Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 266
"Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармасынын карамагына
өткөрүп берүү женүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, анын ведомстволук уюмдарынын ишин күчөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлери үчүн ден соолукту чыңдоочу эс алууну уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы "Витязь" мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11, 2-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Витязь" мамлекеттик ишканасынын уставы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1 -августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 348 "Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишинин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пункту жана 1 -тиркемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун 64-пунктчасы.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |