Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-августу № 554
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-декабрындагы № 699 "Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын.
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы кызматы жыл сайын 15-июлга жана 15-январга карата ушул Келишимди аткаруунун жүрүшү тууралу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.";
- 5-пунктта "жана кадрдык кызмат" деген сөздөр алып салынсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы бул Макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 15-июлга жана 15-январга карата маалымат берип турсун.";
- 5-пунктта "жана кадрдык кызмат" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул Макулдашуу боюнча компетенттүү органдардын өзгөргөндүгү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 20-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын илим жана интеллектуалдык менчик жагдайындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3 жана 4-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|
|
|