Пайдалануу шарттары мүлктү тизмектөө актысында так көрсөтүлүшү керек. Алдын ала баа берүү менен тизмектелген мүлк уюмдун же карызкордун жооптуу сактоосуна калтырылат.

52. Салык кызматынын органынын кызматкеринин аймакка же административдик, өндүрүштүк, кампа жана башка жайларга кирүүсүнө мыйзамсыз тоскоолдук кылган жана субъекттин же субъекттин жооптуу адамынын тиешелүү документтерин берүүдөн баш тарткан учурда, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат, ошол эле учурда салык кызматынын органынын кызматкери ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форма боюнча тоскоолдук кылуу жөнүндө протокол түзөт.

11. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү тартиби

53. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү Салык кодексинин 8-главасына ылайык мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө формасында ишке ашырылат.

54. Салык төлөөчү салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө тууралуу негиздерди көрсөтүү жана талап кылынган документтерди тиркөө менен учурдагы салыктык эсепке алуу же эсептик каттоо жери боюнча салык органына арыз берет.

55. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:

1) банк кепилдиги;

2) ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында салык төлөөчүгө келтирилген зыянды ырастоочу документ (ал жеткис күчтүн жагдайында);

3) салык төлөөчүгө берилген товарлар, аткарылган иштер жана ушул салык төлөөчү көрсөткөн кызматтар үчүн бюджеттен каржылоону же төлөөнү кечиктиргендигин тастыктаган документ;

4) банк мекемелериндеги эсептер жөнүндө маалымат;

5) салык төлөөчү менен салык органынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы;

6) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча эки нускада мөөнөтүн жылдыруу/бөлүп төлөө келишими боюнча салык карызын жоюу графигинин долбоору.

56. Жеке жактар салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызга төмөнкү документтерди тиркешет:

1) банк кепилдиги;

2) банк мекемелериндеги болгон эсептер жөнүндө маалымат;

3) салык төлөөчү менен салык органынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы;

4) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча эки нускада мөөнөтүн жылдыруу/бөлүп төлөө келишими боюнча салык карызын жоюу графигинин долбоору.

57. Эгерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Салык кодексинин 341-беренесине ылайык банк кепилдигин бербестен, ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келип чыккан салык карызынын суммасы боюнча мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө жөнүндө чечим кабыл алса, ошондой эле стратегиялык объекттердин тизмесине киргизилген ата мекендик уюмдарга карата Салык кодексинин 91-беренесинин 13-бөлүгүн колдонууда, салык төлөөчүнүн арызына төмөнкү документтер тиркелет:

1) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө келишими боюнча салык карызын жоюу графигинин долбоору;

2) банк мекемелериндеги болгон эсептер жөнүндө маалымат;

3) салык төлөөчү менен салык органынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

58. Мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн салык органы тарабынан салык органынын кызматкерлеринен турган салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн жылдырууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүү боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамы жана иш регламенти салык органынын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем эмес, так сандан турушу керек. Комиссияны салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары жетектейт.

59. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

Комиссиянын протоколунун негизинде салык органынын мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү же салык карызынын суммасын төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечими кабыл алынат.

Мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү же мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө салык органынын чечимине салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары кол коёт.

60. Мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөөгө уруксат берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык органы тарабынан мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө салык төлөөчүнүн арызы келип түшкөн күндөн кийинки 10 (он) календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Эгерде документтер ушул Тартиптин талаптарына ылайык келбесе, салык органы салык төлөөчүгө жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт.

61. Мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөөгө уруксат берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык органы тарабынан салык төлөөчүгө учурдагы салыктык эсепке алуу же эсептик каттоо жери боюнча мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жиберилет.

62. Мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө чечим, анда белгиленген күндөн тартып күчүнө кирет. Мында салык төлөөчүнүн арызын кароо мезгилинде эсептелген туумдар жана салык санкциялары салык карызынын суммасына кошулат.

63. Ушул Тартиптин талаптарына ылайык келсе жана мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынса, келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган салык карызын төлөөнүн графиги тиркелген мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө келишими (мындан ары - келишим) түзүлөт. Келишим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген формада эки нускада түзүлөт. Келишимдин бир нускасы салык органында калат, экинчиси салык төлөөчүгө берилет.

64. Келишимге салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары жана салык төлөөчү кол коюшат, салык органынын гербдүү мөөрү жана салык төлөөчүнүн мөөрү (эгерде бар болсо) менен күбөлөндүрүлөт.

65. Салык төлөөчү мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө келишиминин графигине ылайык салык милдеттенмелери боюнча салыктарды өз убагында төлөөгө милдеттүү.

66. Салык органы ай сайын мөөнөтү жылдырылган жана бөлүп төлөө боюнча салыктын суммасынын төлөнүшүн, келишим боюнча салык карызын төлөө графигинин аткарылышын контролдойт.

67. Мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө аракетин токтотуу Салык кодексинин 92-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

68. Салык төлөөчү тарабынан мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө шарттары бузулса жана 10 (он) календардык күндүн ичинде бузуулар четтетилбеген учурда, салык органы мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана салык төлөөчүгө чыгарылган учурдан тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен жиберет.

Салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө шарттарын бузууларды четтетүү жөнүндө чечим алынган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күндүн ичинде бузуу жоюлбаган жана төлөнбөгөн учурда, салык органы Салык кодексинин 83-беренесине ылайык банкка (гарантка) салык карызын жоюу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты жиберет.