Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 токтомуна) |
Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 28-августундагы №533, 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучуларына карата колдонулат жана эсеп-фактураны электрондук документ, анын ичинде электрондук кол тамганы колдонуу менен кошумча документ (мындан ары - түзөтүүчү) түрүндө жүгүртүүдө (мындан ары - тариздөө/алуу) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын (мындан ары - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары) ортосунда документ жүгүртүүнүн жол-жоболорун белгилейт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) электрондук документтер түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы - салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасынын модулу (мындан ары - ЭЭФ МС);
3) салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жагдайлар болгон учурда салыктарды төлөө жана эсеп-фактураны тариздөө милдети жүктөлгөн субъект;
4) эсеп-фактуранын номери - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ЭЭФ МСте түзүлүүчү эсеп-фактуранын уникалдуу генерацияланган номери;
5) салык төлөөчүнүн профили - электрондук документ жүгүртүүгө катышуу үчүн ЭЭФ МСтеги электрондук сервис;
6) эсеп-фактура - товарды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарына ылайык электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндө таризделүүчү салыктык документ;
7) ЭЭФ МС катышуучусунун эсептик системасы - алгачкы эсепке алуу документтеринин маалыматын, бухгалтердик эсепке алуу регистрлерин, салык салынуучу объекттер жана/же салык салууга байланыштуу объекттер жөнүндө маалыматты камтыган, салыктык милдеттерди аткаруу максатында жүргүзүлүүчү бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу системасы;
8) салык төлөөчүнүн электрондук кол тамгасы (мындан ары - ЭК) - электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген электрондук кол тамга;
9) электрондук документ жүгүртүү - эсеп-фактураларды тариздөө/алуу, ошондой эле ЭЭФ МСте эсеп-фактураларга номерлерди ыйгаруу;
10) Excel жана xml форматы - Microsoft Office Excel электрондук таблицалары менен иштөө үчүн программалык камсыздоо файлдарынын форматы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар бул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Бул Тартиптеги терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши берилбеген учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугунда аныкталган мааниде чечмеленет.
4. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык төлөөчү - бул Тартипке ылайык ЭЭФ МСте катталган жеткирүүчү жана сатып алуучу;
2) салык кызматынын органдары.
5. ЭЭФ МС эсеп-фактураларды жүгүртүүдө (тариздөөдө/алууда) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде маалыматтын сакталышын камсыз кылат.
6. Эсеп-фактуранын түрлөрү:
1) "электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактура" (мындан ары - ЭЭФ) - ЭЭФ МСте таризделген электрондук салыктык документ;
2) "кагаз жүзүндөгү эсеп-фактура" (мындан ары - кагаз жүзүндөгү ЭЭФ) - салык кызматынын органдары ыйгарган белгиленген реквизиттерди, номерди камтуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген кагаз жүзүндөгү салыктык документ.
2-глава. Электрондук документ жүгүртүүгө катышуучу салык төлөөчүнү каттоо жана аны жокко чыгаруу
7. ЭЭФ МСте электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары катталган салык төлөөчү ЭЭФ МСте ЭЭФти тариздейт/алат жана ЭЭФ ыйгарылган номерлерин колдонот.
8. Электрондук кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилет.
9. Салык төлөөчү - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу (мындан ары - салык төлөөчү):
1) электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамганы алат;
2) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ЭЭФ МСке салык төлөөчүнү каттоого/кайра каттоого арызды салыктык катталган жери боюнча салык органына берет;
3) салык төлөөчүнүн профилине уруксат алат.
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Уюм жоюлган же жеке ишкердик иши токтотулган учурда салык төлөөчү салыктык каттоосун жокко чыгаруу тууралуу арыз берген күнгө чейин салык төлөөчүнүн ЭЭФ МСте каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү арызды салык төлөөчүнүн профили аркылуу жөнөтүүгө милдеттүү.
12. Салык органы:
1) бул Тартиптин 9-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн арыз келип түшкөндөн кийинки күндөн тартып бир жумуш күндөн кечиктирбей салык төлөөчүнү ЭЭФ МСке каттайт/кайра каттайт;
2) бул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн арыз келип түшкөндөн кийинки күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей салык төлөөчүнүн ЭЭФ МСтеги каттоосун жокко чыгарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
121. Ыйгарым укуктуу салык органы ЭЭФ МСте электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун төмөнкүдөй тобокелдиктер болгон учурда токтото турууга укуктуу:
1) жазылып берилген ЭЭФке товарлар жок болгондо;
2) товарлардын чыгарылган жери жөнүндө документтер жок болгондо;
3) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн жоктугунун фактылары аныкталганда;
4) салык отчеттору берилбегенде;
5) экспорттук жөнөтүүлөр ырасталбаганда.
Ыйгарым укуктуу салык органы жалган жөнөтүүлөрдүн тобокелдиктери тастыкталбаган учурда ЭЭФ МСте электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун калыбына келтирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө жана колдонуу
1-§. ЭЭФ МСте ЭЭФти тариздөө/алуу (колдонуу) жол-жоболору
13. ЭЭФ МСте ЭЭФти тариздөө/алуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) ЭЭФ МСте ЭЭФти бир жолу тариздөөнү/алууну же ЭЭФти пакеттик жүктөөнү/түшүрүүнү реалдуу режимде жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген салык төлөөчүнүн профили;
2) салык төлөөчүнүн эсептик системаларына салык төлөөчүнүн профилинде каралган бардык операцияларды ЭЭФ МСте аткарууга мүмкүндүк берген тышкы программалык интерфейс.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
14. ЭЭФ МС колдонуучунун колдонмосу жана ЭЭФти пакеттик жүктөөнүн/жүктөп берүүнүн форматтары ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш.
15. ЭЭФтин оригиналы, башкача айтканда, түп нускасы болуп салык төлөөчүнүн электрондук кол тамгасы коюлган ЭЭФ МСте камтылган электрондук документ эсептелет.
16. ЭЭФ таризделген дата болуп ЭЭФ МСте жеткирүүчү тарабынан ЭЭФке кол коюлган дата эсептелет.
17. Эгер ЭЭФ МСте генерацияланган номер жана электрондук кол тамга камтылса, ЭЭФ таризделген болуп эсептелет.
18. Сатып алуучу ЭЭФти алган дата болуп ЭЭФ МС аркылуу сатып алуучуга жеткирүүчү тарабынан ЭЭФ тариздеген дата эсептелет.
Эгерде сатып алуучунун профилине сатуучунун ЭЭФ МСте генерацияланган номери жана электрондук кол тамгасы камтылган ЭЭФ келип түшсө, ЭЭФ алынды деп эсептелет.
19. Эгерде сатып алуучу ЭЭФ МСте катталбаган болсо, жеткирүүчү аны тариздеген датага карата ЭЭФ алынган болуп эсептелет.
20. Сатып алуучу ЭЭФ алууда:
1) ЭЭФ алганын ырастайт;
2) ЭЭФ алуудан баш тартат.
Сатып алуучу ЭЭФти алуудан баш тарткан учурда, мындай ЭЭФ жокко чыгарылды деп эсептелет.
21. Бул тартиптин 20-пунктунда каралган сатып алуучунун иш-аракеттери сатып алуучу таризделген ЭЭФти алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Эгерде сатып алуучу бул Тартиптин 21-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ЭЭФти алгандыгын ырастабаса же ЭЭФти алуудан баш тартпаса, ЭЭФ алынды деп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Жеткирүүчү мурда таризделген жана сатып алуучу тарабынан кабыл алынбаган ЭЭФти, ал таризделген күндөн тартып он календардык күндүн ичинде чакыртып алууга укуктуу.
24. Жеткирүүчү мурда таризделген, анын ичинде түзөтүүчү ЭЭФти чакыртып алган учурда, мындай ЭЭФ жокко чыгарылды деп эсептелет.
25. ЭЭФ таризделген күндөн тартып же сатып алуучу ЭЭФти кабыл алгандан кийин он календардык күн өткөндөн кийин ЭЭФти чакыртып алуу мүмкүн эмес.
26. Жеткирүүчү сатып алуучуга ЭЭФти тариздөөдө:
1) бул Тартипке ылайык ЭЭФти түзөт;
2) ЭЭФ МС аркылуу сатып алуучуга ЭЭФти жиберет.
27. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, берүүлөргө эсеп-фактура анда иш жүзүндөгү берүү датасын көрсөтүү менен берүү күнүнөн кийинки беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө таризделет.
Товарларды сатууда, анын ичинде соода платформасы аркылуу сатууда, жеке ишкерлер болуп саналбаган салык төлөөчүлөр тарабынан калкка кызматтарды көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда, ошондой эле уюмдарга жана жеке ишкерлерге жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактура отчеттук айдан кийинки айдын он жумуш күнүнөн кеч эмес таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Товарларды экспорттоодо, эсеп-фактура товарлар Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылганга чейин таризделет.
29. КНС боюнча ошол өткөн салыктык мезгилде берилген жылуулук энергиясын, электр энергиясын, жаратылыш газын берүүгө, электр энергетика рыногунда электр энергиясынын жоготууларынын баланстарын жана эсептерин берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле электр байланышы, суу менен жабдуу жана канализация кызматтарын көрсөтүүгө эсеп-фактура КНС боюнча өткөн салыктык мезгилдин акыркы күнүнөн кийинки айдын 25инен кечиктирбей таризделет.
Мисалы: салык салынуучу субъект жылуулук энергиясын, электр энергиясын, жаратылыш газын, электр энергетика рыногунда электр энергиясынын жоготууларынын баланстарын жана эсептерин, ошондой эле электр байланышы, суу менен жабдуу жана канализация кызматтарын 31-майда ишке ашырган. Ал кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү датасын эсеп-фактурада - 31-май деп көрсөтүү менен ошол кызмат көрсөтүү боюнча эсеп-фактураны 25-июндан кечиктирбей тариздейт.
2-§. ЭЭФ МСте катталган жеткирүүчү тарабынан ЭЭФ МСте катталбаган сатып алуучуга ЭЭФти тариздөө
30. Эгерде сатып алуучу ЭЭФ МСте ЭЭФ электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары катталбаса, жеткирүүчү:
1) электрондук кол тамганы колдонуу менен ЭЭФ МСте ЭЭФти тариздейт;
2) ЭЭФ МСтеги каттоо номери менен таризделген ЭЭФти басып чыгарат;
3) бул пунктка ылайык таризделген ЭЭФтин басып чыгарылган нускасын сатып алуучуга берет.
4-глава. Тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишинде бузулууларда жана ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда кагаз жүзүндөгү ЭЭФти жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
31. ЭЭФ кагаз жүзүндө төмөнкү мезгилде таризделиши мүмкүн:
1) тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишиндеги бузулууларда;
2) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда, башкача айтканда жер титирөө, суу каптоо сыяктуу табигый кырсыктардын натыйжасында келип чыккан өзгөчө жана болтурбоого мүмкүн эмес жагдайлар же алдын алууга же болтурбоого мүмкүн болбогон, же болбосо алдын алууга мүмкүн, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон башка жагдайлар келип чыкканда. Аталган жагдайлар атайын далилдөө каражаттарына муктаж эмес жалпыга белгилүү фактылар, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолор же башка ыкмалар менен белгиленет.
32. Тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишинде бузулуулар болгон учурда, тийиштүү маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырылат.
33. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда же тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишинде бузулуулар болгон учурда, салык төлөөчү:
1) ЭЭФти кагаз жүзүндө тариздөө зарылдыгы келип чыкканда салыктык катталган жери боюнча салык органына берилүүчү, ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын номерлерин алууга салык төлөөчүнүн арызында ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан датаны көрсөтөт;
2) салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин экинчи нускасын берет;
3) эгерде ал КНС боюнча катталбаса, кагаз жүзүндөгү ЭЭФ таризделген айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбей, Excel форматында электрондук түрдөгү ЭЭФти милдеттүү түрдө берүү менен ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыгын жана таризделген ЭЭФтин реестрин тиркөө менен.
34. Салык органы ушул Тартиптин 33-пунктунда көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде ЭЭФтин колдонулбаган номерлеринин калдыктарын ал жеткис күчтүн жагдайлары токтогон же тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишиндеги бузулуулар оңдолгон учурдан тартып жараксыз деп тааныйт.
35. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номерлерин алуу, тариздөө, колдонуу жана номерлерин жараксыз деп таануу ушул Тартиптин 5-главасына ылайык ишке ашырылат.
5-глава. Тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишиндеги бузулууларда жана ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда салык төлөөчүнүн кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номерлерин алышы, тариздеши жана колдонушу
36. Ушул Тартиптин 4-главасында аталган учурларда, жеткирүүчү:
1) салыктык катталган жери боюнча салык органына ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын номерлерин алууга салык төлөөчүнүн арызын (мындан ары - номерлерди алууга арыз) берет;
2) кагаз жүзүндөгү ЭЭФти үч нускада тариздейт:
биринчи нусканы сатып алуучуга берет;
экинчи нусканы салыктык катталган жери боюнча салык органына берет:
- эгерде ал КНС төлөөчү катары катталган болсо, салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчет менен бирге;
- эгерде ал КНС боюнча катталбаса, кагаз жүзүндөгү ЭЭФ таризделген айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбей, Excel форматында электрондук түрдөгү ЭЭФти милдеттүү түрдө берүү менен ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыгын жана таризделген ЭЭФтин реестрин тиркөө менен;
үчүнчү нусканы өзүндө сактайт.
37. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФ эсеп-фактураларды тариздөөнүн жана колдонуунун тартибине ылайык толтурулат.
38. Номерлерин алууга арызды салык төлөөчү же анын жазуу жүзүндөгү буйругуна ылайык дайындалган ыйгарым укуктуу адамы салыктык катталган жери боюнча барып, салык органына кагаз жүзүндө берет.
Ыйгарым укуктуу адамды дайындоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү тескеменин түп нускасы салык төлөөчү тарабынан ошол адам дайындалган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.
39. Номер алууга арыз бирдей маалыматтар менен 2 (эки) нускада толтурулат.
Номер алууга арыздын формасындагы бош жерлер сызып өчүрүүсүз, булгабай жана оңдоолору жок толтурулушу керек.
40. Номер алууга арыздын биринчи нускасы салык органында анын катталгандыгы (келип түшкөн датасы жана убактысы) жөнүндө белги менен, ошондой эле ушул арызды кабыл алган салык органынын кызматкеринин маалыматтары менен салык төлөөчүгө кайтарылат.
Номер алууга арыздын экинчи нускасы салык органында калат, анын негизинде ушул Тартипке ылайык салык органы тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынат.
41. Салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын кагаз жүзүндөгү ЭЭФ номерин берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгилеген форма боюнча кабыл алынат жана төмөнкүдөй тапшырылат:
1) учурдагы жумуш күндүн аягына чейин - эгерде номер алууга арыз салык төлөөчү тарабынан саат 12ге чейин берилсе;
2) кийинки жумуш күнү саат 12ге чейин - эгерде номер алууга арыз салык төлөөчү тарабынан саат 12ден кийин берилсе.
42. Салык төлөөчү номер алууга арыз берген күндөн тартып он календардык күндөн ашпаган мөөнөттө өзү келип, ыйгарым укуктуу адамынын ким экендигин ырастоочу документинин түп нускасын көрсөтүү менен кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү жөнүндө чечимди же ЭЭФке номер берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
43. Эгерде салык төлөөчү ушул Тартиптин 42-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө келбесе, салык органы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү жөнүндө чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат.
44. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим, ушундай чечим кабыл алынган күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги же юридикалык дареги боюнча почта аркылуу заказ кат менен жиберилет.
45. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү жөнүндө мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечим иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги же юридикалык дареги боюнча почта аркылуу заказ кат менен жиберилет.
46. Эгерде салык төлөөчүдө календардык айдын ичинде кагаз жүзүндөгү ЭЭФ номерине кошумча керектөө пайда болсо, салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) кагаз жүзүндөгү эсеп-фактурага номер алууга салык төлөөчүнүн арызын;
2) Excel форматында кагаз жана электрондук түрдө таризделген ЭЭФтин экинчи нускаларын;
3) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча учурдагы календардык айда кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбай калган номерлеринин калдыктарын жана таризделген ЭЭФ реестрин.
47. Салык органы ушул Тартипке ылайык салык төлөөчүнүн номер алууга берген арызынын негизинде кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номерлердин билдирилген санын ыйгарат:
1) кагаз жүзүндөгү ЭЭФке мурда берилген пайдаланылбаган номерлерди эске алуу менен орточо айлык үч эсе керектөөсүнөн ашпаган санда;
2) салык отчетун келген мөөнөтү боюнча берген шартта.
48. Салык органы тарабынан кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) отчетту берүү мөөнөтү келген учурда мурунку отчеттук салык мезгили үчүн отчеттун берилбеши;
2) салык органынын тиешелүү чечимин алууга ыйгарым укуктуу адам жөнүндө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү тескемесинин түп нускасынын жоктугу;
3) ушул Тартипте каралган документтердин берилбеши;
4) салык төлөөчүнүн башкаруу органдарынын кызмат адамдары, өз ара көз каранды субъекттин аныктамасына туура келген анын бир же бир нече катышуучулары мурда субъекттерге жетекчилик кылганы же жетектегени, субъекттерди уюштурганы же уюштуруучулары болгону жөнүндө маалыматтын болушу:
ошол субъекттердин ишинде курулай же жалган бүтүмдөрдү түзүүдө жеткирүүнү көздөбөгөн түрлөрү үчүн таризделген эсеп-фактуралар, анын ичинде ЭЭФ аныкталганда;
ошол субъекттерге карата салыктык укук бузуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгондо.
49. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке мурда берилген номерлерди салык органы тарабынан жараксыз деп таануу ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын номерлерин жараксыз деп таануу жөнүндө арызды төмөнкүлөр берген учурда жүргүзүлөт:
1) жоюлганда же жеке ишкер экономикалык ишин токтоткон учурда уюм тарабынан;
2) КНС төлөөчү катары өзүнүн каттоосу жокко чыгарылган учурда салык салынуучу субъект тарабынан;
3) КНС төлөөчү катары каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды кошкондо салык төлөөчү банкрот деп таанылган учурда атайын администратор тарабынан.
50. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин колдонулбаган номерлерин жараксыз деп таануу жөнүндө чечим салык органы тарабынан таризделген ЭЭФтин реестринин жана кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыгынын, ошондой эле салык төлөөчү берген тиешелүү салыктык мезгил үчүн КНС боюнча салык отчетторунун негизинде кабыл алынат.
51. Салык төлөөчү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) кагаз жүзүндөгү ЭЭФке алынган номерлерди өсүү тартибинде катар номери боюнча гана пайдаланууну;
2) күн сайын, жумуш күндүн аягында кагаз жүзүндө таризделген ЭЭФтин реквизиттерин салык төлөөчү тарабынан бекитилген салык саясатына ылайык жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча атайын регистрлерге киргизүүнү. Жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча атайын регистрлер кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин бекитилген формасынын бардык реквизиттерин камтууга тийиш. Жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча көрсөтүлгөн атайын регистрге киргизилген суммалар салык отчетунда камтылган суммаларга шайкеш келиши керек;
3) бардык жүргүзүлгөн операцияларга кагаз жүзүндөгү таризделген ЭЭФти сактоону.
52. Салык төлөөчү кагаз жүзүндөгү ЭЭФке алынган номерлерди башка субъектке берүүгө укугу жок.
53. Салык органы тарабынан бир салык төлөөчүгө берилген кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номери башка салык төлөөчү тарабынан колдонулган фактысы аныкталган учурда, ушундай номер менен кагаз жүзүндө башка салык төлөөчүгө таризделген ЭЭФ жараксыз деп таанылат жана мындай ЭЭФ боюнча КНСтин суммасы чегерилүүгө тийиш эмес, ал эми товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу боюнча чыгымдар эсептен чыгарылбайт.
Мындай фактылар боюнча материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана маалымат катары ыйгарым укуктуу салык органына жиберилет.
54. Салык органы тарабынан берилген кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номерлерин колдонуу боюнча иштерди уюштуруу үчүн жоопкерчиликти мыйзамда белгиленген тартипте ушул Тартиптин 34 жана 50-пункттарында аталган жетекчи, башкы бухгалтер жана салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу адамы тартат.
55. Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жеке жак болуп эсептелген салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу адамы төмөнкүлөргө жооптуу:
1) ушул Тартипте каралган арыздарды салык органына берүүгө;
2) салык органынын тиешелүү чечимин алууга;
3) кагаз жүзүндөгү ЭЭФти тариздөөгө, колдонууга жана сактоого.
56. Контрагенттердин бири (жеткирүүчү же сатып алуучу) кагаз жүзүндөгү таризделген ЭЭФти бузуп же жоготуп алган учурда башка контрагент биринчи контрагентке кагаз жүзүндө таризделген ЭЭФтин кол коюлуп жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, сакталып калган түп нускасынын көчүрмөсүн бериши мүмкүн.
6-глава. Эсеп-фактураларды жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
57. Эсеп-фактурага оңдоп-түзөтүлүүчү ЭЭФ, анын ичинде ЭЭФ МСте камтылбаган, кагаз жүзүндө жазып берилген эсеп-фактура жана аны көчүрүү учурунда пайда болбогон электрондук түрдө тариздөө боюнча милдет ушул Тартиптин 3, 4 жана 5-главаларына ылайык жеткирүүчү тарабынан таризделет.
58. Эсеп-фактураны тариздөөнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен, ошондой эле ушул Тартипти бузуу менен салык төлөөчү тарабынан таризделген эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу жөнүндө чечим салык кызматынын органдары тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу жөнүндө чечимдин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
60. Жараксыз деп таанылган эсеп-фактуранын номерлери ушул Тартипке ылайык салык төлөөчү тарабынан пайдаланылбайт.
61. Жараксыз деп таанылган эсеп-фактура боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы жана салык салынуучу жеткирүүнүн наркы оңдоп-түзөтүлүүгө тийиш эмес.
611 Салыктарды жалпы салык режими боюнча төлөп жаткан салык төлөөчү:
1) чет өлкөлүк уюмдан же жеке ишкерден берилүүчү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 315-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсепке алуу укугун алуу үчүн өзүнүн дарегине эсеп-фактура таризделет;
2) айыл чарба өндүрүүчүсүнөн анын айыл чарба продукциясын сатып алууга эсеп-фактура таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
612. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
613. Ушул Тартиптин 611-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары каттоого жана эсеп-фактураларды тариздөөгө карата талаптар жайылтылбаган жактардан товарларды сатып алууда салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте товарлар жөнүндө маалыматтарды эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Эсеп-фактураларды жараксыз деп таануунун өзгөчөлүктөрү
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
62. ЭЭФ төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:
1) ЭЭФте маалыматтарды туура эмес толтуруу аныкталганда;
2) салыктык текшерүү жүргүзүүдө ЭЭФте маалыматтардын шайкеш келбегендиги аныкталганда;
3) салык органдары тарабынан ЭЭФ боюнча жазылган товарлардын жоктугу жана/же жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн берилбегендиги аныкталганда;
4) салык төлөөчү ЭЭФтин ката толтурулгандыгын ырастаган документтерди тиркөө менен арыз бергенде.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
63. ЭЭФти жараксыз деп таануу максатында салык кызматынын органдарында комиссия түзүлөт. Комиссиянын иштөө тартиби жана курамы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Комиссия ушул Тартиптин 62-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар аныкталган, анын ичинде салык төлөөчүдөн арыз келип түшкөн күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде болгон фактыларды же салык төлөөчүнүн арызын карайт, алардын жыйынтыгында кароонун натыйжалары тууралуу маалымкат түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Маалымкатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) аныкталган шайкеш эместиктердин жана/же ЭЭФке шайкеш эмес таризделишине байланышкан башка фактылардын негиздүү сыпатталышы;
2) комиссиянын кароосунун натыйжаларынын тыянактары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Маалымкаттын негизинде салык кызматынын органдары тарабынан ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө чечим чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
67. ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө чечим салык салынуучу субъектке тиешелүү чечим салык органында катталган күндөн кийинки үч жумуш күндүн ичинде тапшырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Ушул Тартипке ылайык жараксыз деп таанылган ЭЭФ салык отчеттуулугуна киргизилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Эгерде арыз салык төлөөчү тарабынан берилсе, салык органынын тиешелүү чечими арыз ээсине арыз берүү ыкмасына жараша тапшырылат.
Субъекттин кызмат адамы салык органына барып чечимди алганда ким экендигин ырастоочу документинин түп нускасын көрсөтүүсү зарыл.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Эгерде арыз ээси арызды кагаз жүзүндө өзү барып берсе, салык органынын тиешелүү чечимин ал арыз берген күндөн тартып он календардык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде өзү келип алууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)