Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-майы № 269
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токойлорду туруктуу башкарууну уюштурууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибинде:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик токой фондунун жерлери функциялык зоналаштырууга (токойду коргоонун категориялары) ылайык токойду пайдалануучуларга конкурстук негизде берилет (мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык чийки заттарды жыйноо, илимий-изилдөө иштери, геологиялык изилдөө, геологиялык чалгындоо иштери жана пайдалуу кендерди иштетүү максатында токойду пайдалануудан тышкары).
Токойду пайдалануучуларга берилген мамлекеттик токой фондунун жерлеринин өлчөмү жана чеги токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан токой жайгаштыруу долбоорунун, функциялык зоналаштырууга жана картографиялык материалдардын негизинде аныкталат.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштыруу (токойду коргоонун категориялары) жөнүндө жобо токой чарбаны башкаруунун республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.";
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"токойду пайдалануу программасы - токойду сарамжалдуу максаттуу пайдаланууну уюштуруу боюнча ижарачынын ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин токой участогун натыйжалуу коргоону жана сактоону камсыз кылуучу пландалган иш-чараларынын долбоору;";
- 7-пункту "(мындан ары - Уюштуруучу) тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "өз алдынча же мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү жөнүндө жеке, юридикалык жактардын кайрылуусунун негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик токой фондунун жерлерин орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү ижарага берүүдө токойду пайдалануунун бир же бир нече түрүн жүзөгө ашыруу үчүн милдеттүү 5 жылдык сыноо мөөнөтү белгиленет. Токойду пайдалануучу тарабынан ижара келишиминин шарттары аткарылганда, мамлекеттик токой фондунун участогу туура пайдаланылганда жана Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдары сакталганда келишимдин мөөнөтү калган мезгилге мамлекеттик токой фондунун ижара келишимине толуктоо киргизүү жолу менен узартылат.";
- 10-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Уюштуруучунун (40%), мамлекеттик токой фондунун жерлерин балык кармоо же балык өстүрүү үчүн берүүдө суу биоресурстарын өстүрүү жана/же көбөйтүү маселелери боюнча балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлү сөзсүз катышат;";
үчүнчү абзацындагы "40%" деген цифра "20%" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 12-пункту "жөнүндө чечим" деген сөздөрдөн кийин "Уюштуруучу тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктунда:
биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзацы "натыйжаларды камтууга" деген сөздөрдөн кийин "жана токойду жайгаштырууда белгиленген токой чарба иш-чараларын эске алууга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пунктунда:
экинчи абзацындагы "мамлекеттик органынын жана" деген сөздөрдөн кийин "конкурска коюлуучу мамлекеттик токой фондунун жерлеринин жайгашкан жерине ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
жетинчи абзацы "күнүн" деген сөздөн кийин ", убактысын" деген сөз менен толукталсын;
- 17-пункту "шарттарды аткарган" деген сөздөрдөн кийин "жана токой чарбасына карызы жок" деген сөздөр менен толукталсын;
- 28-пунктундагы "үч" деген сөз "эки" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 30-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада жазуу жүзүндө түзүлөт. Үч жыл же андан көп мөөнөткө түзүлгөн Мамлекеттик токой фондунун жерин ижарага берүү келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.";
- 32-пунктунда:
1-пунктчасы "пайдалануу укугу" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик токой фондунун жерлеринин бөлүгүн өз алдынча жер участогуна бөлүп берүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
8-пунктчасы "аткарылбаган учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле токойду пайдалануу акысын бир жолу өз убагында төлөбөгөндө" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктчасы менен толукталсын:
"11) сот тарабынан конкурстун жыйынтыктары жараксыз деп табылганда.";
- 46-пунктундагы "белгилеген бааларга ылайык" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жерлеринде белгилеген баалардан төмөн эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 48-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жеке жактар үчүн: "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;";
- 50-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары бал челектерди жайгаштыруу үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлерин акысыз негизде беришет.";
- 52-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Жапайы өсүүчү жемиштерди, жаңгактарды, козу карындарды, мөмөлөрдү жана башка азык продуктуларын жыйноо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 23-ст. буйругу менен бекитилген "Органикалык өндүрүш. Өндүрүүгө, сактоого, кайра иштетүүгө жана ташууга талаптар" КМС 1361:2021 Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.";
- 71-пункту "юридикалык жана жеке жактарга" деген сөздөрдөн кийин "токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана чыгымдарынын эсептери менен токой жайгаштыруу долбоору болгондо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 72-пункту "көлмөлөрдү түзүү үчүн" деген сөздөрдөн кийин "токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана чыгымдарынын эсептери менен токой жайгаштыруу долбоору жана балык чарбасы чөйрөсүндөгү расмий органдын корутундусу болгондо" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 73-1 жана 73-2-пункттар менен толукталсын:
"73-1. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө күбөлөндүрүлгөн укуктуу документтер берилгенге чейин токой пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.
73-2. Мамлекеттик токой фондунун балык чарба көлмөлөрүнүн жерлерин балык кармоо же балык өстүрүү максатында жасалма көлмөлөрдү түзүү үчүн участокторду пайдаланууга берүү үчүн конкурска катышууга төмөнкү документтер талап кылынат:
- арыз;
- балык чарбасынын долбоору (арыз ээси тарабынан иштелип чыгат);
- жасалма балык чарба курулмаларын куруунун эскиздик долбоору (арыз ээси тарабынан иштелип чыгат);
- илимий-биологиялык негиздеме (КР УИА Биология институту берет);
- балык өстүрүүчүлүк-биологиялык негиздеме (балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берет);
- мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу (курчап турган чөйрөнү коргоо жана экология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү берет);
- ветеринардык корутунду (ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет);
- санитардык-эпидемиологиялык абалдын корутундусу (Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык абалы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган берет).";
- 74-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"74-1. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү ЭКБны өнүктүрүү жана пайдаланууну колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын конкурстук тандоосунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 525 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана чыгымдарынын эсептери менен токой жайгаштыруу корутундусу болгондо уюштуруучу тарабынан жүргүзүлөт. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө күбөлөндүрүлгөн укуктуу документтерди берүүгө чейин токой пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |