ПорядокКүчүн жоготту

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 токтому менен бекитилген «Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун» Тартиби

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

Тиркеме

(КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 20-майындагы № 281 токтомуна)

 

Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун ТАРТИБИ

1. Жалпы жобо

 

1. Бул Тартипте транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо аныкталган.

2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) транспорт каражатынын ээси - менчик укугунда же башка мүлктүк укуктарда транспорт каражатына ээ болгон юридикалык же жеке жак;

2) арыз ээси - таандык болгон транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн кайрылган резиденттер жана резидент эместер;

3) резиденттер - Кыргыз Республикасынын жараны, кайрылман статусун алган этностук кыргыздар, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;

4) резидент эместер - ушул Тартипке ылайык жеке жана юридикалык жак - резидент болуп таанылбаган жеке жана юридикалык жактар;

5) уруксатты каттоо - транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат жөнүндө маалыматтарды транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасына киргизүү;

6) көчүрмө - транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоону ырастаган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү документ түрүндө таризделген маалымат;

7) "Транспорт каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы ("ТКК" АМС) - катталган транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо үчүн арналган автоматташтырылган маалыматтык система;

8) VID - транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номери;

9) М-1 - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу, айдоочунун ордунан тышкары, отуруу үчүн сегизден көп эмес орундугу бар жеке автомобилдер;

10) ыйгарым укуктуу орган - автомототранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган.

 

2. Жыйымдын өлчөмү, төлөө тартиби жана уруксат берүү талаптары

 

3. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:

- жеке жак-резиденттер үчүн 800 эсептик көрсөткүч;

- юридикалык жактар үчүн 1000 эсептик көрсөткүч;

- резидент эместер үчүн 1200 эсептик көрсөткүч.

4. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты алуу үчүн акы төлөө республикалык бюджетке накталай акчаны берүү же акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

5. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо республикалык бюджетке жыйым төлөнгөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жеңил автомобилдерди (такси) кошпогондо, уруксат М-1 категориясындагы транспорт каражаттарына берилет.

7. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөө боюнча иштерди аткаруу уруксат катталгандан кийин, транспорт каражатынын ээси тарабынан өз алдынча же мындай иштерди жүзөгө ашырган ишкердик субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.

8. Арыз ээсинин каалоосу боюнча транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин жарык өткөрүүнү чектөөсүз күңүрттөөгө жол берилет.

 

3. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо боюнча аракеттер, ошондой эле аларды эсепке алууну жүргүзүү

 

9. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн арыз ээси түздөн-түз ыйгарым укуктуу органга кайрылууга тийиш.

Ыйгарым укуктуу органга кайрылууда төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:

1) транспорт каражатынын ээсинин өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ же болбосо транспорт каражатынын ээсинин атынан талаптагыдай таризделген ишеним кат;

2) аталган менчик ээсине анын таандыктыгын ырастаган транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;

3) юридикалык жактарга таандык болгон жеңил транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат алуу укугуна ишеним кат (юридикалык жактын жетекчиси үчүн талап кылынбайт) жана ишеним кат берилген жактын өздүгүн күбөлөндүргөн документ;

4) транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат алуу үчүн акы төлөөнү ырастаган документ;

5) транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ.

10. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери:

- ушул Тартиптин 9-пунктунда каралган документтерди арыз ээсинен кабыл алат;

- уруксаттын колдонуу мөөнөтү менен транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо жөнүндө маалыматты киргизет;

- кол койдуруп алуу менен "ТКК" АМСтен көчүрмө берет жана маалыматтарды уруксаттын колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Уруксаттарды берүүнү эсепке алуу реестрине киргизет.

Уруксат транспорт каражатынын VID катталат.

Уруксатты каттоонун колдонуу мөөнү аяктагандан кийин "ТКК" АМСте уруксатты каттоонун колдонулушу аяктаганы тууралуу маалымат автоматтык режимде чагылдырылат.

11. Жеңил транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаты бар болгондугун контролдоо электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталындагы "Carcheck" сервисинде тиешелүү маалыматты автоматтык чагылдыруу жолу менен камсыздалат.

12. Ушул Тартиптин 9-пунктуна ылайык документтер толук эмес көлөмдө берилген учурда ыйгарым укуктуу орган көрсөтүлгөн кемчиликтерди 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө оңдоого мүмкүнчүлүк берет.

Уруксатты каттоодо төмөнкүдөй негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн:

- арыз ээси тарабынан кемчиликтер толук көлөмдө жана Тартиптин ушул пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюлбаса;

- арыз ээси берген документтерде туура эмес же бурмаланган маалыматтар аныкталса;

- транспорт каражатына карата мүлккө салык боюнча карыздары болсо;

- "ТКК" АМСте да фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар сертификацияланган атайын контролдук-ченөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде белгиленген бузуулар үчүн транспорт каражатынын ээсинин туумдары жана айыптары боюнча карыздары жөнүндө маалыматтар бар болсо, транспорт каражатынын ээси транспорт каражатын кайра каттоодон мурда бузуулар үчүн туумдарды жана айыптарды төлөөгө милдеттүү;

- мүлктү камакка алуу же чектөө жөнүндө чечим бар болсо.

Башка негиздер, анын ичинде максатка ылайыксыз жүйөлөр боюнча уруксат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

 

4. Уруксатты кайра тариздөө, колдонуу мөөнөтүн узартуу, дубликатын берүү

 

13. Уруксатты кайра тариздөө менчик ээси транспорт каражатын алмаштырганда же транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда гана ишке ашырылат.

Мурда катталган уруксаты менен транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда менчик ээсинин арызы боюнча уруксат башка транспорт каражатына кайра катталышы мүмкүн, бул учурда уруксат арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын VID катталат.

Уруксат мурда катталган уруксаттын калган колдонуу мөөнөтүнө кайра катталат.

Мурда катталган уруксаты менен транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда катталган уруксаттын ээсинин арызы боюнча транспорт каражатынын жаңы ээсине уруксатты берүүгө жол берилет.

14. Уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу аны каттоо үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

15. "ТКК" АМСтен уруксатты каттоого көчүрмө жоголсо же жараксыз болгон учурда дубликат арыз ээсинин кайрылуусу боюнча берилет.

 

5. Корутунду жоболор

 

16. Уруксат 1 жылдык мөөнөткө катталат, эгерде менчик ээси уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөнү колдонуудан баш тартса, төлөнгөн жыйымдын акысы уруксатты пайдалануу мөөнөтүнө карабастан кайтарылып берилбейт.

Алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн транспорт каражатын транспорт каражаттарын башкарууга укугу бар адамдар колдоно алышат.

17. Катталган уруксаты жок айнектери күңүрттөлгөн транспорт каражатын пайдалануу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.