Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-октябры № 554
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 80, 85, 138, 139 жана 140-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салык карыздарын өндүрүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнө, 85, 146-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 80, 85, 138, 139 жана 140-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык карызын өндүрүү тартибинде:
- 25, 26-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын банктык эсептеринен акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү банкка СТТ коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.
СТТ кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган системасы аркылуу таризделиши мүмкүн.
СТТ кагаз жүзүндө таризделген учурларда мындай талап эки нускада түзүлөт жана салык органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары тарабынан кол коюлууга жана салык органынын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
СТТ электрондук түрдө таризделген учурда мындай талапка электрондук колтамга коюлат.
26. Салык органдары СТТны салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө кабарламанын көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан банктарга жөнөтөт.
Үчүнчү жактардын эсептерине СТТ коюлган учурда талапка салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө кабарламанын жана салык төлөөчү менен үчүнчү жактын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү актысынын көчүрмөлөрү тиркелет.
СТТнын формасы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык салык төлөөчүнүн эсептеринин болушу же жоктугу жөнүндө салык органынын суроо-талабын камтыйт.
Банкка жиберилген СТТны колдонуу салык төлөөчүлөрдүн жаңыдан ачылган эсептерине да жайылтылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 85 (3534) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |