Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-марта № 141
Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 28-августундагы №533, 2025-жылдын 9-сентябры № 575
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) салык төлөөчү:
- бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат;
- ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт;
2) электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары катталууга жана эсеп-фактураларды тариздетүүгө карата талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
– бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча нөлдүк ставканы колдонгон, катары менен акыркы 12 айдын ичинде түшкөн акчасынын көлөмү 15 000 000 сомдон ашпаган салык төлөөчүлөргө;
- патенттин негизинде салык төлөгөн жана жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактарга жеке жана/же үй-бүлөлүк керектөө үчүн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү саткан салык төлөөчүлөргө;
- жеке айыл чарба продукциясын жана жеке айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдөн алынган продукттарын сатуучу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө;
- бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон жана жеке жана/же үй-бүлөлүк керектөө үчүн сатып алган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн, жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактар менен гана сатууну ишке ашырган салык төлөөчүлөргө;
- соода ишин жүргүзгөн жана патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчүлөргө;
3) электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары катталууга, коюлган талаптар бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын 0,5 пайыздык ставкасы боюнча соода ишин жүргүзгөн, ошондой эле товарларды экспорттоо учурларын кошпогондо, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн салык төлөөчүгө жайылтылбайт;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) салык төлөөчү алгачкы эсепке алуу документтери жок товарларга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдетинен бошотуунун алкагында электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны 2025-жылдын 1-апрелине чейин тариздөөгө тийиш, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- алкоголдук продукциялар, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдар;
- ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддору менен майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо, мунай жана мунай заттар;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар, салыктык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө салык кызматынын органынын чечимдери бар товарлар.
Бирдиктүү салыктын негизинде 0, 0,1, 0,5 жана 1 пайыздык ставкалар боюнча салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча соода ишин жүргүзгөн, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зоналарында соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр алгачкы эсепке алуу документтери жок товарларга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдетинен бошотуунун алкагында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча кириштөө документинин кагаз жүзүндөгү версиясын тариздөөгө укуктуу;
7) кайталап иштетилүүгө жана колдонулууга тийиш болгон металл сыныктарын, айнекти, айнек идиштерди, айнек камтыган буюмдарды, макулатураны, полипропиленди, полиэтиленди, пластикти жана полиэтилентерефталатты калктан сатып алууда (кабыл алууда) берилген "сатып алуу" кассалык эсептешүү операциясы менен контролдук-кассалык чек Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептен чыгарууну алуу үчүн эсеп-фактураны алмаштыруучу документ болуп саналат.
Өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзбөгөн субъекттерге товарлар сатылган учурда эсеп-фактуралар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибине ылайык таризделет.
8) электрондук эсеп-фактураны милдеттүү колдонуудан бошотулган салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары ыктыярдуу тартипте катталууга жана электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды белгиленген тартипте тариздөөгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 28-августундагы №533, 2025-жылдын 9-сентябры № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчүнүн дарегине товарларга электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны тариздөөдө үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импортточу салык төлөөчү тарабынан 6 белгиден кем эмес деңгээлдеги товардын ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы бул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн арасында эсеп-фактураларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |