Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 264
2021-жылдын 28-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жалган товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдаланууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 28-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жалган товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдаланууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кызматташуусу жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Ушул Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Жогоруда аталган Макулдашуу Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө киргенден кийин төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-декабрындагы № 670 "Жалган товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдаланууну алдын ала эскертүү жана тыюу салуу боюнча чаралар жөнүндөгү Макулдашууну бекитүү тууралу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |