Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-августу № 528
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Күн-Чубак" жана "Витязь" мамлекеттик ишканалардын иш-аракетин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. "Витязь" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагында иштээри аныкталсын.";
3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Витязь" мамлекеттик ишканасынын уставында:
Уставдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасынын уставы";
төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) карамагында иштейт.";
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ишкананын толук аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие "Витязь" при Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики.";
13-пунктта:
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтарды көрсөтүүгө;";
онунчу абзац күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
"16-1. Фонд ишкананын иш аракетине жалпы жетекчиликти жана координацияны ишке ашырат.";
17-пунктта түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Фонддун директору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18-пункттун сегизинчи абзацында жана 21-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр "Фонд" деген сөзгө алмаштырылсын;
24-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жылдык финансылык-чарбалык иш аракетинин жыйынтыктары боюнча ишкананын накта пайдасынын 50-пайызынан кем эмеси айдан кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен Фонддун эсептик эсебине которулууга тийиш.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
- бекитилген тартипте "Күн-Чубак" жана "Витязь" мамлекеттик ишканаларын юстиция органдарында кайрадан мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|